Маектешибиз элетте жашап, айылдын кирсиз асманындай тунук, Лейлектин аптабына бышкан жүзүмүндөй ширин ырларды жазган Абдилаат Дооров учурда Лейлек райондук “Ата Журт” гезитинин баш редакторлук кызматын аркалап келет.

— Абдилаат агай, элет жеринде өмүр кечирип, ыр жыйнактарын чыгарып келаткан калемгерлердин бирисиз. Айылда жазылган ыр менен борбордо, шаарда жашап жазылган ырдын айырмасы эмнеде?

— Ооба, элетте жашоонун өзгөчөлүгү бөтөнчө. Мен өлкөбүздүн түштүк-батышындагы Исфана шаарында (фарсы тилинде ис-жыт, фана-атыр), атыр жыттуу аймакта жашаймын. Сулуунун кош өрүм чачындай Козу-Баглан, Ак-Суу дайралуу, санжырага бай Алтын-Бешик тоосу бар, Кулунду, Арка чөлкөмдүү жергебиз Тажикстандын 3,5 млн. ашуун калкы бар Сугд областы менен канатташ жайгашкан. Айыл турмушу оордой сезилгени менен таза абада сергилең жүрөсүң. Шаардын күр-шар, ыпыр-сыпырынан сырт. Кантсе да шаарда чыгармачылыктын боркулдап кайнаган казанында кайралып турганга не жетсин. Потенциянын дем, отуна күйүп-жанып. Менимче, ыр автордун айыл же шаарда жашагандыгынан айырмаланбайт. Ал маңдай тер менен көкүрөк көрөңгөдөн гана көзкаранды.

— Райгезитиңиздер жумасына канча жолу чыгат, кайсы булактын эсебинен каржыланасыздар? Муну сураган себебим, көпчүлүк райгезиттер базар заман келгени эбак эле жабылып калганын билебиз?

— Райгезиттерди базар экономикасы иттин сөөк кажыганындай эле абалга алып келди. Мурдараак 3-4 миң сом өлчөмүндө гана маяна алчубуз. Азыр инфляциянын асмандаган шартында 5-7 миң сомго араң жетти. “Өлбө жаным, өлбөлөп” араба тарткандарданбыз. Гезит негизинен жазылуу каражатына таянат. Биздин “Ата Журт” райондук гезити “Учкун” концернинен ай сайын 2 жолу 8 бет менен 2200 нускада жарык көрүүдө.

— Акыркы жолу кайсы ыр жыйнагыңыз жарык көрдү? Анын бет ачарын борбордо өткөргөнүңүздү уккамын?

— Мен өзүмдү поэзия үчүн жаралгандай сезем. Ар бир чыгармачыл дүйнөнүн артыкчылык жактарына баам салам. Китепти издеп окуймун. Чукул ой, сыр аяктуу назымдарга ширелишкен лирика дене боюма нур төгүп жибергенсийт. Сутканын бардык мезгилинде жаңы сөз, табылгага куштарланам. Бирок жазгандарым көңүлүмө толо бербей көп түйшүктөнөм, түтөймүн, кээде өксүп да алам. Айрымдарын китепке чыккан соң кайра оңдоп иштеген учурларым болот. Устанын кыш кынаганы, уздун ийне саймасы, зергердин көз талдырган мээнети сыяктуу.

Өткөн жылдын 18-августунда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана залында “Ак булут” аттуу ырлар жыйнагымдын бетачары өттү. Кыргыз Эл акын-жазуучулары, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер зал толо катышып, орошон ойлорун ортого салышты. Философ, сынчы Эсенбай Нурушев “Элеттик Хайдзин” деп китепке баш сөз жазса, Рамис Рыскулов агабыз орус тилине которуу ниетин айтып, Саламат Садыкова “Кыргыз жерин” мукам үндө кубулжутту. Түгөлбай Казаков, Анатай Өмүрканов, Кеңеш Жусупов, Акбар Рыскулов, Султан Раев, Жедигер Саалаев, Кыялбек Урманбетов, Меңди Мамазаирова, Көчкөн Сактанов, Тынчтыкбек Чоротегин ж.б. көптөгөн таанымал инсандардын такыба, таасирдүү сөздөрү мени бир асмандатып койду. “Ак булутка” ар кыл мезгилде жазылган “Миң тамыр”, “Гүл-гүл” поэтикалык китептеримдеги ырларымдан да топтоштурулган. Байдыкемчесинен айтканда, ашуудан берген отчётум болчу. Китептин чыгышына, кеченин өткөрүлүшүнө тун уулум Төрөкүл демөөрчүлүк кылды. Сүйөркулум сүрөтчү. Исламидин көкүрөк күчүгүм сүрөт окуу жайынын II курсунда. Биздин үй-бүлө негизи чыгармачылык өңүттөбүз.

— Деги эле сиз жараткан ырларды окуп, тазардым, мага сонун таасир берди деген окурман болдубу жашооңузда?

— Мен ырды бирөө же заман үчүн жазбайм. Ал менин кумар от, жан жарпым. Маңдайыма жазылган азап, шор, ыракатым…

Карегиң – деңиз…
Кайыкчан бирөө бардай,
Турам тааныбай,
— деген саптарымды окуган Бишкектен бир агам мындан 10 жыл мурда азил-тамашалуу минтип коңгуроо кылганы эсимде: Жеңеңди тикесинен тургузуп койдум үка, карегиңдеги кайыкчандын кимдигин көрөйүнчү, — деп.

— Акынга жалгыздык керек дешет. А менин билишимче, сиз очор-бачар үй-бүлөлүү, көктөп-шактаган кишисиз. Кээде ойдогуну ойдогудай жазып алыш үчүн жалгыздыкты эңсебейсизби?

— Ырас, айрым бир чакта өзүң менен өзүң болгон ээндикти эңсеп калат экенсиң. Ошондон улам:

Жалгыздык –
Жан отуңду алоолонтуп миң жылдык,
Жараткан менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк
, — деп жазганым бар.

Акындын үч сап ырларынан бир шиңгил

* * *
Колумду кыса кармадың,
Бир нерсе айтты бармагың,
Бирок мен сага барбадым.

* * *
Оо, мен сүйгөн Ай-Көл,
Асман тээп жатыпсың туйлап,
Аза боюңа нур жаап.

* * *
Жол кетиптир жолума уланышкан,
Ой келиптир оюма жупталышкан,
Асман болуп алсамбы куштар учкан.

* * *
Чөл ысыгын шимирген жүзүм,
Калыптыр карегиң коюлуп,

Көрбөпмүн көзүм оюлуп.

Маектешкен Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *