Сузак районундагы Кыз-Көл айылынын этегиндеги сай үстүндөгү тумшукту айыл эли «Ал көйнөк» деп коюшат. Ал эмнеден улам ушинтип аталып калды экен? Эмесе, эл оозунда калган кепке кулак салалы.

Өткөн кылымдарда болгон го, жакырчылык заманбы, айтор, бир кийип жыртылар көйнөктүн айынан элдин эсинен түбөлүк чыкпас окуя болуптур.

Жаз келип, табият көркүнө чыгып калган кезде айт майрамы болуп калат. Айылдын кыздарынын баары жасана кийинишип айттап жөнөгөндө, бой жетип калган бир кедейдин кызы аларды ээрчимек болот. Ээрчийин десе, алардын көйнөгүндөй кооз көйнөгү жок. Өзү теңдүү курбуларынан  калгысы келбеген кыз жеңесинин көйнөгүн сурап кийүүнү ойлойт. Бирок ал  кезде үйдө жеңеси жок болуп чыгат. Ошондо кыз жеңесинин кооз көйнөгүн сураксыз кийет да, кыздар менен айттап жөнөйт.

Топ кыздар айттап бүтүп, айыл четиндеги кыраңга келип, кооз гүлдөрдүн арасында оюн курушат. Күлкү-шат менен көңүл ачып отурганда, баягы кыздын жеңеси келет да, кайын сиңдиси көйнөктү сурабай кийип алгандыгы үчүн урушуп-тилдеп, кыздардын көзүнчө катуу ыза кылат. Ызага чыдабаган намыскөй кыз жеңесинин көйнөгүн чечип ыргытат да, «Ал, көйнөгүңдү!» деп кыйкырган боюнча ары жактагы жардан алыс бой таштайт.

Кыздын ошол сөздү айтып жардан бой таштап, намыскөй жанын кыйганы үчүн ошол жер «Ал көйнөк» аталып калган экен.

Эл оозунан жыйнаган Сулайман РЫСБАЕВ

4-апр.2016-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.