Арстанбектин көркөм мурасынын ичинде анын айтыш ырлары да өзгөчө орунга ээ. Бизге анын Чоӊду менен, казак ырчылары Кантарбай, Сүйүнбай менен болгон айтыштары келип жетти. Бул тексттердин таржымалы да өзгөчө кызык. Жакынкы күнгө чейин Улуттук илимдер академиябыздын колжазмалар корунда Арстанбек ырчынын айтыштары жөнүндө айрым маалыматтар гана бар болчу. Оӊдой берди болуп, улуу ырчынын бүгүн биздин колдо бар мурасынын көпчүлүгү капилеттен табылып калды. Кабай Абдырахман уулу деген айылдык мугалим Арстанбектин көркөм мурасынын сары изине чөп салып чогултуп жүрүптүр. Ал жөнүндө адабиятчы Б.Кебекова буларды кабарлайт: «Бул адам биздин кылымдын (“биздин кылым” делип өткөн ХХ кылым айтылып жатат – С.А.) 20-30-жылдарында мугалим болуп иштеген. Өзү 1914-жылы Чоң-Кеминде туулган. Арстанбектин ырларын жаштайынан өз атасы Абдырахмандан, кадимки Муратаалынын оозунан угуп жүргөн окшойт, кыязы.

Кийин билим алып, мектепте иштей баштаганда мурунку уккандарын кайра кайталатып, жазып калууга үлгүргөндөй. Тилекке каршы, кийинчерээк Түштүккө кызматка которулуп, ошол жакта 1937-жылкы репрессиянын курманы болуптур. Ал өзү да акын болгондой. Түрмөдө жатып жазгандары (үйүнө, ата-энесине жибергендери) бул оюбузду бекемдейт. Ата-энеси анын кагаздарын кийизге opoп, короосунун четине Куранга кошуп көөмп коюшат. Алардын көзү өтүп кетип, эч ким билбей калат. 1992-жылы жер айдоо убагында капилеттен жарыкка чыгат.» (1) Айтылуу адабий кейипкер айткандай «Кол жазмалар күйбөйт» тура!

Арстанбектин Чоӊду ырчы менен болгон айтышы өз жергелеринин керемет кооздугун мактап ырдоо менен коштолуп жүрүп олтурат. Арстанбектин жооп сөздөрүнөн биз атактуу манасчылар Келдибек менен Акылбек, семетейчи Назар жөнүндө, алардын «Манас» айтуу, «Семетей» айтуу бөтөнчүлүктөрү, талант-дареметтеринин деӊгээли жөнүндө бир топ кеӊ-кесири кабар алабыз. «Келдибек «Манас» айтканда күн күркүрөп, чагылган чартылдай, Манас баштаган кырк чоронун аттарынын дүбүртү угулчу», — деген легенда таризденген уламыш сөздүн көркөм баяндалышын биз дал ушул Чоӊду менен болгон айтыштагы Арстанбектин жооп сөзүнөн кезиктиребиз. Айтыштын экинчи бөлүгү бул жанрдын эӊ кыйын түрү болгон табышмактатып айтышуу менен улантылат. Мында баштан-аяк Чоӊду табышмак берет да, Арстанбек жандырчу адамдын милдетин аткарып жүрүп олтурат. Айтыштын бул түрү эбегейсиз зор учкул фантазияны, ашкере тунук акылды талап кылары өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Чоңду:Айры-айры бел болот
Ойлобой жатсаӊ жел болот.
Атасы өлсө не болот?
Эр өлүшсө жоо болот.
Энеси өлсө не болот?(2, 53-бет) десе

Арстанбек: Атасы өлгөн кор болот,
Аталуу адам зор болот.
Аскар тоосу солкулдап
Ураган менен теӊ болот,
Айткан сөзү кем болот.
Энеси өлгөн адамдын
Чалкар булак соолуп,
Чанкаган менен теӊ болот.
Эти бою эзилип
Энедей сүйчү ким болот? (54-55-беттер)

Мына ошентип ырчылар табышмактын жөнөкөй түрлөрү менен бирин бири байкап көрүштү, акыл дареметтерине чалгын жүргүзүп көрүштү. Эми табышмакты татаалданта берсе да болот. Ошондуктан Чоӊду ырчы момундай собол таштады:

Жону чаар ак жолборс
Жонду айланды билдиӊби?
Бели чаар ак жолборс
Белди айланды билдиӊби? (56-бет)

Жонду айланган жону чаар ак жолборс эмнеси да, белди айланган бели чаар ак жолборс эмнеси? Ата менен эненин сүймөнчүлүк мамилесине байланышкан мурдагы табышмак бул жолборсторго байланышкан суроонун жанында жаш баланын таӊ калуусундай эле болуп калбадыбы. Бирок Арстанбектин турмушту тереӊ билген, ошол учурдагы коомдук абалды ичкериден туюнган ырчы экендиги жолборстордун жандырмагын шыр эле таптырды.

Жону чаар ак жолборс
Жон айланды дегениӊ –  
Жогорку казак болбосун.
Бели чаар ак жолборс
Бел айланды дегенин –
Төмөнкү казак болбосун. (56-бет)

Бирок Чоӊду да оӊой ырчы эмес. Эми ал табышмагын башка нукка буруп, таптакыр башкача маанидеги соболдорду таштады. Болгондо да үч табышмакты чогуусу менен ортого бир салды:

Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн.
Канатта бүтүн бар бекен?
Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпүгөн,
Куйрукта бүтүн барбекен?
Боору бүтүн, баш эсен
Ааламда бүтүн барбекен? (57-бет)

Минтип он сегиз миӊ ааламдын сыры суралат деп эч ким күтпөсө керек эле. Бирок жан-жаныбар менен Жараткан Эгемди ыйык туткан Арстанбек ырчы бул табышмактын жообун минтип чечмеледи:

Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн карлыгач.
Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Куйрукта бүтүн куркулдай.
Боору тутун, башы эсен
Ааламда бүтүн бир кудай, (58-бет)

Ушинтип үч табышмактын жандырмагы чыпчыргасы коробой, эч бири кем-кетик калбай табылды. Тыӊшап олтурган эл тамашага батып, уккан кулак сүйүндү. Анан Арстанбек ырчы:

Оо, чоюлган ырчы Чоӊдуке,
Табышмагын таптымбы,
Абийириӊди жаптымбы?
Айта бергин дагы да
Алдырып сага койбосмун,
Мен алышып жүргөн жолборсмун.
Жеӊдирип сага койбосмун,
Мен жеӊе жүргөн жолборсмун
, — деп (58-59- беттер) айтышты жыйынтыктады. Жанатан берки күрөштүн жүрүшү улуу ырчыга минтип айтууга толук моралдык укук берип турган эле. Бул жерде бой көтөрүүнүн, акындык менменсинүүнүн жышааны да жок болчу.

Арстанбек тээ жигит кезинен эле айтыштын бул түрүнө дамамат катышып, ар кандай кыйын кыстоо табышмактардын жандырмагын таап жүрчү экен. Мунун айкын күбөсү катары Айганымдын суроолоруна берген жоопторун көрсөтүп кетсек болот. Арстанбек 24-25 жаштарында Казыбайдын 16 жашар ырчы кызы Айганымга ашык болуп калат. Кыздын жеӊеси Акылай менен Арстанбектин шакирти Солтобайдын жардамы аркылуу эки жаш жолугушат, ашыктык сезимдери ачыкка чыгып, бирин бири жактыргандарын моюнга алышат. Ошондо айдай сулуу Айганым: «Эр жигиттин үч шериги, үч асыл мүнөзү, жашоодогу үч касиети, үч душманы, үч начар жактары, үч кесири кайсылар?» (3) — деп он сегиз суроону бир коёт. Арстанбектин жамалы жанган кызга берген жообун окуп гана кумардан чыгуу керек. Жооптун ар бир түрмөгү тереӊ мааниге, омоктуу ойго чулганган.

Ал эми улуу төкмөнүн казак ырчысы Каӊтарбай менен болгон айтышында Арстанбектин алгачкы сөзүнөн кийин эле казак ырчысы обдула калып:

— Мен жауп бермей-ак жеӊилдим, — деп ыраазычылыгын билдирип тура жөнөгөнүнөн эле Арстанбек ырчынын айтыш өнөрүнүн залкар өкүлү экендигин ачык-айкын туябыз. Каӊтарбай менен болгон айтышында Арстанбек ырчы «санат сөзүм сан эле, санжыра сөзүм кап эле, нуска сөзүм кум эле, кордосом сөзүм шум эле» деп баштап келип, «оозум менин шок эле» «терме сөзүм ок эле» «беделиӊ түшүп калбасын» андан көрөкчө «замана ырын ырдайлы» деп сөз баштап, азыркы заман не заман экендигин, мурдагы заман кантип өзгөрүп жаткандыгын, не деген алаамат күн башка түшкөнүн ырдайт. Арстанбектин айтканы баштан-аяк толугу менен ырчынын «Тар заманы» менен үндөшүп турат. Замандын суру качкандыгын, «Түрү суук заманды, айта берип боруктум» деп айтып, калк башына каран күн түшкөнүн ырга салат. Айтыштын бул бөлүмү жүрөк-жүлүндү өрттөгөн саптарга өтө бай, каӊырык түтөткөн ойлору мол.

Ал эми даӊазалуу Сүйүнбай менен болгон айтышта эки ырчы бирден алым-сабак ташташкандан кийин эле катышып олтурган эл башылары андан ары айтыштырбай экөөнү теӊ токтотушуп: «Экөөӊө теӊ ыраазыбыз. Мындан кийин бири-бириӊдин алдыӊарга чыкпагыла», — дешип ынтымакташтырып, байгесин теӊ бөлүп беришет.

Улуу ырчынын айтыш ырлары жөнүндө кеп салганыбызда залкар төкмөнүн өмүр соӊунда атайын тээ алыскы Аксыдан ат арытып барып, акындык акыл сөзүн, устаттык улуу накылын угайын деп келген андагы жаш ырчы Жеӊижок менен болгон алым-сабак айтышын эскербей кетүүгө болбойт. Анткени, бул айтышта улуу менен кичүүнүн учурашуу салты, биринин өнөрүнө бири баа берүү сыяктуу мындай учурдагы айтыштын формалдуу эреже-талаптары сакталганы менен бул жолугушуунун негизи баалуулугу башкада. Тагыраак айтканда, дал ушул айтыш учурунда акындыктын аруу озуйпасы, ырчылыктын башкы милдети, элдик талант болуунун эӊ башкы эрежелери Арстанбек тарабынан жүрөк-жүлүнгө жетээрлик денгээлде ырга салынган.

Дагы да тагыраак айтчу болсок, бул айтышта улуу Арстанбек тээ томуктай кезинде колуна комуз алган учурунан тартып атагы атпай журтка тараган айтылуу актаӊдай акын даражасына жеткен учурдан бери, өмүрдүн кечи жакындап калган бүгүнкү кезге чейин өзү бекем тутунуп келген акындык кредосун ортого салат, жаш Жеӊижок үчүн накыл сөз деп туруп анысын жалпыга жарыя айтат. Арстанбектин тереӊ ишениминде элдик ырчы момундай болуш керек:

Ырчы болсоӊ, сынчы бол,
Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол…
Жесирлерге жөлөк бол,
Жетимдерге көмөк бол,
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол…
Ашта, тойдо мырза бол,
Аптыгып алкым агытпай,
Акындарга нуска бол,
Кара өзгөй болбой калыс бол,
Кошоматтан алыс бол…
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл-журтуӊдун кенчи бол…
Таразанын ташы бол,
Ырчылардын башы бол…
Элдин зарын зарлап өт,
Эзелки ырын ырдап өт.
Эл көӊүлүн чалкытып,
Эргүү алып, жыргап өт…
Чечендердин сөзүн ук,
Көсөмдөрдүн көчүн ук…
Дубананын зарын ук,
Мүлдө журттун баарын ук…
Адеби жок ырчынын
Артында жаман сөз калат,
Анык нуска ырчыдан
Ааламга кетчү кеп калат.
(136, 137, 138, 139-беттер)

Бүгүн баарыбызга маалым болуп олтургандай, улуу Арстанбек өзү дал ушундай ырчы болуп өткөн, Жараткан жар болгон талантын жамы журтка арнап, калктын капасын, элдин эӊсөөсүн ырга кошкон. Ал эми чыныгы элдик ырчы үчүн мындан өткөн бакыт барбы да, мындан өткөн таалай барбы.

Садык Алахан
Сүрөттө жазма акын Мирлан Самыйкожо жана төкмө ырчы Азамат Болгонбаев менен

Колдонулган адабияттар:

  1. Найманбаев М. Улар үнүн уккан адам. // “Асаба”, 1994, 6-октябрь.
  2. Арстанбек. Түзгөн Б.Кебекова). – Б.: 1994. (Мындан ары беттерин гана көрсөтүп кетебиз.)
  3. Бейшеналиев Ш. Доор мүшкүлүн көтөргөн акын. // “Заман Кыргызстан”, 1994, 21-октябрь.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.