Белгилүү публицист жана акын-котормочу Алым Токтомушевдин 70 жылдыгына арналган адабий-музыкалуу кече КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атайы уюшулган иш алкагында белгиленгени турат.

Эскерүү кече 20-октябрь күнү, саат 15.00дө К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын чоң залында өтөт.

Адабий-музыкалуу кечеде акындын өмүрү-чыгармачылыгы туурасында баяндоолор, эскерүүлөр менен катар А.Токтомушевдин тандалма ырлары окулат. О.э. тарыхчы, окумушту Чоюн Өмүралиевдин «А.Токтомушевдин поэзиясы»; белгилүү публицист жана журналист Эсенбай Нурушевдин «А.Токтомушев – чыгаан публицист»; журналист Аскер Сакыбаеванын «Менин устатым» аттуу эскерүү баяндары жана Мукан Асаналиевдин котормосундагы Алым Токтомушевдин англисче, орусчага которулган ырлары окулат. Жана жазуучу Олжобай Шакир А.Токтомушевдин котормочулук чеберчилиги туурасында токтолмокчу.

Кечеде Алым Токтомушевди эскерүү менен катар анын сөзүнө жазылган обондуу ырлары аткарылат.

Баардык каалоочуларга кирүү акысыз.

P.S. Урматтуу Алым Токтомушевдин журналистикада бирге иштешип келген кесиптештери жана шакирттери! Алыкебиздин 70 жылдык эскерүүсүнө келбей койбоңуздар жана аталган адабий-музыкалуу кече туурасында атпай-журтка маалымат жайылтып коюшуңуздарды суранабыз!

Уюштуруу ишин жүргүзгөн комиссия мүчөлөрү:

Казаков Түгөлбай Токтогулович – КРнын Маданият, маалымат жана туризм министр, комиссиянын төрагасы.

Эсенбаев Замирбек – иш-чаранын демилгечиси, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Сапаров Адыл Солтоевич – Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси.

Бегалиев Муратбек Акимович – Кыргыз Улуттук консерваториясынын ректору, профессор.

Шер Болот – Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылыштагы мурдагы депутаты жана коомдук ишмер.

Сарыбаев Айылчы – экономика илимдеринин доктору, профессор.

Өмүралиев Чоюн – жазуучу, публицист, тарыхчы.

Нурушев Эсенбай – журналист, публицист.

Шайдуллаева Топчугүл – «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун эксперти, жазуучу.

Токтошев Капар – журналист.

Шерматов Абдил – окумуштуу.

Асаналиев Мукан – акын, котормочу, коомдук ишмер.

Сакыбаева Аскер – журналист, «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү.

Шакир Олжобай – жазуучу, «РухЭш» сайтынын башкы редактору.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.