Абдыкерим МУРАТОВ, жазуучу, элдик педагог: Кыргыздын жашоодогу идеалы да, философиясы да, идеологиясы да аш-тойго байланып калды. Негизги аш-той болуп келген, бирок азыркычалык эмес, илгери аш-той «кембагалдын бир тойгону – орто байыганы», элге ырыскы бөлүштүрүү катары өтсө, азыркы аш-тойлор «конверт топтоо», «алпарганын кайра алуу», «байлыгын көрсөтүү», «тигинден-мындан өтүү» дегендей принциптер менен өтүп жатат. Бул улут үчүн коркунучтуу көрүнүш. Аш-тойдогу жарыша чачууну жана чачылууну ооздуктоо керек. Кошуна мамлекеттер, тажиктер, өзбектер ушундай кылып жатат, алардын тойлоруна мамлекет көзөмөл кылат. Биз да мамлекетти, элди ойготуубуз керек. Атайын чектөө зарыл.

Султан ЖУМАГУЛОВ, журналист: Бул теманы айта берип, жаза берип чарчадым. Баягүнү мен деле көтөрүп кеттим. Бетим чымырады, бирок көтөрүп кеттим. Ат-Башынын жылкысынын эти экен, көзүм кыйбай туруп алды. Мурда жанымда отурган кыз-келиндерге берип коюп, «ак сөөк» эркектей басып кетчүмүн. Эми негизи көтөрүнүп кеткен эркек кишиге жарашпайт. Бирок азыр намыстанбай да, уялбай да калбадыкпы! Майдаланып баратабыз, эркектик касиеттен айрылып баратабыз! Жаман курсактын кулу болуп калдык!

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА, социолог, жазуучу: Бул кыргыздын салтында жок көрүнүш. Илгери эркектер өздөрүнүн алдына келген устаканды бир аз жегенден кийин эле тегерегинде отургандарын кимисине назары түшсө, устаканын узатып коюшар эле. Азыркы эркектер жымырылып пакетке салышат. Бул бет чымыратар өтө уяттуу көрүнүш. Нарк-насилден ажырап бараткан улуттук көрүнүш! Ал эми аялдын жөнү башка…

Айбек МУСАЕВ, ЭлТР каналынын жетекчиси: Эркектердин баштык-үштүк көтөргөнү кыргызда уят. Үстөлдү уйча жалтырата тазалап кеткен эркектер бомждардан айырмаланбай калышты! Эркек өзүнүн сыпайылыгын жоготуп, бекер оокатты баса калганга көнгөнү жакшы эмес. Мырзалыктын кадыр-барк түгөнгөнү ушул! Эркектердин топуксуздугу – өлкөнүн жардылыгын далилдейт окшойт. Эркек деген касиет чоң баштык көтөрүп чыккан менен бааланып калгансыйт! Баштык которгон соргоктор аман эле болушсун!

Эмир САРПАШЕВ жеке ишкер: Э бул салтта бар! Эркек алып кетеби, аял алып кетеби – баары бир! Тамак-аш үстөл үстүндө ысырап болуп калбаш керек! Эркек албаш керек деген ой союз мезгилинде пайда болушу мүмкүн. Бул эми нарындыктар койдун кулагын кесип кичүүсүнө карматкандай эле кеп да! Ал деле союз мезгилинде пайда болгон деген сөздөр айтылат…

Айнура АБДИЛАЗИЗОВА, жеке ишкер: Илгери той-аштарда эркектер, аталар, чоң аталарыбыз кешиктерин кыз-келин же карындаш туугандарына калтышчу эле. Азыр болсо бирөө тартып ала койчудай пакетке салганга шашылышат. Атүгүл кээси кешигим жок деп тополоң кылганычы. «Мага устукандын кичинеси тийди» деп таарынган, пакетине жабышканы бар. Кээси улам элеңдеп, пакетин текшерип турганын көрөсүң. Колундагы пакети жарылганча кешик салып баратса да той ээсин сындап, жамандаган эркектер толтура. Албетте, арасында намыстуулар да бар. Алар «ичтим, жедим, аялым алды, болот» дегендер.

Абдыбек КАЗИЕВ, журналист: Албайм десең официанттар жугундуга ыргытат деп наны кошо салынган баштык берип атса кандай кылабыз? Мындай өз башымдан өткөн. Ыргытып, кесир кылабызбы? Тек гана эркек башы менен дасторконду шыпырып-шыпкап ийгенден оолак бололу…

Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы, публицист: Албетте, аш-тойлордо дасторконду жайнатып, устукандап эт тарткан салтты жерибейм. Үстөккө-босток тамактын түрүн ташый берип, коноктор алдына келген  аштын бештен бирин да жеп түгөтө албайт, анан ашканы убал болбосун деп баштыкка сала кетишет окшойт. Барчылыктын, токчулуктун белгиси. Ылайым барчылык эле болсун. Бирок ар нерсе ыгы, чени менен болгону жакшы. Баштыкты аялдар, анан жаш балдар көтөрсө жарашат. Кээде сый мамилесин билгизип, жашыраактары устуканын аксакалдарга же алыстан келген досуна (кудасына, тууганына ж.б.), мырзалар айымдарга узатышат. Бул жакшы, ушинткен жарашат эркектерге. Мен да ушинтем. Анан, кафелерде кулак-мээни жегидей дүңкүлдөтпөй, микрофонду басаңдатышса болор эле. Тамаданын калжыңы, сапаты начар музыка эс алдырбай эле чаалыктырат. Жаныңда отурган адамдын сөзүн угузбайт, жаңсап түшүндүрөсүң оюңду. Залдын четки бурчунда отургандар даана уккудай эле болсо жетишет да. А биздикилер обу жоктонуп, ушунчалык катуу коюп алышат – тулку-бойду силкинтет. Ашыкча катуу чыккан үн угуп отура берген адамдын нервине, ден соолугуна абдан оор зыян тийгизерин медиктер аныктаган.

Айзада КУТУЕВА, журналист: Эркектерге ушундай «жаңы моданы» адат кылдырган заман курусун. Тойдонбу же куран окутуудан чыгып бараткандабы, колунда бир баштык тамак-аш салып алган эркектерди көрсөм — жийиркенем. Керек болсо эркектер эмес, аялдар уялабыз «баштык» операциясы башталганда. Ал эми кээ бир эркектер аялдар менен жарышып, пакетке көзүнө көрүнгөнүн тыгып атса, нары карап өзүң уяласың. Бул көрүнүш жигитине деле, аксакалына деле бирдей болуп калгансыйт. Уят, ар-намыс деген тамак-аш менен бааланып калган. Илгертен кыргыздын эркектери намыс менен бийик эле, нарктуу эле. Эмичи? Эми ушинтип «кекиртектин» айынан баштык принцибин астыга салып, намыс деген сөз артта кала берди окшойт. Өкүнүчтүү!

«РухЭш»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.