Италиялык илимпоз, философ, жазуучу Умберто Эко азыркы заманыбыздын бирден бир аттуу-баштуу интеллектуалдарынын бири. Анын жазган эмгектеринен балдар темасындагы көптөгөн чыгармалары кездешет. Ал эмес бир канча жомокторду да жараткан, булар: ”Жарылуучу зат жана Генерал” “Космонавттар” “Гну эргежелдери”. 

Ал эми небересине арналып кат түрүндө жазылган чыгармасын жаштарга кайрылган философиялык насыят деген тыянак чыгарууга болот. Анын эсселеринен жана дилбаяндарынан алынган айрым афористтик сөздөрү төмөндө жарыяланмакчы…

* * *

Менимче, балдарды тарбиялоодогу эң чоң маанилүү нерсе, бул – баланын эне-атасынан уккандары деп эсептейм. Ал эми тарбия берилбесе, сырткы таасирлердин ролу өтө өсүп кетет.

* * *

Жашоого болгон көзкараш окуу жайлардын баарында бүгүнкүгө дейре теңирден тескери: балдар аталарын эмес, аталары балдарын жек көрөт.

* * *

Мен эч убакта балалыгым менен байланышымды үзгөн эмесмин. Бирок 48 жашымда барып; качан гана балалыгымды айтып берүүгө үйрөнгөндө – балалыгыма кайрылдым. Менин баардык эсселерим нарративдик түрдө жазылган. Мен ар дайым изилдөөлөрүмдү жыйынтыктоого чейин баяндап келем. Баардык китептерим изилдөөлөрдүн күндөлүгүндөй жазылган. Мына ушундай жол менен гана өзүмдү чыныгы аңгемечи сезип, буга чейинки аңгемелеримди балдарыма айтып келгем. Балдарым чоңоюп, аңгемемерим алар үчүн кызыгын жоготкон күнү дароо роман жазууга өттүм!

Которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.