Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Көгүчкөн

АҢГЕМЕ Үйүбүзгө жакын жерде санаторий бар эле. Чатырынын алды толтура жапайы кептерлер. Анын кароолчусу менен кышында от жаккан Сопубек байкеге “көгүчкөн кармап бериңизчи” деп бир рубль көтөрүп бардык. — Кечинде келгиле, — деди. Сүйүнгөн бойдон кеттик. Кеч кирсечи… Күндү колубуз менен жылдырчудай “уяңа кир, уяңа ки-ир, ээй… кү-үн уяңа ки-ир…” деп кыйкырдык. Тооккананын ичин даярдадык. Тоокторго кошуп бакмай болдук. Ошентип биз күткөн кеч да кирди. Таар мүшөктү көтөрүп экөөбүз ээрчишип жөнөдүк. Убадасына туруп бизге мүшөк толтура көгүчкөн кармап берди. Алып […]

Авар жомогу: Түлкү менен бөдөнө

Бар экен, жок экен, Хунзаха жергесинде бир түлкү жашаптыр. Ал бир күнү коңшу айыл өрттөнгөнүн угуп: “Барып көрөйүн тумшугума бирдеме илинип калгысы бардыр”, — деген ойго келди. Жолдо келатып бытпылдыктап жаткан бөдөнөнү көрдү. Айран таң калган аңкоо кебетени кие калган түкөң үн катты: — Сен кандай гана жакшы сайрайсың! Мындай аргендей кооз үндү сеникиндей көздөр гана чыгара алат. — Хе-хе, мына бул келесоону карасаңар! — келекелеп күлдү бөдөнө. — Кайсы атаң айтты эле көздөрдөн үн чыгат деп?.. — А сен […]

Назгүл ОСМОНОВА: Темир тор артында сынган тагдыр…

«Акынга тагдыр керек» деген сөз ырас болсо, анда Айтмамат акын тагдырлуу, болгондо да жүрөктү зырп эттирип, кайгы-муңу сезимди тепчип өтөр өмүр баяндуу акын. Эми гана ак жаркын ырларын жарыкка чыгарып, канатын жаңыдан күүлөп келе жатканда тагдыр аны күлгүндөй 27 жаш курагында темир абактын артына алпарды. Ал жердин сызы өтүп, акындын назик жүрөгү адамдардын таш боордугунан бир сынды. Куш канатынан жасалган калемди темир калемге алмаштыруу зарыл болду. Ооба, тагдырдын тайгүлүк ташы жакшы жагына ооп, акын түрмөдөн чыккан менен анын ал жакка […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Аялзатка напси тыйылбайт

АҢГЕМЕ Жылдар зымырап өтүп, жылдар менен кайран жаштыгы кайрылгыс болуп кетип жатса да отуз жаштан өтүп, кыркты чамалап калган “карт бойдок” атка акырындап ээ болгон Ашырга акыркы күндөрү жолуккан эле киши качан аял аласың дей берип тажатышчу болду. Бара-бара ал суроолорго камдап алган түркүн жооптору да азайып, элдин арасына баргандан заарканат. Эң таамай жоопту аталаш агасы Курманаалыга берди: — Ай, Ашыр жүрө бербей аял алсаң боло, тиги жеңемдин колу-буту узарып, келиндин чайын ичсем дегенде эки көзү төрт болуп жүрөт. — […]

Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү II

Эгерде мамлекет башындагылар чынчыл саясат жүргүзсө, чындыкты айтып, адилет болуу зарыл. Эгер мамлекет башындагылардын саясатында чынчылдык жок болсо, адилет болуу керек, бирок баш ийип сүйлөө кажет. * * * Эгерде билим алган киши сайрандап жашаганды жакшы көрсө, анда ал билимдүү адам деген сапатка татыктуу эмес. * * * Адамгерчиликтүү инсан сөзсүз түрдө чындыкты айтат. Чындыкты сүйлөгөн инсан ар дайым эле адамгерчиликтүү боло бербейт. Адамгерчиликтүү адамдар эр жүрөк болушат, эр жүрөк адамдардын баары эле адамгерчиликтүү эмес. * * * Изги адамдын […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Таанышуу

ЭССЕ Кымындай бир эле урук элең, мынабул көйнөгүмдүн топчусунан да кичине. Качан, кантип аялуу буюмдарымды салган боз баштыгыма түшүп калдың экен? Үч жыл баштык түбүндө урук бойдон жашадың. Сени баштыктан алып ыргытып салганга колум барган жок. Жаз келген сайын, жашооңду улаганга жардамдашып топуракка да сайып койгон жокмун, күнүмдүк турмушка жетеленип жашай бердим. Сен дагы баштыгымдын түбүндө тоголонуп, томолонуп жүрө бердиң. Эмненин уругу экениңди деле билгеним жок. Быйыл эрте жазда гана баштык түбүнөн алып чыгып, ушул алакандай жерге сайып койгом. Ошол […]

Сымбат МАКСҮТОВА: Күчүк

АҢГЕМЕ Капыстан эле короого туулганына 2-3 ай болуп калган сары күчүк кирип келип, куйругун шыйпаңдата, кимдин көзүнө болсо да жалооруй карап, эркелей жерге жата кетти. — Бул кайдагы күчүк? – эркек үнүн бийик чыгара “Кет!” деп кыйкырды. Күчүк ары чуркап барды да аялдан ырайым күткөндөй; жанына жалпактап жата калды. — Кет! – деди аял да капыстан кирип келген күчүккө таңыркай. Аны укканда күчүк кыңшылап ыйлап жиберди. “Мени кет дебе” дегендей угулду кыңшылаганы. Аял буга эчтеке дебестен үйгө кирип кетти. Ит […]

Садык АЛАХАН: Эшмамбеттин айтыш ырлары (3-макала)

Эшмамбеттин көркөм мурасынын ичинде анын айтыш ырлары өзгөчө орунга эгедер. Дегеле колдо бар материалдардын дээрлик үчтөн экисин ырчынын дал ушул айтыштары түзүп турат. Эшмамбеттин айтыштары жанрдык жактан өтө бай, маанилик жактан өтө терең. Айталы, «Эшмамбет менен Токтогулдун тойдогу тамашасы» деген айтыш аты эле айтып тургандай тамаша, күлкүгө ыктап турса, «Токтогул, Эшмамбет, Корголдун калпага ырдаганы» деген айтыш кордоо түрүндө берилген. Ал эми «Жеңижок менен Эшмамбет» деген айтыш болсо тек гана алым-сабак түрүндө жаралган. Айтыштын учурашуу түрүндөгүсүнө «Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы […]