Эшмамбеттин көркөм мурасынын ичинде анын айтыш ырлары өзгөчө орунга эгедер. Дегеле колдо бар материалдардын дээрлик үчтөн экисин ырчынын дал ушул айтыштары түзүп турат. Эшмамбеттин айтыштары жанрдык жактан өтө бай, маанилик жактан өтө терең. Айталы, «Эшмамбет менен Токтогулдун тойдогу тамашасы» деген айтыш аты эле айтып тургандай тамаша, күлкүгө ыктап турса, «Токтогул, Эшмамбет, Корголдун калпага ырдаганы» деген айтыш кордоо түрүндө берилген. Ал эми «Жеңижок менен Эшмамбет» деген айтыш болсо тек гана алым-сабак түрүндө жаралган.

Айтыштын учурашуу түрүндөгүсүнө «Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен учурашканы» дегенди кошо турган болсок, ал эми Найманбай ырчы менен болгон беттешүүнү жана «Токтогул менен Эшмамбеттин Кара Курман ырчыга жолукканы» деген айтышты кайрадан кордоо түрүндө ырдалган айтыштардын катарына кошобуз. Акырында «Барпы менен Эшмамбет», «Эшмамбет, Курман, Бекназар менен Айтынайдын айтышы» дегендер табышмактатып ырдаган айтыштын түрлөрүнө кирет. Ал эми «Айтыш», «Ак-туяк», «Токтогул менен Эшмамбеттин Кеңколго келиши», «Токтогул менен Эшмамбет» деген чыгармалар болсо турмуштагы тигил же бул көрүнүштү ырга кошкон баягы эле алым-сабак түрүндөгү айтыштар болуп эсептелинет. Алым-сабак айтыштарында, жанрдын табиятына ылайык, ырга кошулуп жаткан башкы предметтин негизги өзгөчөлүгүн ар качан кылдат кармай билип, өнөктөшү айткан маанини дагы да тереңдетип, өнөктөшү баштаган кеп учугун дагы да жугумдуу нукка буруп ырдай билгендигине күбө болобуз.

Эшмамбет ырчынын «Чыгармалар жыйнагына» топтоштурулган алым-сабак айтыштарынын мезгилдик жактан алгачкысы болуп Жеңижок менен болгон айтышы эсептелет. Анткени, Жеңижокко айткан саламында Эшмамбет: «Токтогул кетти айдалып, // Таңшыган үнү буулуп», — деп баса белгилейт. Жооп ырында Жеңижок акын өзгөчө толкундануу менен Токтогул тууралуу моминтип ырдайт:

Жаным менен жан эле,
Каным менен кан эле,
Жайдарысы акындын,
Жанып турган шам эле.
Сатылгандын Токтогул
Сарттар*, саяк, шаңы эле.
Алты чапса сынбаган
Ак болоттун сабы эле.
Арчанын жалын табындай
Ак жалындын табы эле!
Ак падыша залимге
Ал эмнеден жазды эле?
Кетирип Шыбыр айдатып,
Кербендей көзүн жайнатып
Керимбай көрүн казды эле.
(1. 56-57-беттер)

Бул алым-сабак айтыш Жеңижоктун эл алдында нөшөрлөтүп төгүп олтурган насыят ыры менен башталат. «Бейперзентте бешик жок, // Бейнысапта кешик жок»; «Жылан сойлойт буту жок, // Жаңжалдуу үйдүн куту жок»; «Жакты болмок өзүңдөн  — //Акыл менен сезимден.»; «Жаман адам чырылдап, // Ырыскысы кем болот.»; «Напсиңди өзүң тыйбасаң // «Келе» дей берет дагылап». Биз Жеңижок ырчынын насыят ырларынын айрым бир саптарын үзүндү тарттык. Ушундай насыят ырды уккан соң Эшмамбет жашы улуу  агасына саламын айтат. Жеңижоктун желкелешкен ырчыны желдирбестен жыккандыгын, айтышканы маң болгонун, атагы журтка даң болгонун айтып келип, улуу ырчыны Эшмамбет «Топ акындын жолборсу», «Акындардын арстаны» деп баалоо менен «Акындардын акыны» деп ырдайт. Арийне, бул сөздөр салам берип жаткан жашы улуу адамга сыпайгерчилик үчүн айтылган жай мактоолор эмес болчу. Эшмамбеттин бул айткандары Жеңижоктун улуу таланты менен далилденген акыйкат чындык болчу. Эшмамбеттин айткандарында эч бир калет жоктугу бүгүн баарыбыз үчүн маалым нерсе десек болот.

Жеңижоктун жооп ыры кайсы нукта болорун атактуу акын өзү моминтип маалымдайт:

Абалтан өткөн акындар
Ат-атын айта кетейин.
Адашпасын эсиңден.

Алгачкы сөз, айтылып өткөндөй, Токтогул жөнүндө болот.

Айдоого кеткен Токтогул
Агызып жашын көзүнөн.
Алып алган чыгарсың,
Алтындай болгон сөзүнөн,
— дейт да, андан ары Жеңижок ырчы өзүнүн акындык өмүр жолундагы урунттуу учурларды кепке тартуу менен ырын улантат. Курманжан датка аш берип, кыргыздын эли бүт келген жыйында «Үч сүпөттү» бир айткан үрүмчүлүк Бөлөкбай молдо (ырчы) менен айтышып, «Теспелерин молдонун, мойнуна тагып койгонун», Ат-Башы, Нарын тарапта «Чоӊ Чөкөнүн ашында,// Чогулган элдин кашында» Найманды («Бакырган төөдөй айбанды») жеӊгендигин айтып келет да, андан ыры Токтогул, Нурмолдолор менен болгон айтыштарын эске салуу менен ар бир учурда Алайдын, Ат-Башы, Нарындын, касиеттүү Ысык-Көлдүн көркүн, баарынан да андагы элдин асылдыгын баяндап жүрүп олтурат. Ушундан соӊ гана Жеңижок акындыктын улуу озуйпасы тууралуу көөдөндөгү аздек оюн жаш Эшмамбетке нуска катары баяндайт. Аруу ырчы болуунун айныгыс эрежелери булар эле:

Акын болуш оңойбу,
Алты айлык ырды айтпасаң.

 

Ырысы жок ырчынын
Ырларында төл болбойт.

Ушу кандуу заманда,
Кай акын өтпөйт арманда.

Элдин ырда мүдөөсүн,
Асты, кекиртектен кармалба.

Таза жүрсөн озорсуң,
Таасын ырчы болорсуң. (1. 60, 61, 62-беттер.)

Бул саптар кандайдыр бир денгээлде Жеңижоктун өзүнүн жаш курагында уккан акыл-насааттарын, дагы да тагыраак айтчу болсок, атактуу жайлоо Каркырада ооруп жаткан айтылуу ырчы Арстанбекке андагы жаш Жеңижоктун алыскы Аксыдан ат арытып, жол басып келип уккан насыят кептерин эске салып жаткан жокбу? Ошондой болсо болор, бирок минтип улуусу кичүүсүнө акындыктын аруу эрежелерин, ырчылыктын тунук жол-жоболорун, элдик талант болуунун айныгыс милдеттерин айтып мурастап жүрүп олтуруу эзелтен берки эреже, байыртан келе жаткан санжыргалуу жөрөлгө болгон. Арстанбек жаш Өтөгө, Өтө аты өчүп Жеңижок атка көчкөн акын жаш Эшмамбетке ошол эртегиден келаткан эрежени мурастап берген улуу таланттар экендигин гана айгинелеп жатышат демекчибиз.

3алкар ырчынын айтыш ырларынын ичинен «Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен учурашканы» деген айтышы бул жанрдагы башка чыгармаларга салыштырмалуу бир топ айырмаланып турат. Биринчиден, бул айтыш, эки вариантта бизге келип жетти. Бири жанатан бери биз сөзгө алып жаткан «Эшмамбет» деп аталган жыйнактан орун алган жогоруда биз атап кеткен варианты болсо, экинчиси Токтогулдун чыгармаларынын эки томдук жыйнагынын 1-томунда жарык көргөн «Токтогул менен Эшмамбет» деген варианты. Көлөм жагынан экөө теӊ дурус эле. Экөөндө теӊ бир кездеги ынак адамдардын бири-бирине болгон сагыныч, кусасы мыкты берилет. Ошентсе да, бул эки вариантты бир топ айырмалап турган эң башкы, негизги бөтөнчүлүк бар. Муну биз бул эки варианттагы фактылык материалдардын, ошол учурда жашап өткөн реалдуу адамдардын өмүр-тагдырларынын бир топ айырмачылыктуу көрсөтүлүшү деп атап кетер элек.

Эшмамбеттин өз жыйнагынан орун алган айтыштын вариантын шарттуу түрдө эки бөлүккө бөлсөк болот.

  1. Токтогулдун Сибирден келгенине кубануу жана анын туткундагы азаптуу күндөрүн суроо;
  2. Акындын өзү менен кошо камалган алтымыш эки адамдын тагдыры жөнүндө билишинче айтып берүүсүн өтүнүү.

Ал эми Токтогулдун жыйнагына жарыяланган вариантта болсо көрсөтүлгөндөрдүн биринчи бөлүгү гана камтылган. Айтыш Эшмамбеттин:

Кунандын оозун кергенбейм?
Кудайым чындап берген бейм? –

деп башталган түрмөк:

Булбулум Током келген бейм, –

деген сап менен жыйынтыкталат да, анан ушул «кунан» «аргымак», «телгүрөӊ», «кара», «күлүк», «буурул», «тору» менен улам-улам вариацияланып ырдалып жүрүп олтурат. Анан акын «айт» дегенге өтөт да:

Жылаңаяк, жылаң баш,
Басканың айт, Токтогул.
Жыты сасык там үйгө
Жатканың айт, Токтогул, — деп андан ары улана берет. Айтмакчы, бул келтирилген төрт сап эки вариантта теӊ кандай болсо дал ошондой эч бир өзгөртүлбөстөн берилген. Мындан башка бирин-бири кайталаган ыр түрмөктөрүн эки варианттын эч бир жеринен кезиктире албайбыз. Маанилик жактан окшош болушканы менен башкача сөздөр, башкача саптар менен берилген. Мунун өзү Токтогулдун жыйнагынан орун алган вариант башка адамдан, Эшмамбеттин жыйнагынан орун алган вариант башка адамдан жазылып алынгандыгын айгинелеп турат. Ырасында эле ушундай экендигин эки ырчынын жыйнактарынын соӊундагы ар бир чыгармага берилген сыпаттамалардан (паспортизациялоолордон) даана билебиз. Айталы, Токтогулдун жыйнагындагы сыпаттамада бул чыгарма «…Токтогул Сибирден келгенден кийин Эшмамбет учурашып ырдаган ырынын экинчи варианты болуп саналат» , — делип (2. 258-б.) жазылган.

Бул айтыштын эки вариантында теӊ Эшмамбет тарабынан кетирилген мобул чекилик ачык-айкын, эч бир бурмаланбастан көрсөтүлөт.

Токтогулдун жыйнагындагы вариантта:

Кургурум, аман таптыӊбы
Курдашыӊ, алган жарыӊды?

Эркеӊ жалгыз Топчубай
Алдыӊдан чуркап бардыбы?
Калкыӊдан эсен көрдүӊбү
Каргадай жалгыз балаӊды?
(2. 167-б.) 

Эшмамбеттин жыйнагындагы вариантта:

Аман көрдүң, Токтогул,
Аркаңда жалгыз балаңды.

………………………………………

Келип сүйдүң арман жок,
Керээзиң жалгыз балаңды. (1. 75-бет)

…………………………………….

Куп дөөлөтүң бар экен,
Кучактадың жарыңды.

……………………………………..

Аман көрдүң, Токтогул,
Алганың Тотуй жарыңды.
(1. 76-бет.)

Албетте, булар Эшмамбет тарабынан кетирилген зор чекиликтер эле. Улуу акындын жообу өзүнүн жыйнагындагы вариантта бир топ ачуу, бир топ курч болсо, Эшмамбеттин жыйнагына жарыяланган вариантта бир аз жумшагыраак. Эшмамбеттин бул осол ишине Токтогул агалыгына салып момундайча жооп берет.

Токтогулдун жыйнагындагы вариантта:

Уялбай бүгүн сурайсың
Укпадыӊбы, Эшмамбет
Уулумдун өлүп калганын.
Кайгы адамды өлтүрөт,
Кайгырса адам эскирет.
«Жалгызын аман барбы?» — деп,
Учурашып сурадың
Уялбай, иним, мелтиреп.
(2. 173-б.)

Ал эми аялы Тотуя жөнүндө айткан жообу кыска гана:

Башкага тийип кетиптир
Башында сүйүп алганым.

Зор талант, асыл инсан катары Токтогул Эшмамбеттин бул пенделик осол ишине биротоло көгөрүп кекенбейт, тескерисинче, улуу талант экендигин дагы бир жолу далилдеп: «Кайгымды айттым бир далай //Катарым элеӊ, таарынба» деп кайра өзү Эшмамбеттин көӊүлүн жубатат.

Бул айтыштын шарттуу түрдөгү экинчи бөлүгү кандайдыр бир деңгээлде таанып-билдирүүчүлүк сапаты менен да айырмаланып турат. Дегенибиз, мында 1898-жылкы «Анжиян көтөрүлүшү» деген аталыш менен белгилүү болгон антиколониялдык, антифеодалдык күрөштүн бир учкуну жөнүндө сөз болот. Эшмамбет ырчы момундай собол берет:

Өзүӊ менен айдалган,
Өлүмгө колу байланган,
Алтымыш эки кишинин.
Адатын айтчы, Токтогул!
Аманы канча калды экен,
Санатын айтчы, Токтогул! (1. 71-бет)

Ушундан соң Эшмамбет он үч адамдын ысымдарын атап суроо салат. Кетмен-Төбө өрөөнүнөн көтөрүлүшкө катышуучу элди уюштурган топ башы Шадыбек болгон дешип, Рыскулбектин балдары «Шадыбектин шайкасы» деген жалаа менен Кетмен-Төбөдөгү эки (Суусамыр жана Кең-Кол – Кара-Кыр) болуштуктан алтымыш төрт адамды Наманган уездинин начальнигинин жардамчысы, подполковник Н.Бушен жетектеген жазалоочу отрядга кармап беришет. (3) «Шадыкан болгону мусулманчылыктын шарттарын аткарып, экинчи жагынан айыл аксакалы катары элге кеп-кеӊешин берип турган 70 жаштагы абышка эле. Ал да башкалар сыяктуу эле Рыскулбектин тукумдарынын кордуктарын көп көргөн, алардын келишкис душманы болгон.» (3) Токтогулдун жооп ырында Кетмен-Төбөдөн кармалып кеткен кишилердин саны алтымыш эки экендиги айтылат. Бирок тарыхый документтердин негизинде тарыхчы окумуштуунун далилдөөсүндө алтымыш төрт адам. Жооп ырында Токтогул Эшмамбет санаган он үч кишиге дагы тогуз кишинин ысымдарын кошуп атай баяндап берет:

Кутубай, Бакай, Качканак,
Качып чыккан баштараак.
Муратаалы, Мурзабек
Мурун качып келди эле.
Аркасынан Кулданбай,
Куба качып келди эле,
Ошонун баары залимге
Кылмыш кылган эл беле?
(2. 80-бет)

Улуу акындын бул жооп ырын окуган соӊ Сибирге айдалгандардын баарысы эле качып-качып туулган жерине келе беришкен экен деген ойдо калуу жарабайт. Анткени,

Курама менен Мамырды
Саратүпкө барганда,
Салды өлүм амырды.
Сен сурадыӊ, Эшмамбет,
Баратаалы, Салбанды,
Көӊүлгө алып сурадыӊ
Көмүлбөй жолдо калганды.
Бир солдатты өлтүрсө,
Атып ийген болучу
Кыдыраалы балбанды.
(2. 82-бет.)

Ал эми «Көк-Арттан барган Чыйбылды, // Жору, кузгун жеди окшойт, // Адам чыкпай көмгөнгө». Ошондой эле

Адигине Өмүрбек
Сексен бир жашка барыптыр.
Анын да сөөгү көмүлбөй,
Ара жолдо калыптыр.
(2. 82-83-беттер)

Мына ушундай ачуу чындык баяндалат улуу акындын жооп ырында. Дал ушул жагынан алып Караганда Токтогул менен Эшмамбеттин бул айтышынын таанып билдирүүчүлүк касиети бир кыйла экендиги өзүнөн өзү көрүнүп турат.

Жогору жакта белгиленип өткөндөй, ырчынын «Айтыш», «Актуяк», «Токтогул менен Эшмамбеттин Кеӊколго келиши», «Токтогул менен Эшмамбет» деген айтыштары да турмуштун тигил же бул көрүнүштөрүн ырга кошуу менен ал алым-сабак ырларынын үлгүлөрүнөн болуп эсептелет. «Айтышта» чоӊ тойдо эр эӊишке түшкөн эки балбанды ырдоо менен башталган чыгарма Токтогул менен Эшмамбеттин бири-бирин тамашалап, «эки боо кара сакал» менен «куу көсөө» тууралуу аския-азилге өтүп, угуп олтурган элдин жарпы жазылат.

Ал эми «Актуякта» болсо Токтогул ардактап минип жүргөн аты Актуякты акын Сибирге кеткен соӊ «алты тыйын төлөбөй» алымга келген мал деп минип жүргөн Шайылда болуштан эл көзүнчө ырдап кайра алып алышкандактары баяндалат. «Токтогул менен Эшмамбеттин Кеӊколго келиши» деген айтышта болсо, туулган жердин не бир ажайып кооздугу ырга кошулат. Айтмакчы, ушул жерде акындын чыгармалар жыйнагын түзүүчү менен жыйнактын редакторунун дарегине карата бир каалоо-тилекти айта кеткенибиз оӊ. Анткени, «Эшмамбет» деп аталган жыйнактагы «Кеӊкол» деген ырдын башталыш жагы бул айтышта Токтогулдун оозунан чыккан ыр саптары, теңинен көбүрөгү ага айтылган Эшмамбеттин жооп ыры катары берилген. Ушинтип бүтүн бир ыр эки ырчыга бөлө тартылып кеткен. Арийне, бул түзүүчү тарабынан кетирилген олдоксон каталык, эгерде атайылап жасалса, анда кечирилгис күнөө иш. Көркөм мураска мындай өзүм билемдик мамиле жарабайт.

«Токтогул менен Эшмамбет» деп аталган дагы бир айтышта Токтогул Эшмамбеттин үйүндө олтуруп анын келинчеги Гүлайшаны, кайнатасы Карабаатыр балбанды мактап ырдаганы, анан ага Эшмамбеттин берген ак көӊүл жообу баяндалат. Бул айтыш эки акындын канчалык жакын мамиледе экендигинин да айныксыз бир күбөсү болуп эсептелет. Көрүнүп тургандай, Эшмамбеттин ырчылык өмүрүндө Токтогулдун төкмөлүк өнөрүнүн мааниси аябай чоӊ. Эки ырчы кайда барса чогуу болушуп, көбүнесе бирге жүрүшөт. Эки ырчы көпчүлүк учурларда биринин оозунан чыккан сөздү экинчиси дал ошондой ыргакта, дал ошондой уйкаштыкта улантып жүрүп олтурушат. Мындай ыкма алардын ырларына өзгөчө бир угумдуулукту тартуулап, натыйжада, ал чыгармаларды маанилик жактан да тереӊдетип турат.

Бул айтканыбыздын айкын мисалы катары төмөнкү алым-сабакты сунуш кылмакчыбыз:

Токтогул:

Дилин сүйгөн адамды
Ырдоого тилиң так келет.

Эшмамбет:

Ошону барып ырдасак,
Байгебизди бат берет.

Токтогул:

Ырдабай жатып эч нерсе,
Байгеге көөнүӊ бурбагын.

Эшмамбет:

Мактоо сүйгөн киши окшойт,
Көрбөйсүӊбү турганын. (1. 30-31-беттер)

Же болбосо ушундай эле нуктагы, б.а. маанилик жактан да, уйкаштык жактан да бирин-бири толуктап айтылган айтышка төмөнкү мисалды да сунуш кылсак болот:

Токтогул:

Эй, айланайын калпам, ай!

Эшмамбет:

Атала жарма табалбай
Айылдын баарын кыдырган
Аңырайган манкам, ай.

Токтогул:

Эй, тескейде теке тарпыны

Эшмамбет:

Теӊирим куртка жем кылган
Теӊирейтип мурдуңду
Эй, теӊтушуңан кем кылган. (1. 34-35-беттер)

Көрүнүп тургандай, мындай айтыштар ырчыдан зор чеберчиликти, ыр жаратуунун ар кандай ыкмаларын тереӊ билгендикти талап кылат.

Дегеле Токтогул менен Эшмамбет чогуу болушканда көӊүлдөгү ойду, көөдөндөгү муӊду айта билүүнүн ар кандай жол-жоболорун илгертпей таба билишкен. Мынакей, Кеӊколго келишип жайнаган элдин алдында ар кандай алым-сабак ырларды айтып олтурушуп, анан ар бириси өз өмүр жолунан кабар берген момундай айтышууга өтүштү.

Эшмамбет:

Копажы (4) коюн кайтарып,
Кор болуп келген, Ырчы күү.
Тамандарын таш тилип,
Чор болуп келген, Ырчы күү.
Ар күнү шордон арылбай,
Арыктап келген, Ырчы күү.
Акыным сен деп өзүмдү,
Барыктап келген, Ырчы күү.

Токтогул:

Араңдан басып темселеп
Турганың айтчы, Миң кыял!
Артыңдан солдат желкелеп,
Урганын айтчы, Миң кыял!
Мусапыр болгон чактагы,
Муңдарын айтчы, Миң кыял!

Албетте, көпчүлүккө белгилүү нерселерди дале ушинтип жаӊыча формада бере билүү угуп олтурган адамдарды эч качан кош көӊүл калтырбоосу бышык.

Сүрөттө жаш төкмө Элмирбек Иманалиев менен

Колдонулган адабияттар

  1. Эшмамбет. Чыгармалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1988.
  2. Токтогул. Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. 1-т. – Ф.: Адабият, 1989.
  3. Бул жөнүндө караңыз: Молдокасымов К. Акындын абак жылдары. // Кыргызстан маданияты, 1989, 20-июль.
  4. Копажы – Эшмамбет жаш кезинде малай болуп коюн багып жүргөн байдын ысымы. – С.А.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.