ЭССЕ

Кымындай бир эле урук элең, мынабул көйнөгүмдүн топчусунан да кичине. Качан, кантип аялуу буюмдарымды салган боз баштыгыма түшүп калдың экен?

Үч жыл баштык түбүндө урук бойдон жашадың. Сени баштыктан алып ыргытып салганга колум барган жок. Жаз келген сайын, жашооңду улаганга жардамдашып топуракка да сайып койгон жокмун, күнүмдүк турмушка жетеленип жашай бердим. Сен дагы баштыгымдын түбүндө тоголонуп, томолонуп жүрө бердиң. Эмненин уругу экениңди деле билгеним жок.

Быйыл эрте жазда гана баштык түбүнөн алып чыгып, ушул алакандай жерге сайып койгом. Ошол күндүн эртеси эле үстүңө сабаалап кар жаап салды, ал кыштын акыркы кары экен. Эртеси кайра көнөктөп жамгыр төгүлдү үстүңө. Ошондон үшүп калдың окшойт…

Сен жашоону баштаган алакандай ушул жерге карегим көп жолу кадалды.

— Гүлсүңбү, же жемишсиңби, же жел аргыга ыргалган мажүрүм тал болуп чыгасыңбы? — дедим, дедим да күтө бердим.

Күтүүм кубанычтуу болдуң, эмнегедир кудуңдап, сүйүнүп сени күттүм. Эмне болсоң да, мен жашоону сүйүп жашагандай, сен да жашоону сүйүп жашаарыңды кааладым, самадым.

(Бир нече күнгө алыс жакка кетип, кайра келсем, карегим кадала күткөн баягыл уругум ааламга моюн созуп жап-жашыл болуп чыгып алыптыр!)

— Ой, тикенек белең?! Сени да сүйөм… Тикенек… Көз жарышың менен! Жаша! Жер менен Көктүн ортосундагы жашооңду куттуктайм!

Тээтигил чексиздикти Асман дейбиз, Көк дейбиз. Көк жөнүндө сага кененирээк кеп кыла албайм, сырдуу, сүрдүү дагы…

Экөөбүзгө жылуулугун жиберип, жылмайып турган ал — Күн. Ушинтип оң жагыбыздан чыгып, айланып сол жагыбызга өтүп андан ары бизге көрүнбөй кетип калат. Аман болсок, эртең кайра эле Күн менен жолугабыз. “Мен чыктым, сенин дагы бир күнүң башталды…” дегенсип, жылмайып чыгат, бүт жанга нурларын тегиз чачыратат. Күн батып бараткандачы?! Анда: “Эх, бул күнүңөрдү да мени менен жарышып жашадыңар. Мен сыяктуу силердин бирден өмүр күнүңөр да кетилип, кемилип баратат. Таңды кууп келип, так маңдайыңарда жылбай туруп алгым келет. Бирок жаратылышым, жаралгандан ушундаймын…” — дегенсип муңайып батып кетет…

Аларбы? Алар булут, булуттар! Ошентип бизден бийиктикте аппак болуп булайып жашашат. Кээде ушинтип кыймылдабай бизди карап туруп калышат. Кээде буралышып, буулугушуп бир жакка шашып бараткандай болот. Айрым убакта бүт асманды ээлеп алышып, жамгыр болуп жерге төгүлүшөт. Асман ыйлайбы же булуттар өздөрү ыйлайбы, билбейт экенмин. Тамчылары сенин үстүңө да төгүлөт, үйүмө кирбей туруп алсам менин үстүмө да төгүлөт. Калканычы, чатыры жоктордун баарынын үстүнө төгүлөт. Булуттарды да Кудай жараткан деп ойлойм. Аларды асмандан шамал гана айдай алат…

Шамалбы? Шамал көзгө көрүнбөйт, “шуу-шуу” эткен үнү бар. Салкын болот, ачуулу дагы. Өтө катуу ачууланса учуруп кетет. Шамалдын жумшак, назигирээгин сыдырым жел деп коёбуз. Ал да көзгө көрүнбөйт. Сендей болуп жерге буттары түбөлүккө байланган карагай, арча, гүл, чөп жана алыстагы деңиз, суулардын жытын да өзү менен кошо ала келет.

Сен ойлонбо, мага таарынба: — Мени күтпөпсүң. Мен болсо тикирейип, тикчийип тикенек болуп чыгып алдым… — деп.

Жок, жок, андай эмес! Ай-аалам баткан жүрөгүмө сен да батасың. Сен дагы тирүүлүктүн чүрпөсүсүң…

Сен жашоодон чарчаганча, тажаганча… Мен да сени жулбай, кыйбай, тебелебей, тепсебей калкалап, кастарлап жашайм…

14-апрель, 2004-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.