Илгери-илгери жер шарынын бир жеринде, көп айылдын биринде аябагандай жалкоо адам жашаптыр. Анын жалкоолугу күндөн күнгө өсүп, акырында өз кийимин кийгенди мындай кой, өзү тамак жегенден да эринчү болот. Аялы кийинтип, аялы тамак бербесе жалдырап отура берчү экен.

Күндөрдүн бир күнүндө зарыл жумушу чыгып аялы алыс жактагы төркүнүнө кетмей болот. Ары ойлоп, бери ойлоп; бир чоң көмөч нан бышырат. Нандын ортосунан тешип жипке байлап, күйөөсүнүн моюнуна асып кетет.

Аялдын көздөп барган иши бүтпөй, бир нече күн жүрүп калат. Келсе, күйөөсү эптеп эңкейип, нандын четинен оозу жеткен жерине чейин оюп жеп, оозу жетпей калганда тегереткенден эринип, ачкасынан өлүп калган экен.

Мына балдарым, жалкоолук деген эптеп моюнга бир минип алса, төбөңө кантип чыгып кеткенин билбей каласың. Ошондуктан эринчээк, жалкоо болбой өскүлө. Жалкоонун иши жарыбасын жаштайыңардан унутпагыла.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.