ЭССЕ

Ааламдын биз билбеген сырлары да, кызыктары да көп… Кичине кезим. Окууга бара элекпи же башталгыч класс бекен? Бирок эсимде. Ток этер кебимдин алдын ала ошондогу эсимде калган бир окуяны баяндай кетчү жөнүм бар: жайдын саратаны. Күн ысык. Эки бет күнгө туурулган. Эриндер бышкан бадырактай жарылып, сербейген чачым майланышып, чыбаш жыттанып жүрөр элем. Мурунду шыр тарткан адатыман уялар кезең да келелек анда.

Бир күнү эле турмушка чыкканына кыйла убакыт болуп калгансыган эжем там-туң баскан кызын жетелеп келип калды. «Төркүлөп». Ал кезде бир облустан экинчи облуска турмушка узадың дегиче, шоруңдун катканы эле. «Кызым, алыска кете көрбө» деген ата-эненин зарурат кебин кулагыбыз көп эшитер эле негедир… Анда азыркыдай авто-унаанын түрү кайда… Ыраак кеткен кыздар төркүлөп бир жылда бир, кай бири эки-үч жылдап төркүнү тараптан көзү төрт болуп жүрүп араң жетчү эле. Апам ушу эле Чүйдүн жигиттерин тандагыла дегенине көнбөй, эжем Көл тарапка кетти. Ошол эжем келди «төркүлөп». Босогону аттаганда эле жылмайып, күнөөкөр немече, бир сырдуу болчу киргени. Келгенине бир аптадай болду. Кетем деп шашпады. Ал эмес оюнда да жоктой… Кантсе да эне эмеспи, жүрөгү бир нерсени сезген го: апам эжемди отургузуп алып жайын сурап кирди. Жолдошу менен уруша кетип ага таарынып келгенин айтып калды.

– И-и, кокуй күн десе… Ошо болбогон нерсеге да таарынчу беле, ботом? Эми кошуналарга эмне деп айтам? Жүрөгүм бир нерсени бекер сезген эмес экен да! Мейли эми, бир айча тур да, жолдошуң аркаңан келбесе өзүң кайра жөнө. Болбосо өзүм жеткирем. Элге «төркүлөп келиптир, бир ай жүрүп кетет», – дейин. Чебелектеп, тызылдап ийди апам.

Экөөнүн кебин уккан мен жөн турамбы, балалык байолук, эссиз энөөлүгүм менен балп эттирдим:

– Мен да кийин чоңойгондо күйөөгө кетем да ээ апа? Билесизби, мен ошондо күйөм мени урушат го, ээ апа? (Кичинемде “ээ апа?” деп көп айтчумун) Ошондо мен силерге келбейм, апа. Мен Парижке кетип калам! – дедим….

– Парижде сага суутуп коюптурбу?! – Ансыз да жаны кашайып турган апам мени кагып салды.

Көп өтпөй сөзү оңолду:

– “Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт. Күйөөң менен урушпай эле барсаң болбойбу ал жакка?

Ага боломбу демигип. Тиги кошунанын кызын күйөөсү уруп салып, анан кантип ал апасын кучактап ыйлаганын, тибиреп баштадым. Дагы, дагы бирдемелерди айтып аягында куду ошол кыялымдагы күн келип калгансып, тим эле чоң ишенич менен бой көтөрүп, өзүмдү кыйын сезип айтып тургандагым:

– Мен эжеме окшоп силерге ыйлап келбейм! Мен самолёт менен Парижге кетип калам! Күйөм келип издеп, таппай калат мени. Анан мен көптө-өн кийин келем. Французча суудай сүйлөп келем. Ал жактан кымбат сонун шуба кийип, супсулуу болуп келем! Просто Марияга окшоп келем! Күйөм ыйлайт ошондо, көрөсүңөр го, – дедим.

Эжем күлүп:

– Жок дегенде Париж каякта экенин билесиңби сен? – деп калды.

– Ооба… Билбегендечи! Париж деген Лондондо, – дедим чекчеңдеп…

Апам турду минтип:

– Ай кыз, чоңдордун сөзүн аңдыбай, бар эми ойно! Кошуналарга тибиреп айтып салбасаң эжеңдин дайынын! – деп таза эле менин айткандарыма маани бербейт апам.

Эжем чыкты менин таламымды талашкандай:

– «Негизи жаштын тилегин берет» деген чын окшойт. Мен дагы кичинекей кезимде күйөөгө алыс жакка тийсем экен. Автобуска отуруп алып кете берсең, анан көптө барып жетсем дечү элем. Мына оозума сала бергенсип алыс кеттим… – деп ойлонуп отуруп калды. Анан бир аздан соң: – Парижге барганың жакшы, бирок күйөөң менен урушпай-этпей эле бар, уктуңбу?.. Бар эми ойно, – деп койду.

Ошондон көп өтпөй жездем келип кечирим сурап, эжемди алып кетти. Кийин эс тартканда ошондо эмне себеп менен урушканын сурасам, анын жөнү салт-санаадан чыгыптыр. Эжем чүйлүк, жездем көлдүк болгондуктан: бири-биринин жол-жобосуна түшүнө алышпай эле кер-мур айтышчу тура….

Кийин мектепти бүтүп, окуу жайга тапшырдым. Англис тили же замандын талабы болгон информатика бөлүмүнө тапшырсам дегем. Анан эле эбептен себеп болуп, кандайдыр бир окуялар түрткү болуп отуруп, үч уктасам түшүмө киргис чет тилдер бөлүмүнүн – француз тилине тапшырдым. Чынын айтсам, айламдын жогунан тапшырып калдым. Мектепте немис тилин окугандыктан англис тилине албай коюшту. Экинчи курстан англис тили да кошулат дешкенинен гана көндүм. Болбосо ал бөлүмгө жолобойт да элем.

Париж эле Париж деп балалыгымда көп кыялданчумун, бирок кийин эс тартканда ал Парижди унутуп деле койгон экенмин. Бирок ошондо деле көп маани бербедим: кандай себеп менен француз тили боюнча котормочу болуп калганыма. Ал эми азыркы жашоом ошол Париж менен француз тилине тыгыз байланышкан. Ал тургай бир нече ирет барып да келдим. Акыркы убакта адамдын психологиясы жөнүндөгү илимге кызыгып, ал жакка да баш багып жүрөм.

“Баланын акыл-эси токтолгонго чейин эмнени максат кылса, эмнени сүйлөсө, эмнени көрсө, так ошолор анын келечеги. Баланын оюн бапестеп, тууралап, сөздөрүнө көңүл буруу керек. Канчалык чарчап турсаң дагы, балаң менен сүйлөшүүнү, анын сүйлөгөндөрүнө маани берүүнү унутпагыла. Балдар жөн эле божурап сүйлөп жаткан болот, а чынында алар келечегин сүйлөп жатат. Сөздөрүн, ойлорун, түшүнүгүн иргеп, ата-энеси ар дайым баласы менен баарлашып туруу керек. Ал эмес ойногон оюну, кармаган оюнчугу, келечегине тыгыз байланышта”, – деген кайсы бир психологдун кеңешин да окудум.

Чындык эмей эмне? Мен толугу менен кошулам. Ошондуктан баардык ата-энелерге балдарыңыздар менен сүйлөшүүдөн эч убакта качпагыла дейт элем. Ошол эле батыштын элдери балдары менен чоң кишидей сүйлөшүшөт. Кадимки чоң кишини угуп жаткандай тыңшап, акылдашып, кээде кеңеш да сурап калса күлкүм келчү эле… Көрсө, ал аракеттин маңызы баланын келечегинин, анын балалык кыялында бекемделишинде жаткан тура…

Эстеп көрөлүчү, ким кичинесинде кайсы оюнду жакшы көрчү?.. Чоңойгондо ким болом дечү (Эскертүү алты-жети жаштан аркылары эсепке алынбайт)?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.