Армян жомогу: Дудук элчи менен акылдуу тикмечи

Бир жолу хан өз тактысында отурганында кошуна падышанын жиберген элчиси келип, эч нерсе деп айтпастан анын тактысын айланта чийип, бир дагы сөз айтпай отуруп алды. Хан элчиден бул эмнеси деп сураса ал эч нерсе дебеди, көрсө, элчи дудук экен. Хан кошуна падышанын мындай ишаратынан эч нерсе түшүнбөгөдүктөн бүт жан-жөөкөрлөрүн чогултуп, бул табышмакты чечмелөөнү буюрду. Бирок алар да оңчулуктуу жооп таба алышпады. Ошондо хан өз өлкөсүндөгү мен акылдуумун дегендердин баарын чогултса да алар бул табышмактын жообун чечмелей алышпады. Хан өз өлкөсүнөн […]

О.Генри: Муңдаштар

АҢГЕМЕ Ууру терезеден кирди да, тегерете карап туруп калды. Өзүн сыйлаган ар бир ууру адегенде карап көрөт да, анан уурдай баштайт эмеспи. Ал бирөөнүн үйүндө эле. Жабык турган эшик, өсүп кеткен чөптөрдөн улам үй ээси бир океан толкуну шарпылдап урган мрамор террасада жаш жигитке өзүнүн жалгыздыктан жабыккан таза жан дүйнөсүн эч ким түшүнбөгөнүн айтып отурса керек деп ойлоду. Ал эми үчүнчү кабаттагы жарык болсо анын күйөөсүнүн үйгө келгенин, бир аздан кийин жарыкты өчүрүп, уйкуга кетерин айтып турат. Анын үстүнө сезон […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Падышага эл эмес, падышалар турсун элге жөлөнүп

Ит мекени – итаяк. * * * Өз көлөкөсүнөн коркуп жүрүп көлөкөсүн жоготуп, бирөөнүн көлөкөсүнө айланган жандын көргөн күнү курусун. * * * Кабинеттер – адамдардын галстукка аркандалган “жайыты”. * * * Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма Арзыматтар ырдаганга келишет. * * * Падышага эл эмес, Падышалар турсун элге жөлөнүп. Акиминен ажыраган эл эмес, Акыйкаттан ажыраган эл өлүк! * * * Көлөкөдөй жакынды табалбайсың Көргө дейре бир кеткен сени менен. * * * Томуктай буюм алган тутулуп жүр, Тонналап тоногондор кутуруп […]

Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү III

* * * Гун Сунь Чоу сурады: “Кожоюндун кандай мыкты сапаттары бар экенин суроого уруксат этиңиз?” Мэн Цзы жооп берди: “Мен ар бир сөздү талдап чыгуу менен түшүнөм, өзүмдөгү улуу рухту тарбиялоо боюнча чебермин”. * * * Мэн-цзы айткан: “Байыркы заманда улуу адамдын катасы күн менен айдын тутулуусундай эле, андыктан аны бүт эл байкачу. Ал өз катасын оңдогонун да баары көрчү. Өзүн улуу сезген азыркынын инсандары  өз катасына көңүл буруп да койбойт, ал турсун анысына алдын ала актануу да ойлоп […]

Интернеттен алынган экмет: Ийгилик ачкычы Аялзат колунда

“Эгерде эркек аялын сыйлабаса, ырыскы артын салып качат”.  А эмне үчүн? Ойлондуңуз беле? Аялзатынын жан дүйнөсүнүн тартылуу күчү эркектердикине караганда миң мертебе күчтүү. Ошондуктан өз тагдырына да, жолдошунун тагдырына да таасирин тийгизүү жөндөмдүүлүгү өтө зор. Аялы ортодогу мамиледен эргүү алып, ар дайым өзүн бактылуу сезсе, анда жолдошунун да жолу ачылат. Алдындагы баардык баш баккан каалгалар ачык болуп, баардык жайда ийгилик коштоп жүрөт.  Анткени  бакытка балкыган жана жашоосуна ыраазы аялзатынын жан дүйнөсүнүн, сезиминин күчү,  жолдошуна ар дайым ак батасын берип, анын […]

Чыйырга бирге түшкөндө: Алым Токтомушев Абдыкерим Муратов тууралуу

Кайсы бир ойчулдан окуганым бар. Кимиси экени эсимде жок, бирок айткан ою орто эсеп менен мындай: «Сага – дейт, – канча бир адам кудум караан, сөлөкөт сыяктуу кызыксыз, кунарсыз өмүр сүрүп аткандай сезилет. Чындыгында андай эмес. Андай эместигин алардын кимиси менен болсо да чыйырга бирге түшкөндө билесиң. Адам ошондо бир бүт керемет кемели, кунар наркы менен тирукмуш ачылып чыга келет». Анын сыңары мен Абдыкерим Муратовду чыйырга бирге түшкөндө чындап тааныдым, билдим десем болот. Чыйыр дегенде эзелки өткөн бир ишти эстесе […]