Бир жолу хан өз тактысында отурганында кошуна падышанын жиберген элчиси келип, эч нерсе деп айтпастан анын тактысын айланта чийип, бир дагы сөз айтпай отуруп алды. Хан элчиден бул эмнеси деп сураса ал эч нерсе дебеди, көрсө, элчи дудук экен. Хан кошуна падышанын мындай ишаратынан эч нерсе түшүнбөгөдүктөн бүт жан-жөөкөрлөрүн чогултуп, бул табышмакты чечмелөөнү буюрду. Бирок алар да оңчулуктуу жооп таба алышпады. Ошондо хан өз өлкөсүндөгү мен акылдуумун дегендердин баарын чогултса да алар бул табышмактын жообун чечмелей алышпады.

Хан өз өлкөсүнөн кошуна хандын табышмагын чечмелеген бир да акылман чыкпаганына арданып: “Эгер бул табышмакты эч ким чече албаса, өлкөдөгү баардык билермандардын башы алынат!- деген каардуу буйругун берди.

Жан алакетке түшүп бул табышмактын жандырмагын тапчу акылманды издеген билермандар кокусунан эле аны жөнөкөй үйлөрдүн биринен табышты. Ал үйгө кирген билермандардын көзүнө биринчи эле өзүнөн-өзү термелип жаткан бешик урунду. Башка бөлмөгө киришсе, анда да өзүнөн-өзү термелип жаткан бешикти көрүштү. Ал эми бул үйдүн чатырына чыгышса, ал жерге угут үчүн өндүрүлгөн буудай жайылыптыр да, анын жанына орнотулган каракчы өзүнөн-өзү кыймылдап, угутка таранчы сыяктуу канаттууларды конгузбай туруптур. Буга айран-таң калган хандын жан-жөөкөрлөрү үйдүн жертөлөсүнө түшүшсө, ал жерде бир тикмечи машинеси менен кийим тигип отуруптур. Баарынан кызыгы, анын тигүү машинесине үстү жактан түшкөн жиптер туташтырылып, алар менен алиги өздөрү көргөн үстү жактагы эки бешик термелип, дан коругуч каракчы кыймылдап атыптыр.

— Мына, уста деп ушуну айт! Акылы адамдан башкача турбайбы!- деген билермандар дароо эле ага элчинин табышмагын айтып беришип, эгер мунун жандырмагын тапса, хандан чоң белектерди алаарын айтышты. Тикмечи буга көпкө ойлоно түшүп, үйүнөн эки чүкө жана бир тоок алып билермандарды ээрчип ханга келди. Ал эми хан болсо алиги дудук элчи менен аны жолуктурду. Элчини көргөндө тикмечи анын алдына эки чүкөнү ыргытты эле, ал чөнтөгүнөн бир баштык таруу алып чыгып жерге чачып жиберди. Тикмечи дароо эле тоокту койо бергенинде ачка тоок бир заматта жерден таруунун бирин калтырбай терип жеп салды. Муну көргөн дудук элчи ордунан ыргып туруп, өтүгүн кийип кетип калды.

— Дудук элчи эмнени айткысы келиптир?- деп тикмечиден сурады хан.

— Кошуна падыша дудук элчисинен жакында жериңди курчап, эл-журтуңду кырам, андан көрө өз эркиң менен багынып бер деп айттырыптыр. Жанагы тактыңызды айланта чийгени ошонун ишараты экен. А мен ага жооп кылып эки чүкөнү ыргытканым  – “силер биз үчүн бала сыяктуу элесиңер, көтөнгө чаап жазалап койобуз, андан көрө өз жериңерде бири-бириңер менен чүкө ойноп тынч жашай бергиле”,- дегеним болчу. Анын буга жооп кылып бир баштык буудай чачканы: – “биздин аскер ушул баштыктагы таруудай сан жеткис көп, ошон үчүн сыйыңар менен багынгыла”,- дегени болучу. А мен ага тоокту койо берип: “Силердин миң сан аскерди биздин бир эле баатырыбыз жок кылып койот”-деген маанини билдирсем, ал бизге алы жетпестерин түшүнүп, аны ханына айткана кетти.

Тикмечинин бул акыл-айласына ыраазы болгон хан ага урмат-сый көргөзүп, берешендик менен белектерди берип, өзүнө башкы вазир болуусун сунуштады. Бирок тикмечи буга макул болбостон, мындан ары өзүндөй карапайым кишилерди адам катары санап жүрүүсүн жана айланасындагы жан-жөөкөрлөрүн жөн эле акылман санай бербей, алардын мактоолору менен курулай кошоматчылыктарынан сактанып жүрүүсүн өтүндү.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.