Кайсы бир ойчулдан окуганым бар. Кимиси экени эсимде жок, бирок айткан ою орто эсеп менен мындай: «Сага – дейт, – канча бир адам кудум караан, сөлөкөт сыяктуу кызыксыз, кунарсыз өмүр сүрүп аткандай сезилет. Чындыгында андай эмес. Андай эместигин алардын кимиси менен болсо да чыйырга бирге түшкөндө билесиң. Адам ошондо бир бүт керемет кемели, кунар наркы менен тирукмуш ачылып чыга келет».

Анын сыңары мен Абдыкерим Муратовду чыйырга бирге түшкөндө чындап тааныдым, билдим десем болот. Чыйыр дегенде эзелки өткөн бир ишти эстесе оролу келип туру.

Абдыкеримди алгач билгеним өткөн кылымдын (о, өткөн кылым деп калдык!) 80-жылдарынын башы болсо керек. Анда мен «Кыргызстан маданияты» гезитинин сын бөлүмүндө иштечүмүн. Кийин «шейит» кеткен гезиттин атагы анда таш жарып турган кез. Ошого жараша өкмөт менен партия күнүгө бир токтом токуп, адабий сынды өстүргүлө деп алка-жакадан алып, муунтуп турат. Жазуучулар Союзунун баштыгы Теңдик Аскаров ары философ, ары адабиятчы-сынчы болгондуктанбы, же партия көрсөтмөлөрүнө такыба кызмат кылгандыктанбы, айтору, гезиттин ар санына бери калганда бирден сын чыкпаса кабагынан кар жаап, канды телефон менен эле соруп салчу. Бөлүм куржуну сындан куржалак учур көп болор эле.

Ошондой кыйын кырдаалдын биринде, анда айылда жашачу, Абдыкерим Муратовдон аманат келип калды. Сын макала экен. Абдыкерим анда жаш, мынчалык дасыгалек, бизге катышып турчу. Ошол учурдагы «Маданияттын» критерийи менен карасак, албетте, ал макаласы жарамак эмес. Бирок келерки санга сыныбыз жок карайлап турабыз. Бөлүм башчы Сүйөркул Тургунбаев экөөбүз ары кеңешип, бери кеңешип, акыры Абдыкеримдин макаласын оңдоп-түзөп жарыяламак болдук. Андайга Сукенин колу тиймек кайда, милдет адаттагыдай мага жүктөлдү. Эртеси гезит беттелмек, түнү бою автор келтирген мисалдарды аргументтеп, логикасын, келегей сүйлөмдөрүн жонуп түзөп басууга даярдап келдим. Басылды. Менин билишимче, ал Абдыкеримдин республикалык гезитке жарыяланган алгачкы көлөмдүү макаласы болсо керек.

Ал, анан Абдыкең чапкан аттай кетти. Бир кыйла макалаларды жазып жиберди. Жазганда да оңдоп-түзөмөк тургай редакторлоонун анчалык зарылчылыгы жок болуп калды. Бат эле адабий коомчулук назарына илинди. Республикалык семинар, кеңешмелерге чакырыла баштады…

Бул эми айта турган деле сөз эмес болчу. Айткан да эмесмин. Анын ичинен автордун – Абдыкеримдин өзүнө. Анткени андан эчнерсе өзгөрүп кетмек эмес. Ал макаланы кандай жагдайда иштеген, иштебегениме карабай, Абдыкерим менсиз деле ушул кемелине келмек. Тек, муну менен мен Абдыкеримдин табыгый угутунун күчтүүлүгүнө, сезим-зээр, маданий даргөйүнүн сергектигине таң берейин деп атканым. Анткени…

Суке (Тургунбаев) мага калп айттыра койбос, мен Абдыкеримдикине окшогон макалаларды аябай көп иштедим. Айрым учурда баштан аяк кайра жазып чыгууга туура келчү. Болгондо да борборду тегеректеп, адабий чөйрөдөн алыс кетпеген кишилердикин. Бирок көпчүлүгүнө жуккан жок. Алардын бирөөнө, азыр идиректүү илимпозго Сукенин орой көз-чарай айтканы эсимде: «Эй, колжазмаң менен бизге чыккан макалаңды салыштырып окуйсуңбу? Окусаң, кур дегенде сүйлөм түзүлүшүңдү оңдосоң боло».

Андан бери көп жыл өттү. Элеттик мугалим Абдыкерим айылдан шаарга келип, менин билишимче, эң оболу педагогикалык илим изилдөө институтунда иштеди. Адабий чыгармалары менен кошо эле бир катар илимий эмгектерди жазды. Арийне, мен билген акыйкат ушу: Абдыкерим Муратов адабият айдыңында, журналистикада өзүн жаңылбай тапты. Бир катар китептерди чыгарып, окурман журтуна жакты.

Менин айтайын дегеним ал эмес. Абдыкерим ар тараптуу өнөрүнүн бирин да күнүмдүк курсактын кулуна айландырып жиберген жок. Жашоо – жарыш деген өчөгүшкө алдырып, мансап, сыйлык, наам, даража куубады. Болбосо бийликтин анча-мынча ыргыткан сөөгү үчүн адамдык сапатынан ажырап, баштериси тескери капталып калган аны менен катарлаш далай адабиятчыларды, журналисттерди билем. Эң негизгиси, Абдыкерим кашкайган калыстыгынан танганын көргөн да, окуган да жокмун. Кечээ эле «Асаба» гезитинде чогуу иштедик: айрымдарыбыз сыяктуу ачууга алдырып, эмоцияга жеңдирип, же тенденцияга жетелеткен учурун учуратпадым. Мейли, адабият айдыңын айтабы, мейли, тарыхты иликтейби, мейли, коомдун азыркы коогалуу маселелерине кайрылабы, Абдыкерим ардайым көрүнбөс кенендиги, билинбес тереңдиги менен айырмаланып турат. Мындай касиетке, менимче, кертбашынын парзын терең туйган, жандүйнө торбосу толо адамдар гана эгедер.

Жашым андан алдаканча элебирээк болсо дагы жаныбыз бирге ака-үкө болуп, жана айтпадымбы, бир чыйырда келдик.

«Алас», 2006, 18-май

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.