Каармандар:

Нури Саянер — пенсионер, 60 жаштан өткөн

Михрибан — анын аялы

Метин — алардын уулу

Гүлай — алардын кызы

Зия Чалакчы — жашап жаткан үйдүн ээси

Осмон Күмүштекир — (Думан Осмон), ашынган кылмышкер

Комиссар

Кезметчи

Милиционер

Соттолуучу

Биринчи журналист

Экинчи журналист

Үчүнчү журналист

Гезит сатуучулар

БИРИНЧИ КӨШӨГӨ

Биринчи көрүнүш

Чоң жыгач үйдүн экинчи кабатындагы конок бөлмө. Сол жакта – уктоочу бөлмөнүн эшиги. Оң жакта – далис, ашканага жана башка бөлмөлөргө алып барат. Сыртты карап турган эки терезенин ортосунда “Жараткан Алла – акыйкаттыктын  жактоочусу” деген жазуусу бар тактай илинип турат. Сол жак бурчта – эски модадагы, бирок таптаза диван турат, үстүндө тери жабылган. Оң жактагы дубалда – Нуринин абдан чоң портрети айнекке салынып илинип турат. Конок бөлмө карапайым жашаган стамбулдук орто бүлөнүн турмушуна ылайыкталып жасалгаланган. Түштөн кийинки убак.

Көшөгө ачылганда Нури Саянер буттары учкаштырып диванда отурат, үстүндө үйдө кийилүүчү жука кездемеден жасалган бешмант жана шым, башында калпак жана оозунда мүштөк тиштеп алган. Анын алдында тартмалары бар жазуу үстөлү. Нури өз коллекцияларынын арасынан устараларын алып чыгып, улам бирөөсүнүн кагазын ачып карап жатат. Алардын ар бирин шипчиктер менен чымчып кармап, жарыкка алып келип, лупа менен карап отурат. Мунун баарын кылып жатып, кыңылдап ырдап коёт: “Ак жолдон адашкан сүйүүмдөн кабар жокпу?…” Ырдап жаткан үнүнөн анын маанайынын көтөрүңкү экендигин сезүүгө болот. Алгач ал ичинен күбүрөнөт, анан аялынын кечке наалып жатканынан иренжип, үнүн бир аз бийигирээк кылып чыгарып кыңылдайт.

Михрибан дивандын бир жагында бир нерсе токуп отурат, бир нерселерди айтып күбүрөнүп наалып жатат. Нури алгач анын сөздөрүнө көңүл бурбайт.

М и х р и б а н. Кайран гана жинди башым… Сени ошондо эле кылмыш үстүнөн кармап алсам болмок… Дароо эле милицияга чуркап барып: “Комиссар, менин күйөөм бузулган аял менен ала жипти аттап жүрөт. Мен анын үйүн дагы билем, аларды азыр ошол жерден кармап алсак болот. Мыйзам атынан жана акыйкатттык үчүн  кылмыш үстүнөн менин күйөөмдү кармап алгыла… Албетте, мен даттанам, арыз берем, комиссар мырза”, – деп айтсам болмок. Ошондо менин жаныма үч жандарм кошуп бермек, анан биз дал ошол бузулган аялдын үйүн көздөй жөнөмөкпүз. Ооба, ооба, анын дареги  Салкымчак көчөсү, он сегизинчи үй болчу… эшиги сырдалуу болчу.

Нури кыжырланганы күчөп, кыңылдаган үнүн дагы катуураак кылып чыгара баштайт.

Ии ошондо милициялар эшиктерин катуу каккылашмак. Сен ошондо аябай уялмаксың. уялганыңдан жерге кирип кете жаздамаксың. Кана жооп берчи-а! Эх, байкуш башым, азыркы акылым ошондо болсо кана. Сазайыңды гана бермекмин. Байкуш башым, ал кезде мунун бирин да ойлочу эмес элем. Мындай кылуу жөнүндө таптакыр оюма да келген эмес.

Н у р и (көз айнегин өйдө көтөрүп, жалдыраган үн менен). Жаным, койчу эми… суранам сенден…

М и х р и б а н. Өзүмө чала. Менин көзүмдү ачкан да эч ким болгон эмес. Биринчи эле жолуккан адамга болгон сырыңды айта албайт экенсиң… Эгерде башкага көзүң түшө турган болсо, анда мага эмне үчүн үйлөндүң, ыя? Эмне үчүн?

Н у р и. Михрибан, жаным менин…

М и х р и б а н. Анда балабыз да жок эле, мен байкуш талаада калган аял болдум да калдым… Ушунча жыл таарынчымды ичиме катып келем… И-и, ал шүмшүк катының дагы түзүк неме болсочу, кайдагы көчө салпаягы эмес беле…

Н у р и. Койчу эми, ал түштү унутуп койчу эми…

М и х р и б а н. А сен укпай эле кой, байкушум. А, уксаң уга берчи… андан сенин бетиң кызарып деле кетпейт. Мен өзүм үчүн эле сүйлөнүп, бугумду чыгарып жатам, кичине да болсо жеңилденип калам.

Н у р и. Жаным менин, бул түштү деги качан көрдүң эле, керели кечке оозуң тынбай эле эбирей бересиң.

М и х р и б а н. Ичиңде ойлоп жатасың го, жылдар өтсө унутулуп калат деп. Жо-ок, мен унутуп калганым жок. Сен абдан жакшы билесиң, үйлөнгөнүбүзгө сегиз ай өтпөй жатып, мени чанып, ала жипти аттап жүргөнсүң…

Н у р и. Өх, жинди болуп кетем го… (жумшагыраак). Михрибан, укчу мени, жаным, мен ушул жашка келгени бир да жолу сенден башка аялдын койнун ачып көргөн жокмун! Эгер ошондой кылган болсом, анда мага каргыш тийсин.

М и х р и б а н. Сенин минтип карганганыңды мен кө-өп жылдардан бери угуп келем.

Н у р и. Койчу деги, мени ушундай ишке барат деп ойлойсуңбу? Ниетимде болсо дагы эч качан мындайга барбайт болчумун. Мени жакшы эле билесиң го, же мени билбейсиңби?

М и х р и б а н. Ки-им? Сенби? Сен, сенчи… Сен жөнүндө сураган ар бир кишиге сенин ичиңде кандай котур ташың бар экенин айтып бермекмин, жылымчы осурактын жыты сасык дейт.  Мени сени билбейт дейсиңби! Мен сени абда-ан жакшы билем.

Н у р и. Үф… кырк жыл өттү, дагы эле ушул түш… Таң аткандан керели кечке ушул ырды ырдаганың ырдаган. Деги бул чындыгында болгон эмес да, сен аны түшүңдө гана көрбөдүң беле!

М и х р и б а н. Эмне экен түшүмдө көрсөм…    Адам түшүндө да көзү менен көрөт…

Н у р и. Михрибан, укчу мени, сен акылдуу аялсың да… Адам кантип түшүндө көргөнүнүн бардыгына эле ишене берет? Мейли, бул түш сенин эсиңден таптакыр чыкпай калды дейли, бирок сен менин мээмди бул түш менен кырк жылдан бери жеп келесиң го. Ушу кантип болсун?

М и х р и б а н. Сен жакшы билесиң, ошол таңда  мен таң азандан туруп, дароо түшүмдө көргөн жерге жөнөгөм. Дал ошол жерге, дал өзүнө. Көчө да, үй да – баары дал ошол түшүмдө көргөндөгүдөй. Ал түгүл көчөнүн аты жазылган тактайды да тапкам, Салкымчак…  Сен аны көмкөрөсүнөн жаап койгонсуң, мен ал тактайды оңой эле таап алгам.

Н у р и. Оо, Аллах, өзүң сабыр бере көр…

М и х р и б а н. Азыр да баары көз алдымда. Сенин аркаӊан ээрчип баргам. Сен мечиттен өтүп сол жакка бурулгансыӊ, оӊ жактагы үчүнчү үй, номери он сегизинчи… Терезеде бир аял жолду карап туруптур. Мен анын терезесиндеги тюль парданын желден бир аз кыймылдап турганы дагы эсимде. Аял сени көрө калып дароо эшигин ачты. Мен баарын көрүп турдум, мен сени бурчтан аӊдып отургам. Терезеден экөөӊөрдүн башыӊар жанаша көрүндү. Сенин башыӊ анын сары чачтарына эӊкейип тийише түштү. А тиги шуркуя терезени жаап, парданы тартып таштады. Эмне үчүн мен дароо эле участокко барган жокмун, баарын жеткирген жокмун… билбейм? Балким, жаштыгымдандыр. Болгону менин билгеним, мен анда он сегизде эле болчумун.

Н у р и. Эээ, катын! Эмне сүйлөп жатканыӊды билесиӊби? Түштү кантип чындык катары кабыл алсын. Участокко барып эмнени айтмаксың?

М и х р и б а н. Сен жөнөкөй айткан сөздөрдү түшүнбөйт окшойсун. Кырк жылдан бери муну айтып келип, сен дагы эле түшүнбөйсүӊ. Мен айтып жатпаймынбы: эртеӊ менен тураарым менен эле ошол жерди көрүп келиш үчүн жөнөдүм. Мен мунун баарын төкпөй-чачпай милицияга айтып берсем болмок.

Н у р и. Чүшш! Бирөө келатат. Тынч! Балдар угуп калбасын…

М и х р и б а н (үнүн басаӊдатып). Баары тажрыйбасыздыгымдан…

Н у р и (акырын). Сен качан ойгонгондо мен жаныӊда жок белем? Жаныӊда эле жатпадым беле.

М и х р и б а н (шыбырап). Сен менин жанымда коӊурук тартып жаткансыӊ…

Н у р и (шыбырап). Ээ, сен адамды жинди кыласың го, Михрибан. Менин эмне, эки жаным бар бекен? Мен кантип бир эле учурда эки аялдын жанында болоюн: сенин жаныӊда, тигил аялдын жанында?

М и х р и б а н (шыбырап). Сен! Ушу сен!.. Сенден баарын күтүүгө болот.

Метин колуна калыӊ китеп кармап кирет. Китепти ачып окуйт, анан жаап коёт. Бөлмөдө ары-бери басып, ээриндерин кыбыратып, окугандарын жаттаганга аракет кылат.

Н у р и. Сен даярдана алдыӊбы, Метин?

М е т и н. Кайдан даярданган… Сиздер уккан жоксуздарбы? Таӊ атканча үстүдөн кечке дүӊкүлдөтүп чыгышты. Түнү бою уктай алган жокмун. Он күндөн кийин сынак, билбейм тапшыра аламбы…

М и х р и б а н. Үйдүн кожоюну аларды атайын эле үстүӊкү кабатка жайгаштырды окшойт, ал түгүл, алардан ижара акысын да албайт имиш. Балким, ушул ызы-чуусу менен бизди бияктан чыгаргысы келип жаткандыр….

Н у р и. Ой үйдүн баарын талкалап жиберсе да, биз бул жактан эч жакка жылбайбыз. Кылычын алып кыш келатат. Каякка бармакпыз…

М и х р и б а н. Эмне үчүн биз көчүшүбүз керек? Биз соттон жеӊип албадыкпы.

М е т и н. Бул неме таптакыр көөп кетти, үйдөн чыгарбоо жөнүндө ишти биз жеӊип алганыбызды деги качан билет.

Н у р и. Ал бардык батирлердеги ижарачыларды чыгарып бүттү, биз гана калдык.

М е т и н. А үстүӊкү кабатка ушундай шүмшүктөрдү жайгаштырды, себеби…

М и х р и б а н. Акырын, угуп калышат…

М е т и н. Иии, байкушум, сен биз шыбырашып жатканда да угуп калат деп ойлойсуӊ… Бул неме, Зия Чалакчы, биздин бул жактан чыгып кетишибиз үчүн баарын кылып жатат.

Н у р и (дубалдагы учкул сөздөрдү көрсөтүп). «Жараткан Алла – акыйкаттын жактоочусу». Азырынча биз утуп алдык.

М и х р и б а н. Биз бул үйдө он сегиз жылдан бери жашап келебиз. Бир жолу да ижара акысын кечиктирген күнүбүз болдубу? Кантип, анан ал бизди дагы чыгаргысы келип жатат.

М е т и н. Бул неме бизди заматта көздөн кайым кылгысы келет. Бекеринен аны Зия Чалакчы дешпейт да, атыни укканда, баары титиреп турушат.

Н у р и. Ой, мыйзам бар да деги…

Үстүӊкү кабаттан джаздын, бийлегендердин, жөтөл үн чыгат. Бул ызы-чуу улам-улам бийиктейт.

М е т и н. Ииии! Бүгүн эрте башташты.

Н у р и. Таӊ атканча, эми биздин үстүбүздөн тепкилеп чыгышат.

М и х р и б а н. Жооок, буга чыдоого мүмкүн эмес. Күнүгө-күнүгө, Кудайдын куттуу күнү ушундай! Күнү-түнү…

М е т и н. Ата, ушуга сиз күнөөлүүсүз.

Н у р и. Эмне үчүн мен?

М е т и н. Эмне үчүн – дейсизби? Адам сизге партияга өт деп сунуш кылып жатат. Партияга кирип алсаӊыз эмне болмок эле? Сиздин айыӊыздан ал жинденип кетти да.

М и х р и б а н. Ооба, ооба…

Н у р и. Ой тобоо, толгон токой партиялар менен менин ишим канча? Деги, мен саясатты түшүнөмбү?

М е т и н. Ой партияга кирип алсаӊыз, эмне болмок эле?

Н у р и. Ой мен айтып жатам го, саясаттан алыс эле болгум келет, мен партиялардан корком.

М е т и н. Саясаттан коркосуӊ, соодадан коркосуӊ…

М и х р и б а н. Сенин атаӊ баарынан коркот.

Н у р и. Ооба, корком: саясаттан да, соодадан дагы, ызы-чуудан дагы.

М и х р и б а н. Сен өзүӊ батыл болсоӊ, көрүнгөн адвокатка майда-чүйдө акчаны коротпойт элек.

Н у р и. Э катын, Кудайды карап сүйлөсөӊ боло… Бул Зия Чалакчы мен партияда бармынбы, жокмунбу, иши да жок. Өзүнүн атасына да карабай, түкүрүп басып жүрбөйбү… Анын жашоочусу болсом дагы, партиясынын төрагасы болсом дагы, ага баары бир, ким аз төлөсө, аны үйүнөн көчүккө тээп чыгарчысы келет. Жаатташкан душман партиясы болсо дагы, көп төлөсө, аны киргизип алууга даяр. Мындайлар үчүн дин, ишеним, саясат, партия – баары акча. Ал мени дагы партиясына сүйрөгүсү келет, муну менен ал өзүн кандай активдүү экендигин көрсөткүсү келет. Билесиӊерби, ал мага бир жолу эмне деп айтты? «Нури мырза, мен жыргаганыман милиционер болгон жокмун. Беш балаӊ болсо, эптеп багыш керек да». Ушундай. Кимдин баласы бар болсо, баары кыйналышат, ал байкуш да аргасыздан милиционер болгон.

М и х р и б а н. Сен жөнүндө ал адвокатка эмне деп айтты эле? «Чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок, өзүнө деги эч нерсе жакпайт, мурдун көтөрүп жүрөт дебеди беле. Мен, дейт ал, ооба, бул интеллигент, бирок биз деле шумпай эмеспиз. Өзүбүздүн акчабызды маӊдай терибиз менен тапканбыз. Биз, дейт ал, чоӊдорбуз, өлкө биз менен эсептешет. А сени, мени менен бир да жолу кофе ичүүгө барган эмес дейт. Биз да эшек эмеспиз, биз бул жердин кожоюнубуз» дейт. Эч нерсе дей албайсыӊ, аныкы чындык.

М е т и н. Бул неме орой киши, мына, айкырып-кыйкыра баштады. Эх, атамдын баарынан корко турганын билсечи… Болбосо ал ойлоп жүрсө керек, мени тоготпойт деп. Ошол үчүн жинденип жүрөт да.

Н у р и. А башка жашоочуларды эмне үчүн чыгарды, ыя? Бизге ушул үчүн жинденет экен, а башкаларгачы?.. Ал ойлоп жатат, кожоюн болсо эле, ага баары болот деп.

М и х р и б а н. Буга сен күнөөлүүсүӊ, байым. Сен бир дагы жолу анын ден соолугун сурап, аныкына барып көрдүӊ беле… Дайыма эле ал биздикине келип жүрбөйбү.

Н у р и. Ырас, келет, бирок неге? (Кожоюнун туурап) «Шыбакты түшүрүп койдуӊар, кранды бузуп койдуӊар, дубалга мык какпагыла деп мен силерге эскертпедим беле…» – дегенди айтыш үчүн келет да. Анан мен мындай адам менен эмнеге сүйлөшмөк элем. Бир нукка түшө албаган неме… (ошол эле үн менен) «Мен бияктан арзан участок алдым… Мен тияктан арзан үй алдым… Дагы бир жактан чоӊ үй салдым…» – мен эмне үчүн ушунун баарын дайыма угушум керек?

Үстү жактан ызы-чуу күчөйт.

Гүлай кирет.

Г ү л а й (кабаатырланып). Апа, төмөнкү кабатка дагы жаӊы жашоочулар келиптир.

М и х р и б а н. Бат элеби! Мурункулардын чыкканына бир жума деле болгон жок ко. Ким экен жаӊы тургундар?

Г ү л а й. Бир кызыктай кишилер экен… Бир эркек, анан сегиз жаш аял.

М е т и н (бышкырып). Сегиз аял… пай-пай-пай…

Г ү л а й. Баары жапжаш немелер…

Н у р и (Метинге). Мага десе он сегиз болсуӊ, өзүӊдүн ишиӊди кылчы. Сага эмне жок.

Г ү л а й. Алардын эч кандай буюмдары жок экен, жалгыз керебетинен башка. Жүк ташуучу машинадан жалаӊ керебеттерди түшүрүштү: сегиз керебет, эки жуп кресло, отургуч, үстөл, шкаф – болгону ушул.

М и х р и б а н. Сен эмне, бирөөнүн бюмдарын санап жүрөсүӊ? Сенин ишиӊ канча, кызым?

Г ү л а й. Эч кандай… Мен жөн эле терезени карап отургам…

М и х р и б а н. Андан көрө өзүӊдүн төшөгүӊдү жыйнасаӊ боло!

Н у р и. Мурун тургундар кечинде көчүп келишчү эле, элге эмнеси бар, эмнеси жок экендигин көрсөтүшчү эмес.

Гүлай шкафтан алжапкыч алып чыгат да, ага сайма сая баштайт. Нури өзүнүн коллекциялары менен алектенет, баягы ырын кыӊылдап ырдап коет. Метин бөлмөдөн басып, окуу китебин жаттап жүрөт. Үстүӊкү кабаттагы ызы-чуу бирде тынчып, бирде күчөп турат. Кээде шыпты оор нерсе менен согуп жаткандай угулат, анан бир аздан кийин баары тынчып калат.

М е т и н (атасын кыя карап). Таштаӊызчы, ата, алдагы кагаздарыӊызды, сизге алардын эмне кереги бар?

Н у р и. Бул кызыгуу. Ар бир адамдын кызыгуусу болот. Мен марка чогултмак белем.

М и х р и б а н. Ий, марканы деле азыраак чогултуп калбадыӊ беле…

Н у р и. Чогулткам, чогулткам, анан баарын саткам. Ошентсе деле, аябай бай коллекция чогулта алган жокмун. Чогултуп, чогултуп, анан бир күнү бардык коллекциямды сатам да. Мына, үйдүн ээсинин айынан, адвокат жалдайм деп, акыркы коллекциямды дагы саттым. Мен ал үчүн сегиз жүз лира алдым. Акыры аягында, эч качан маркалар коллекциясын чогулта албагандыгымды түшүндүм. Ошондо сатыла турбаган коллекцияны чогултууну чечтим, анткени аны эч ким сатып албайт, анан ал менде калмак. Мына ошондон кийин устаранын кабыктарын чогулта баштадым. Дүйнө боюнча аларды жалгыз мен чогултам. (Бир сырткы кабыкта көрсөтөт.) Карасаӊ, мисалы бул, эмне, чын эле жаккан жокпу?

М е т и н. Ал акча турабы?

Н у р и. Жо-оок.

М е т и н. Анда анын пайдасы эмнеде?

Н у р и. Бул кызыгуу, бир нерсе чогултууга кызыгуу… Бирок кийин-кийин бул коллекция кымбатка турат. Азыр бардыгы электр-устараларды колдонуп калышты, жакында такыр эле устаралар калбай калат, мына ошондой менин кагаздарым баа жеткис болот. Мен бүткүл дүйнөлөрдүн устара кабыктарын чогулттум. Жана дагы коллекциям барган сайын толукталып турат.

Үстүӊкү кабаттагы ызы-чуу дагы да күчөй баштайт.

М и х р и б а н. Эми ашып, түшүштү го, алар үйдү талкалап бүтүшөт ко.

М е т и н. А бизчи, буга чыдап жүрө беребизби?

Н у р и. Бир күнү алар, албетте, тынчтанышат. Сабыр кылсаӊ. Сабырдын түбү – сары алтын.

М е т и н. Же сабырдуу болуп, ызы-чууга көнүп калабыз.

Эшикке коӊгуроо чалды. Гүлай чыгат.

М и х р и б а н. Ким болду экен?

Н у р и. Күркөөчү болсо керек.

М и х р и б а н. Күркөөчү мындай убакта келбестир.

Гүлай кирет.

Г ү л а й (кабатырланып). Ата, үйдүн кожоюну келди.

Н у р и (таӊ калып). Эмне? Үйдүн кожоюну? Зия мырзабы? (Өйдө турат, отурат, кайра турат, бөлмөдө ары-бери басат). Эми эмне болот? Эмне кылабыз? Метин, уулум…Жок дегенде сен айтчы, эмне кылабыз… Эмне, укпай жатасыӊбы, мен сага айтып жатам…

М е т и н. Эмне болду, ата?

Н у р и. Үйдүн кожоюну келди, түшүнбөй жатасыӊбы? Эмне кылабыз?

М и х р и б а н. Келсе, келди да, кымбаттуум, эмне кылмак элек… Кош келиӊиз, төргө өтүӊүз. Бизди жеп албайт ко…

М е т и н. Ал эмне, бизди өлтүрмөк беле?

Н у р и (толкунданып). Өлтүрөт, өлтүрөт… Ал жеп да, өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

М е т и н. Адамдын эшиктин алдында күттүрүп коюуга болбойт, уят.

Н у р и. Кичине жыйнаштырсак болот эле…

М и х р и б а н. Эмне жалдырап турасыӊ, Гүлай, адамды чакырбайсыӊбы.

Гүлай чыгат. Михрибан бөлмөнү жыйнаштырууга шашат. Нури  ага чачылган буюмдарды жыйнаштырууга жардам берет, бирок толкундануунун артынан дагы да чачылат.

Н у р и. Ким билет, ал кайра дагы эмне деши мүмкүн…

М и х р и б а н. Эмне демек эле? Эч нерсе дебейт…

М е т и н. А биздин тилибиз жокпу?

Зия Чалакчы менен Гүлай кирип келет.

Н у р и (сый-урматын өзгөчө көрсөтүп). Келиӊиз… Келиӊиз, Зия мырза, өтүӊүз мырза, суранам, мырза. Кош келдиӊиз, төргө өтүӊүз, биз үчүн чоӊ сыймык… Бул жакка, бул жакка, келиӊиз, бий мырза, келиӊиз биякка.

З и я (креслого отурат). Сизддерди аман-эсен көргөнүмө кубанычтамын.

Н у р и. Бул жак сизге ыӊгайсыз, бий мырза, бул жакка келиӊиз. Суранам, биякка өтүӊүз…

З и я. Кабатырланбаӊыз, мында жакшы, мага ыӊгайлуу…

Н у р и. Кудай үчүн, бул жакка… (Аны колунан кармап алып, башка орунга сый-урмат менен отурууга мажбур кылат.) Кызым… Гүлай… Бол батыраак, жаздык алып келчи, бий мырзанын аркасына коюп бергенге… (Гүлай алып келген жаздыкты Зия Чалакчынын аркасына коюп берет).

Үстүӊкү кабаттагы ызы-чуулар дагы да күчөй баштайт.

Жок, болбойт, бул жак сизге ыӊгайсыз.

З и я. Болот, болот…

Н у р и. Кудай үчүн, ыӊгайлуу эмес…

З и я. Ыӊгайлуу эле, мырза, ыӊгайлуу…

Н у р и. Жок, бул жакта сизге ыӊгайсыз, бий мырза.

З и я (жинин келтирип). Болбойт!

Н у р и. Болот, болот… Аябай өтүнөм, бул жакка келиӊиз…

(Колунан кармап алып, аны болбой эле тургузуп, башка орунга отургузууга аракет кылат.) Жакшы бекен, Зия мырза?

З и я. Рахмат сизге, жакшы, абдан жакшы…

Н у р и. Кудай үчүн, эгер бир нерсе…

З и я. Ооба, чын эле жакшы болду…

Н у р и. Жок… Мен баарын көрүп турам… Сизге мында да ыӊгайсыз экен…

М и х р и б а н. Бул жакка келсеӊизчи, ыя?

Н у р и. Кудай үчүн, тынчыӊызды албайын…

З и я. Эч нерсе эмес, досум, эч нерсе эмес. Сен өзүӊдүн тынчыӊды кара, а мага тынчсыздануунун кереги жок…

Н у р и. Бирок сиз ыӊгайсыз болгонсуп, отурбайсызбы…

З и я (креслого жайылып жатып алып). Жок, кымбаттуум… Мага аябай ыӊгайлуу…

Н у р и.  Макул анда… Сизге ыӊгайлуу болсун. Бирок эгерде сизге бул жак дагы ыӊгайсыз болсо…

З и я. Шайтан алгыр… Жабышпачы… Мага ыӊгайлуу эле болуп турат…

Н у р и. Келиӊз, аягыӊыздан өбөйүн, биякка, келиӊиз… (Колунан кармап, аны диванга өткөрүүгө аракет кылат, Гүлай Зиянын аркасына жаздыкча коёт).

З и я (тамагын кырынып, сүйлөөгө аракет жасайт). Мырзам…

Н у р и. Кереги жок эле… Сизге бул жерге отурган жарашпай турат… Мен ыӊгайсыз болуп турам. Сиздин жарыгыӊыз мени жаап кетти, сизге бул жерге отуруу ыӊгайсыз болуп калды го.

З и я. Жок, эч нерсе эмес… Алла, Алла… Мырзам, мен сиздерге…

Н у р и (аны оӊдоп-түздөп жаап). Бай мырзам!

З и я. Мырзам…

Н у р и. Бай мырзам… Сизге мында ыӊгайсыз болуп жатабы… кудай алгыр…

З и я (жинденип). Кудай аткыр, мага баары жакшы эле…

Н у р и. Сизге ыӊгайсыз, терезеден дагы шамал үйлөйт…

Михрибан. Далыӊызды үйлөп койбосун….

З и я. О кудай-ай… баары жакшы, баары сонун. (дивандын башка жагына жылып отурат). Мен бул жакка эме …. маселе боюнча келдим эле…

Н у р и. А бул жерден күн тиет, бай мырзам…

З и я. Тийсе тие берсинчи…

Н у р и. Кантип? Күн сизди сарсанаа кылат.

З и я. Сар-са-на-а кылбайт.

Н у р и (Михрибанга). Кырк жылдан бери биринчи жолу бай мырзам биздикине биринчи жолу кирип отурат, ага баарын ыӊгайлуу кылышыбыз керек.

М и х р и б а н. Несин айтсыз, бизди кечирип коюӊузчу, Зия мырза…

З и я. Эмнесине кечирим сурайсыз, айым…

Н у р и. Бул жакка жылып отуруунун кереги жок болчу. Мени өлтүрүп эле коюӊузчу. Келиӊизчи дивандын ортосуна эле отуруп алыӊызчы, Зия мырза…

Михрибан (жыгач отургучка жаздыкча коюп). Бул жер жумшак, келиӊиз биякка отуруӊузчу…

З и я (ачуусу чегинен чыгып, кыйкырып тура калат). Болду эми, жетишет!  Мен бул жакка бир-эки сөз айтайын деп келгем… Мени жайыма койгулачы, мен туруп эле турам… (тынчтанып). Сиздер үйдөн чыгарып салууда соттон утуп алдыӊыздар да? (Шылдыӊдагандай). Сүйүнүп жатасыӊар да?.. Эми мына эсиӊерге алып койгула. Макалда айтылгандай «Кимибиз акыркы болуп күлөр экенбиз». Анан дагы «Секире электен мурда эле секирдим дебе» дейт эмеспи.

Н у р и (коркуу менен). Ии ушундай деп айтышат…

З и я.  Менин атым Зия Чалакчи… Мага Зия Чалакчи деп кайрылышат…

Михрибан. Биз билебиз…

Н у р и (коркуп). Биз билебиз.

З и я (Михрибанга). Билбейсиӊер, урматтуу карындашым, эч нерсе билбейсиӊер. «Жөжөнү күзүндө санайт» деп кеп бар эмеспи. Менин үйүмдөн эртерээк эле кетип калбаганыӊарга  өкүнбөгүлө. (Мылдагандай). Баса, жаӊы коӊшуӊар менен тааныштыӊарбы, кандай экен? (күлүп) Жаӊы тургундар жагып жатабы?

М е т и н. Алар бизди кызыктырбайт.

Н у р и (уулунун артынан). Ырас эле, алар бизди кызыктырбайт…

З и я. Кызыктырарын, кызыктырбасын, көрө жатарбыз. Азырынча  алардын келгенине он күн дагы боло элек. Мени да ар кандай бирдеме-сирдемелер кызыктырбайт, бирок менин атым Зия Чалакчи, эгерде мен силерге менин үйүмдө жашаганга уруксат берсем, билип койгула… Силер дагы көшөрүп жатасыӊарбы, келгиле сүйлөшүп көрөлү… Биздин өлкөдө ар ким өзүнө тийиштүү мүлктү кандай кааласа, ошондой пайдаланганга укугу жокпу? Бул үйгө силер эмнеге мынчалык жабышып калдыӊар дейм да? Кимди кааласам, ошону үйгө киргизем, каалабасам, киргизбейм. Колум эгемдин колу… Мыйзам да бар… Алла, Алла…. Астапыр Алла, менин үйүмдө менин эркимсиз жашайт экенсиӊер да?

М и х р и б а н. Эмне үчүн сиздин эркиӊизге каршы болуп, биз дайыма эле ижара акысын төлөп жүрбөйбүзбү.

Н у р и (аялынын аркасына жашынат). Эмне үчүн эркиӊизге каршы, мырзам?

З и я. А менин эркиме баш ийсеӊер, анда көзүмө көрүнбөй жоголгула. Мен өзүмдүн үйүмдө силерге окшогон  тургундарды көргүм келбейт…

М и х р и б а н. Кыш келатат. Кыш өтсүн, анан көчөбүз.

З и я. Силердин сөзүӊөргө ая-ба-ай ишенип калдым. 300 лирага силер мындай үйдү кайдан табасыӊар? Силерге мындай үй түшүӊөргө да кирбейт. Силер меникинде кудай акы бекер жашап жатасыӊар…

Г ү л а й. Эмнеге бекер, биз ижара акысын төлөп жатпайбызбы?

Н у р и (Гүлайдын аркасына жашырынат). Ии, биз ижара акысын төлөп жатабыз го, мырзам.

М и х р и б а н. Биз бул жакка келгенде ижара акысы 100 лира болчу. Андан кийин сиз 300 лирага чейин көтөрдүӊүз, биз унчуккан жокпуз го…

З и я. Ии, силер ага дагы каршылык көрсөтүп көрбөйсүӊөрбү!

М и х р и б а н. А анда эмне үчүн «текейден арзан» жашап жатасыӊар деп айтып жатасыз?

З и я (сөөмөйү менен асманга чоӊ айлана чийип көрсөтүп).  Ушунда-ай маалда, ушундай ак-чага, ушунда-ай райондо, ушунда-ай үйдө – болгону 300 лира! Башкалар муну акы төлөп кыйналып жатам  деп айткандан да уялат. И силер мунун үстүнө, биз сиздин үйүӊүздө жашап сый көрсөтүп жатабыз деп айтпайсыӊарбы, а балким, мен силерге жашаганыӊар үчүн рахматымды айтайынбы? Ар бир бөлмөдө шып, терезе жана пол. (Улам кыжырланып.) Жуунучу бөлмө бар, дааратканасы бар, конок бөлмөсү бар, коридору бар, тепкичтери да бар, баары бар, электр тогу, суусу, жада калса газы, желдеткичи дагы бар. Силер жылаӊач калгыдай дагы эмне жетишпейт, кудайдын жазасы элеби? Мен мындай батирди 1000 лирага бермекмин, аны дагы алдын ала накталай төлөшмөк, кудай деп колумдан өбүшмөк. Көзүӊдү чоӊ ач, Нури мырза.

М и х р и б а н. Биз ылайыктуу үй тапсак эле, көчүп кеткенге даярбыз.

Н у р и (аялынын артынан). Ылайыктуу үй тапсак эле, ошол замат…

З и я (кыжырланат жана какшыктап). Ылайыктуу үй… Силерге окшогондорго ылайыктуу үй – бул чатыр… Ал түгүл барак үй  силер үчүн өтө эле жайлуу болуп калат.

М е т и н. Кечиресиз, сиз муну менен эмнени айткыӊыз келип жатат?

Г ү л а й. Мунуӊуз ашыкчале болуп кетти го…

Н у р и (балдарына). Чүшш! Минтип айтканга кантип оозуӊуз барып жатат…

Г ү л а й. Бизди мазактагандай сиздин кандай укугуӊуз бар?

Н у р и. Чоӊдор сүйлөшуп жатканда, балдар, кийлигишпегилечи.

З и я. Силер он сегиз жылдан бери ылайыктуу үй издеп жүрөсүӊөр. Канчалаган Өкмөт  таркап кетти, бийликтин канчасы алмашты, а силер дагы эле менин үйүмдөсүӊөр… Силер эмне, баласыӊарбы? Же мени келесоо деп ойлоп жүрөсүӊөрбү? Мен силер бул жактан кетмейинче тынч албайм, билип койгула… Бул жолу өзүм сотко арыз берем, өлүп кетейин.

М е т и н. Сиз бизди коркутуп жатасызбы?

З и я. Коркутсам эмне экен? И анда эмне кыласыӊ?

Н у р и. Э-ээч нерсе эмес, балам кичине кызыгып сурап койду окшойт. (Метинге.) Чоӊдордун арасында турганда сүйлөнбөй турбайсыӊбы, уктуӊбу?

З и я. Бул коркутуу эмес. Мен силерден жакшылыкча сурап жатам, үйдү бошотуп койгула. (Какшыктап.) Музыка, ыр, бийдин коштоосунда… (Жумшагыраак.) а силер жада калса, үстүӊкү кабаттагы кошуналарыӊар менен алигиче тааныша элек турбайсыӊарбы? (Күлөт.) Уялбайсыӊбы, Нури мырза. Мурдуӊузду таптакыр көтөрүп калдыӊыз, агатай. Эч болбосо бир жолу кирип: «Бул айда биз эки күнгө ижара акысын кечиктирип койдук, таарынбай туруӊуз, Зия мырза» деп койбойсуӊбу. Жо-ок, таптакыр антпейсиз…

М и х р и б а н. Бирок азырынча бир да жолу ижара акысын бир күн дагы кечиктирген жокпуз да.

З и я. Эмне экен… Адам көрөгөч, кыраакы болуш керек да. Балким, кармалып калса, алдын ала келип, кечирим сурап коюш керек да, мен ушундай деп ойлойм! Биз айбан эмеспиз да, биз дагы өзүбүздүн адамдык жагыбызды көрсөтөбүз… айталы, мисалы, «Кымбаттуум, бул түккө турбас нерсе, сарсанаа болбой эле коюӊуз, эртеӊ кечкиге чейин бир күн убакыт берем» демекпиз да. Макалда айтылгандай: «Өөп койгондон эриндериӊ көөп кетпейт» эмеспи.

Үстүӊкү кабаттагы ызы-чуу чыдагыс боло баштайт...

Оо-хоо, үстү жактан дагы музыка. Силер маанайыӊар үчүн эч кандай даттана албайт турбайсыӊарбы. Эгерде адам кафеге  же казиного киргенде, андан музыка үчүн дагы өзүнчө акы алат эмеспи, а мен силерден музыка үчүн өзүнчө акы алган жерим жок, ал кыстырма катары, менин эсебимден жүрө турсун…

М е т и н. Сиз эмне бизди шылдыӊдап жатасызбы?

Н у р и. Шүк, Метин, сени тынч отур деп айтпадым беле.

З и я. Мен какшыктаган жерим жок, мен чындап эле…

М и х р и б а н. Сиздин үйүӊүздү алар талкалап бүтүрүшөт ко, ошондо да көӊүл бурбайсызбы. Эгер ушинте беришсе, шыпты жыртып, тешип чыгышат ко.

З и я. Түшсө, түшө берсин. Же бул менин үйүм эмеспи?. Менин үйүм, кандай кааласам, ошону кылам… кааласам – өрттөп жиберем, кааласам –  талкалап салам. Же буга да биздин акыбыз жокпу? Кыйраса кыйрап калсын, аны  менен кошо силерди да басып калсын…

М и х р и б а н. Зия мырза, соттук өкүмү боюнча мыйзам биз тарапта. Сиз биздин өлкөнүн мыйзамын сыйлабайсызбы?

З и я (ачуусун ичине карманып). Ушул кантип болсун! Бул эмне деген сандырактык! Тилиӊизге тибиртке чыксын, кымбаттуу карындашым! Мен мыйзамга тереӊ урмат менен өзгөчө мамиле кылам. Биро-ок бул мыйзамдар ким үчүн жазылган: бир ийнеси, короосу, бир кургак козопаязы жоктор үчүнбү же  өз өлкөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жанын үрөп иштеп жүргөн мекенчил атуулдар үчүнбү? Бул мыйзамдар ач-жылаӊачтар үчүнбү же мүлкү барлар үчүнбү? Бул мыйзамдар биз тараптабы же силер тараптабы? Айтыӊызчы, бай болгур, кана айтчы.

М и х р и б а н. Кимдики чын болсо, мыйзам ошол тараптыкы да.

Н у р и (аялынын аркасынан). Чындык жана акыйкаттык тарапта.

З и я. Ха! Мына эми колго түштүӊөрбү. Өзүӊөр казган орго өзүӊөр түштүӊөр. Ха! (Сотту туурап) «Соттолуучунун көрсөтмөлөрүнөн улам жана күнөөлөрүн мойнуна алгандыгынан улам аныкталды…» Ыра-ас. Мыйзам чындык жана акыйкат тарапта. Болуптур… мына айгак! Өзүӊөр эле калыс болуп көргүлөчү, Нури мырза, сен чачыӊ куудай болгончо жашап, кара башыңа бир калканч таба алган жоксуӊ, жада калса бир алачык дагы тиге алган жоксуӊ… Анан кантип мыйзам сага окшогондор тарапта болсун, а агатай? Жо-ок, чоорчум… Сен биздин өлкөнүн гүлдөшү үчүн, кана, эмнелерди жасадыӊ? Кана айтчы биздин ыйык мекенибизге эмне бердиӊ?

Н у р и (уялып). Эчтеке…

З и я. Ии-иии, ошо да, сенин өз өлкөӊдө кичинекей тешигиӊ да жок, башыӊды батырганга…

Н у р и (уялып). Чын эле…

З и я (олуттуу). А силердин ишенимдүү кулуӊар азыркы учурда эӊ аз дегенде беш бакыйган үйдүн ээси, мындан сырткары дагы үй салууга даярдап койгон төрт участогум бар. Эгерде ар бир жаран өз милдетин так ушундай аткарган болсо…

М е т и н. Аны үйүнөн кууп чыгармак эмес…

З и я. Сен эмнени билесиӊ? Европада жыйырма, элүү кабаттуу үйлөр бар, а Америкада жүз, беш жүз кабаттуу. (Катуу.) Биз артта калдык, арт-та кал-дык… Бизде жада калса, он беш кабаттуу үй жок. А эмнеге, билесиӊби? Анткени сага окшогондон иштешпейт, баары силердин айыӊардан… (Сөз сүйлөп жаткансып, колдорун ары-бери шилтегилейт.) Биз батыш өлкөлөрүн кууп жетебиз, ал түгүл көпчүлук жактан басып да өтөбүз! Муну менен биз өз өлкөбүздүн биздин ыйык касиеттүү жерибизде гүлдөшүнө шөбөлгө болуп берип жатабыз. Алла Таалам дагы иштегендер тарапта го, ошондой эле мыйзам дагы биз тарапта… Сенин ишиӊ кыйын, Нури мырза, жаман…

М и х р и б а н. Ага сиз эмнеге кейип жатасыз? Биз соттон утуп алдык ко, демек, биздики чындык…

З и я. Муну биз көрө жатарбыз, сотто ким утарын. Мен баарын билдим. Бизге каршы өкүм чыгарган сот дагы батирчи болуп чыкты. Баарына менин жактоочум күнөөлүү, саткынчы. Дегеле ким кожоюнун сотко берип көрүптүр, а сот өзү батирчи болсо – анан эмне кылмак эле? Адвокат болуш үчүн беш кап нан жеш керек. Дипломуӊ менен эле адвокат боло албайсыӊ, диплом бир жагы эле, а бул иштер башка… Эгерде сот үй ээси  болсо, анда баары башкача болмок, силерди бир, эки, үч дегенде эле көчүккө тээп эшикке чыгарып коймок. Анткени ал байкуш дагы ушул батирчилерге тоюп бүткөн болмок. Менин да силерге тоюп бүткөнүмдү сезип билмек. Мен жанагы адвокат-саткынчыга баарын төкпөй-чачпай айтып берсем, билесиӊби, ал мага эмне деди? «Мен өзүнүн үйү бар сот таба албай койдум», – дейт. Бул эмне деген мамлекет, анда соттордун бирөөсүнүн дагы үйү жок? Соттордун баары батирчи болгон өлкөдө, кайдагы акыйкаттык? Албетте, мүмкүн эмес… А сен, Нури мырза, дагы күтө тур, дагы эле ушундай боло берет дебе. (Мыскылдап.) И баса, астыӊкы кабатка жаӊы кошуналар көчүп келиштиби…

Г ү л а й. Ооба, көчүп келишти…

Н у р и (Гүлайдын аркасынан). Ырас эле, көчүп келишти.

З и я. А силер  билесиӊерби  ким көчүп келди? Атактуу кески… анын аты Осмон Күмүштекир. Аны баары билишет: Галата дагы, Топкапы дагы, айланадагы райондордун баары. «Осмон Думан» деп эле айтып көрчү – аны билбеген бир да адамды таба албайсыӊ, ал түгүл атын укканда титиреп, турган жеринде сийип жиберишет. Мына силердин астыӊарга кандай батирчини киргизиптирмин. Анын эсебинде таптаза 185 кылмыш иши катталуу. Милицияда ал тууралуу папкалардын баары толуп бүткөндүктөн улам кайра-кайра жаӊысын баштоого туура келиптир. Түшүндүӊбү? Анын кылмыштары бир папкага батпайт… Түшүндүӊбү? Үстүӊөрдө жашагандар дагы эчтеке эмес, мына астыӊарда жашагандар баштаганда, чыдаганыӊарды көрөм. Силерди астыӊардан, үстүӊөрдөн бурчка такап көрбөсөмбү, менин үйүмдөн кантип атып чыкканыӊарды билбей каласыӊар. Думан Осмон мага мындай дейт: «Зия агатай, менин кылмышымдын саны 200гө жетсе дагы, сен мага жолтоо болбо». Түшүнүп жатасыӊбы, Нури мырза, сенин ишиӊ бүттү! Мен сага айтып жатам.

М е т и н. Муну менен эмне айткыӊыз келип жатат?

Н у р и. Метин, Метин…

З и я. (тынчтанып, өзүнө канааттангандай түр менен). Эчтеке… Мен эмне айткым келгеним түшүнүктүү болду го: мындан ары силер менен менин ишим жок. Силерди Думан Осмонго тапшырдым. Колуӊда шибегеӊ турса, ага колуӊду коротуп не кыласыӊ? Дагы бир макалда айтылгандай: «Капырга капыр гана чыдайт» эмеспи. Эми мындан аркысын өзүӊөр ойлонуп көргүлө. А мен кеттим.

Н у р и. Шашпаӊыз. Бир нерсе болсо эле, шашып кетип каласыз…

М и х р и б а н. Биз менен кофе деле ичип жарыткан жоксуз…

З и я. Башка жолу, жаӊы үйүӊөрдө, кудай таалам силерди каякка көчүрсө, ошол жактан.

З и я жана Гүлай сыртка чыгышат. Тыным.

М е т и н. Мунун баарын төкпөй-чачпай милицияга билдириш керек.

М и х р и б а н. Же адвокатка кайрылып көрөлүбү…

Г ү л а й (кирет). Кандай гана осол, тарбиясыз, жаман неме…

М и х р и б а н. Чүшш, угуп калат… Бирөө жарым угуп калбасын…

М е т и н. Угуп калат, угуп калат… Укса, уксун… анда эмне экен! Үйдүн ичинде да чоӊураак дем алууга мүмкүндүк бербейсиӊер, баарынан коркосуӊар, угуп калат, угуп калат…

М и х р и б а н. Акырын сүйлөчү, Метин. Үйдөгү айтылгандар сыртка угулбашы керек…

Г ү л а й. А силер уктуӊарбы, үстүӊкү кабаттагы тургундарды ал кантип чыгарганын? Үйгө оӊдоо-түздөө киргизгени жатам деп, үстүндөгү чатырын сыйрып алыптыр да, ошол бойдон калтырып коюптур. Жамгырдын баары үйүнүн ичине толуптур… Эмеректеринин баары жараксыз болуп калыптыр. Алар мунун кыйын экенин билип, көчүп кетип калышыптыр.

М и х р и б а н. Суу түтүктөрүнө таштанды салып жиберсемби, электр токторун кесип салсамбы, ой дегеле  газ түтүктөрүн тешип салайынбы…

Г ү л а й. А дагы бир үйдө ал түн ичинде акырын барып, газдын оозун ачып салыптыр да, баарын ууландырып коюптур. Алар жашоосу коркунучта калганын түшүнүптүр да, көчө качышыптыр…

Н у р и. Акыйкат жактоочусу – жараткан Аллахым…

М е т и н. Бул неме бизди үйдөн чыгарыш үчүн үйдүн баарын өрттөр жибергенден качпай турган болуптур. Ага эмне? Камсыздандыруу коомунан акчасын алат да, ордуна жаӊы үй тургузуп коёт.

Н у р и. Кедейлик – тажаткыр.

Г ү л а й. Келгиле, бул жерден көчүп кетели.

М и х р и б а н. А баш паанекти кайдан табабыз, кызым? Батирлердин акчасы азыр асмандын башы…

М е т и н. Ата, сиз азыр эле милицияга барып даттанып көрүңүз да.

Н у р и. Милиция, Милиция… Милицияга салып бердиӊ – бир, андан эмне чыгат, милиция эмне кылат? А дегеле милицияга барыш эле оӊой деп турасыӊбы?

Гүлай терезени карап, кыйкырып жиберет да, диванга секирип отура калып эчкирип ыйлап кирет.

М и х р и б а н. Эмне болду, кызым? Гүлай, эмне болду?

Н у р и. Эмне болуп кетти, кызым?

Г ү л а й (башын көтөрбөй, боздоп). Парданы тартып койгулачы!

М и х р и б а н (терезени карап алып, ал дагы кыйкырып секирип кетет). А-пиий бетим, Тьфу! Ой, бети жок, ой бети жок, шүмшүк, уятсыздар! Ушул эле жетишпей жатса дагы!..

М е т и н (терезени карап, күч менен парданы тартып салат). Шайтан алгырлар десе!

Н у р и. Ой деги ал жакта эмне болуптур?

М е т и н. Карасаӊ, көрөсүӊ да… Үч килтейген немелер тизилип, шымдарын чечип алып, эмелерин чыгарып алып мактанып турушат.

М и х р и б а н. Айтпачы, сүйлөбөчү, Метин…

Н у р и (бетин колдору менен жаап). Тьфу!… Парданы тарт, тартып сал дейм парданы!

Үстүӊкү кабаттан ызы-чуу улам күчөй баштайт.

ЭКИНЧИ КӨРҮНҮШ

Ошол эле жерде. Пардалар тартылуу. Күүгүм. Нури жана Михрибан ошол эле калыбында, биринчи көрүнүштөгүдөй абалда. Үстүнкү кабатта джаздын, бийлегендердин дабышы угулат; төмөнкү кабатта күлкү, урушкандардын, джаз жана түркчө ырлардын дабышы угулат. Үстүдөн жана астыдан ушулган үндөр бирде бийиктеп, бирде басаңдай түшөт.

М и х р и б а н (токуп отурат). Эгерде ошондо менин бүгүнкү акылым болсочу… Мен сени ошол туну ошол бузуку катындын үстүнөн кармап алмакмын. Азыр да ал аялдын кебетеси эсимден чыкпай турат: сары чачтуу, куурчактай болгон ашыкча боёнгон.

Н у р и. Жаным менин, кымбаттуум менин, Айчүрөгүм менин… Баягы эле ырыңды дагы баштадыңбы, ой  кырк жыл өтпөдүбү, качан унутасың? Унута тургандай деле болдуң…

Метин кирет, кулактарына кебез тыгып алган, колунда калың китеп.

М е т и н. Уктай да албайм, иштей да албайм… Эмне окуп жатам, аны да түшүнбөй… Үстүнкүлөр тынчыса, астыңкылар баштайт. Бул үйдө жинди болуп кетем го. Бир фразаны он жолу окусам да, эмне окуп жатканымды түшүнө албайм.

Гүлай кирет.

Г ү л а й (кыжырлануу менен). Деги мында кантип уктоого болот… Жаттым, жаттым, уктай албай туруп келдим.

М и х р и б а н. Үстүдө джаз, астыда түркчө музыка…

М е т и н. Чыныгы жинди болгон үй…

Н у р и. Джаз жана түркчө музыка – даңкылдап бийлеп жатышып, шыпты түшүрүшөт экен.

М и х р и б а н (Метинге). Сенин кулагыңдагы эмне?

М е т и н. Мен эч нерсе укпайын деп кулагыма кебез тыгып алгам, бирок эч натыйжа чыккан жок. Башым челек болуп калды. Чала уйку болгонумдан абдан чарчап бүттүм.

Н у р и. Ой бир аз тынчып, бизге бир аз уктаганга убакыт беришсе боло.

М и х р и б а н. Сен сүйлөбөй эле койчу.. . Сен дагы эле милицияга бара элексиң же сени эшикке чыгарып коюшун кутуп жатасыңбы?…

Н у р и. Жанымды койсоң боло, жаным, өзүң деле жакшы билесиң да, мен өмүрүмдө…

М и х р и б а н. Аныңды биз билебиз: сен чымынга да зыян келтирбейсиң… Бирок милицияга барсаң болот да, эч кимди өлтүргөн жоксуң го.

Г ү л а й. Барсаң, эмне болмок эле? Мен сизди түшүнбөйм, ата, сизди ал жерден жеп жиберишпейт ко…

Н у р и. Мен ал жакка бара албайм, кызым, баралбайм… Мен өмүрүмдө бир да жолу милициянын босогосун аттаган эмесмин. Ал түгүл мен ал участок жайгашкан көчөнү да айланып өтөм.

М е т и н. Бул сенин кандайдыр бир ооруӊ…

Н у р и.  Бул оору деле эмес. Жөн эле мен бир дагы ызы-чууга, бир дагы уруш-талашка калып, милицияга барган эмесмин.

М е т и н (китепти атасына берип).  Ата, менин жаттаганымды карап туруңузчу. Деги менин мээмде бирдеме калыптырбы? Балким мен катуураак айтып көрсөм, мен тигилерди басып кетермин. (Темселеп, көзүн жуумп, окугандарын жатка айта баштайт. Ызы-чуу күчөгөн сайын, үнүн бийик чыгарып айтат). Психикалык жактан бузулуу. Анын үч турү бар. Биринчиси – маанайдын бузулушуна жараша болот. Мындай абал  эменин, эменин … бузулушунан пайда болот.

Н у р и (китептен) … өзүнүн “мен” бүтүндүгүнүн.

М е т и н. Ата, айтпай эле турсаңыз… Өзүнүн “мени”. Бузулуунун бул түрү жини чукул адамдарда байкалат. Мисалы, оорулуу өзүнүн абалын мындай деп түшүндүрөт: “Менин ичиме эки киши кирип алгандай сезилет”.

Нури акырындап кыжырлана баштайт. китеп кармап турган колу калчылдай баштайт.

Мындай адамдардын бирөөсү өзү менен өзү күрөшүп келет, баарын сындайт, экинчиси ага каршылык көрсөтүп турат…”

Нури уламдан улам калчылдай баштайт.

М е т и н. …Рибо далилдегендей, эки инсандык касиет бир адамга кирип кетсе, анда анын ичине жин кирип кетти деп эсептөөгө болот. Адамда бирде өзүн таанып билген учур пайда болсо, бирде өзүнөн чыгып, өзүн-өзү билбей калган учурлар да болот. Мындай оорулуулар мезгил-мезгили менен жан дүйнөсү экиге ажыраган бойдон жашай берет.

Н у р и (тажап). Үфф!

М е т и н. Не болду?

Н у р и. Жетишет. Менин нервим жетипей баратат. Түшүнбөйм. Акылы кайда кетти. Инсандыгы кайда калды. Тьфү сен!

М е т и н. Бирок неге? Эмне болду?

Н у р и. Сен укпай жатасыңбы, кандай ызылдап жатышат? Башым жарылып кетти.

М и х р и б а н (Нуриге). Сен таптакыр жинденчү эмес элең, мынчалык сага эмне болду?

Н у р и. Ушул ызылдактан башым жарылып баратат.

М е т и н. Бирок мен сынак тапшырышым керек, ата, угуп коюңузчу! (Метин кайталап айтат, Нури китепти карап турат). Психикалык бузулуулардын бир нече түрү бар. Ээрчимеде жана меланхолиядагы бузулуу … бул эменин… эменин… бузулушунан, дөөрүп калуу түрүндо көрүнөт.

Н у р и (жинденип китепти жабат). Жетишет, баарынан тажап бүттүм. Мындай ызы-чууда эч нерсени түшүнүүгө болбойт.

М е т и н. Демек, мен эмне кылышым керек.

Н у р и. Сен баарын эле жаттап калыптырсың…

М е т и н. Кээде инсандыгы эки бөлүнүп кеткен адамдар кездешет; бир адамдын денесине эки жин кирип кетет, бирине-бири карама-каршы…

М и х р и б а н. Алла, Алла! Дүйнөдө кандай гана оорулар жок!

М е т и н. Кимдир бирөөнү тынч, жоош деп жүрсөк, бир күнү таламандын так түшүндө абдан жаман кылмыш жасап коюшу ыктымал. А болгону ага анын экинчи жаны күнөөлүү, ал эми өзү болсо, аны эч бир ойлоп койбойт.

Г ү л а й. Эмнелер гана болбойт…

М е т и н. Жан дүйнөсү мындай оорулуулар абдан көп… Сыртынан карасаң, периштедей көрүнөт, а ичинен өтө кооптуу кара желмогузду көтөрүп жүрөт.

Н у р и. Токтотчу!

М е т и н (китепти Гүлайга сунуп). Эми сен угуп турчу, карындашым…

Н у р и. Эгер жаттагың келсе, ичиңден окуп жаттачы…

Ызы-чуу үстүдөн дагы, астыдан дагы катуулайт, булардын бири-бирине эмне деп сүйлөшкөндөрү өздөрүнө дагы угулбай калат.

М е т и н. Эмне?

Н у р и. А?

М е т и н. Түшүнгөн жокмун…

Г ү л а й. Эмне дедиң?

Н у р и. Ичиңден, ичиңден…

М и х р и б а н. Эмне ичиңден?

Н у р и. Мен Метинге айтып жатам…

М и х р и б а н. Сен мага айтып жатасыңбы?

Н у р и. Катуураак айтчы, түшүнбөй жатам…

М е т и н. Мен укпай жатам, сен эмне деп жатасың…

Н у р и. А-а-а?

Г ү л а й. Ыя?

М и х р и б а н. Жинди болгон үй, жинди болгон үй…

Ызы-чуу бир аз басаңдайт.

М е т и н. Мындай ызылдакка чыдоого мүмкүн эмес.

М и х р и б а н. Бир нерсе кылсаң болсо, кымбаттуу байым.

Н у р и. Мен эмне кыла алам, жаным, биз эмне кыла алабыз? Алар эмне кылып жатышканын угуп жатпайсыңбы? Аякка жалаң жутта калгандар чогулуп алышкан окшойт…

М и х р и б а н. Барып, эки ооз сөз айтып келсеңчи…

Н у р и. Ошолор сөздү угат дейсиңби? Сен да сүйлөйсүң да…

М и х р и б а н. Ии, сен милицияга да барып даттана албайсың да… Анда эмне кылыш керек? Бул тирүүлөй эле тозок ко…

Г ү л а й. Алардын үстүнөн арыз жазсаңызчы, ата, бизге суткасына эки-үч саат уктаганга мүмкүндүк беришсинчи…

М е т и н. Алар үч сменага бөлүнүп алышкан го, биринчиси бүтсө, экинчиси баштайт.

М и х р и б а н. Ырас эле, кат жазсакчы…

Н у р и. Тапканын кара. Түшүнөт дейсиңби… Кантип…

Г ү л а й. Ата, сиз жазып көрсөӊүз, жазып көрүӊүзчү…

Н у р и. Балээге кабылып не кылабыз.

М и х р и б а н. Сен киришпесеӊ, анда мен киришем (жинденип бөлмөдөн чыгып кетет, колуна пол жууган челекти кармап кайра кирет, отургучту кармап туруп калат).

Н у р и (кабатырланып). Сага эмне болду. Эмне кылганы жатасыӊ?

М и х р и б а н. Азыр көрөсүӊ… (Отургучка чыгып, шыпты соккуламакчы болот).

Н у р и (секирип тура калат). Токто, токто, Михрибан… Сен эмне…

М и х р и б а н. Эчтеке, мен эмне кыларымды азыр көрөсүӊ. Коё бер, коё бер дейм … Мен азыр бир эле учурда полду дагы, шыпты дагы соккулайм, мына ошондо чыныгы жиндикана үй болот… Сен качан эркек болосуӊ? Эгерде сен алакан жайып отурсаӊ, албетте, анда мен өзүм бирдеме кылышым керек болуп жатат.

Н у р и. Токто, кудай акы токточу… Андай кылба… Минткенге болбойт…

М и х р и б а н. Болбосо, анда азыр отур да арыз жаз!

Н у р и. Болуптур, болуптур… Отургучтан түшчү, бай болгур, мен жазайын.

Михрибан отургучтан түшөт. Нури тартмалуу үстөлгө барып отурат.

Мен азыр ушундай кылып жазам, баары мени менен эсептешип калышат… (Тартмадан почта кагазын алып чыгат). Калемпир-мурчтуу, ая-баай шылдыӊдаган кат жазбасамбы, жазам, жутуп көрүшсүн. (Калемди колуна алат).  Тажатты, ушулар, тажатты… Кана эмне деп баштасам экен, мындай каттарга не деп кайрылат?

М е т и н. Демек, баштаӊыз: “Акмактар!” Аларга “Урматтуу үстүӊкү кабаттын тургундары” деп жазмак белек…

Н у р и. Аябай мазактаган кат болушу керек… (Жазат, жазганын кайра-кайра окуйт). “Улуу урматтуу биздин кошуна, мырзам…” Кана кандай болду?

М и х р и б а н. Оо-хо! Дагы эмне…

Г ү л а й. Ушул дагы – шылдыӊдаган катпы?

Н у р и. Токтогула… Бул башталышы эле го… Андан ары уккула! “Менин сизге айта турган бир чоӊ өтүнүчүм бар, ошол үчүн алдын ала кечирим сурайм, мырзам!” Окшоштубу?

М е т и н (күлкүсү келип). Ии, кыйратчы, андан ары эмне болорун көрөлүчү…

Г ү л а й. Ата, сиз эмне жазып жатасыз? Ким кимден кечирим сурашы керек?

Н у р и. Эмне, абдан мазактаган кат болуп жатабы?

М е т и н. Мазактаган эле кат болбой, ата, аябай кекеткен кат болуп калды го. Муну окуган тургун тапанчасын колуна алып чуркап келет ко.

Н у р и. Чыдап турсаӊар, азыр биз аягына эмне деп жазарыбызды… “Албетте, ар ким өзүнүн батиринде эмне кааласа, ошону кылат, бирок башкаларга да жолтоо кылбашы керек, ырас, биз дагы аралашканга укугубуз жок деӊизчи…” Кана, кандай болуп жатат? Жакшыбы?

М е т и н. Өзгөчө, укмуштуудай…

Н у р и. Ал бул каттын ар бир сөзүнө жини келе баштайт. “Өзгөчө менин уулум Метин, медициналык факультеттин 5-курсунун студенти катар сынактарга даярданып жатат. Ошол үчүн сиздердин музыканы, бизге өтө жагып жаткан музыкаӊарды, түн ортосунан кийин бир аз акырындатып коюуга болобу?” (Дагы бирдемелерди кобурап коёт). Кана,  аябай мазактагандай эле болдукпу?

М е т и н. Тим эле укмуш…

Г ү л а й. Ата, деги сиз эмнени жаздыӊыз?

Н у р и. Кимге тийиштүү болсо, ал түшүнүп алат… Мен ал неменин сыртынан шылдыӊдап күлүп жатпайымбы, же силерге түшүнүктүү болбой калдыбы?

М и х р и б а н. Биз түшүнгөн жокпуз, а алар түшүнүшөт дейсиӊби?…

М е т и н. Сиз ушундай мазактадыӊыз, чын эле жиндене тургандай болот…

Н у р и. Сен сүйлөбөчү… (Жазат, анан үн чыгарып окуйт). “Биздин жазгандарыбызды туура кабыл алып, өтүнүчүбүздү канааттандырат деген үмүттөбүз. Учурдан пайдаланып, сизге болгон тереӊ урмат-сыйыбызды билдиребиз”. Мына бүттүм, баары даяр болду… Эгерде алар эшек болбосо, анда баарын түшүнүшөт…

М е т и н (күлкүсү келип). Ии, ата, аягы тим эле укмуш мазакталгандай эле болду.

Н у р и. Болсо болсун…  Мындайларга бул дагы аздык кылат… Жазарын жаздык, эми бул катты эмне кылабыз?

М и х р и б а н.  Барып жеткирип кел!

Н у р и. Ким? Менби? Укмуш, сөз жок… Өзүӊ жаз, өзүӊ алып барбы?

М е т и н. Мунун эмнени бар? Алып барбасаӊ, эртеӊ почтага салып жиберем, почточу тапшырат…

М и х р и б а н (Метинге). Балам, бар катты жеткирип кел.

М е т и н. Менин жиним чукул, эгер тигил неме асыла кетсе, өзүмдү кармана албай калышым ыктымал. Мен бара албайм…

Н у р и. Көрдүӊөрбү, мени милицига бар дейсиӊер. А өзүӊөр бир катты дагы тапшыра албайсынар.

Г ү л а й. Бергилечи мага… (Катты алат). Бирдеме болуп кетчүдөй болуп… Берип эле келем. (Чыгып кетет.)

М е т и н (жаттаганын улантат, улам китепке карап коёт). “Эгерде эки инсандыгы бир эле учурда бири-бири менен тирешип калса, анда экөөнүн бирөө эме…. эме…. оорулууга айланып кетет…” тьфу, бир да сөзүн түшүнгөн жокмун.

М и х р и б а н. Аларды Кудай жазаласын…

Н у р и. Акчабыз болгондо, башка жакка көчүп кетмекпиз. Эх, акчаӊ болбой жерге киргир…

М е т и н. Биздин үйдө акчанын тартыш болгонун биринчи жолу угуп отурам.

Астыӊкы кабаттан ызы-чуу угулат.

Атамдын мазактаган каты дароо эле катуу тийди окшойт.

Н у р и. Акча, эгерде акчам болгондо…

М е т и н. Эмне кылмак элеӊиз?

Н у р и. Эмне кылышты билмекмин… Күндүз терезени ачып жиберсеӊ, тиги шүмшүктөр шым шыпырып алып турушат, астыӊда ажылдактар, үстүӊдө даӊкылдактар… Биз бул үйдө душмандарга чептин ортосунда камалып калгандайбыз.

М е т и н (жаттап жатат). “Адамдын эрки акырындап алсызданат. Анын ордун пассивдүүлүк басат…”

Н у р и. Уулум, ичиӊден окучу. Бул сөздөрүӊдүн баары менин жинимди кайнатып жатат. Бар өзүӊө барып, окучу.

Гүлай келет. Бетин басып, ыйлап жатат.

М и х р и б а н. Эмне болду сага, Гүлай?

Н у р и. Ыйлабачы, кызым, түшүндүрчү, эмне болду…

Г ү л а й (ыйлап). Алар мени аябай мазакташты… топтошкон сойку катындар… А тигил неме: “Тынчтыкты кааласаӊар башка жакка көчүп кеткиле, “Долмабакча” султан сарайына” деп мени шылдыӊдады. Дагы бир топ сөздөрдү айтышты…

М е т и н. Кимиси айтты?

Г ү л а й. Ким болмок эле? Албетте, тигил неме да… Ылжыган мас! Аялдардын баары дырдай жылаӊач, баары шылдыӊдап күлүштү… Баары мас…

М е т и н (кекээрденип). Акыйкаттын сактоочусу имиш…

Н у р и. Сен токтой турчу… Акыр аягы мунун чечилип калгысы бардыр.

М е т и н. Биздин улуу урматтуу кожоюн Зия Чалакчи мырза дагы мунун чечилип калгысы бардыр деп айтат ко…

Г ү л а й. Азыр ал биякка келет.

М и х р и б а н. Ким?

Г ү л а й. Ким болмок эле, тиги неме. Кебетеси да кишиге окшош эмес. Мени карап “Ай, сулуу, сулуу”, – деп аябай мазактап күлүп, “Мен азыр атаӊа барып, эсептешип келем”, – деди.

Н у р и. Эми эмне кылабыз? Карагылачы, мунун баарын силер кылдыӊар… Кат жаз, жаз… деп. Мына жаздык… эми эмне болот… Тигил неме келди дейли, эмне кылабыз? Ал эмнеге келет? Мени менен эмнени сүйлөшөт?  Мен аны чакырган жокмун да… Алла, Алла… Мындай немелер менен сүйлөшкөнгө менин тарбиям жол бербейт. Мен мындай немелер менен сүйлөшө албайм! Кат, кат… Ушунун баары силердин айыӊардан… Уктап жаткан ажыдаардын куйругун бастык да…

М и х р и б а н. Эмнеге уктап жаткан ажыдаар… Эмне алар түшүбүздө ызылдап жатабы?

Н у р и. Эми элестеткиле, ал азыр келет. Анда эмне дейсиңер? Аны менен өзүңөр сүйлөшкүлө, мен аралашкым келбейт…

Эшиктин коңгуроосу бир нече жолу шыңгырайт.

Мына келди, ой-бай-бай… Ошол болуш керек… Балким ал эместир …

Г ү л а й. Ошол эле өзү, албетте, өзү…

М и х р и б а н. Бул адам сөрөй коңгуроону кандай басыш керектигин билбейт тура…

М е т и н. Мен өзүмдүн бөлмөмө кеттим, сабакка даярданам. А силер жагдайга жараша байкап көргүлө…

Н у р и (Метинди токтотуп). Токто, сен кайда? Сен эч кайда барбайсың. Сабак окуйт имиш … Эртең менен же азыр эле ойгондуңбу? Сен кетип калып, мени эки жүз кылмыш жасаган каракчы менен калтырайын дейсиңби?

Коңгуроо кагылат.

Менин шымым, менин шымым… Тигини күттүрбөгүлө… Эшикти ачпайсыңарбы … Менин шымым кайда деги?

М и х р и б а н. Кымбатым, шашкалактабачы, азыр таап берем …

Баары толкунданып турушту, эмне кыларын билишпей ар тарапка кайсалакташат. Михрибан Нуриге шымын таап берди, ал шашканынан шымын пижаманын үстүнөн кием деп башка бутун сунат. Гүлай эшикти ачканы жөнөйт. Метин эмне кыларын билбей дендароо. Михрибан бөлмөнү жыйнамыш этет. Думан Осмон кирет, анын артынан Гүлай кирет. Думан Осмон мас.

Н у р и (дагы деле шымын кийүү аракетинде). Кириңиз, мырзам, кириңиз … (шымын тартып). Жакшы, эң сонун …

Думан Осмон эки колун артына алып, Нуринин толкундануусун таң калуу менен карайт. Анын караганынан Нури таптакыр эле өзүн жоготуп коёт, эмне деп сүйлөрүн, эмне кыларын билбей калат; шымын чечип кайра киет.

Бул жакка келиңиз, суранам, өтүңүз … Кааласаңыз биякка… бул тарапка өтүңүз…

М и х р и б а н. Кош келиңиз…

Н у р и (турган абалда). Мырзам, биз абдан күнөөлүү болдук… Сиз билесизби… сизге айтайын дегеним, мырзам…  биздин зарыл иштерибиз чыгып калып… сизге учурашып бара албай калдык… өтүңүз, отуруңуз… биз айта алган жокпуз, кудай урсун… . Ушундайбы, Михрибан. (Аялына акырын шыбырап). Сен дагы бир нерсе десең боло, алтыным…

М и х р и б а н. Ооба, ооба…

О с м о н (ачуулуу көз менен). Эр жүрөк адам окшойсуң…

Н у р и. Эмне дедиңиз?

О с м а н.  Чын эле кошоматчы экенсиң…

Н у р и. Эмне?

О с м о н. Дал ошондой! Зия мырза сен жөнүндө так ушундай кошоматчы деп айткан…

Н у р и. Менби?

О с м а н. Жагалданбачы! (айран таң калган Нурини зекип). Мен киммин?

Н у р и. Сизби?

О с м о н. Чулдурабай айт…

Н у р и (балдарынан жана аялынан сурагандай карайт). Сиз кандай дедиңиз?

О с м о н. Мен киммин деп жатам?

Н у р и. Сиз? Сиз?

О с м о н. Ооба … мен. Менин атым ким?

Н у р и. Сиз биздин жаңы кошунабыз болосуз…

О с м о н. Менин атым… ким дейм?

Тыным

Туй-ата… Демек, мени билбейт экенсиңер да… Энеңди… Силер эмне Стамбулда жашап жаткан жоксуңарбы? Менин атым Думан Осмон…

Н у р и. Таанышканыма кубанычтамын, Думан Осмонбей… Биз абдан ыраазыбыз, мырзам… сиздин баш ийип урматтаган кулуңуз – Нури Саянер…

О с м о н. Сен баш ийген кулду коё тур, адамча сүйлөчү!

Н у р и. Суранам, антпеңиз…

О с м о н. Демек, силер менин атымды уккан эмессиңер. Силер эмне газета да окубайсыңарбы? Эгерде өзүңөр билбесеңер, Думан Осмон ким деп сурабайсыңарбы, ким экенимди айтып беришмек. Мен Думан Осмон, башкача атканда Осмон Гүмүштекир деген мен болом… түшүнүктүүбү? Түшүндүңөрбү!.. Торос желмогузу дагы мен үчүн болбогон бир неме… түшүнүктүүбү? Түшүндүңөрбү!..

М и х р и б а н (Метинге шыбырап).  Торос желмогузу…

О с м о н. Мен адамды бир көрүп эле билем. Түшүнүктүүбү? Түшүндүңөрбү!..

Н у р и. Суранам, эс алыңызчы… Отуруп турасызбы?

М е т и н. Кечиресиз, бизге эмне себеп менен келдиңиз?

О с м о н (Нурини карап). Медициналык институтта окуйт деп жазган балаңыз, мына бул торпокпу? Муну эмне үй-бүлөдө эч ким тарбиялаган эмес беле? (Метинге карап). Балам, эки чоң киши чоң-чоң маселелерди сүйлөшүп жатканда эне сүтү ууртунан кете элек балдар унчукпай туруш керек түшүнүктүүбү? Түшүндүңбү!.. Ошондой… Кыскасын айтканда, силердин ишиңер бүттү дей бергиле, силер бул үйдөн өз эркиңер менен чыгып кеткениңер дурус болот. Түшүнүктүүбү? Түшүндүңөрбү!..

М е т и н. Бирок сиз деле биздей эле батирчи эмессизби. Биздин кожоюн менен болгон мамилебизде кандай ишиңиз бар?

О с м о н. Бул үйдүн эркеги ким деги? Үй-бүлөнүн башчысы ким деги, билсем болобу? Ошол адам менен сүйлөшөйүн…

Н у р и. Сиз каалагандай болсун…

О с м о н. Ээ… Мындай каадаңды коё турчу деги…

Н у р и. Эмне дейсиз?

О с м о н. Сен менин башымды айлантпа, баары бир эч нерсе чыкпайт. Үй-бүлөнүн башчысы ким деп жатам? Ким?

Н у р и. Сиздин баш ийген кулуңуз – мен, кандай буйрук бересиз?

О с м о н. А-а… Үйдүн кожоюну сен болсоң, калгандарына айтчы, кийим-кечелерин чогулта беришсин. Биз эркекче сүйлөшөлү… түшүнүктүүбү? Түшүндүңбү!..

Н у р и (корккон түрдө). Алар мага бөлөк-бөтөн эмес да… Бул менин аялым, кызым, балам… Биз булардын көзүнчө деле сүйлөшсөк болот.

О с м о н. Эркекче сөз бар деп жатпаймынбы, түшүнөсүңбү  деги? Буларды кеткиле де, биз өзүбүз сүйлөшөбүз. Оо Жараткан…

М и х р и б а н. Мейли. Сүйлөшкүлө…

Н у р и (аялын кармап калууга аракеттенип, шыбырайт). Кайда? Мени калтырбагыла. (Гүлайга карап) Кызым, бизге кофе даярдап келчи тез…

Гүлай чыгып кетет.

О с м о н.   Байкеси, жаман кайсалактап калдың го…

Н у р и. Эмне дедиңиз?

О с м о н. Уят болдуң… (Михрибанды карап) Ханым, аягыӊыздан өбөйүн, бизди жалгыз калтырыңызчы. Биз бир купуя ишибизди сүйлөшүп алышыбыз керек. (Метинди карап) Эми бизди калтырып чыгып турбайсыңарбы…

Михрибан  менен Метин чыгып кетишет. Нури коркконунан калтырак басып, эшикке жабышып калат, эркине койсо тез чыгып кеткиси бар.

Н у р и (ою будуң чаң). Дайым келип туруңуз.

О с м о н. Сизге айтар сөзүм бар. Байке, кыскасын айтканда, ары-бери буйтабай, сизге айтарым  болгону эки гана жылуу сөз.

Н у р и. Суранам, мырзам.

О с м о н. Сенин бул үйдөн өз көңүлүң менен чыгып кеткениң оң… Менин ачуумду келтирбе! Жараткан көрүп турат, мен балээден да коркпойм, келчү бар балээ келе берсин, чын айтам… Бирок сен, байке, мага тийишпегин… Өзүӊ эле азабын тартасың. Түшүндүңбү? Мен бардык ишти жаза менен чечемин…

Н у р и (түшүнбөй калып). Кечиресиз, кандай?

О с м о н. Жазалайм дейм. Сени ушул үйдөн чыгарыш үчүн мен Зия мырзаны эки миңге сындырдым.

Н у р и.  Кандай дедиңиз?

О с м о н. Эки миң… түшүнүктүүбү? Түшүндүңбү!.. Эмне кыл дейсиң, менин таап жеген наным, менин жашоо жолум ушундай… Менин тапкан кирешеме эч кимге таш ыргытууга жол бербейм… Силер менен дагы ушундай… Адамча айтып жатам. Мыйзам боюнча сага эки күн берилет. Сенин улгайган жашың үчүн гана чыгып кетүүгө эки күн берип жатам… Бирок эки күндөн кийин сенин бул жерде карааның көрүнбөсүн, жада калса жытың чыкпасын…

Н у р и. Эмне деп жатасыз?

О с м о н. Карааныңды көрсөтпөгүн … Түшүндүңбү?

Н у р и (өзүн жоготуп).  Түшүнүктүү…

О с м о н. Эгерде сен дагы деле мени билбесең, мени билгендерден сурап көргүн, алар сага менин ким экенимди айтып беришет… Антпесе өзүмдү өзүм мактап жаткандай болбоюн. Мына бир нече күн мурун… Кемал деген тартаңдаган неме бар эле…

Н у р и.  (өзүн жоготуп).  Ооба.

О с м о н.  Мен ал шүмшүктүн акесин тааныттым…

Н у р и.  Ушундай деңиз!

О с м о н. Мени эми эсинен чыгарбайт!

Н у р и. Оо Жараткан…

О с м о н. Кеңкелес десе… Башка бирөөнүн ишине кийлигишпегин… Сениби…

Н у р и. Албетте…

О с м о н. Канча күн өттү, ал эми тигил арамдар менин изимди аңдып жүрүшөт…

Н у р и (коркконунан дубалга жабышып калат. Өзүнүн коркпой тургандыгын, эр жүрөк экендигин далилдеш үчүн дагы мактанайын деп чечти, түшүнүксүз бир нерселерди чулдурап айта баштады). Сиздин баш ийген кулуңуз дагы жаш кезегинде оңой жигит эмес болчу…

О с м о н. Мен андан сонун шишкебек жасадым дейсиң!

Н у р и. Ий жакшы жасапсыз, болсун  деги… Мен эмнегедир кайсалактап тынчтана албай жатам, көздөрүм жамандыкты көрбөсүн…

О с м о н. Мен ким менен болбосун бат эле ишимди бүтүрөм… Сениби карап тур…

Н у р и. Жаш кезинде сиздин баш ийген кулуңуз дагы абдан кызуу кандуу болчу, аны эстесем уялып кетем.

Гүлай кофе көтөрүп кирет. Атасынын айткан сөздөрүн угуп ордунда катып калат.

Мен мактангандай болбой айтайын, сиздин баш ийген кулуңуз менен бир мушташканда сегиз, жок он адамдын алы жетпей калчу. Ооба… менин улгайганыма карабаңыз, мен сиз көргөндөй картаң деле эмесмин. Мен абдан эр жүрөк адаммын, чын. Сиздин баш ийген кулуңуздун жүрөгү абдан кызуу кандуу, оттой күйөт. (Өзүн ого бетер жоготот) Бир жолу айтканга киши уяла турган окуя болгон, бир айым менен баратсам… Капысынан эле мага он адам мушташка секирди… Ооба, ооба… (колдорун ары-бери кыймылдатып ишарат менен көрсөтө баштайт). Кудай урсун… мен бирөөсүн муштадым, кечиресиз, бет талаштыра согуп калдым, түшүнүктүүбү? Түшүндүңүзбү!.. Анан биринин артынан бирин жайладым… Кудай көрүп турат, мен соккондо эки жолу чимирилип жатышты. Улам бирин муштайм… бирин бетке согом… бирин куйрукка тебем… Сиздин баш ийген кулуңуз алсыз байкуш эмес… Бир жолу эсимде, мени мактанып жатат деп ойлобоңуз… Айткандан уялып жатам… бир кыз менен … (Гүлайдын киргенин көрүп өзүнө келе түшөт). Албетте, жаштыкта боло берет деңизчи… Эх, жаштык, жаштык… Азыр жаш болсом кана, бир ичкенде үч бөтөлкө ичип жиберет элем… (Гүлайга ачуусу келип) Ой, эмне турасың кулагыңды салып, кофе куйбайсыңбы…

Гүлай Осмонго кофени сунат…

Күндөрдүн биринде, ушул эсимден кетпейт да, кечиресиз…

О с м о н. Болбодубу эми!

Н у р и. Кечиресиз?

О с м о н. Айттым сага, эки күн ичинде ың-жыңсыз жок болуп кет. Түшүнүктүүбү? Түшүндүңбү!..

Н у р и. Эшикте кыш… Кыштап алсак …

О с м о н. Кыңкылдаба. Эгерде эки күндөн кийин бул жерде бир эле тирүү жан болсун, өлдүң дей бер, түшүнүктүүбү?

Н у р и. Түшүнүктүү…

О с м о н. Мен кетейин…

Н у р и. Жакшы барыңыз, Осмон мырза… (Осмон менен бирге чыгат, анын үнү эшик ичинен угулат). Кудай ай, мунун кереги жок эле… Мен ушундай деп ойлойм, чын айтам. Биздикине дагы келиңиз, күтөбүз… Жакшы барыңыз… (кайтып келип, өзүнчө сүйлөнөт) … түшүнүктүүбү? Түшүнүктүү!..

Михрибан, Гүлай жана Метиндер киришет.

М и х р и б а н. Силер эмне жөнүндө сүйлөштүңөр?

Н у р и. Эркекче сүйлөштүк, ушундай… … түшүнүктүүбү? Түшүндүңөрбү!..

М и х р и б а н. Эмне түшүнүктүү?

Н у р и. Биз балээге кабылдык…

М е т и н. Ага бизден эмне керек экен, айттыбы?

Н у р и. “Түшүнүктүүбү? Түшүндүңбү!..” деп айтты… (ачууланып). Аргасыз пулемётту кармайсың… (ордунан тура калып, диванга секирип чыгып пулемётту кармагандай элестетип, оюндагы душмандарын аткылап кирет) Тра-та-та-та… пиф-паф-пиф-паф…

Баары аны коркуп карап кетишет.

Бардык жерди тинтип чыгыш керек… Акмактардын баарын жолбун иттердей аткылагыла… Буларды ушинтиш керек, бирин да калтырбагыла… Башка арга жок… Түшүнүктүүбү? Түшүнүктүү!.. Пулемёт алып тоого кетип калсамбы. Ме сага Зия Чалакчы: энчиңди алгын, та-та-та! Метин сага Думан Осмон – тах-тах-трарарарах! Өлкөбүздө шүмшүктөрдөн тазалайлы…

М и х р и б а н. Эмне болду? Ой сизге эмне болду, мырза?

Н у р и (кыйкырып). Башка арга жок. Тоого, тоого кетиш керек…

М е т и н. Ата, тынчтаныңызчы…

Чарчаган Нури диванга отура кетет.

М и х р и б а н. Эгерде полицияга барып даттана албасаң, тоону сага ким коюптур?

Н у р и. Оо, кудай… Мен эмне силерге тоого кетиш керек деп айттымбы? Мен айттымбы? Кимдир бирөө кетиш керек…

М и х р и б а н. Сен өмүрүңдө бир жолу пулемётту көрдүң беле деги?

Бардыгы акырындап өздөрүнүн иштерин жасаганы отурушат. Гүлай жапкычка сайма сая баштайт, Михрибан токуйт, Метин бөлмөнүн ичинде ары-берип басып китебин жаттай баштайт. Нури өзүнүн коллекциясына чөмүлүп, өзүнчө кыңылдап ырдайт.

Ал ким жөнүндө айтты: “Мен керек болсо андан коркпойм, ал мен үчүн болбогон неме…” деп?

Г ү л а й. Торос желмогузунан коркпойт экен.

М и х р и б а н. Торос желмогузу деген ким өзү?

М е т и н. Апа, сиз дүйнөдө эмне болуп жатканын билбейсиз. Канча жылдан бери газеталар ал жөнүндө жазып жатышат. Ал деген жеткен каракчы…

Г ү л а й.  Кечээ мен газетадан окудум, полиция анын изинин артынан түшүптүр, жакында колго түшөт дейт. Торос желмогузу Стамбулда экен. Газеталарда бүгүн, эртең колго түшөт деп жазылып жүрөт…

Н у р и (ачуусу келип). Каракчылар жөнүндө сөздү токтотолу…

М и х р и б а н. Кудай жалгасын деги, кармашса экен…

Н у р и.  Ким билет, анын каракчы болушуна эмне түрткү берди экен? Айрым адамдар Зия Чалакчы сыяктуу миллионер болушат, башкалары – каракчылык кылышат…

М е т и н. А сиз ата, эч убакта тигил да, бул да боло албайсыз…

Н у р и. Адам мындайды көргөндө каалайсыңбы, каалабайсыңбы каракчы болууга туура келет.

М и х р и б а н (күлүп). Сага бул иш тим эле туура келмек экен, чын айтам, чындыкты чындыктай айтыш керек да…

Үстүнкү жана астыңкы кабаттардан ызы-чуу күчөй баштайт. Бөлмөдөгү шыпта пайда болгон жылчыктан Гүлай сайма сайып жаткан колундагы жапкычтын үстүнө суу агат.

Г ү л а й (ордунан секирип тура калат). А-а-а… Жарабай калды, жарабай калды… Жапкычтын өңү бузулду ай…ай…

М и х р и б а н. Кызымды себинен айрыдыңар, көзүңөр сокур болуп калгырлар.

М е т и н. Бул эмне деген өзүм билемдик.

М и х р и б а н. Гүлай чурка, чылапчын алып келчи… тезирээк…

Гүлай чуркап чыгып чылапчын алып келет, суу тамчылап аккан жерге коёт.

М е т и н. Ата, ушинтип эле унчукпай отура берген болбойт. Мунун баарына эмне чыдап отурабыз? Сиз тезинен полицияга даттанууга барышыңыз керек.

Н у р и. Сен чоңоюп калдың. Эмнеге өзүң барбай мени жиберип жатасың?

М е т и н. Мен экзамен тапшырам, мен ага даярданышым керек да же участоктон участокко барып сүйрөлөмбү?

Шыптын башка жерлеринен дагы суу ага баштайт, конок бөлмөнүн ортосу көлчүк болуп кетет.

М и х р и б а н. Чурка, Гүлай, бир нерсе алып келе гой…

Гүлай чуркап чыгып кетет.

Жо-ок, бул өтө эле аша чапкандык, тезинен полицияга баруу зарыл!

Н у р и. Алтыным, полиция жөнүндө сөзүңдү токтотчу… Эмне башка сөздөрдү билбей калдыңар беле? Тажатып жибердиңер: полиция, полиция…

Гүлай мискей алып келип агып жаткан суунун алдына коёт.

Г ү л а й. Башка бөлмөлөрдөн да суу агып жатат. Алар уктай турган бөлмөдөгү шыпты да тешип жиберишиптир. Менин төшөгүмө суу өтүп кетти.

М и х р и б а н. Булар бизди сууга чөктүрүшөт ко. Болчу эми бей, тезинен кийин дагы полицияга жөнө. Мен башка бөлмөлөрдү карайын.

Н у р и. Мен полицияга бара албайм: түшүнөсүңбү деги: бара албайм… уят үчүн эмес, сен сот, участок, полиция, жандарм деген сөздөрдү айтсаң эле колу-бутум калтырап кирет.

М и х р и б а н. Болуптур эмне сунуштагың бар?

Н у р и. Метин барсын, бой жетип калбадыбы…

М и х р и б а н.  Үйдөгү чоң эркек адам үйдө отурат экен, ал эми боз бала полицияга барат экен да? Алдыңкы кабаттын тургуну сени менен сүйлөшкөнү келди, өзүң көрбөдүңбү. Гүлай атаңдын кийимдерин алып келчи.

Гүлай уктоочу бөлмөнү көздөй басат. Михрибан оңдо жайгашкан эшикке кирип кетет.

Н у р и. Мен полицияга бара албайм. Андан көрө үстүнкү кабат менен сылык сүйлөшүп суранып  келейин…

М е т и н. Ийи, ооба сылык сүйлөшүп… Алардын ызы-чуусу аз келгенсип, эми биздин үстүбүзгө суу төгүп жатышат.

Гүлай атасына пальтосун, баш кийимин, моюн орогучун алып келип берет.

Н у р и (ыйламсырап). Мен эмне кылышым керек, эмне кылайын эми. Буга окшогон кеңкелестер менен мушташайынбы эми…

Михрибан кирип келет.

М и х р и б а н. Кайдагы мушташ? Мыйзам деген бар, баргын дагы адилеттикти талап кыл… Алар ашканадагы шыпты да тешип жиберишиптир… Шайтан алгырлар десе…

Михрибан, Гүлай жана Метин үчөөсү Нурини күч менен кийиндиргенге аракеттенишет.

Н у р и (даттанган үн менен). Мен ал жакка бара албайм… Михрибан, сен эмне мени билбейсиңби? Мен капысынан эле полицияга барып каламбы?

М и х р и б а н. Барасың, ананайын деп барасың… Полиция участогу тигил жакта…

Г ү л а й. Биз жактан эки эле кадам…

М е т и н. Ата, сиздин полицияга деген кандайдыр бир түшүнүксүз коркуу сезимиңиз бар, полиция дегенде жаа бою качасыз да…

Н у р и. Мен барбайм, мени мажбурлабагылачы… Мен участокто сүйрөлүп жүрө тургандай адам эмесмин! Мен сакалымды сүйрөп барамбы, оо кудай… Силерчи… Мен ал жакка эч качан барбайм…

М и х р и б а н (эшикке түртүп). Болуптур эми… барасың дедимби барасың…

Н у р и. Балдарым мен кызыктай болуп турам, бүгүн мени менен бир нерсе болот окшойт… Балким кырсыктаймынбы… Жүрөгүм сезип жатат… (анын үнү эшиктин сыртынан угулуп турат) Мени бар деп кыйнабагылачы… Оо кудай… Эгерде мен кармалып калсам, мени издебегиле.

Михрибан дагы кошо чыгат.

М и х р и б а н. Жакшы бар…

Г ү л а й.  Кудай жалгасын, жөнөттүк. Полиция келип мына бул ээнбаштыкты көрсүн.

М е т и н. Көрөт дейсиңби? Андай болбойт ко … Атам баары бир ал жакка барбайт.

Михрибан кирет.

М и х р и б а н (жылмайып). Оо кудай ай, бул эмне мынча полициядан коркот ыя? Тим эле согушка кеткендей кетти го.

Г ү л а й. Апа, атам качандыр бир убакта арак иччү беле?

М и х р и б а н. Ок, эмне дейсиң… Сен эмне, атаңдын качандыр бир мезгилде ичкенин көрдүң беле? Оозуна бир да тамчы албайт…

Г ү л а й. Мен кайдан билем… Аны өзү тиги келген кишиге айтпадыбы. Мен “бир ичкенде үч бөтөлкөнү ичем!” – дейт. Уккан кулагыма ишенбей ордумда катып калдым. “Мен ичкенде мен абдан жаманмын, катуу чатак салам…” – дейт.

М и х р и б а н. Ким?

Г ү л а й. Атам дейм.

М и х р и б а н. Ай мени күлдүрбөчү… Полицияга барып даттана албаган адам, капысынан эле чатак салат бекен?

М е т и н. Балким жаш кезинде ошондой болгондур.

М и х р и б а н. Жаш кезиндеби, картайгандабы… мен  атаңарды жакшы билем го. Ал тоокту сойгонду көрсө да үч чакырымга чейин качып жөнөйт. Учкан чымынга да кымындай жамандык кылганды билбейт…

Шыптын бардык жеринен суу тамчылайт. Гүлай тамчылап жаткан жерлерге мискей, чылапчын, табак коёт.

(шыпты карап) Төккүлө, дагы төккүлө… Полиция келсин, силерге жакшы жашаганды көрсөтөт.

М е т и н. Полиция протокол түзүшсүн, аны алып сиз эртең эле адвокатка барып келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн аларды сотко бериңиз.

М и х р и б а н. Сотко бериш керек дечи, бул дагы жаңы чыгымдарга алып келет…

Г ү л а й. Менин кийимдеримдин баары өлдү.

Эшиктин коңгуроосу кагылат.

М и х р и б а н. Мына келишти.

М е т и н. Ушунча тез келиштиби?

М и х р и б а н. Участок мындан эки эле кадам да. (Эшикти ачканы жөнөйт, ал жерден Нури менен тиктешип калат) Ай, канакей тиги полиция?

Нури ындыны өчүп, диванга отура кетет.

Кайда дейм?

Г ү л а й. Алар эмне дешти?

Н у р и. Мындай мезгилде полиция табылат дейсиңерби?

М е т и н (күлүп). Алар эшигин жаап алып, үйлөрүнө тарап кетишиптир…

Г ү л а й. Ой атам ал жакка барган да жок.

М и х р и б а н. Түшүндүрчү деги, бай болгур… эмне болду, байым?

Н у р и. Мен бара алган жокмун… Барган жокмун – бүттү! Менин полиция участогунда эмне ишим бар эле?

М е т и н. Айтпадымбы?

Н у р и. Менин ал жакка буттарым баспай койду… Силерге айтыш оңой болуп жатабы, силер баргыла! Антпесе килтейген балам, бой жеткен кызым үйдө отурат экен дагы, мен сакалымды сүйрөп, түнкүсүн участоктордо сүйрөлүп жүрөт экем да… Мен көчөдө полиция участогунун жанында ары-бери басып жүрдүм, бирок кире албай койдум… Өзүмдү кыйнап ал жакка киргизе албай койдум… Мага ачууланбагылачы. Андан көрө келгиле, таң атканча чыдайлы, балким токтоп калар… Ушунча чыдап эми кичине чыдай албай калдыкпы? Эртең менен жерге жарык кирери менен баарыбыз чогуу полицияга барабыз да, комиссарга түшүндүрөбүз…

М и х р и б а н (катуу). Жок, сен барасың, барганда да азыр барасың. Карабайсыңбы бул жерде эмне болуп жатат, суунун үстүнө жат деген турасыңбы? Жөнө …

Н у р и (жалдыраган үн менен). Капырай, өмүрлүк жарымсың го… Мени жети түндө эшикке чык дебечи… Эми таң атканча күтсө болбойбу?

М и х р и б а н. Таң атканча биз сууга чөмүлүп калабыз дейм.

Н у р и. Суранам… мени бар дебечи…

Михрибан аны колунан кармап, ордунан тургузат.

Сенин бутуңду өбөйүн, Михрибан, мени ал жакка жөнөтпөчү… Мен караңгыдан корком, эшик көзгө сайса көрүнгүс болуп капкараңгы болуп турат… Эч нерсе көрүнбөйт…

Шыптан тамган суу Нуриге тиет, ал чочуп капталга секирет, ошол учурда капысынан эле ачуулана кетет.

Мына азыр барам, эмне болсо ошо болсун!

М и х р и б а н. Аллам аларды өзү жазалайт… (Нуринин нымдуу кийимдерин жыттагылайт). Деги алар эмнени төгүп жиберишкен? Жаман нерсе окшойт… Көзүӊөргө ак түшкүрлөр!

Н у р и (өзүн баатыр көрсөткүсү келет). Кудай аткыр, барам, чын эле айтам, азыр барам… Мен участокко барбай жүрсөм дагы? Барам, албетте, барам дечи… Бай мырзам, айтам, биякта ушундай болуп жатат, жетишет, болду эми, айтам, жетишет…

М и х р и б а н. Албетте, так ошентип айт…

М е т и н. Баракел-де, ата!

Н у р и. Мен: «Бай мырзам, сизден суранарым, менин абалыма карап көрүӊүзчү» деп айтам. Анан дагы: «Мырзам, үйдүн кожоюну батирлерди чыныгы баш кесерлерге ижарага берди, аларды эч ким кой-ай дей албайт экен, бизди үйдөн чыгарыш үчүн баарын жасап атышат. Бул кескилердин, шумпайлардын кылганы чучугубузга чейин жетти», – деп айтам. Мен ага баарын айтам… Айта албайт дейсиӊерби? Айта-ам…

М е т и н. Баракелде, ата…

Н у р и. Эгер азыр участокко барсам, анда баарын төкпөй-чачмай айтып берем… (Чечкиндүүлүк менен) Мен кеттим…

М и х р и б а н. Токто, сууга түшкөн чычкандай болуп, ушул кебетеӊ менен кантип барасыӊ, чечинип, башка кийим кийип ал…

Н у р и. Ушул эле бойдон барам, ушул кебетемди милициялардын баары көрсүн, андан дагы жакшы болот… Жакшы калгыла… Жакшы калгыла… (Эшикти жулкуп ачып, сыртка чыгат).

М и х р и б а н (анын аркасынан). Суук тийип калат.. Ооруп каласыӊ… Кийинип алсаӊ болмок…

Астыӊкы жана үстүӊкү кабаттан ызылдактар дагы күчөйт, джаздын жана элдик музыканын үндөрү даӊкылдап угула баштайт.

(Уландысы)

Которгон Назым МЕНДЕБАИРОВ, Тамара АБЫЛКАСЫМОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.