АҢГЕМЕ

Алардын үйүндө бар болгону көрүнүктүү үч буюм бар эле. Булардын экөөсү кара күрөң түстөгү күзгүлүү чоң буфет менен үстүндө проигрыватели бар радиоприемник. Үчүнчүсү – оозгу үйдөгү боосуна мехтен жасалган аюунун кичинекей мамалагы менен упчу тагылган көк түстүү коляска.

Күндө эртең менен Салия таза чүпүрөк алат да, ушунчалык көңүл коюп буфет менен радиоприемникти, анан колясканы сүртө баштайт. Ал дайым колясканы сүртөр алдында таң каларлык жылмайып коёт. Бул жылмаюу келечегине ой жүгүртүп, ошого кубануу же тетирисинче, азыр бизге колясканын эмне кереги бар эле деген сыяктуу ажырата албайт.

Бул үч буюм алардын үйлөнүү тоюнда жолдоштору тарабынан белекке берилген. Бирөөсү той берсе беш-ондон топтолуп, мындай буюмдарды алып баруу студенттердин адаты эмеспи. Алар тойго чакырган жолдошторунун эң аягы болуп айыл чарба институтунун студенттери келишкен да Турдаалы менен Салиянын колдорун кыса өздөрүнүн каалоолорун айтып, ушул колясканы тапшырышкан. Ошондо Турдаалы аяк-быякка жылдырып жүрүп, «Бул «Волгага» баарыңар түшүп келдиңерби? А бул шоферуңар го?» – деп боосуна тагылуу мамалакты мурдуна чертип, ыраазы боло карс-карс күлгөн. Салия эми эмне дээрин билбей калды, анан шек алдырбай ырахмат айтып уялыңкырай аппак тегиз майда тиштерин көрсөттү. Кээде ушундан көрө бир диван алып келсе, үйдү көркүнө чыгармак экен деп ойлоп койчу.

– Сарайга эле коёлу да. Уят эмеспи. Азыртан эле… – деп Салия беш-алты жолу айтса, Турдаалы да болбой койду. Ага баарынан ушул коляска жакшы көрүнөт. Ар дайым эшикке чыгып баратканда куурчакты кармалап, колясканы терметип көрөт да, өзүнчө жылмайып коёт.

♦♦♦

– А, Турдалы?

– Эмне, жаным?

– Үйдөн акча сурасаң боло…

– Чал-кемпирдин эмнеси бар дейсиң, Сакиш.

– Биз той бергенде деле таап беришпеди беле?..

– Катардан калып өксүбө балам дешип, жалгыз уюн сатып беришкен. Канчалык койгула десем да болушкан эмес. Эми кантип акча сурайын.

– Мм… Анда экөөбүз кантип жашайбыз?

– Ал эмне дегениң?

– Акча жок…

– Стипендиябызчы?

– Стипендия, стипендия эле дейсиң качан болсо! Стипендия тамакка жетеби же…

– Ырас, Сакишжан. Бирок бул күнүмдүк гана жетишпестик да. Жакында мен дипломдуу болом. Анан сен да… Экөөбүз тең иштейбиз, үйлүү-жайлуу болобуз. Оо, ананчы… курортторго барабыз.

– Койчу куру фантазияңды. Ага чейин ким бар, ким жок. Турмуш өз учурунда кызык. Бүгүн куурап, эртең жыргап калмак белек. Биздин группадагы кыздардын көпчүлүгү күйөөдө. Жандарынан акча үзүлбөйт. Алардын күйөөлөрү деле сага окшош студент экенин өзүң билесиң го, магазинге жакшы буюм түшүп калса, шарт эле алып алышат. А менчи? Уялганымдан тике карай албай, башымы жерге салып келе берем. Кээде автобуска да тыйын таппай калабыз. Мен ызадан өлө турган болдум. Сен кийин-кийин деп эле…

– Ырас, жаным, бизге азыр жетишпейт. Адам келечек үчүн төрөлөт, келечек үчүн күрөшөт, келечек үчүн өлөт. Бирок эч качан келечектен үмүт үзбөйт.

– Китептин сөзү…

– Сакиш…

– Эмне?

– Аны билем…

– Кийинки күндөрү өтө көп капаланчу болдуң. Мүмкүн… Мен бир медициналык китептен окудум…

– Деги эле сенин окубаган китептериң барбы?

– Чын айтам, Сакиш. Бир же эки айдан кийин баланын жүрөгү сого баштайт деп жазган. Анын жүрөгү биздин жүрөгүбүздөн үч эсе күчтүү – минутасына 180-190 жолу согот экен. Кээ бир аялдар эки кат экенинде аябай кайгычыл, сөз көтөрө албас болот да, ошол капалануунун бала үчүн зыяны бар экен. Мындан ары капаланбасаң. Доктурга да көрүнбөдүң.

– Сен менден да баланы жакшы көрөт окшойсуң.

– Койчу Сакиш, али жарык көрө элек наристе экөөбүзгө тең бирдей эмеспи.

– Ал наристең эки-үч жылдан кийин гана жарык дүйнөгө келсе кечтик кылбас эле.

– Койчу, ушинтип да сүйлөйсүңбү.

– Азыр төрөсөм колум байланат да. Өзүң да жүдөп… А жаштык бир гана жолу келет. Антпегенде эмнеси жаштык.

– Төрөп алып деле тыкан жүргөндөр жокпу?

– Баары бир мүчөнү бузат…

– Жок, Сакиш. Ушундай ойлосоң сен жаңылышасың. Бул оюңдан кайт.

Турдаалынын бул сөзүнө Салия же макулдугун, же каршылыгын билдирген жок. Эмне деп чечээрин билбей, ал терең ойдун кучагына кирип кетти.

– Салия!

– А…

– Карачы, биздин терезенин оң көзүнө ай тууптур.

– Уктачы…

– Карасаң, карасаң. Эң эле кичинекей, эң эле кооз. Жаңы ай.

Салия оодарылып, чын эле терезеге жабышып тургансыган алмаздын кетигиндей жаңы туулган айды көрдү. Ал салкын гана көз жүгүрттү, эч кандай жаңылыкты да сезбеди. Эски эле ай… Анан чалкасынан түшүп, шыпты тиктеди. Анан… Көзүнө терезенин оң көзүндөгү, жаңы төрөлгөн баланын жылаңач денесиндей үлбүрөгөн кичинекей ай урунду. Эмне кыларын билбей аптыгып калган Салия айды тиктегиси келбеди. Көзүн жумуп алды. Кап-караңгы… Илеби дирилдеп, «чын эле убакыт өтүп кеттиби… Чын эле кечеңдетип койдумбу. Жок, жок… Анан кандайдыр бир көпкө чейин чабалактап, кыйналып жатты да, акырында «эртең» деген чечимге келди. Көзүн чылк жумуп, караңгылыкта тыянакка келген бул чечими, ошол караңгы түндөн да жаман чечим эле…

♦ ♦ ♦

Салия кечке жуук ичи кабышып, өңү кер сары тартып, түктүйө жаагы шимирилип келди. Китеп окуп отурган Турдаалы анын түсүн көрүп чочуп кетти.

– Эмне болуп кетти, Сакиш?! Ыраңың эмне?!

Ал Турдаалыны тике карай албай, жалтактап жатты. Турдаалы аны кучактай калып чебеленди.

– Айтсаң, айтсаң жаным?! Эмне болду?!

– Б… боюман түшүп калды…

– Эмне дейсиң! Жок, жок, сен калп айтып жүрбө! Чыныңды айт! – Турдаалы эки ийнинен кармап силкилдеткенде түртүп жибереби деп ойлогон Салия анын жакасынан кармай калды эле, бош кадалган жалгыз топчу чырт үзүлүп, бурчтагы шыпырынды салган чакага түштү.

– Сен атайлап алдырдың!

– Анда эмне экен?.. Сага айтып эле жүрбөдүм беле али эрте деп…

Турдаалы өзүн-өзү араң кармап, тиштенип турду. Акырында өзүн токтотуп Салияга кайрылды:

– Мен сага эч качан муш көтөрбөйм дегем, аныма турайын. Бирок сен чоң күнөөлүүсүң! Күнөөнүн баары сенде гана… Сен ушундай наристени, болгондо да өз бооруңдагы баланы… Өз баласынан кечкен адам башкага кантип жакшылык кылсын! – Анан бир аз ойлоно калып: – Өтө катуу кетсем кечирип кой. Сага бир гана айтарым – эмдиги күйөөңдөн болгон баланы мындай кылба. Ушул кылыгыңды көрүп туруп сени менен жашай албайм. Үйдө эмне болсо баарын ал.

Анан Турдаалы башын мыкчый кармап сендиректеп эшикке чыкты. Кыбыладан соккон суук жел жакжайган көкүрөгүнөн, коюн-кончунан уялап, калтыратып жатты.

Үйдө көк коляска менен Турдаалынын жатаканадан алган төшөнчүлөрү гана калды. Башкаларын Салия алып кетти.

♦ ♦ ♦

– Көңүлүң ачык жүргөн күнүң болобу?

– Билбейм.

– Мынча эмнеге кайгыга батасың?

– Адат болуп калыптыр.

– Кызык экенсиң, Салия. Тагдыр ошондой болсо…

– Өзүм айыптуумун.

– Баары бир. А мен айтпадым беле сен керексиң деп. А баары бир сен түшүнбөйсүң. – Ал ыңгыранып тетири карай, бат эле уйкуга кирди. А Салия адатынча санаага чөктү. Ал өзүн-өзү табалап, каргап жатты. Бирок буга да алымсынбады.

Турдаалыдан кеткенден кийин эки эрден чыкты. Ошолор да туубассың деп айткан эмес. Тескерисинче, экөө тең бири-биринен жаттап алгансып: «Кечирип кой, Салия жаным. Балким балалуу болорсуң. Сенин бактыңа бөгөт болбоюн. Бактылуу бол» деп жолго салышкан. Ушул өтө сыпайы айтылган сөздөр табийгаттын кордоосундай болуп Салияны тебелеп салды. Мөмөсүн эртелеп мөндүр уруп кеткен гилас дарагынын жалбырагындай саргайып, башын өйдө көтөрө албай, Салия күндөн-күнгө санаага бата берди. Мындай сөздөрдү дагы бирөөдөн уккусу келбеди.

Турмуш дайыма өзүң ойлогондой болбойт да. Салиянын канчалык чүнчүп жүргөнүнө карабастан, анын сулуу өңүнө кызыгып азыркы күйөөсү асыла баштады. Эч бир жан-алын койбогондуктан, чындыгын айтсам калар деп Салия башынан өткөргөндөрүн бүт бойдон айтып берди. Сүйлөп жатканда анын кыпындай да өңүнүн өзгөргөнүн байкаган жок. Кайра «мага бала керек эмес, сен керексиң» деген үнүн укту. Бул сөздү чыныгы сүйүү деп ойлоп, Салиянын ичи жылыды. Экөө баш кошуп, ичи ар түрдүү жакшы буюмдарга толгон ушул алты бөлмөлүү үйгө келди.

Көп өтпөй эле ал күйөөсүнүн баланы жек көрөрүн билди. Бул Салияны кубантпай, кайра капалантты. Күйөөсүнөн көңүлү сууп, «Мен го өзүмө-өзүм кылгамын, а булчу?» деп ойлоп, жооп таба албай жүргөн. Ошол жоопту бүгүн алды. Ага мал, дүнүйө, сулуу аял гана керек. Баланын кереги жок. Өзү айтпадыбы. Ушуларды ойлоп, дөңгөчтөй сулкуйган күйөөсүн карап, кандайдыр итиркейи келе түштү да четке жылды.

Керебеттин кыйчылдаганынан улам күйөөсү ойгонуп кетип, нааразылык үн менен кобурай баштады:

– Ох, жакшы түшүм бузулду. «Волга» сатып алган экенмин… Көк «Волга»… Эми эле ичине отурайын дедим эле… Кыбырабай жата албайсыңбы… Ох, – кайра түшүн улап кетиш үчүн көзүн жумуп ушунчалык ынтаа менен уктоого киришти да кайра уйку-соонун арасында «Көк Волга» – деп күбүрөдү ал. «Көк коляска» деп ойлоду Салия. Ал баягы өздөрүнө белекке берилген көк колясканы, анын бооруна илинүү мехтен жасалган аюунун мамалагын, терезенин оң көзүнө туулган айды эстеди. Аларды ушунчалык сагынып, ушунчалык көргүсү келди.

Ошол коляска ушул жерде тургансып босогону карады. Эчтеке көрүнбөйт, капкараңгы. Анан айды издеди. Аябагандай эки чоң терезенин көздөрүнөн айды таба албады. Терезелердин сыртынан кагылган аркы-терки темир тосмону, падыша сакчыларынын найзасынын учундай коркоюп, шыптан ылдый салаңдап турган катар муздарды гана көрдү. Тиги муздар же темир тосмолор тосуп калбасын деп аяк-быяктан карап көрдү. Баары бир жок. Салия күйүттүү үшкүрдү. Ой дагы уланды… Салия калтырап кетти. Эки жагын дагы карады. Кап-караңгы… Салия коркуп кетип, жуурканга башын катты. Баары бир…

Ордунан акырын суурулуп турду да мурда өзү кийип келген көөнө пальтосун үстүнө жамынып эшикке чыкты. Салия бул үйгө өмүр бою кайрылгыс болуп кетти…

Сулуу жүзүн кайгынын майда бырыштары уялап буза баштаган бир аял аллеянын чети менен өзүнө кошуп бүткүл дүйнөнү унутуп, башын төмөн ийип, илкий басып келе жатты. Бул аял алыс бир жакка барып тынч гана өмүр өткөрүүнү ойлоп жолго чыккан Салия эле. Ал автобустун аялдамасында жалгыз турду. Ушул учурда алда качан унут болгон шайыр күлкү кайрадан аны солк эттирди. Күлкү чыккан жакка шарт кайрылып, эң биринчи «Волга» түстүү көк колясканы көрдү да, ток тийгенсип алдастай түштү. Колясканы жай гана түртүшүп, жашыл костюмчан жигит менен жашыл гүлдүү көйнөк кийген ак саргыл келин келе жатты.

«Турдаалы эмес… Бирок күлкүсү окшош экен» деп күбүрөдү Салия өзүнчө. Тигилер көңүлдүү сүйлөшүп жакындай берди! Тааныбаган ошол экөө жакындаган сайын Салияны коркунуч бийлеп, колун аркага алып, кантип кетенчиктеп баратканын өзү да сезбей калды. Анын колу четтерин кыркып тегиздеп койгон тыт көчөттөрүнө урунду. Ал тыт көчөттөрүн айланып отура калды. Беркилер жанынан өтө беришти. Тыт көчөттөрүнүн жылчыгынан карап отурган Салия колясканын ичинен так эле баягыдай оюнчук аюунун мамалагын кармалап ойноп, буту-колун тыбыратып, жаңы туулган айдай албырган жаш баланы көрдү да, «ах!» деп кыйкырып жиберип, башын эки колдоп мыкчый калды. Берки экөө элеңдеп, үндүн каяктан чыкканын билбей калышты. Эч кимди көрө албай, кайра эле ал жөнүндө унутуп коюшуп, баласын эркелете термелтишип узай беришти.

А Салиянын үстүнө көгүш тамырлары чыга баштаган купкуу арык манжалары өз башына чеңгектей жабышып, улам карышып жатты…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.