ТАТЫКСЫЗ СЕЗИМ
Садага чаап салып бир өмүрдү,
Сага мен тартууласам жүрөгүмдү.
Санааңа албай бийик үмүтүмдү,
Садагам, быркыраттың тилегимди.

Байкабай калтырдың да көңүлүмдү,
Баалабай койдуң сендик өмүрүмдү.
Баркына жетпеген соң махабаттын,
Баш тарттым, сездим сенин төгүнүңдү.

Сезимге албай сенин пастыгыңды,
Кезинде күнөөлөпмүн жаштыгымды.
Бейиштин төрүндөгү сүйүүм мени,
Кейиштин эшигине сакчы кылды…

КУУРАГЫР ТУРМУШ
Сүйүү күүсү жаштыгымдын,
Сересинде чертилген.
Эң алгачкы таанышкан күн,
Чыкпайт такыр эсимден.

Ошондогу ашыгымдын
Көздөрүнө байланам.
Ошондогу асылкечим,
Келсе гана кайрадан!

Өмүр чиркин учкул экен,
Өткөн ал күн капкачан.
Келин болуп кеткен сүйүүм,
Келбейт канча какшасам.

«Өлүм ак да, өңгө жалган!»
Өтөт баары дүйнөдөн.
Калбайм мен да ушул бойдон,
Кези келсе үйлөнөм.

Болсо дагы алган жарым,
Өмүрүмө теңшерик.
Коно албастыр жүрөгүмө,
Боло албастыр сенчелик.

Балким, оюм жаңылыштыр…
Балким, оюм туурадыр…
Тушу келсе көргөзөт ко,
Турмуш деген куурагыр…

  1. 02. 1995.

БУЛУТ СҮЙҮҮ
Көздөрүң көздөрүмө чагылышып,
Кездештик капыс жерден…жаңылышып.
Бир кыйла мезгил өтүп арабыздан,
Биз азыр калыптырбыз сагынышып.

Калдык деп кай себептен кабылышып,
Каректер улам кетет кагылышып.
Сезимде ал ансайын жалын ойнойт,
Сен жакка алып учуп… жанып-ысып.

Сапырып жандүйнөмдү буюктурдуң,
Санаамдын баарын-баарын унуттурдуң.
Ашыкча мындай кезде сөздүн өзү,
Ансыз да не дээримди туюп турдуң.

… Башында Теңир сага жолуктурду,
Мас кылып махабатка, оолуктурду.
Кечиктиң деген өңдүү… бирок азыр,
Башыңда жоолук турду…жоолук турду.

Ажарың турат эсте күлүңдөгөн,
Ал кезде мен өзүңдү гүлүм дегем.
А сенин эсиңдеби айткан сөзүң:
«Ай эмес, Айдан жарык Күнүм!» – деген.

… Билемин, неге үнсүз угуп турдуң,
Билемин, неге мынча улутундуң.
Азыр мен Айың эмес, Күнүң эмес,
Ай-Күндүн бетин тоскон булутуңмун.

Сөз айтпай, сөз сүйлөбөй дымып турдуң,
Сезимди неге мынча думуктурдуң?!
Азыр мен кусалыктын шамалы айдап,
Көзүңө жаш толтурган булутуңмун.

Булутуңмун,
улутундуң,
унутулдум…

БЕЛГИСИЗДИКТИ ИЗДӨӨ
Бейдарек кеткен сүйүүм,
Бейтарап жолго чыктым издеп сени.
Бейжайлуу ызы-чууда,
Белгисиз кай тараптан издеп келүү.
Бейпилдик бербес жанга,
Беймаани балким, сени издеп деги…

Дарексиз махабатым,
Даргүмөн дал ушундай жолдо турам.
Дайрадай күргүштөбөй,
Дабышсыз каптап кирип ойго туман.
Даргөйлүү далбас урган,
Дайынсыз күндөрдү издеп жолго чыгам…

… Эртеңи жок өмүрдөй,
Элеси дуушар болгон унут күнгө,
Эх, ошол баёо дүйнө, тунук дүйнө!
Ээликтеп албай не деп,
Энчисин бүт өзүмө буруп мүлдө.
Эңгиреп турам бүгүн,
Эчкирген көз жашма куруп дүйнө.

Ызы-чуу түшкөн күндө,
Ый болуп тунат улам көз карашым.
Ызалуу бойдон анан,
Ыр издеп, кезип жүрсөм сөз талаасын.
Ый сунуп ыр ордуна,
Ырыскым кыйып, Тагдыр, өчтү аласың.

Сыйрылган жүрөк мына,
Сындырган сүйүү шагын тагдыр мына.
Сый кылбай кечээгиге,
Кумарсыз бүгүнкүгө,
Кунарсыз өткөн күндүн бардыгына,
Курдаштар, кайгыргыла.
Анткени, айыптуумун…
Айбым мына;
Ашыктык сезимине жооп бере албай,
Апкаарып, жол бергемин айбыгууга.
Ал эми азыр болсо,
Ал күнгө мүмкүн эмес кайрылууга.
Айы жок, сокур түндүү багытымда,
Азаптуу башты салгам кайгы-муңга.

Тумандуу чар тарабым,
Туңгуюк азыр менин бараар жагым.
Тушуккан түпсүздүккө,
Тун сүйүүм, бир жоголдуң, таба албадым.
Турмушта экинчи ирет,
Туш кылбас тагдырыма бар арманым…

Кечээги махабатым,
Келсеңчи кечээгидей жапжаш бойдон.
Кез келсин от жагышып,
Кечинде Кадыр Түнгө максат койгон.
Келет деп сени күтүп,
Кейишке түшкөн сезим «ак чач» болгон…

Бул мезгил сени күткөн,
Буйруктуу бир а-аз жылды камтыса да.
Бурулбас мезгил — дайра,
Зуу коюп бир кылымга камчы сала,
Бир кылым күттүргөнсүйт…
Бир кылым жүргөнсүйсүң артың сала.

Мен дагы кылым санап,
Менсинген тагдырыма каршы турдум.
Мөлт этсе көздүн жашы,
Мезгилдин көйнөгүнө аарчып турдум.
Мен сени таппайт окшойм…
Мейли эми… жакшы калгын, жакшы курбум…
19. 05. 2000.

ЭСИҢДЕБИ
Акактай тунук ойлуу кезимдеги,
Алоолоп жанган үмүт сезимдеги.
Алгачкы таанышкан күз,
таанышкан кез,
Алгачкы таанышкан кеч эсиңдеби?..

Ашыктык сырлары бар сөзүңдөгү,
Арбалгам нурларыңа көзүңдөгү.
Ак сүйүү күчү менен бир өзүңө,
Арналган ырларым бар, эсиңдеби?

Бар туруп жандуу жүрөк өзүңдөгү,
Байкабас жандүйнөмдү несиң деги?
Батынбай, сөз айта албай тайсалдаган,
Балалык баёо кезим эсиңдеби?..

Калды го улуу оттун четиндеги,
Кадыр түн тоскон мезгил кечиндеги.
Ал түндү унутпайбыз дешкен элек,
Ардагым, ошол учур эсиңдеби?..

КАРЕГИМ
Көңүл оту сүйүп жактырган,
Көз тайгылып турчу бактымдан.
Көрөр көзүм, менин карегим,
Көркүң кайда жүрөк шат курган?!..

Жоругуң ай!.. Бөлөк өңгөдөн,
Жомоктон да сендей көрбөгөм.
Жоодур көзүм, азыр өзүңсүз,
Жол издеген сокур өңдөнөм.

Багытымдай менин көздөгөн,
Бакытымдай белең сезбеген?
Баян болуп, ырга айланар,
Баркыңды не мурда сезбегем?..

Карегим ай, менин карегим,
Кайда кеткен сенин дарегиң?!.

БОЙДОК СЫРЫ
“Качан эми үйлөнөсүң?”- деп сурайт,
Калса достор кокус жолдон кезигип.
Канжар тилет жүрөгүмө ушул сөз,
Карып калдың деген өңдүү сезилип.

Үйлөн дешет үйдөгүлөр эртерээк,
“Үйлөндүңбү?” деп сурашат бардыгы.
Мерез мезгил мерчеминен алыстап,
Менин эмне жашым өтүп калдыбы?..

А болбосо, айдай жүздүү селкилер,
Айткылачы, бойдок жүрсөм эмне экен?
Аял албай, такыр жүргөн үйлөнбөй,
Ааламдагы жалгыз бойдок мен бекем?

Эгер силер акыл калчап билсеңер,
Эгем деле аялы жок жүрбөйбү.
Бойдоксуң деп мага айтылган сөзүңөр,
Бойдок жүргөн Теңириме тийбейби?..

Абай салып уккулачы, селкилер,
Айта турган сезимде бир ой жүрөт.
Башкасы эмес кудай деле мен сындуу,
Баарыңарды сүйгөн үчүн бой жүрөт.

Ооба ушундай, кудай сындуу мен дагы,
Бириңди эмес, баарыңарды ойлопмун.
Бажырайган көзүңөрдү кыя албай,
Баарыңарды сүйгөн үчүн бойдокмун.

МЕНИН СҮЙҮҮМ
Менин сүйүүм ай-жылдызды кубалап,
Мээрим төккөн Күндөн ары уланат.
Мезгил менен сынайм десе Теңирим,
Менин сүйүүм миң кылымга чыдамак.

Менин сүйүүм Күн нурундай чачырап,
Менин сүйүүм жанар тоодой атылат.
Мезгил нугу башкачараак айланса,
Менин сүйүүм миң кылымга татымак!..

САЙГАКТАГАН БАЛАЛЫК
Жашоо – шамал, а мен болсо – камгактай,
Жашоо мени салган жолго айдактай.
Жарыкчылык балалыгым кечээги,
Жарыш кылып, качып жүрөт карматпай.

Качып жүрөт балалыгым карматпай,
Кайкып жүрөт камгак болуп калдактай.
Көпөлөк кууп, чыбык минип жүргөн кез,
Көзгө элестейт алы-ыс калган аймактай.

Элестерге алыс калган аймактай,
Ээ-жаа бербей мезгил болуп сайгактай.
Энтиктирип, алды жакка шаштырып,
Эртеңки күн алган экен айгактай.

Келечегим алган менен айгактай,
Кечээги күн эртеңиме алдатпай.
Көпөлөктү кууп өскөн күндөрүм,
Көпөлөктөй жүрөт мага жандатпай…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.