Ар бир жердин аталып калышы керемет окуяларга байланыштуу тура. Ошол сымал Ысык-Ата курортунун да ушундай аталып калышы бекеринен эместиги малым. Улуулардын айтканына караганда, бул жерге көбүнчө мергенчилер келип, анын сырын да адегенде мергенчилер баамдаса керек. Анткени тоолору караган-шактуу, өзөнү суулуу, аскалары адам жеткис бийик болгондуктан улам тоо кийиктери, ал тургай, аркар-кулжалар да мекендесе керек убагында.

Айтымда, бир мергенчи жаш баласын өзү менен кошо мергенчиликке ала келген имиш. Баласына кийик көрсөтмөкпү, жер көрсөтмөкпү, же ал атасына тамак жасап бермекпи, айтор, ушул Ысык-Ата суусу чыккан жерге келип калышат. Атасы кийик атып келип, ошол булак чыккан аймакка алачык тиге салып, эс алып отурат. Анан атасы:

— Балам, ары-бери басып карачы. Мобуларда булак бар өңдөнөт,- деп саздак жашыл шалбаалуу кайың-талдын арасын көрсөтөт. — Булак болсо суу апкел, чай кайнатып ичели…

Көнөчөктү көтөрүп, баласы кайың-талдарды аралап кетет. Барса, чын эле булак бар экен. Колу-бетин жууса, булак жөн булакка окшобойт, баланын колу чыдабай тургандай ысык экен.

Капырай, жердин өзүнөн ысык болуп чыгып жаткан булакка бала таң калып, адегенде чочуп кетет. Эмне дээрин билбей, элейип туруп калат. Арытан атасы «Суу бар бекен? Болсо, тез апкел!» деп кыйкырат. Ошондо баласы, ысык суудан көнөчөгүнө куя албай чочулап:

— Ысык… ата!…- дейт экен.

— Эмне дейсиң?- дейт түшүнбөгөн атасы.

— Суу ысык экен, ата!- деп кайра кыйкырат баласы.

— Ысык дегени эмнеси? – атасы да келет. Келсе, чын эле суу чала кайнаган суудай ысык экен.

Ошондон тарта бул керемет ысык суунун дарылыгын да билип, ошол аймактын эли аны «арашан булак» «Ысык-Ата» булагы деп атап калышкан экен.

Эл оозунан жыйнаган Сулайман РЫСБАЕВ
5-апрель, 2016-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.