Рыспай АБДЫКАДЫРОВ (1941-1994), композитор

Бир эле нота адам жүрөгүнүн туңгуюгундагы тынч сезимге дүрбөлөң салып кетиши мүмкүн.

* * *

Күйүп-бышып көз жашыңды төгүп, жүрөгүңдү канатып сүйсөң, ошонун ырахаты – азаптуу жыргал.

* * *

Биртууган болуш үчүн сөзсүз эле бир ата, бир энеден туулуш керек эмес.

* * *

Баардык эле адам сүйүүгө жөндөмдүү болуп туулбайт.

 

Өмүрбек АБДРАХМАНОВ (1948-ж.), саясатчы

Динге баш урган адам Меккеге, демократияга баш урган адам Вашингтонго сызат. Арийне, бул экөө ишенимден башка эч нерсе деле бербейт.

* * *

Тандаган саясатчың кандай болсо, демек өзүң ошондойсуң.

* * *

Сенин огородуңа мурунку кожоюн жана кошуналарың гана кызыгат.

* * *

Турмуш велосипед тепкениңдегидей кеп. Токтодуңбу? – бир нерсеге таянышың керек.

* * *

Нормальный адам кол алышканда адамдын көзүнө тиктейт, а мандеми барлар көзүн ала качып турат.

 

Алик АКИМАЛИЕВ (1957-2011), акын

Акын аба ырайына эмес, заман ырайына карап тирлигин кылган дыйкан.

* * *

Акын алма бак сыңары “мен – алмамын, келгиле, жегиле” дебейт, каалаган киши үзүп жейт. Арийне, отун же устундан башкага жарабаган мырза теректер бар, көк тиреп менменсинип турушат.

* * *

Акынсыз коомдун өзөгүн курт жейт.

* * *

Акын чекеге чыккан чыйкандай.

* * *

Дүйнөгө баткан поэзия гезиттин алакандай жерине батпаган заманда жашап жүрөм!

* * *

Өнөр куш сыяктуу.

* * *

Талант – бул кудайдын жазасы менен сыноосу.

* * *

Жүз грамм арак миллион генийдин түбүнө жетет.

* * *

Адамды эч бир жаман дебегиле! Адамды көрүп турган көзүң жаман, ойлоп турган оюң жаман, адамды жаман деген тилиң жаман!

* * *

Акынды ый бузбайт, сый бузат.

 

Дүйшөн ЖАПАРОВ (1957-ж.), акын  

Алайын десем, көмүр кымбат.

Албайын десем, өмүр кымбат.

* * *

Алдуу – акырекке коёт.

Алсыз – акыретке коёт.

* * *

Досторум келсе дудукмун…

Досторго барсам кудукмун…

* * *

Албасам дагы устакан,

Алганым кырдуу ыстакан.

* * *

Отурсак жалаң чай менен,

Очоёт төрдө кайненем.

* * *

Бүтүндүнү бүлдүрдүк,

Бүт дүйнөнү күлдүрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.