Дайыма бирге ырдап, бүтүндөй дүйнөнү дүң кылган үч залкар тенор: Лучано Паваротти, Пласидо Доминго жана Хосе Каррерастын касташып жүрүп достошкон баянын баары эле биле бербес.

Жада калса Испанияда бир да жолу болуп көрбөгөндөрдүн көпчүлүгү Каталония менен Мадриддин жашоочуларынын ортосундагы атаандаштыктан кабардар. Себеби каталониялыктар Испаниядагы автономия үчүн күрөшүшкөн. Атургай футбол боюнча негизги атаандаштар да – мадриддик «Реал» жана «Барселона».

Пласидо Доминго – Мадридде туулган, а Хосе Каррерас болсо – Каталонияда. Кайсы бир саясый себептерден алар 1984-жылы бири бирине душман болуп калышкан. Экөө тең бет карашпай калган деңгээлдеги душманга айланып тынышат.

Эки ырчынын тең контракттык келишиминде, алардын концерти кайсы бир өлкөдө бирөөсү чакырылбай турган болсо деле ырдап чыга беришери жазылган эле. Бирок 1987-жылы Каррерастын Пласидо Домингодон да алда канча олуттуу каршылашы пайда болду. Ал лейкемия (кыргызча ак кан оорусу) дартына чалдыгып калат!!! Ошондон тарта ал тынымы жок азапка салган оору менен күрөшүп баштайт. Кан алмаштыруу, жүлүндүн суусун которткон бир нече дарылануу курсунан өтөт. Ал үчүн ай сайын Америкага учуп туруу зарыл эле.

Ушундай абалга тушуккан Каррерастын айласы алты кетип, чыгармачылык түйшүктөн мурда каражандын амандыгын тиленип калат. Өзү чынжырлуу бардар адам экенине карабай самолет менен учууга, дарыланууга короткон чыгымдары аны чөнтөгү тешик бечаранын акыбалына жеткирет. Каражаты тумтак калбай калган кезде лейкемиядан жабыр тарткандарга жардам көрсөткөн Мадриддеги фонд тууралуу угат.

«Хермоз» фондунун жардамы менен Каррерас акыры ооруну жеңип, музыкасыз жашай албаган ырчынын ажайып үнү кайрадан жаңырып, кайрадан эле мурдагысындай акча уучтаган турмушуна жетет. Жеткенде да олчойгон гонорарларды ала баштайт. Хосе Каррерас фонддун ишине катышууга аракет жасап, уставы менен тааныша келсе эле «Хермоздун» уюштуруучусу, эң башкы демөөрчүсү жана президенти Пласидо Доминго болуп чыгат. Андан да кызыгы, бул фонддун максаты эң башынан эле оорулуу ырчыны колдоо үчүн түзүлгөндүгү маалым болот. Көрсө, Каррерастын (душманына жардам сурап кайрылтпас) намысына тийгиси келбеген Пласидо Доминго өзүнүн аты жытын атайын жашырып келген экен.

Пласидо Доминго үчүн такыр күтүүсүз да, таңгаларлык да жолугушуу Мадриддеги концерттердин биринде болот. Хосе Каррерас концерттин жүрүшүн бузуп, Домингонун алдына чөгөлөп, жарданган элдин көзүнчө мурдагы келишкис душманынан кечирим суранып, ыраазычылыгын айтат. Пласидо аны ордунан жөлөп тургузуп, Каррерасты бооруна кыса кучактайт.

Бул эки залкар тенордун керемет достугунун башталышы эле.

Журналисттердин бири Пласидо Домингодон эмнеге душманы үчүн «Хермозду» түзүп, өзү менен атаандаша ала турган жападан жалгыз ырчынын өмүрүн узартканын сураганда, ал кыска-нуска гана, мындай деп жооп берген: «Мындай үндөн айрыла албайбыз…»

Которгон Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.