ЭТЮД

Саздын жээги менен алма бактын ортосунан шаркырап чоң суу агат. Үйдө жалаң кыздар болгондуктан эркектин ишин аткарып, мал багуу менин милдетим. Жалпы койлордун кезүүсүн, анан үйдө калган козуларды кайтарчумун. Бир күнү козуларды кайтарып жүрсөм, жардын түбүнөн аккан сууга бир арык козу аттайм деп төмөн кулап кетип, суу менен агып жөнөдү. Мен чымылдап, жардан ылдый түшүп, суу жээктеп чуркап баратам, колумду сунуп коем же жетпейм. Ал адамча жалооруй тиктей агып эле баратат. Сууга боюмду таштайын дейм, корком. Акыры баягы козу бир бутакка илинип, жээкте туруп калды. Чуркап барып тартып алдым. Байкуш козу суудан чыгып эс алгандан кийин мени энесиндей ээрчип алды.

Ошол күндөн баштап кайда барсам ээрчичү болду. Менде ошондон баштап малга деле адамча мамиле жасаса болот турбайбы деген ой келди. Кайтарган козуларыма, торпокторума, итиме сүйлөп, кол менен жаңсап түшүндүрүп, эркелетип же урушчу болдум. Кечкисин жем жебей жаткан козуларды нары түртүп, өзүм жеп жаткандай аштоого колумду салып кытыратчумун. Ошондо жебей жаткан козулар мени түртүп, жемди талашып жеп киришчү.

Козуларыма Оля, Толя, Коля деген аттарды коюп алчумун. Аларды түшкүсүн сугарыш керек болгондо аттарын атап эле кыйкырып койсом, жарышкан бойдон чуркап келишчү.

 

Актерлордой сүйрөлгөндө

Бизде бир шукшуңдаган кунаажын бар болчу. Күндө бададан келатканда тосуп турган мени алыстан көрүп, качып жөнөчү. Аны тосом деп уйларды аралап жүрүп, канча уй мени сүзгүлөп кетчү. Кечке аны издеп жүрүп, түнкүсүн араң алып келчүмүн. Бир күнү анын кылыгы жанга катуу баткандыктан, эч жакка кое бербей эрте алып келем дедим да катуу качып бараткан уйдун куйругуна жармашып алдым. Аны менен кошо жарышып катуу чуркап баратып, жыгылып кеттим. Ошондо да колумду куйругунан кое бербей сүйрөлүп кете бердим.

Кийин ойлосом, кинодо атка сүйрөлгөн актерлордой эле болуптурмун. Акыры уйдун эси ооду, тык эле токтоп калды. Экөөбүз тиктешкен бойдон туруп алып энтигип дем алып атабыз. Менден кутулбасын билди окшойт, жоошуп үйдү көздөй басып берди. Аны үйгө эрте жарыкта алып келгениме бир кубансам, колу-буттарым тытылганын көрүп ыйлагым келди.

Короого киргизгенден кийин кылыгын айтып урушуп атам, урушуп атам, акыры таяк менен бир катуу чаап алдым. Күнөөсүн сезгендей башын жерге салаңдатып калды. Дагы бир күнү ал кунаажын карды ток туруп эле мөңкүп качты. Аркасынан кубалап барып таппай калдым. Караңгы кирип кеткен. Издеп жүрсөм апам келип калды. “Эмне аны кайдан табабыз?”, — деп зээни кейиди. “Мен аны билем, ал мүрзөгө кирди, азыр айдап чыгам” деп эле жөнөп кеттим. Апам коркуп, ошол жерде тура берди.

Мүрзөнү аралап жүрүп топ этип улам ылдый түшүп кетем, кайра чыгам, кайра түшүп кетем, ошентип жүрүп, уйду таап айдап келдим. Кийин ойлосом, маркумдар көмүлүп, үстү топурак, асты көңдөй болгон жерлерди басып алып кулап кетип, кайра чыгып жүргөн турбаймынбы.

Ошол уй шукшуңдап жүрүп кийин жардан кулап өлдү. Өкүнгөн жокмун, кубанып да кетпедим.

 

Бакалардын бакалооруна кептелип

Бир күнү кечинде козу кайтарып жүрүп үйгө келсем, колонкадан суу акпай, үйдө ичээрге суу жок калыптыр. Апам үйдөн чыкпаган кыздарына айтса деле, алар суу алып келиштен коркуп отурушуптур.

Суу чыкпай калганда саздын этегиндеги кудуктан алчубуз. Күүгүм кирип калганына карабай эки чаканы көтөрүп сазга жөнөдүм. Кудукка мына жетип суу алайын дегенде карасам толтура бакалар секирип келатышат. Тимеле жер жайнайт, басаарга жер жок. Айлана-тегерегимдин баары эле чуру-чуу, бакалардын үнүнө толуп чыкты. Каттым да калдым.

Саздан чыккан бакалар бутумдун түбүнөн өтүп, миң сандап айылды көздөй баратышат. Эңкейсем, кудуктун ичи да толтура бака. Эки жагымды карасам бир адам жок, суу алганы айылдан эч ким кудукка келбептир. Канча турдум билбейм, бир убакта өзүмө-өзүм дем бериш үчүн катуу кыйкырдым да аттап-буттап, бош чакаларымды калдыратып секирип жөнөдүм. Бакырып келатып бир-экөөсүн балчайтып басып алдым окшойт. Ошентип, суу албай үйгө келдим.

Биз сазга ойноп жүргөн учурларда боз бакалардан сырткары кызыл бакаларды да көрчүбүз.

Байчечекей гүлүн теребиз деп барып, саздагы майда суулардын жээгинде үстү үч кырдуу кыпкызыл бакалардын отурганын көргөндө колубузду акырын тартып алчубуз. Мектепте химиядан сабак берген Гүлсана эже бакаларды сойдуруп, практика өтчү. Санитардык милдетти аткарган ошол миңдеген бакалардын азыр кайда?

Эгемендик алганы кытайлардын келиши менен бакалар кафе-ресторандарга тамак катары терилип, жок болду окшойт…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.