(Ашым Жакыпбековдун чыгармачылыгы жөнүндө)

Таланттуу жазуучу, чыгаан котормочу Ашым Жакыпбеков адабиятка алтымышынчы жылдары келди. А.Жакыпбековдун муунун андан бир-эки жыл айырма менен КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин кийин бүтүрүп, көп узабай (алтымышынчы жылдардын башында) бири-бирине удаа алгачкы аңгеме, повесть жыйнактарын жарыкка чыгарышкан калемдеш курбулары М. Гапаров, М. Байжиев, К. Жусупов, К. Жусубалиев, А. Стамовдор түзөт. (Сөз ыңгайына жараша прозаиктерди гана атадык).  Бүгүнкү  күндө  бул  муундун  ар  биринин кыргыз адабиятында ээлеген орду бараандуу. Алардын ар кими чыгармачылыкта өз чыйырын, өз үнүн таба алышты.

А. Жакыпбековдун жазуучулук стилдик өзгөчөлүгү ошол замандаш каламдаштарынын жазуу ыкмаларынан калбаат эпикалык баяндоого ык салган жөнөкөй, басмырт стили менен айырмаланып турат. Анын чыгармаларынын нака элдик тилдин маңыздуу ширесине каныккан ар бир сабынан, сүйлөмүнөн, деталынан улуттук рухтун (улуттук дүйнөтааным, улуттук сезим-туюм, улуттук кабылдоо ж.б.) деми келет. Жазуучунун табиятына таандык дал ушул өзгөчөлүк, тактап айтканда, ага табият тарабынан өз элинин тили, деми менен ажырагыс жуурулушуп, таберик болуп тартууланган жазуучулук таланты, жазуучулук тили, көркөм стили ошондой эле аны кыргыздын канынан, жанынан бүткөн улуу «Манас» эпосу менен тогоштурду. Эпостун улуулук руху менен көркөмдүк күчүн төгүлтпөй, чачылтпай карасөз түрүнө салынган «Теңири Манастын» башка эмес, Ашым Жакыпбековдун калеминен жаралышын табигый дал келүүчүлүк жана мыйзамченемдүүлүк деп түшүнсөк болот.

Жогорудагыдай  башталып  калган  сөз  учугуна ылайык Ашым Жакыпбековдун чыгармаларынын ичинен эс-жадыга биринчи болуп анын «Айгашка» (1960) аттуу аңгемеси келет (Бул аңгеме хронологиялык жактан да жазуучунун алгачкы аңгемелеринен). Аңгемеде жазуучу өзүн улуттук мүнөз түзүүнүн мыкты чебери катары көргөзө алган. Аңгемеде улуттук мүнөздүн айкыныраак үлгүсүн алып жүрүүчү карыя адамдардын катышкандыгы же кыргыз баласы төрт түлүк малдан өзгөчө урматтап жакшы көргөн жылкы, күлүк ат жөнүндө сөз болгондугу башкы себеп эмес. Кыргыз адабиятынан кыргыз карыясы менен аттын катышын жетишээрлик эле учуратууга болот. Ушундай эле каармандар орус, түркмөн, грузин ж.б. улуттук адабияттарда да бар. Кеп – жазуучунун шакирттеринин бири А.Токтомушев устаты А.Жакыпбеков жөнүндө эскерүү макаласында: «Кудай берген даргөйү кыргыз болчу, анан адабият, «Манас» болчу. Кыргызча сүйлөм курганды, кыргызча ойлонгонду үйрөттү эле бизге» – деп жазганындай («Кыргызстан маданияты», 1994. – 7-июнь) «Айгашканын» көркөм образдар системасын түзүүдө автор каармандарына жазуучу катары нукура кыргызча мамиле түзүп, нукура кыргызча ой жүгүртүп, улуттук мүнөздөрдү түзө алгандыгында.

«Ат – адамдын канаты» деген кыргыздар. «Манасты» айтса Аккуланын орду бар, Эр Төштүктө Чалкуйрук жаныбар, теке жоомарт Телторусуз Курманбектин согушка кириши – кыргыздардын күйүтү. Кыргыздар байыртадан берки оозеки чыгармаларында жылкынын, айрыкча күлүктөрдүн сынын не бир көркөм, ширин сөздөр менен сыпаттап ыр, поэмаларды, баян, уламыштарды жаратып келишкен. Көчмөн турмушунанбы, кыргыздар керегинен ашыкбаш жалтырак-жултуракка, жансыз эмерек, буюм-тайымга кызыккан эмес. Аны «өлүү дүйнө» деп, жаныбар малга артыкчылык беришкен. Учурашса «мал, жан аманбы?» деп учурашып, төөсү ботолосо жоолук салып, жентек берип, мал сойсо мууздаганда «менде азык жок, сенде жазык жок» деп кечирим сураган. Дал ушул улуу муундун кан-жанына сиңип калган, байыркы ата-бабадан келаткан касиет, сапаттар, тактап айтканда ал сапаттар менен кийинки, отурукташкан, техникалык жетишкендиктерге артыкчылык бериле баштаган коомдун жаңы муунун пайдакеч прагматизмдин кайчы келиши – А. Жакыпбековдун «Айгашка» аңгемесинин идеялык-тематикалык мазмундук уюткусун түзүп, көркөм чагылышка ээ болгон.

Илимий-техникалык прогресске бараткан жолдо керектөөдөн чыгып калып жаткан материалдык жоготуулар менен кошо ошондой эле улуттук уңгулуу жакшы салт-санаалар, этика-эстетикалык баалуулуктардын да жоголуп жаткандыгы аңгеменин башкы карманы Кылычбек карыянын күлүк атка болгон сүйүүсү заманга туура келбей, Айгашка күлүгү менен кош айтышышыка аргасыз болуп, бейпайга түшкөн абалы жана анын уулу Сарыбектин образдары аркылуу көркөм баяндалат.

Кылычбек – кыргыздын нечен кылымдык акыл-эсин, тажрыйбасын бүтүн боюна сиңирип турган идеалдуу образ – Бакайдай даркан акылман, көсөм деле эмес, айылдагы көп карынын бири. Малга «кароолук» анын канында, өзү менен кошо бүткөн сапат. Кылычбек турмушуна ыраазы. Очор-бачар болгон улуу уулу Сарыбек колхоздун майда активи болуп иштеп жүрөт. Кезекти уулуна өткөрүп берген ал эртели-кеч малга тээк болуп үйүндө.

«Элдин көбү менчик ат багып, базар-учарга, айыл-апага алчыланта минип жүрүшкөнүн, кээ биринин күлүк чыгып майрам-тойлордо кадимкидей таптап, байгеге чаап жүрүшкөнүн көрүп, Кылычбектин көптөн бери бүйрү кызычу. Акыры учуру келген бир жазда, жылкынын наркы кырк тоок болуп калганда жалгыз саан уюн берип, колхоздон кулундуу бээ алды. Жылкы ферманын кулкунуна бирдеме сала коюп, бээни атайы күлүктүгү менен даңкы чыккан асыл тукум күрөң айгырдын үйүрүнөн тандады.»

Кылычбек үчүн Айгашка өзгөчө бүткөн мал. Күлүк ат өзгөчө бир сезимдин, өзгөчө бир кумардын «генератору», суктануунун объектиси сыяктуу. Күлүк менен жоргонун жүрүшүн көргөн кайсы гана кыргыз бүйрү кызып, көзү күйүп, көңүлү толкубаган. Турмуш-тиричиликтин күнүмдүк керектөөлөрү үчүн күтүлчү малга салыштырмалуу күлүк атка карата көз караш таптакыр айырмалуу. Ага баа көңүл жагдайынан берилет. Албетте, «жакшынын жакшы билээр баасын» демекчи, жакшыга баа барк-бааны билген адам, анан барып көпчүлүк тарабынан берилип, ал эми жеке мамиледен улам түзүлчү барк-баа буга кошумча үстөк болот эмеспи. Кылычбек Айгашканы кулунунан баладай бапестеп бакты. Өзүндөгү, ата-бабасынан жаны-денине өткөн атка болгон бардык сүйүүсүн ушул Айгашкасына арнады. Бирок тилекке каршы, анын сүйүүсү уулу Сарыбектин заңгыратып үй салып, жаңыча маданияттуу жашоого умтулган аракетине (бул ниет деле жаман эмес), ал аз келгенсип сүт бербеген, жүн бербеген, күч-унаа катары жаңы техникага дегеле чендебеген кирешесиз жылкы чарбасын кыскартуу жөнүндөгү мамлекеттик (хрущевдик) жаңы саясатка (бул саясаттын деле одоно катасы жок) кайчы келип отурбайбы. «өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат» деген ушул эмеспи.  Кандай кылуу керек?..

Автордун дал ушундай конфликттик ситуацияны түзүүдөгү башкы максаты, албетте, бир багытты жактап автордук позициясын билдирүү же үч багыттын эч бирин  таарынтпаган «рационализатордук» сунушун айтуу эмес, көркөм мүнөз түзүү. Түзүлгөн конфликттик кырдаал автордун чыгармада айтайын деген оюнун, берейин деген идеясынын ишке ашышынын бирден-бир жолу, ыгы.

Конфликттик кырдаалды чечүүдө автор шашпайт. Калыска түшкөндөрдүн кеп жүйөөсүн угуп, улам бирин салмактап акыл калчап, баш ийкеп отурган нарктуу карыдай сыр билгизбей, талашка түшкөн тараптардын эч кимисин жактабай да, жектебей зымырая токтоо баяндайт. «Нейтралдуу» автордук баяндоолорго салыштырмалуу каармандардын диалогдору бөтөнчө эмоционалдуу-экспрессивдүү, динамикалуу. Бөтөнчө, иштин натыйжасын «бирге бирди кошсо эки» болоруна көзү жеткендей айкын көрүп турган Сарыбек өзүнүн «акыйкатына» бекем ишенип, улам үстөмөндөп чакчырылат. Алгач, ат чабышта Айгашка чыкпай калганда «Кыш жакындап келатат, тамга кирип алсак болот эле…» деп кыйытып баштаса, кийинки жолкусунда «Айгашканын байгесин мага калтырдыңарбы?», «Ыя, кудай уруп дагы чыкпай калган го дейм?», «Алда байкуш Айгашка, күнү бүткөн тура…» деп таба аралаш  какшыкка өтөт. Ал ансайын калыстык алдында өз «акыйкатын» далилдей албаган Кылычбек карыя «Сарыбектин табалаган заар сөздөрүнө кабылгыча көз көрбөс, кулак укпас, башка бир жакка кетип калгысы келет. (Аты байгеге илинбей калган мааракеден кайтып келе жатып – А. К.). Бирок аттын башын бура албайт. Талаадан козуларды жамыратып жиберип, үйдөн тил угарына заарасы житип бараткан жетим балача аргасыз кете берди».

Аңгеменин жүрүшүнөн А.Жакыпбековдун чебер психологдук жазуучулук таланты айкын көрүнөт. Автор каармандын көркөм мүнөзүн түзүү, психологиялык абалынан кабар берүү үчүн сюжеттин өнүгүшүнө тиешеси аз көрүнүштөрдү «чебер психологдук» менен тизмектей бербейт, ошол эле учурда сюжеттин өнүгүүсүнө түздөн-түз тиешеси бар, керектүү  майда-бараттардан кыя өтпөй, жазуучу тарткан портреттик, пейзаждык штрих-деталдар, келтирилген диалогдор, салыштыруулар образдуу психологизмге, терең идеялык-көркөмдүк маани-маңызга каныктырылган. Буга мисал катары аңгеменин ар бир абзацын, ар бир окуясын тандабай эле чекесинен келтирип, маашырлана сөз кылууга болот. Биз ошолордун ичинен ат ээси Кылычбек менен саяпкер Осмондун Айгашканын байгесин бөлүшө албай жаңжалдашканын сүрөттөгөн кичине эпизодго кайрыла кетели. Акыры Кылычбек карыянын көптөн күткөн тилеги орундалып Айгашкасы ат чабыштан чыгып келди. Байгеге бир радиоприемник, бир тай, элүү сом тийген. «Ырас, элүү сомду алардын колуна тийгизбей соогат дешип, арака суусаган жигиттер жулуп кетишкен. Чатак калган радиоприемник менен тайды бөлүшүүдө болду. Осмон айтат:

– Муногу радиону сен ал, балдарыңа эрмек болот, бул жылкы баласын мен мал кылып алайын. Макулбу, ошентели.

Ага Кылычбек көнбөйт, радиоприемникти өлүк буюм деп жактырбайт, тайды көзү кыйбай кыйылат…». Бир караганда байгеге радиоприемник менен тайдын коюлушунда эч кандай «шумдук» жок. А бирок сюжеттин идеялык-тематикалык багытынын өнүгүүсүндө, образдар системасында сөзсүз көңүлгө алынчу бир штрих, деталь. Тай, радиоприемник – булар эки доордук түшүнүктү чагылдырган атрибуттар сыяктуу. Эки карыя тең (же болбосо чыгармадагы улуу муундун өкүлдөрү) «өлүү буюмга» караганда «көзү бар» малды артык көрүшөт.

Жазуучу Кеңеш Жусупов «Айгашка» аңгемесин повесть деп атаар элек. Мындай баркка бардык жагынан төп келип турат», – дейт. К.Жусупов бекеринен минтип айтып отурган жери жок. Себеби, аңгеменин идеялык-көркөмдүк проблематикасы, андагы жазуучунун образдуу ой жүгүртүүсүнүн масштабдуулугу аны көлөмдүү жанрдын чегине жакындатып турат.

Ой жүгүртүүнүн масштабдуулугу албетте, Айгашканы союу же колхозго сатууга байланыштуу маселеде эмес, ал аркылуу чагылдырган дүйнөлүк адабиятта небактан өрүш алып келген ата-бала проблемасынын, мезгил, доорлордун алмашуусу менен кошо муундардын, алардын дүйнөтаанымдык түшүнүктөрүнүн алмашуу проблемасынын чагылышынан көрүнөт. Жазуучу ата-бала проблемасын Тургеневче эмес, Жакыпбековчо, кыргызча (улуттук кыртышта дегенибиз) чагылдырат. Күз менен жаздын алмашуусундай эле үйдөгү бийлик табигый түрдө байкалбай Сарыбекке өтө баштаганда, Сарыбек атасын ийге келтирип, өз оюн ишке ашырыш үчүн алгач салт-санаага ылайык атасынын курбулары Турсунаалы, Жумагул карыяларды кеңешке чакырып, атасын кепке келтирмек болот.

Бул тилеги ордунан чыкпай, ал ортодо Кылычбек эбепке-себеп  болуп айтылуу саяпкер Осмонго атын таптатып, Октябрь майрамына аралаш ат чабышта Айгашка кырк үч күлүктүн ичинен үчүнчү болуп чыга келип, ээсине намыс алып берди. (Чабандеси мажирөө болбогондо биринчи чыгып келиши да ажеп эмес эле.) «Жалаң үйдүн борумун жарым күнү ырдаган» дегендей, күлүк сыны, ат чабышка келгенде А. Жакыпбеков карасөздө алдына адам салбас кара жаактын бири экенине аңгемени окуган  окурман айныксыз ынанбай койбойт. Автордун «Ат» дегенде Кылычбектен кем эмес кумарпоз, Осмондон кем эмес сынчы-саяпкер экендигин байкайт. Айгашканын жарышта мөрөй алышы менен анын айланасындагы тай-талаш бүтүп калбады. Эми Айгашкага Сарыбектен да өктөм доогер чыкты. Ал доогер – доор талабы, коомдук аң-сезимди аныктоочу бытьенун талабы. Техникалык прогресстин заманында күч-унаа катары техникага чендебеген, сүт бербеген, жүн бербеген кирешесиз чарбага айланган жылкы доордун талабына ылайык өз ордун техникага бошотуп бериш керек.

«Элдеги менчик аттарды колхоз сатып алаары кеч күздө биротоло аныкка чыкты. Кылычбектин айласы ошондо чындап кетти. (…) Кылычбек ары ойлоду, бери ойлоду, акыры колдон кетээри болгон соң деп бир эсептен Сарыбектикин да тура көрдү. Бирок Айгашкасынын кызыл-ала болуп союлуп жатканын, учасын өзү мүлжүп отурганын элестеткенде бүткөн бою дүркүрөп, төбө чачы тик турду, аны көргүсү келбеди, андан көрө көрбөйүн, колхоз алсын деди…».

Бирок көңүлү түтпөдү. Түн жамынып качып берди. «Казак туугандарга барып, бир айга жатып алайын, кантер экен колкосуң. Чаап алат дейсиңби… жадаганда кайра өзүмө калтырышаар…»

…Туура өткөн жолго жетип калган белем, аңгыча те төмөндө дүмпүйгөн дөбөчөнүн далдасынан балбылдап жанган эки көз жарк этип чыга келди. Кылычбектин денеси муздап, жүрөгү шуу этти. Куугунчу каршы алдынан чыккандай болду. «Кудай, өзүң сактай көр!» – деп, алдыдан туш келген жылгачага кирип аттан түшө калды. Машиненин дүрүлдөгөн үнү  угулду. Эки көзү чачкан жарык түндү көзөп, качкын издеп жүргөндөй тыякка-быякка соймоңдойт:

– У, көзүңө балээ келгир!.. – деди Кылычбек күбүрөп. Эки тизеси майда калтырап турду.

Машине өтүп кетти. Артында дагы бирдемеси келатпасын деп, ал дагы бир азга күтүп турду да, эчтеме көрүнбөгөн соң, анан аттанды. Жанагы жан жыргаткан эркиндик жылгада калып калгансыды. Кылычбек куугундан качып бараткан уруунун абалына түштү. Көңүлү уйгу-туйгу болуп, ындыны өчө баштады. «Кайда баратам?» – деген суроо мына ушунда башына кирди.

Канча убакыт жатты билбеди, бир маалда:

– Оо, ууру-у!.. –  деген каардуу кыйкырык чыкты.

Кылычбек чочуп кетти, ордунан атып турду. Куугунчулар байкатпай курчап алгандай жүрөгү оозуна тыгылды. Алактап чар тарабын тегерене карады. Те төмөндө анын барар багытын кесип, чиркелишкен жылдыздуу тамдар жылып баратат.

– өх, атаң көрү… – деп үшкүрүп жиберди Кылычбек. Боюс турбайбы.

Ал кайра отура албады. Түн чүмкөнгөн ээн талаа да ага жай бербеди. Ал атына минди да, эми кайда барарын билбей делдейип турду…».

Автор чыгарманы алгач пландаштырганда эле аркан учун алыс таштаганы, алдыда айтылып өткөн аңгеме жанрынын чегине сыйбаган образдуу ой жүгүртүүнүн масштабдуулугу ушул жерден башталат. Машине, поезд – мына Айгашканын түпкү жоолору, жоолашуунун социалдык тамыры, философиялык тануу закону. Бирок минтип айтуу да алабармандык болор. Анын үстүнө ат менен техниканы карама-каршы коёюн деген ниет автордо дегеле жок. «Бейкүнөө» машине менен поездде эмне жазык. Ырас, алар ат аткарчу милдеттин көбүн өзүнө алып, адамдарды атка болгон «көз карандылыгынан» бошотту. Анткен менен алар «же мен, же ал» деген проблеманы коюп отурган жери жок ко?.. Кирешесиз чарба десе эле жер шартын, элдин турмуш-тиричилик жүргүзүү өзгөчөлүгүн эске албай «бөрк ал десе, баш алып кирген» адамдардын өзүндө болуп жүрбөсүн?.. Жаңы дос күтөм деп, эски досун садага чапкан, жаңыча жашайм деп, кечээгисин эстебеске тырышкан жеңил ойлуулукта болуп жүрбөсүн? (Жылкы чарбасын кыскартуу саясатынан кийин жакшы ырдын терс кайрыгындай (пародия) ат үстүндө өзүн эр жигиттей сөөлөттүү сезчү далай тоолуктун күнү мурда теңине албай, думана менен жаш балдардын эрмегиндей көргөн эшекке түштү го!..)

Чыгармага кайрылалы: «Колхоз аттарды четинен алып кирди. Аны көргөндө Кылычбек торго түшкөн балыктай тыбырчылады. »Бул эмне кылганы, тоо эли атсыз кантип күн кечирет, жадегенде Айгашкадай күлүктөргө тийбесе боло!» деп ызаланды, туталанды».

Чыгармада мындан башка «ат алуу» саясатын айыптаган сүйлөм таппайсыз. А бирок Кылычбек менен Айгашканын тарыхын баяндаган чыгарманын жалпы тулкусунан окурман Кылычбектен Айгашканы тартып алуу адилетсиз экенин, аны менен катар ата-бабасы ат үстүндө торолуп ат үстүндө өмүрүн өткөргөн тоолуктарды атка болгон сүйүүсүнөн айрылтуу  айрым бир руханий бөксөрүүлөр менен коштолоорун туят. Жазуучунун Айгашка менен Кылычбекке болгон боор толгоосу билинбей окурманга өтөт. Көркөм чыгарманын максаты да тигил же бул көрүнүшкө, саясатка, партияга каршы жазылган илимий негиздүү же оппозициялык маанайдагы публицистикадан айырмасы да ушул эмеспи.

Аңгемедеги окуянын сюжеттик өнүгүүсүнүн чыңалуу чокусу (кульминациясы) болгон Кылычбек карыянын Айгашкасынан ажырашуусу бөтөнчө драмалуу, символдук, метафоралык жышааналарга өзгөчө карк сүрөттөлгөн. Андагы ар бир сөз контекстке карай муңайыңкы эмоционалдык боекко, күүгө каныктырылган. Көркөм тексттин кульминациялык бөлүгүндөгү  бул касиетин «төкпөй-чачпай» жеткириш үчүн кайрадан чыгарманын өзүнө кайрылууга аргасызбыз. «Канталап кызарып, күндүн көзү көрүндү. Үйдөгүлөр туруп, ар ким өзүнө тиешелүү тирилик менен күймөндү. Кылычбек атын токуп жатты, карбаластап шашканы менен кыймылдаганы алсыз, жай. Көп жылдан бери сандыкта жаткан күмүш жабуулуу көмөлдүрүк, куюшканын алдырып такты. Айгашка алчыланып көркүнө чыга түштү. Кылычбек үч кадам кетенчиктеп, аны бир азга тунжурай карап турду да, анан ийининен тынды.

үйдөгүлөр чайга отуруп калышкан эле. Кылычбек кирип, жаңы чепкенди кийди, кадада илинип турган камчысын алды.

– Күн чыкпай кайда жөнөдүң? Чай ичсеңчи, – деди кемпири.

«Айгашканы колхозго берем» деп оң эле жооп бермекчи болду ал, бирок каңырыгы түтөп, унчуга албай чыгып кетти.

Айгашканын дүбүртү алыстап барып өчтү. Сарыбек күлүп калды.

– Жарыктык алжыганын кара. Атын өткөргөнү баратат да, жасалгалап токуп алды. Аны кайра жөө көтөрүп келеби.

– И, баса, жана эмне айтпадың… – деп өкүнүп калды апасы.

Сарыбек жумушуна аттанганы жатканда Кылычбек Айгашкасын минип, кайра келди. Аттан түшүп, чылбырды ыргытты.

– Ме, өзүң алпар. – үнү каргылдана түштү. Мен… болбойт экен.

Бурулуп карабастан үйүнө кирип кетти.

Сарыбек атасынын артынан элее карап кичине турду да, таңдана жылмайды. Анан Айгашканын үстүнөн ээр-токумун сыйрып таштады, атына минип, аны коштоп жөнөп кетти».

Психологиялык планда алып караганда күндүн көзүнүн «канталап кызарып» көрүнгөнү, Кылычбектин Айгашкасын ажырашар алдында жасалгалап токуп алып, «үч кадам кетенчиктеп, аны бир азга тунжурай карап туруп, анан ийинине тынышы», суроого жооп бере албай «каңырыгы түтөп, унчуга албай чыгып кетиши», орто жолдон кайтып келиши, ушунун бары «Сынган бугу» күүсүнүн муңканган кайрыгындай угулуп, каармандын жан дүйнөсүндөгү жапаны баяндап турат.

Бул муңканган күү ушуну менен токтоп калбайт, бастап барып кайрадан күч алат. «Күйүккөндөн каны бетине тээп, кара-көк болуп түтөп, тери мойнуна куюлуп, Кылычбек Сарыбекке айыл чети көрүстөндөн жетип токтотту. Башка сөз сүйлөй албай күшүлдөп: «Ой… ой…» дейт.

– Дагы эмнени чыгардың? – деди Сарыбек үлүрөйүп.

Кылычбек анын үлүрөйгөнүнө көңүл бурбады, түз эле келип, Айгашканын мойнуна артылып, бир тынымга шалдырап турду. Анан демин баскан соң:

– Кудай урганда, тарс эстен чыгарган турбаймбы, – деди аттын жалжылдаган көзүн тиктеп, аны менен гана сүйлөшүп жаткансып.

– Эмне келдиң? – деп Сарыбек чыдамсыздана кайра сурады.

Кылычбек анын суроосун укса да түшүнгөн жок. Маңыроо түр менен бир карап алды да, Айгашканын башын кучактап, эки манжасын анын ууртуна салды. Ошондо муңкана  сүйлөдү:

– Айланайын асылым, кетип баратасың… Ырыс кешигиңди таштап кет, асылым… Аттын шилекейин алып жалады. Анан макисин кынынан сууруп чыгып, ыйык жалынан бир талын кесип алды.

Сарыбек кабагын чытыды:

– Болдубу? – деп корс этти да, аттын башын бура тартты.

Кылычбек жалдырай тиктеп туруп калды. Көзүнө ысык жаш тегерене түштү.

Сарыбек узап кетти. Арттан машине дүрүлдөгөндөн Кылычбек жол четине чыгып отурду. Машиненин чаңы басылганда соорусу күнгө жалтылдап, куйругу булактап, коштоодо бараткан Айгашка кайра көрүндү. Андан көз айрыбай телмирген Кылычбектин жүзүнөн эки салаа болуп аккан жаш сакалына житип жатты. Дагы бир машине өттү. Анын чаңы басылганда Айгашканын карааны кайра көрүнбөдү.

Тунжураган мүрзөнүн жанында тунжураган Кылычбек отура берди».

Муңканган күү акырындап алыстап, тунжураган тынчтыкка сиңип кеткендей. Ашым Жакыпбековдун бул жердеги сүрөткерлик чеберчилиги ушунча, окурман үчүн сөздөр күүгө айланып, күү сүрөткө куюлуп, кайрадан сүрөт күүгө, күү керемет сыйкырдуу сөздөргө өтүп жаткандай сезим жаратат. Келтирилген үзүндүдөгү акыркы эки абзац – андагы Айгашканын караанын көрсөтпөй чаңы менен жаап калган машиналар, тунжураган мүрзөнүн жанындагы тунжураган Кылычбек, ачык мазмундуу фактылык билдирүүлөр менен катар татаал символдук – метафоралык жышааналык ассоциациялардын тутумунан турат. Көркөм чыгарманын көркөмдүк касиет-сапатынын бирден-бир белгиси да анын түз логикалык байланышка эле эмес ассоциативдик байланыштарга таянгандыгында эмеспи.

Айрым көлөмдүү чыгарманы баштан аяк окуп чыгып, анын башкы каарманынын ким экендигин билбеген бойдон калган учурлар көп эле болот. Мындай учурда көркөм мүнөз түзүлбөгөн. Ал эми А.Жакыпбеков чебер психолог-сүрөткер катары эпизоддук каармандарынын элес, мүнөзүн так, таамай тартат. Аңгемеден биз Кылычбектен башка үч түрдүү мүнөздөгү карыялар – өктөм мүнөз саяпкер Осмон, салабаттуу, токтоо Турсунаалы, мүнөзү жеңил, чырга жакыныраак Жумагул карыялардын ташка тамга баскандай элестүү образдары менен кезигебиз. Жазуучу өзү тараптан каармандарынын эч бирине алдын-ала мүнөздөмө бербейт, кылган-эткендерин комментарийлебейт. Бирок жазуучу көркөм сөздү пайдалануунун сырын, ыгын жакшы билгендиктен чыгармадагы окуя, көрүнүш, каармандар өзүлөрүнүн ким? эмне? экендигин өздөрү ачып беришет.

Мисалы, акыркы эле эпизоддогу Сарыбектин образын алып көрөлү. «Жарыктык, алжыганын кара. Атын өткөргөнү баратат да, жасалгалап токуп алды» деп күлүп калганы, «Ме, өзүң алпар» деп каргылданып үйүнө кирип кеткен атасынын артынан «элее карап кичине туруп, таңдана жылмайганы», Айгашкасы менен акыркы ирет жол-жобосу менен коштошуу үчүн аркасынан күйүгүп жетип келген атасына «эмне келдиң?», «болдубу?» деп корс эткени Сарыбектин адамгерчилик сапатынын кандайлыгынан кабар берип турат. Сарыбек тиричиликтин сары эсебине кыйын болгону менен башка бирөөнүн жан дүйнөсүн түшүнүүгө калганда керең, таш боор экендигин көрөбүз.

Демейде, ар нерсенин барк-баасын билээр нарктуулук, көсөм көрөгөчтүк нечен жаңылып-жазган жеке турмуштук тажрыйбалардан улам барып топтолчу касиет. Жаштыктай күр-шар этпей, ойго-тоого чапкылабай, түмөн сырын ичине катып, калбаат мелмилдеп акчу дарыядай нарктуулук, көсөм көрөгөчтүк жазуучунун дал ушул жыйырма беш жаш курагында жазган, алгачкы аңгемелеринин бири болгон «Айгашкадан» эле байкалат. Жазуучу элибиздин салт-санаасын, улуттук психологиясын, сөзүн, эби менен өз ордунда, өтө кылдаттыкта, так, таамай дасыккан жазуучудай, устаттыкта көркөм максатка ыктуу пайдалана алган.

«Айгашка» – кыргыз адабиятындагы төрт тарабы төп келген мыкты чыгарма. Бул чыгарма боюнча көркөм чеберчилик маселесине байланыштуу ар кандай багытта сөздү уланта берүүгө болот.

Жазуучу өзүнүн өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндөгү бир маекте: «Айтор, эпоско катуу берилип алдым. Башка эч нерсеге алаксыгым келбейт, кээде аңгеменин, повесттин ойлору келип калат. Жазгым келет. «Жок болбойт» дейм. Азыр бардык ойду, сезимди, күчтү, убакытты эпоско жаңы өмүр берүүгө арнашым керек. өмүрлүк чыгармачылык максат деп 1959-жылы «Айгашкадан» баштадым элем, анын темасы менин өңүмдө да, түшүмдө да оюман чыкпайт. Өмүр болсо, улуу арбактуу «Манастын» жумушун биротоло бүтсөм, «Айгашканын» – кыргыздын ат үстүндө жүргөнү жөнүндөгү темасын улантмагым ойдо. Жөө жүргөн кыргыз жөөттөн жыгылып, атчан кыргызды арстан алып көргөн эмес… Миң жылдап Алтай менен Ала-Тоонун ортосунда жапайы арстандай болуп бороондой бурулдап, шамалдай шуулдап жүргөн ата-бабаларыбыздын арбагына дайым кулдук урам» деген эле.

Келечек план жазуучунун арабыздан эрте кеткенинен улам иш жүзүнө толук ашпай калса да, «Айгашка», «Теңири Манас» жана башка чыгармалар менен Ашым Жакыпбеков өзү айткан ата-баба арбагы алдында атуулдук, жазуучулук парзын абийирдүүлүк менен аткарып, келечек урпактарга баалуу мурас калтырып кетти.

* * *

А.Жакыпбековдун басмадан жарык көргөн биринчи чыгармасы – «Бул кандай сезим эле?» аттуу аңгемеси. («Ала-Тоо», 1959, № 1. Бул кийинки жыйнактарына «Салима» деген ат менен киргизилген). Аңгемеде он үч жашар өспүрүмдүн алгачкы аруу, наристе сүйүү сезими баяндалат. Таланттуу акын Турар Кожомбердиевдин «Жылт этип алгачкы чыйырчык,/ Жыт барбы айдоонун жытындай,/ Жаз азыр турумсуз кубатсыз,/ Ак чыйбыл козунун бутундай» деген саптарындагы эрте жаздын элесиндей тумсак наристе сезимдин жаралышы автор тарабынан өзгөчө сүйкүм менен өтө кылдат, психологиялык тактыкта ынанымдуу сүрөттөлүп берилген. Жазуучунун бир топ аңгеме, повесттеринен кийин 1969-жылы жарык көргөн «Улуу тоо», «Көздөн учкан ак кайык» аңгемелерин ушул «Салима» аңгемесине кошуп, бир тематикалык мазмунду уланткан аңгемелердин цикли деп айтууга болот.

Аңгемелердин ошондой эле үчөөнө жалпы таандык башкы карман бириктирип турат. Үч аңгеме тең биринчи жактан, лирикалык каармандын (Алым) баяндоосу менен түзүлөт. «Көздөн учкан ак кайыкта» лирикалык каарманыбыз Алым көл жээгинде эс алып жүрүп, бир кездеги наристе сезимин ойготкон Салиманы көрүп ажайып балалыгын, башкача айтканда «Бул кандай сезим эле?» аңгемесиндеги окуяны кыскача мындай эскерет: «Салима! Чын эле ушул сенсиңби? Теңге чөпкө конгон ак көпөлөк тариздүү татынакай кичинекей, апакай кыз сен белең. Алтынчы класста экөөбүз бир партага отуруп окубадык беле?.. Балдар бизди бирин бири сүйөт деп тамашалашчу эле. Ага арданчу элек, айрыкча мен. Ортобузда чын эле кандайдыр сезимтал жакындык бар эле. Бирок аны сүйүү деп оюбузга да, оозубузга да алган эмеспиз. Ал бир өзүнчө жүрөктүн толтосун ысыткан жагымдуу сезим эле…».

«Улуу тоодо» болсо лирикалык каармандын жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийинки жетилген курагы, турмуштан өз ордун, өз жолун табууга болгон далалаты камтылат. Сыртынан караганда бул үч аңгеме тең лирикалык каармандын ак-караны түшүнүү үчүн болгон аракеттеринин тизмегинен тургандай элес калтырат.

«Улуу тоодо» институтту бүткөндөн кийин үч жыл шаарда туруп, күн кечирип өтүп жаткан турмуш абалына ыраазы болбой айлына көчүп келген, өспүрүм кези «Салимадан» бизге тааныш лирикалык каарман менен жолугушабыз. Аңгемелерде ретроспективдүү баяндоолор басымдуулук кылат. Жазуучу өткөн чак менен, учур чакты эриш-аркак пайдаланат. Ойчул, кыялкеч лирикалык каарманыбыз улам өткөн окуяларга кайрылып, анализдейт, турмуштун адилеттиги менен адилетсиздигинин диалектикалык карым-катышы жөнүндө ой жүгүртөт. Анда өзүн өзү сындоо күчтүү.

Ушул аңгемелер циклинен автордун жеке личносттук табияты, турмуштук тажрыйба, позициясынын, тагыраак айтканда, автобиографизмдин катышы көбүрөк байкалат. Автордун жазуучу катары чыгармасына «бир мертебе да калп айта албаган», жасалмалуулуктан жаа бою качкан чынчылдыгы көрүнөт. Анын каарманы кийиктер жүрчү бийик тоодо жүрүп, мергенчилер кылымдан бери басып жүргөн кыя жолду жерип, өзүнчө жол издеп, тике чыгам деп аз жерден кырсыкка кабыла жаздады; өзүн адилеттиктин жактоочусумун деп эсептесе да, эң эле жакын жолдошу Кадыраалынын жанбакты, эпчил «философиясына» дурусураак кеп кайрый албайт; бир кезде жылт этип тутанып, бирок жалындап от ала албай жүрөктүн түпкүрүндө сакталып калган сезимдин «күнөөкөрү» Салиманы узаткандан кийинки, символикалуу мааниси бар, элсиз жээкте унут калган жалгыз кайыкты да лирикалык каарман «эрктүүлүк күчүн далилдеп» кууп кармап келе албады. Баш каармандын болгон эрдиги – турмуштук тажрыйба топтоо менен катар, өзүнүн адилеттике болгон ишениминен тайбагандыгы, өз чындыгынан, принциптеринен танбагандыгы. А ушунун өзү да аз эмес.

Бул аңгемелер цикли көркөм-психологиялык планда бир кыйла чың, кызыктуу жазылса да кыргыз адабий сыны тарабынан өз убагында сөзгө алынбай, көз жаздымда калып келген. Балким, адабий сындын социалисттик реализм методунун инерциясы менен бийик пафос, көтөрүңкү интонациялуулукка көнүп калгандыгы бул аңгемелердин көз жаздымда калышына себептир.

Чыгарманын максаты сөзсүз эле окурманды бир нерсеге шердентип, бир нерсени жек көрдүрүп, бир нерсени жактатууда гана эмес, а адамдын ички дүйнөсүн удургутуп, сезимин козгоп ойго чакыруу, сезимин курчутуу, рухун тазартып, байытуу. Социалисттик реализм методу, бирок эч убакта мындай «майда мүдөөлүүлүккө» алымсынган эмес, көркөм адабияттан басымдуу түрдө күрөшчүл, ишкер, революциячыл каармандарды талап кылган.

1975-жылы СССР жазуучулар союзунун кыргыз адабияты боюнча Советинин заседаниесинде кыргыз прозасынын жаңы чыгармалары талкууга алынып, анда А. Жакыпбековдун орусча которулуп жарык көргөн «Катаал багыт» аттуу жыйнагы (Фрунзе, 1975) жөнүндө да сөз болгон экен. Жыйнакка карата эки тараптуу пикирлер айтылган. О. Коряков, Я. Мустафиндер А. Жакыпбековдун түзгөн образдары стандарт образ эмес экендиги, оригиналдуулугу жөнүндө сөз кылышса, окумуштуу З. Османова буга таптакыр каршы экендигин билдирет. «Жолдош О. Коряков сөзүндө автор али да болсо биздин турмушубузда орун алып, катардагы ар бир адамдын аны менен кагышып, жеңип же жеңилип чыгуусун керектеген кошоматчылык, карьеристтик сыяктуу терс көрүнүштөрдөн качкан анча күчтүү эмес, орто адамдын ички татаал дүйнөсүнө изилдөө жүргүзө алган деген ойду айтты. Бирок ал каармандын изденүүлөрүнүн, нааразылык сезимдеринин дүйнөсү, нравалык потенциалы кандай, ал эмнеге умтулат? Акырында ага (Азаматка) карата окуучу кандай мамиледе болушу керек? Бул суроолорго биз повесттен жооп таба албайбыз. Автордун позициясы ачык көрүнбөйт.

Чыгармадагы окуялар баары эле кокусунан болуп жаткандай. Башкача айтканда, каарман тагдырдын ыгы менен гана өкчөлөнө берет. Ошондон улам андан эч кандай идеал үчүн болгон күрөштү көрбөйбүз» деген оюн айтат З. Османова. Ал эми талкууга катышкандардын бири (И. Стрелкова) «Улуу тоону» «бечара» адам жөнүндөгү аңгеме» деп атайт. «Аңгемедеги каарман чынында да бир байкуш, аны ээрчиген Адам бу турмушта талаада калаары шексиз. Демек, бул реалдуу, ишенимдүү иштелген образ» деген жазуучуну жактагансыган, бирок так эмес жыйынтыгын берет. Аңгемелер циклынын каарманы реалдуу, ишенимдүү иштелген образ экени ырас, бирок ал каарман «жеңиштерден жеңиштерге» жетип турбаганы үчүн аңгеменин жалпы көркөмдүк наркын төмөндөтүүгө болбойт.

1961-жылы жарык көргөн алгачкы аңгеме, повесттер жыйнагында «Сагын» аттуу повести бар. Ушул жана «Жаралуу көгүчкөн» аттуу аңгемесин автор кийинки жарык көргөн жыйнактарынын эч бирине киргизбеген. Муну мүмкүн автордун аларды ийине жеткире иштелбеген чыгарма катары эсепке албагандыгы деп түшүнсөк болот ко. Бирок «Сагын» повестин чийки чыгарма дешке болбойт. Анын сюжетинин курулушу бир топ чыйрак, ары кызыктуу, башкы каармандын образы да повесть ичинде толук ачылган. Көтөргөн идеялык жүгү, аткарган тарбиялык, тааныткыч милдети бар.

«Быйыл биринчи жыл мугалим болушум. Балдарды али ажырата тааный элекмин. Фамилияларынан көп жаңылам. «Кимдин баласысың?» деп суроого туура келет. Баланчанын же түкүнчөнүн дейт бала. «Атаң барбы?» – «Бар», – деп бала таң кала карайт. Ошондо ичтен өкүнүп калам. Эмнегедир ар дайым ушул суроо оозума келе калат.

Биз кичине  чакта карыялар ушинтип көп сурашчу. Биз: – Жок, – дечүбүз…» деп башаталат жазуучунун бир аңгемеси.

А. Жакыпбековдун мууну согуш туурасында көп жазды. Алар согуштун балдары болушту. Бармактайынан көңүлүнө көк таштай тийип, алардын ар биринин жүрөктөрүнө өзүнүн өчпөс кара тактарын калтырып кеткен бул алаамат жөнүндө алар жазбай коё алышпайт болчу. А.Жакыпбеков апаат күндөрдүн элесинен «Биз атасыз өскөнбүз» деген аңгемени, «Катаал багыт», «Айдагы жезкемпир» повесттерин жана «Чолпонбай» аттуу киноповестин жазды.

«Биз атасыз өскөнбүз» аңгемесинде согуш анын кесепетинен «Ата» деген кандай болорун билбей калган жети жашар баланын эскерүүсүндө ретроспективдүү баяндалат.

«Катаал багыт» повести жазуучунун чыгармачылыгында өзгөчө сюжеттик композициялык курулмага ээ. Пролог, автордук баяндоолордон тышкары Гүлшандын, Карабайдын бирин бири толуктаган башкы каарман Апсамат жөнүндөгү аңгеме-эскерүүлөрү, Апсаматтын Гүлшанга, энесине жазган каттары күндөлүгү, сержанттын катына негизделген сюжет чыгарманын композициялык өзүнчөлүктө жазылгандыгын ырастайт. Ырас, ушундай эле ыкма андан мурдараак Ч. Айтматов тарабынан «Биринчи мугалим», «Кызыл жоолук жалжалым» повесттеринде ийгиликтүү пайдаланылган. «Биринчи мугалимдеги» лирикалык каармандын аңгемеси, Алтынай Сулайманованын каты, эскерүүсү, «Кызыл жоолук жалжалымдагы» журналисттин баяны, шофердун баяны, жолчунун баяны, пролог ордуна, эпилог ордуна… А. Жакыпбековдун повестинде да бул көркөм каражат, ыкмалар ийгиликтүү пайдаланылган.

Повесттин прологунда «урушчаак кемпир» жөнүндө баян этилет. Лирикалык каармандын балалык эсинде ал урушчаак кемпир тескерисинче «айланайындан» башканы айтпаган кең пейил кемпир катарында сакталып калган. Мына ушул каармандын бир психологиялык ыңгайдагы турмуштан экинчи бир психологиялык ыңгайдагы турмушка өтүү, өзгөрүү себептери – калемгердин көркөм иликтөө предмети. Кары адамдын турмушунун психологиялык өзгөчөлүктөрүнө ынтаа коюу, андан соң окурмандын көңүлүн анын уулу Апсаматтын адамдык дилине, андагы процесстерге буруу, аны биринчи планга алып чыгуу – сюжеттик линиянын логикасын түзөт. Бирок кантсе да, сөз (биринчи орунда) согушта эрки чыңалып, патриоттук духу өскөн Апсамат жөнүндө эмес, а согушта уулун жоготкон эненин күйүтү жана ал, эне, болгондо да кандай уулун (!) жоготкондугу жөнүндө болгондой. Ой учугу ушундан улангандыктан логикалык басым да ушул окуяга түшүп тургандай.

А. Жакыпбеков түзгөн урушчаак кемпирдин образы согуштагы каармандыкты чагылдырган демейки «тааныш» образдан эмес. Бир кездеги өз оокатына тың, берекелүү, мээримдүү балпайган аял согуштан уулу кайтпай калгандан кийин урушчаак кемпирге айланып кетти. Жадегенде качандыр бир кезде оролгон, майланышкан жарты ором илекисин (баш кийим) жаңыртып орогондон жадап, турмушуна кайдыгер болгону менен финагентти бир тыйын үчүн каргап-шилеп кубалайт (б.а. эми эч кимге «жемин» жедиргиси келбейт), «уулунун өлгөнү үчүн ачык айтпаса да бүткүл тирүүлөрдү жек көрөт». «Караар кишим жок» дегенди ал орду келсе-келбесе да дайым айтат, бирөөнү жалоорутуш үчүн эмес, кайра анын кыжырына тийгиси келгендей, караары жоктугуна ошол адам, ошол эл күнөөлүүдөй өчөшүп айтат».

Эгер кемпир табиятынан урушчаак, илээнди, кара ниет болгон болсо айла жок, чыгарманын авторунун милдети да жөнөкөйлөшмөк. Бирок кемпир согушка чейин таптакыр башка болгондугуна автор «күбө өтөт»: «Биз топтошуп күндө мектепке баратканда – келатканда алиги кемпирдин үйүнүн жанынан өтөбүз. А кезде чалы да бар. Ошол чал бирөө менен сүйлөшкөнүн да уккан эмесмин же бир жумуш менен көчөдө басып баратканын да көрбөгөм, качан болсо бастырманын үстүндөгү үймөк чөптүн күн чубагында ийкеңдеп жанаягына насыбай ийлеп отурар эле. Кемпири анда элүү чамасындагы кези. Азыркысындай тарамыштары тартылып тыртайбай, эткелирээк болучу. Качан болсун кемегесинде тердеп-бурдап кара казанына нан жаап же дагаранын түбүн каңкылдата ныгырып ак көбүк атылта кир жууп, жаны тынчу эмес».

Бул повесттен автордун психологдук чеберчилиги, көркөм аналитикалык ой жүгүртүүнүн күчтүүлүгү дагы бир ирет бекемделет. Согушта уулунан айрылган эненин баары эле Толгонайдай («Саманчынын жолу») кайраттуу, токтоо боло алышпайт. Бир түрдүү кайгыны ар адам табиятына, тагдырына жараша ар башка көтөрөт. Урушчаак кемпир Толгонай энедей болуш үчүн Толгонайдай тагдыр күтүш керек эле. Толгонайдын бактысы тоодой аял экен, Субанкул анын сүйүүсү да, сыймыгы да болду. Анан ырысына ырыс кошулуп үч уулдуу болуп, үчөө бирдей бой тиреп өстү. Кийин Алимандай айжаркын келиндүү болуп, кубанычына кубаныч кошулду. Аял катары, эне катары бактыга тунуп, даамын татты. Ошол өткөн бакыт алардан айрылганда да ага дем болду, жашоонун улуктугуна болгон ишеними сакталып кала берди.

Ал эми Апсаматтын апасычы?.. Апсамат анын жападан жалгыз сыймыгы, келечекке шыктанткан кызыл байрагы эле. Ал үчүн (кемпир үчүн) жашоонун кызыгы, бакыт алдыда эле. Апаны (баласын ушинтип эркелетчү) салабаттуу киши болуп өссө («Атасын ал анчалык барк албай өскөн, анткени атасы өзү аны менен иши болчу эмес. Бирок апасы анын салабаттуу чоң киши болуусун талап кылчу, Апсамат да ага кичинесинен эле калбаат болуп көрүнүүгө аракеттенчү»), үй-бүлө күтүп, неберелүү кылса, бакыт ал үчүн ошол эле. Ал эми анын «өмүрлүк жары» жөнүндө чыгармада эки-үч сүйлөм менен жеткиликтүү информация берилген. Апсаматтын апасы күткөн бакыт мына эми колго тиерде умсундуруп барып ал үчүн да, баласы үчүн да жокко айланды. Анан ал урушчаак болбогондо, ким урушчаак болмок?

А. Жакыпбековдун өз каарманы – урушчаак кемпирдин образын психологиялык жактан ишенимдүү мотивировкалап бергендигин жазуучунун чоң ийгилиги катары баалоого болот. Автор өз каарманын – «советтик жоокердин энесин» бир түрлүү стереоптиптик калыпка салбастан, табигый түсүндө чагылдырат.

Эненин сүйүүсү ушунчалык, ал Апаны менен чогуу кеткен теңтуштары эсен-соо келип, Апанын таптакыр эстеринен чыгарып салып, жыргап-куунап жашап жатышкандыктары менен такыр келишкиси келбейт. Эмне үчүн алар, алар менен бирге Гүлшан (Апандын мурдагы колуктусу) ал сыяктуу дайым эстеп турушпайт. Кемпир ошон үчүн урушат аларды. Ошон үчүн ал тегеректеги бардык нерсеге нааразы. Колунан келишинче Апанын алардын эсине салып турууга аракеттенет. Урушчаак кемпир бир кезде (Апсаматтын өлгөнүнө жыйырма жылдан ашып кеткен) болмокчу болгон, бирок болбой калган келининин жайдары отурганына да тырчыйт. «Атаганат, ушинтип эле унутуп коңт турбайбы», – деп жабыркайт.

Алдыда айтылып өткөндөй кемпирдин урушчаактыгы жөнүндөгү баян толугу менен автор тарабынан чыгарманын прологу катары сунушталат. Андан кийинки сөз Апсамат туурасында улантылат.

Негизги бөлүмдө да автордун сынаакы стилине таандык таамай-так сүрөттөөлөр, салыштыруулар, элестүүлүк, чебер психологизм, турмуштук жөнөкөй эле көрүнүштөрдүн, окуялардын философиялык маңызын көрө билүү, ойчулдук сыяктуу касиеттер сезилип турат. Апсаматтын өмүр, өлүм, жашоо жөнүндөгү ойлору, өзүнүн кылган-эткендерине карата ички, өздүк анализдери (самоанализ) бир топ салмактуу. Автор Апсаматтын образын толук ачып берүү үчүн Гүлшандын аңгемесин, Карабайдын аңгемесин, Апсаматтын каттарын, сержанттын каттарын пайдалануу аркылуу полифондуу чыгарма жаратууга аракет кылган. Ал түгүл бул чыгармадан көркөм адабияттагы согуш тематикасынын айтылуу чыгаан сүрөткерлери Л. Толстой («Согуш жана тынчтык»), Э. Хемингуэйдин («Кош, түбөлүк куралым»), У. Абдукаимовдун («Майдан») устаттык таасирлеринин изи да байкалат.

Бирок ушул негизги бөлүмгө келгенде, эмнегедир ал кириш бөлүмгө (пролог) салыштырмалуу сюжеттик-композициялык курулушу жагынан бошоң экендиги байкалат. Ошол өз алдынча жакшы чыккан  эпизоддорду бир бүтүн монолиттүү текстке айландыруучу борбордук-проблемалык суроонун коюлбагандыгынан улам бирдиктүү бир көркөм системага бирикпей, логикалык жыйынтыксыз калгандай элес калтырат. Апсамат тагдырдын сели менен кокустан тушуккан окуялардын гана «каарманы» абалында калган. «Тирүүлүктү сүйгөн», «өлүмдөн корккон» Апсаматтын чыныгы жоокерге айлануусуна себепкер коммунист Назарбектин жолугуусу – повесттин кульминациялык чыңалуусун түзөт.

Бул сюжеттик звенодо өөн көрүнгөн эч нерсе жок. Эгер окуя сюжеттин өнүгүү удулуна туура келбей, одоно бөлүнүп же ашыктык кылбаса, каарманын кандай электен өткөрөм десе автордун өз эрки го. А бирок чыгарманын акыры, башкача айтканда, окуянын чечилишинде Апсаматтын Назарбектин «өлбөсөң биздикилерге жеткир» деп аманат калтырган партбилети үчүн немистердин колундагы сарайга (партбилет сарайдын дубалына катылып коюлган) атайын аттанып барып, жолдошу экөөнүн каза болушу бир аз жасалмалуу болуп калган. Мүмкүн мындай бүтүмгө чыгарма жаралган мезгилдин духу, башкача айтканда, алтымышынчы жылдардагы партиянын, XX, XXII съезддеринен кийин жана бир эсе жогорулай түшкөн компартиянын авторитети себеп болгондур.

Сюжет куру жагдайында жогоруда белгиленген кемчиликтер болгонуна карабастан, алдыда айтылып өткөндөй, автордун жатык, кызыктуу баяндоочулук таланты, психологдук чеберчилиги жана ошондой эле повесттин Апсаматтын апасынын кейиштүү тагдырын чагылдырган бөлүмдүн жогорку деңгээлде иштелиши жалпы чыгармага жагымдуу таасир берип, анын кызыктуулугун, көркөмдүүлүгүн арттырып турат.

Ашым Жакыпбеков калемин ар түрдүү жанрларда сынап көрдү. Аңгеме, повесть, киносценарий жазды, котормочулук кылды. Ошолордун арасында анын кыргыз адабиятына калтырып кеткен эң чоң салымы, баалуу эстелиги «Теңири Манас» эпос өзөктүү романы турат.

Ашым Жакыпбеков өз заманынын таланттуу жазуучусу, көркөм сөз  өнөрүнүн чыныгы ээси катары улуттук адабий процесстин алга жылуусуна  өзүнүн зор салымын кошуп, кандай заман, кандай тартип келсе да мезгил сыноосунан майышпай  өтүп, окурманга эстетикалык рахат, руханий азык бере алаар дарамети бар, чыныгы  көркөм чыгармаларды жаратып кетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.