Азиз НЕСИН: Торос желмогузу

БИРИНЧИ КӨШӨГӨ
ЭКИНЧИ КӨШӨГӨ
Үчүнчү көрүнүш
Милиция бөлүмү. Сол жакта комиссардын бөлмөсү, оң жакта ага алып баруучу коридор. Коридордун дубалында өрт өчүрүүдө керектелүүчү буюмдар: кызыл боёк менен боёлгон чакалар, керки, күрөк, илмек, өрт өчүрүүчү түтүк, оролгон аркан биринин аркасында бири тизилип турат. Ным жана кир коридорго абажурсуз кичинекей лампанын күңүрт жарыгы тийип турат.
Парда ачылганда Нури коркуп, далбастап коридордо тегеренет. Бир нече жолу “Комиссар” деген жазуусу бар эшикке жакындап, кирүүгө камданып, бирок кайрадан артка кайрылат. Бул учурда аны аркада турган нөөмөтчү кадала карап турат.
Н ө ө м ө т ч ү: Эй сен, эй!
Нури селт эте аркасына кайрылат.
Бул жерде эмне кылып атасың?
Н у р и: Ким? Менби?
Н ө ө м ө т ч ү: Жок, мен… Албетте, сени айтып жатам. Сен эмне эртеден бери бул жерде темселеп жүрөсүң?
Н у р и: Жоок…
Н ө ө м ө т ч ү: Эмне жок? Мен сени эки сааттан бери карап турам. Таяк жеген немедей ары-бери басканыңды койбодуң. Келесиң, кетесиң… Келесиң, кетесиң. Сага эмне керек деги?
Н у р и: Менин арызым бар…
Н ө ө м ө т ч ү: Арыз? Арызы бар адам түнү менен сага окшоп ары-бери баспай, бизге келип айтат арызын. Эмне арыз, алып кел бери… Токто, кана, алгач ким экениңди айтып бер.
Н у р и: Менби? Мен эч ким… Жөнөкөй эле кишимин.
Н ө ө м ө т ч ү: Мм… Демек жөнөкөй эле кишисиң. Милицияга эмне арызың бар?
Н у р и: Жок, жоок… Милицияга эмне арызым болмок эле?
Н ө ө м ө т ч ү: Эгер сен жөнөкөй киши болсоң милициядан башка арыздана турган кишиң жок. Же сен жөнөкөй адам эмессиңби. Биз дагы билебиз… Жоок, сен жөнөкөй бирөө эмессиң, болбосо качан эле телефонду алмаксың дагы Комиссарга баарын айтып бермексиң – мындай, мындай болду деп. (Нуринин кетүүгө камданып жатканын байкайт.) Кайда? Кетпе, токтой тур…
Н у р и: Мен арыз жазбай турган болдум. Чын эле, кайра ойлондум… жазбайм го сыягы.
Н ө ө м ө т ч ү: Аны көрө жатарбыз. Кандайча кайра ойлондуң?
Н у р и: Мен эртең менен Комиссардын өзүнө келем.
Н ө ө м ө т ч ү: Жок, токтой тур. Сен бул жакка келгенден кийин оңой эле чыгып кетем деп ойлобо. Бул жерди каяктагы бир жер эмес милиция бөлүмү дейт. Нары сенин бул жерде ишиң болбосо келмек эмессиң…
Н у р и: Менин бул жерде эч кандай ишим жок.
Н ө ө м ө т ч ү: Жөнөкөй адамдын кантип иши болбосун? Кана, жүрү мени менен!
Н у р и: Мен кайра ойлондум, тууган, арыз жазбайм.
Н ө ө м ө т ч ү: Кандайча кайра ойлондуң? Эгер сен жарандык маселе менен кайрыла турган болсоң кантип кайра ойлонмок элең? Жүрү! Сот адилеттигинен эч ким эч качан кутулуп кеткен эмес. (Нурини далысынан түртө Комиссарга алып барат.) Кылмышкер экениң дароо көрүнүп турат, болбосо колго түшкөн коёндой титиремек эмессиң…

Нөөмөтчү менен Нури турган сахнанын оң жагы караңгылатылганда сахнанын сол жагындагы Комиссардын бөлмөсүнө жарык берилет.
Комиссар турган калыбында күнөөлүү жүзү менен карап турган соттолуучу жаш жигиттен сурак алып жатат. Столдун жанында милиция, анын алдында жазма машина турат. Эшиктин тыкылдаганы угулат – бул нөөмөтчү.
К о м и с с а р (кайрылбастан): Кир!
Нөөмөтчү Нурини далысынан түртө бөлмөгө киргизет.
Н ө ө м ө т ч ү (ага далысын салып турган Комиссарга честь берет): Комиссар, мен арызы бар жаранды кармап алып келдим.
Нөөмөтчү менен Нури эшиктин жанында турушат.
К о м и с с а р (Күзөтчүнүн сөздөрүн укпагандай Соттолуучуга жумшак үн менен атасы сыяктуу кайрылат.). Уулум, коопсуздук кызматы деген эмне? Аты айтып тургандай эле бул жер коопсуз. Сага бул жер коркунучсуз. Бул жерде сага бизден башка эч ким эч нерсе кыла албайт. Эч ким сага сөөмөйүн кезей албайт. Сен толук коопсузсуң. Эми бизге баарын айтып бер уулум, коркпо, тартынба. Баарын, баарын айтып бер, уулум…
С о т т о л у у ч у. Сураныч, комиссар…
К о м и с с а р (дароо туталанып кетет). Сүйлөбө! Уятсыз! Айтпасаң кой… Биз ансыз деле баарын билебиз… Биз болгону жок дегенде бир жолу баарын өз оозуңдан угалы дедик. (Жумшарып) Ай, кудайым, ай… Адамды акылынан айнытканга чейин алып барышат… Тартынба, уулум!.. Мында тартына турган эч нерсе жок. Мен сенин атаңдай эле болуп турам го, туурабы? Ошол үчүн менден эч нерсе жашырба. Айта бер, уулум, баарын айтып бер… Кана эми…
С о т т о л у у ч у: Мен, комиссар…
К о м и с с а р (дагы туталанып): Эмне, эмне, эмне… Дагы сүйлөп коёт! Мына сага осолдук, мына сага уятсыздык… Сен кимдин алдында турганыңды билесиңби? Милициянын алдында турасың, көзүңдү чоң ач! Болбосо мен ачып коём! Ооз ачпайт имиш. Биз каалаган адамды булбулдай сайратып, тоту куштай сүйлөтүп коё алабыз… А мен баары жакшылыкча бүтсүн деп жатам, түшүндүңбү? (Жумшарып) Уулум, укчу, эгер сен бизге өзүң баарын айтып бербесең, биз эмне болгонун кантип аныктайбыз? Туурабы? Сен биздин ишибизди жеңилдетесиң, биз болсо суракты бүтөрүп, сага жардам беребиз. Кана, эми айта бер, уулум.
Соттолуучу үндөбөйт.
Сүйлө, сүйлө, унчукпай койгон жакшы эмес… Эч кимден коркпо, эч кимден тартынба, эч кимди укпа… Кана, уулум, айта бер!
С о т т о л у у ч у: Макул, комиссар, айтып берейин.
К о м и с с а р (кайрадан күтүүсүздөн туталанып): Тсс! Тфу… Муну карагыла, ой, уятсыз, оой. Дагы үнүн чыгарып коёт. Кайсар!
Комиссар соттолуучуга кыйкырганда Нури коркконунан эшик тарапка тыгылат.
Сүйлөбө! Күнөөлүүсүңбү, сүйлөбө… Кыларын кылып коюшат дагы, эч нерсе болбогондой сүйлөшөт кайра. Мен сенин ордуңда болгонумда ооз ачкандан дагы уялмакмын.
С о т т о л у у ч у: Сиз сурадыңыз, анан мен дагы…
К о м и с с а р: Тсс! Эй сен! Мени кара! Мен сага көрсөтөм… Мен сага сенин досторуңдай эмесмин…
Телефон шыңгырайт, милиция трубканы алат.
Милиция (телефондон): Алло… Макул… комиссар, телефондо сизди сурап жатышат.
К о м и с с а р (телефонго, милицияга жакындап): Хамди мырза, суракты уланта бер!
Милиция (берилген ишеничтен көтөрүлө, дал ошондой позада комиссардын ордуна олтурат): Каерине келдиңиз эле, комиссар?
К о м и с с а р (ойлонуп, эстегенге аракет кылат): “Мен сага сенин досторуңдай эмесмин”.
М и л и ц и я (Комиссар телефондо сүйлөшүп жатканда суракты кайрадан баштап, комиссардын тонунда сүйлөй баштайт. Мен сага дос-мос эмесмин… Жакшылап ук! (Жумшарып) Сен жөнөкөй жарансың! Биздин милдетибиз болсо жарандардын көйгөйлөрүн чечүү, жарандарга кызмат кылуу… Ошондуктан, уулум, милициядан дагы, комиссардан дагы, милициялардан дагы коркуунун кереги жок… Сенин башпаанегиң, эң ишеничтүү жериң ушул жер. Бул жерди милиция бөлүмү дейт. Мындай жер башка жакта жок! Бул жерде корко турган эч нерсе жок… Бардык коркунучтар өткөн замандан калган. Бирок ал замандар өтүп кеткен, кача-ан эле өтүп кеткен… Кана, эми, айтып бер баарын, уулум, кана!..
Тыным.
Бол эми! Мени кара, биз бардык жумушубузду таштап, сени угалы деп келдик. Айтып бер, уулум, кана, айта башта. (Колдорун сүргүлөп) Айт, айта бер, уулум, айта бер, менин арстаным, айт эми!
С о т т о л у у ч у (коркуу менен): Айтайынбы?
М и л и ц и я (акырын үн менен кыйкырат): Тсс! Тсс!
Нури ар бир кыйкырыкта титирейт.
К о м и с с а р (телефондун трубкасын ордуна коюп соттолуучуга жакындап келет): Каерге келип токтодуң, Хамди мырза?
М и л и ц и я (Комиссарга орун бошотуп, ошол эле акырын үнү менен): “Тсс” дегенге келдим, комиссарым. (Олтурат)
К о м и с с а р (Соттолуучуга). Тсс! Эй сен! Мунун баары сага жумшак мамиле кылганыбыздан. А сен болсо көрүнүп турат, адам сыяктуу мамилени түшүнбөйт экенсиң. Биз сени аяп жатканбыз, ошого төбөгө чыгып кеттиң сен. Адам сыяктуу мамиле кылсаң көрдүңбү эмне чыкканын. Анан кантип адамдарга адам сыяктуу мамиле жасамак элең… Эми мен сени менен башкача сүйлөшөм!
Нури коркконунан артка жылат. Бирок эшиктен чыгып кетүүгө камынып жатканда Комиссар башын бурбастан, колун гана артка таштап кыйкырат.
Токто, токто! Кайда? Кыймылдаба! Сага айтып жатам… Э-эй, кайда качып баратасың? Мен көрбөсөм да баарын сезип турам. Милициянын бардык жеринде ооз, кулагы бар, мыйзамдан качып кутула албайсың. Күтө тур, мен мобудан көрсөтмө алып алайын, сага да кезек келет… (Дароо үнүн жумшартып, соттолуучуга.) Эми айта бер, уулум, окуя кандай болуп өттү? Кана, кымбаттуум, айта бер, көрдүӊбү сага кандай жакшы мамиле жасаганымды. Мени катуу айтканга мажбурлаба.
С о т т о л у у ч у: Мен…
К о м и с с а р (кыйкырат): Тсс! Адамдын жанын атайын чыгарышат. Баары түшүнүктүү… Өзүңдөн көр. Ушундайбы… (нөөмөтчүгө) Ал, ылдыйга алып бар, киргиз камерага!
Нөөмөтчү соттолуучуну желкесинен кармап алып кетет.
(Нури тарапка кайрылбай, олтурган түрүн өзгөртпөй туруп) Кел бери! Мага жакын кел! Сенин кезегиң… Кел дейм, көрөлү эми сенин кебетеңди.
Нури апкаарып, титирейт.
Кел бери, бол!
М и л и ц и я (Нуриге): Сага айтып жатат, сен эмне укпай жатасыңбы? Жакын бар!
Нури комиссардын жанына барат.
К о м и с с а р (жада калса Нуриге карабастан кыйкырат): Эмне-е? Эмне-е? Дагы сенби?
Нури коркконунан титирейт.
Сүйлө! Жооп бер! Бул дагы сенби?
Н у р и (кекечтенип): Ооба, ооба… мен… си-сизди урматтоочу кулуңуз…
К о м и с с а р: Жооп бер! Канчанчы жолу? Мен сенден канчанчы жолу сурап жатам?
Нөөмөтчү кирип, эшиктин оозуна туруп калат.
Н ө ө м ө т ч ү: Мен сага айттым беле мындан ары бул жерде карааныңды көрсөтпө деп, айттым беле? Экинчи жолу көзүмө көрүнбө деп айттым беле?
Нури таң калып, “менби” дегенсип үндөбөстөн өзүн көрсөтөт.
Жооп бер, айттым беле? Айттымбы же айтпадымбы?
Н у р и (апкаарып): Айткансыз…
К о м и с с а р: Аа, айтыптыр демек? Анда сени бул жерге кайсы шайтан айдап келди? Мен сага эгер сен бул жерде дагы пайда боло турган болсоң, болгон сөөгүңдү сындырам, козудай былчыйтам деп эскертүү бердим беле? Жооп бер! Жооп бер мага, айттым беле же айтпадым беле?
Н у р и (даттанып): Айткансыз…
К о м и с с а р: Эмне деп айттым эле?
Н у р и: Былчыйтам деп айткансыз…
К о м и с с а р: Эмне сени менен алышкандан башка ишим жокпу менин, э?
Милиция столдон туруп Нуриге жакындап келет. Анын бүткөн боюна көңүл буруу менен карайт. Анан үкөктөн досье, досьеден конверттеги кичинекей сүрөттү алып чыгып бир Нурини, бир сүрөттү карайт. Көңүл буруу менен көз салат.
К о м и с с а р: Эми сени эмне кылам, айт эми, эмне кылам сени? Бут алдыма ыргытып тебелейинби? Мээңди эзе чабайынбы? Күтүп жатам, бол айт эмне кыларымды?
Н у р и: Өзүңүздүн абийириңизге ылайыгын жасаңыз, мырза. Эмнени туура деп эсептесеңиз, ошону жасаңыз…
К о м и с с а р: Тсс! Мен сүйлөп жатканда үндөбө! Жооп бер, канчанчы жолу? Эгер дагы бир жолу милиция бөлүмүнө кадам аттасаң, бутуңду сындырам деп кудай алдында сөз бербедим беле? Мен сени күлгө айлантам деп коркутпадым беле? (Нуринин ным кийимин жийиркенүү менен жыттайт) Тфу… Арак сасыйт… Ичкени аз келгенсип кусканын кара, ушу ссени… Тфу!
Н у р и: Мен ичкен жокмун, мырза, кудай акы, ичкен жокмун. Мага алар куюп салышты… Алар куюшту сизди урматтоочу кулуңузга … үстүмө жугунду куюп салышты.
К о м и с с а р (милицияга): Хамди мырза, батыраак, олтур машинага, көрсөтмө аласың.
Милиция комиссардын кулагына бир нерселерди айтып, досьени жана сүрөттү көрсөтөт. Экөө тең бир сүрөттү, бир Нурини карашат.
Айлан!
Нури айланат.
Эми бул жагыңа!
Ал айланат.
Берки капталыңа! Түшүнүктүү… Ошол… Дал ошол…
М и л и ц и я: Ооба…
К о м и с с а р: Байкап калганың жакшы болду.
М и л и ц и я: Бизди алдай алышпайт, Комиссарым…
К о м и с с а р (Нуриге): Бери кел, бери… Бул жакка тур… Мобу бурчка. (Нөөмөтчүгө) Бекир, уулум…
Н ө ө м ө т ч ү: Угуп жатам, комиссарым.
К о м и с с а р: Баарына…
Н ө ө м ө т ч ү: Ооба, комиссарым.
К о м и с с а р: Айт…
Н ө ө м ө т ч ү: Ооба, комиссарым.
К о м и с с а р: Дапдаяр болушсун.
Н ө ө м ө т ч ү: Ооба, комиссарым.
К о м и с с а р: Бөлүмгө…
Н ө ө м ө т ч ү: Ооба, комиссарым.
К о м и с с а р: Кирүүгө жана чыгууга тыюу салынат.
Н ө ө м ө т ч ү: Ооба, комиссарым.
К о м и с с а р: Чычкан жорголоп өтө алгыс болсун…
Н ө ө м ө т ч ү: Ооба, комиссарым.
К о м и с с а р: Түшүндүңбү?
Н ө ө м ө т ч ү: Ооба, комиссарым… (Кетет)
К о м и с с а р (орундуктан ыңгайлуу орун алат. Чынжырлуу ышкырык алып чыгып, шаңдуу бир нерселерди ышкырат): Хамди мырза, ар кимдин өзүнүн жакшы көргөн адаты бар эмеспи, мына мен дагы ышкырганды жакшы көрөм…
М и л и ц и я: Кесиптик кызыгуу…
К о м и с с а р: Бала чагымда милициялык романдарды көп окугам. Милициянын бир жашыруун тыңчысы болот. Анын кылмыш болуп өткөн жерде кылмышкерди кармоого жакындап калганда сүйүнгөнүнөн кекирген адаты болгон. Мунун адатын карасаң иее… Ал эми башка тыңчы болсо адам өлтүргөн кишини кармаганда ар дайым резина чайнап жүргөн. Бардыгынын адаттары ар кандай. Меники болсо мына ушундай… Мен чоң кылмыштын бетин ачып жатканда, чийинден чыккан кескини же адам өлтүрүүнү адат кылган кылмышкерди кармаганда сүйүнгөндөн ышкыра берем. Азыркы сыяктуу. Мындан мен ырахат алам…
М и л и ц и я: Ар кимдин өзүнүн көңүл ачуучу нерсеси болот…
Комиссар акырын ышкырат. Анын сөздөрүн угуп селейип катып калган Нури селт эте бир нерсе айтчудай болот.
К о м и с с а р: Таяк жейсиң… (Кыйкырат) Кыймылдаба, кудай акы, таяк жейсиң… Сени өлтүрүүгө буйрук бар экенин өзүң билесиңби? Ошого, менин урматтуум, сени өзүм эле жайлап коюшум мүмкүн. Мамлекеттин окторун коротконго мажбурлап жатасың. Ошондой тур! Кыймылдаба! Менин ырахатымды бузба! (Ышкырат)
М и л и ц и я: Комиссарым, бизге эми сыйлык беришет, туурабы?
К о м и с с а р: Албетте… Сыйлык дагы беришет, кызматтан да жогорулатышат… (Нуриге) Кыймылдаба! Жаныңды сууруп алам, кыймылдаба! (Милицияга) Хамди мырза…
М и л и ц и я: Угуп жатам, комиссарым…
К о м и с с а р: Бул шумпай качып кетпесин, Хамди мырза…
М и л и ц и я: Качып кетет, комиссарым…
К о м и с с а р: Кудай акы, качып кетет.
М и л и ц и я: Качып кетет, комиссарым, качып кетет.
К о м и с с а р (Колун телефонго сунуп): Көзүңдү албай тур, Хамди мырза… (Номер терет) Мен сүйлөшүп жатканда көзүңдү албай карап тур…
М и л и ц и я: Айтканыңыздай болот, комиссарым.
К о м и с с а р (телефонго): Алло… алло… Коопсуздук башкармалыгы, алло… Борбордукпу, ооба… Мен комиссар Нежат… Мен башчы менен сүйлөшөйүн дегем.. Тез аралыкта… (Телефонду колу менен жаап) Карап тур, Хамди мырза, көзүңдү албай кара.. Кыймылдаса эле ат!
М и л и ц и я: Тынчсызданбай эле коюңуз, тынчсызданбай эле коюңуз, комиссарым…
К о м и с с а р (телефонго): Саламатсызбы… Сиз менен Нежат сүйлөшүп жатат… Сизге жагымдуу кабарым бар. Ооба… Акыры биз аны кармадык… Ооба, ооба, ошол… Ал бизден качып кете албайт… Бул жерде, бул жерде ал, менин алдымда турат. Көзүн жалдыратып, ушунча оор кылмыштарды ал жасабагандай кебете менен турат… Тинтүүбү? Албетте, жасадык… Биз тинтүү жасабаган учур боло элек… (Трубканы колу менен жаап) Хамди мырза, батыраак тинтүүгө ал аны! Жакшылап тинт, эмне тапсаң баарын ал! (Улантат) Эмне буйрук бересиз… Угуп жатам… Угуп жатам… Кудайым сизге узун өмүр берсин. Буюрганыңыздай болот, буюрганыңыздай болот…
Милиция (колундагы револьвер менен Нуриге жакындайт) Колуңду көтөр! Көтөр колуңду, өйдө көтөр…
Нури коркунучтан титиреп, колун араң көтөрөт. Милиция бир колунан револьверин түшүрбөй туруп бир колу менен анын чөнтөгүнөн дептер, жүз аарчы чыгарып, баарын столдун үстүнө коёт.
К о м и с с а р (телефонго): Дал ошондой, сүрөттөгүдөй… Бир тамчы суудай окшош. Ошол, дал өзү… Дээрлик ишенип турам. Атыбы? Анын аты… (Трубканы колу менен жаап, Нуриге) Сенин атың ким?
Н у р и: Н у р и…
К о м и с с а р: Фамилияң?
Н у р и: Саянер…
К о м и с с а р (телефонго): Баары жайында, улуу урматтуум, аты дагы, фамилиясы дагы окшошуп турат: Н у р и Саянер… Кантип, биз ага качууга мүмкүндүк бербейбиз, бизден качып кутула албайт.. Ооба, ооба… Саламатта калыңыз… (Трубканы коюп ордунан турат. Бир Нурини, бир сүрөттү карайт. Нуриге жакындап баратып кайра коркуп кетип артка жылат, дубалга сүйөнөт. Комиссар сүрөттү столго коюп, сүйүнүч менен колдорун сүргүлөп, ышкыра баштайт.) Канча жылдан бери канча аракеттерге карабастан милициянын колуна түшпөй келген Торос желмогузун кармап алуу – жөнөкөй иш эмес. Демек, менин жолум болду… (Нурини жек көрүп карайт) Мына сага Торос желмогузу… Демек, сен экенсиң да тоолордун таажысыз ханы, шаарлардын бурганагы, атактуу каракчы, аялдардын аңчысы, эч бир жанга ырайымдуулук көрсөтпөгөн Торос желмогузу? Сенсиңби?
Нури болсо сүйлөгөнгө аракет кылып жатты. Өзүн колу менен көрсөтүп, анын эриндери кыймылдайт, бирок үнү угулган жок. Бир гана ачык эмес кобураганы гана угулат.
К о м и с с а р: Бүткүл өлкөнүн канча жылдан бери үшүн алып келген Торос желмогузу. (Милицияга коркуч менен кайрылды.) Хамди мырза, бул шумпай качат, качып кетет…
Н у р и чалгы менен чапкандай жыгылып баратты.
М и л и ц и я: Комиссар, буга көңүл бурбаңыз. Ал азыр трюк көрсөтүп жатат, ошентип ойлоп турсун… Мен анан көрсөтөм ага…
К о м и с с а р: (револьверди чыгарып, жерде жаткан Нуриге карай мээлейт) Анда каалашынча трюк көрсөтө берсин… Хамди мырза, машинкага олтуруңуз…
Хамди мырза жазма машинкага олтуруп кагаздарды коё баштады.
Жаз, Хамди мырза, жаз, ага, жаз… (Анын бир колунда револьвер, а бир колунда ышкырык. Ышкырык менен ал милицияга жаздырып жатты.) Коопсуздукту башкаруу…
Сахнаны акырындык менен караңгы каптайт.
Б и л д и р ү ү: Кармалып турган өнөкөт кылмышкер, Торос желмогузу лакап аты менен белгилүү, коркунучтуу каракчы Нури Саянер милиция бөлүмүн басып алуу үчүн келген… (ышкырат) төмөндө кол коюу…
Сахна караңгылайт.
Ышкырыктын үнү басаңдайт.
Көшөгө
Алдыңкы сахнада.
Гезит сатуучу баланын кыйкырган үнү угулат. Алар сахнага ызы-чуу салышып, чуркап чыгышат. Оң жана солдон журналисттер чыгышып, саламдашышат, бири-биринин колдорун кысып маектешишет. Алар кандайдыр бир үйдү издеп жүрүшөт, ар биринин колунда үйдүн дареги жазылган кагаз бар.
Г е з и т с а т у у ч у (кыйкырат): Укмуштуу жаңылык…
–Торос желмогузу кармалды…
– Коркунучтуу шумпайды колго түшүрүштү…
– Гези-и-и-т!..
– Торос желмогузу жөнүндө кабар… Гезит! Бузуку канкорду кантип колго түшүрүштү… Кабарды кайталайм…
– Поездди талоонго алган белгилүү каракчы колго түшүрүлдү… Акыркы кабар… Гезит!
– Жаңылык!
Журналисттер гезит сатып алышат. Гезитчи кыйкырган бойдон алыстайт.
Ж у р н а л и с т т е р (сүйлөшүшөт): Биз кечиктик…
– Кандайча, бизден бирөө жарым оозуп чыктыбы?
– Антип ойлобойм…
– Сыягы ушул көчө го…
– Ооба…
– Ушул үй окшойт… (Кагаздагы даректи окуйт.) Жетимиш биринчи номур.
Журналисттер кетишет.
ТӨРТҮНЧҮ КӨРҮНҮШ
Биринчи көшөгөдөгү көрүнүш. Эртеӊ мененки убакыт. Михрибан уктап жатат. Гүлай креслодо үргүлөп олтурган. Ордунан козголуп, апасына карайт. Акырын бөлмөдөн чыгып, кайра кирет.
Г ү л а й (чочутуп): Апа, апа!..
М и х р и б а н (селт эте): Атаң келдиби? Эмне болду?
Г ү л а й: Сегиз жарым…
М и х р и б а н: Мен бул жерде күтүп олтуруп, уктап кетиптирмин… Бул киши каякка дайынсыз жоголуп кетти? Эмне деп ойлоону да билбей турам… А сен эч уктабаган окшойсуң го?
Г ү л а й: Жок, таңга жуук бир аз чырм этип алдым.
М и х р и б а н: Метин дагы деле тура элекпи? Ал барып атаңы издеп келет.
Г ү л а й: Метин төшөктө камырабай уктап жатат. Мен аны ойготконго аракет кылдым, бирок ал түшүндө сүйлөнүп жатат.
М и х р и б а н: Балам канча түндөн бери уктай элек. Азыр алар унчукпай турганда уктап алсын, өзүнө келип калат. Бир нече күндөн кийин сынагы бар…(пауза) Атаң каякка дайынсыз жоголду, эмне деп ойлойсуң Гүлай? Балким бир нерсе болгондур?
Г ү л а й: Метинди ойготолу, ал милицияга барып билип келет…
М и х р и б а н: Уктай берсин… Ансыз деле ага кыйын, сынагы да бар.
Г ү л а й: Жүрүңүз анда экөөбүз билип келебиз. Атам милиция бөлүмүндө түндү өткөрбөгөндүр…
Метин кирет.
М е т и н (эстеп). Сен эмнеге мени ойготтуң? Бир аз аясаң боло! Мен аябай катуу уктаптырмын, сен болсо ойготуп жибердиң. Биздин татынакай коңшуларыбыз эмнеге унчукпай калышты?
М и х р и б а н: Балам, атаң дагы деле жок.
М е т и н (эстеп). Ал кайда кетмек эле?
Г ү л а й: Сен аны түшүнбөйсүң… Кечээ кечинде чыгып кеткен боюнча кайра келген жок.
М е т и н: Албетте, кайтып келбейт, эмнеге кайтып келмек эле…
М и х р и б а н: Кандайча “эмнеге кайтып келмек эле”, бул дагы кандай сөз болду? Эмнеге ал кайтып келбеши керек?
М е т и н: Атам милицияга барган жок… Эки дүйнөдө ал жакка барбайт. “Милиция” деген эле сөздү укканда анын колу-буту калчылдап баштайт…
М и х р и б а н: Эгер ал, ал жакка барбаса, анда эмнеге үйгө кайткан жок?
М е т и н: А-а-а… Эгер ал үйгө кайтып келер болсо, сиз аны таң атканга чейин жеп чыкмаксыз…
Г ү л а й: Ошондой болсо деле… Бирок сен атамды ошол жакка бараганга мажбурладыңго?
М е т и н: Силер… Сен жана апам.
Г ү л а й: Жок, сен баарын кайра-кайра айта бердиң: “Мен бул күрсүлдөп-тарсылдаган үндөн сабак карай албайм, башыма эч нерсе келбейт”, – деп сен мажбур кылдың… танба.
М е т и н: Эстесең… Сен себиңди суу каптап кетти деп сыздабадың беле. Апам бир жагынан, сен экинчи жагынан байкуш кишинин башын айландырдыңар. Булардын баары анын жанын кашайткан. Ал милицияга кеткен жок, үйгө да кайтып келбейт…
М и х р и б а н: Анда ал каякта?
М е т и н: О-о-о… Кайсы бир жерде камырабастан уктап жаткандыр. Ойгоно элек болсо керек. Эгер ойгонсо төшөктө көшүлүп жатат. Силердин корсулдаган ызы-чууңар жок эс алып жатат да.
М и х р и б а н: Метин, эмне деп жатасың!
Г ү л а й: Ошондой болбогондо да атам кана?
М е т и н: Ал кайсы жерде болмок? Башыңарды иштетип көрсөңөр, эгер силерде мээ болсо… Түн жарымда үйдөн куулган байкуш адам мейманканада болот да.
Г ү л а й: Бул келесоону карагыла…
М и х р и б а н: Урушканды токтоткула, келгиле андан көрө эмне кылуу керектигин чогуу ойлонолу. Ал эч качан мейманканага барбайт. Ал мейманкананы бир гана коноктор үчүн деп ойлойт. Бир жолу Анкарага жумушу боюнча бир жумага кеткен. Ал жактан ооруп кайтып келген, анан бир нече күн төшөккө жатып калган. Ошондо документин жоготуп жибергени же уурдатып жибергени белгисиз. А дагы бир жолу бир айга апасы ооруп жатканда үйдөн кеткен. Дагы үч-төрт жолу иштери боюнча кеткен. Мына баары – болгону ушул эле. Жок, мен билем, ал эч качан түнөп калуу үчун мейманканага барбайт.
М е т и н: Анда тез арада келет эле го.
М и х р и б а н: Батыраак келбейби, ии-ий…
М е т и н: Ал кайра дагы милицияга барышы керек, болбосо силер анын кулагын жей баштайсыңар.
М и х р и б а н: Жок, мен эми эч нерсени каалабайм, бир гана ал келсе болду.
Г ү л а й: Метин милицияга барып билип келсин.
М и х р и б а н: Кана, балам, батыраак даярданып барып келчи…
М е т и н: Эмнеге? Атам силерден кутулду, эми мага өттүңөрбү… Мен милицияга эмне деп айтам? “Мырза, менин атам жоголуп кетти”? (Шылдыңдап.) “Менин атам кечээ түн жарымда үйдөн чыгып кетип, өзүнүн үй бүлөсүнүн кучагына кайтып келген жок”, – деп айтышым керекпи? “Алтымыш беш жаштагы бала жоголду, балким аны цыгандар туткундап алышкандыр?” Гезиттер үчүн жакшы макала.
М и х р и б а н (жардамсыз). Анда биз эмне кылабыз?
Г ү л а й: Анда мен барам…
Эшиктин коңгуроосу кайра кайра шыңгырайт.
Г ү л а й (кубанычтуу кыйкырат). Ата… (Эшикти ачуу үчүн ылдам жүгүрүп баратты.)
М и х р и б а н: Токто, Гүлай… Бул атаң эмес… Ал минтип коңгуроону баспайт…
Коңгуроонун уландысы.
Г ү л а й (таң калуу менен). Анда ким? Ушундай таң эрте бизге эч ким келбейт…
М е т и н: Мен айтайынбы. Бул астыбыздагы кески, атамдын милицияга арызданганын билген болуш керек… Азыр башталат…
Г ү л а й: Же үйдүн ээси!
М и х р и б а н: Бул анын коңгуроосу… Метин, эшикти ач.
М е т и н (Гүлайга). Сен ач!
Гүлай чыгып кетет. Эшиктин алдында катуу сүйлөшүшөт, анан журналистер кирип келишет. Гүлай да кирет. Үй-бүлө конокторго таң калып карап калышат. Журналисттер аларды дароо эле сүрөткө тарта башташат. Михрибан жана Гүлай эмне кыларын билишпей катып калышат. Алар өздөрүнүн беттерин жабышат.
М и х р и б а н: Токтогула… Силерге бул жерде эмне керек? Силер кимсиңер?
Г ү л а й: Булар башкалар экен… Зия Чалакчынын адамдарына окшошпойт ко… Ушулар эле жетпей жатты эле…
М и х р и б а н: Бул үйдөн башка алектене турган жумуштары жокпу? Же күндүзү же түндөсү тынчтык жок. Күтө тургулачы, дагы эмне болор экен?
Көчөдөн гезит саткан баланын үнү жакындап угула баштайт. “Жапжаңы жаңылык, гези-и-т! Торос желмогузу колго түшкөндүгү тууралуу кабар”, “Эң коркунучтуу каракчыны кантип кармашты, Торос желмогузун кантип колго түшүрүштү, окугула”, “Акыркы жаңылык, Торос жөнүндө, гези-и-т!..”
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т (дубалда асылып турган Нуринин сүрөтүн көрсөтүп). Мына анын сүрөтү, балдар… (үстөлгө жөрмөлөп чыгып, сүрөттү алганга аракет кылып жатат).
М е т и н (алдыга жылып). Мырза, эмне болду? Суранам сизден… Сизге эмне…
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т (портретти алганга аракет кылып жатат). Бул сүрөттү сатасыздарбы?
М е т и н: Аны ордуна коюңуз…
Э к и н ч и ж у р н а л и с т. Мен сүрөткө тартып, анан силерге кайтарып берем…
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т: Бул сүрөт үчүн канча сурайсыздар?
Ү ч ү н ч ү ж у р н а л и с т. Биз жөн гана аны сүрөткө тартып алып, кайра беребиз…
Э к и н ч и ж у р н а л и с т (Михрибанга). Кечиресиз, айым, сиздердин үй-бүлөлүк альбомуңузду көргөнгө уруксат бересизби.
М и х р и б а н: Деги эмне болду?
Журналисттер үстөл менен креслого чыгышып, дубалда асылып турган портретти сүрөткө тарта башташат.
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т (Михрибанга). Ушул сүрөттүн алдында мага позага туруп бересизби? (Михрибанды турганга мажбурлап, бат эле сүрөткө тартып алат.) Рахмат… (Метинге жана Гүлайга.) Суранам, силер дагы тургулачы, үй-бүлөлүк сүрөт болот, эстеликке… Баарыңар чогуу…
М е т и н (экинчи журналистке): Урматтуу мырза, силер кимсиңер? Биздин үйдө…
Э к и н ч и ж у р н а л и с т (ага кайрылып). Биз журналистпиз. Кечиресиздер, биз өзүбүздү тааныштырбаптырбыз.
М и х р и б а н: Журналисттер?
Э к и н ч и ж у р н а л и с т. Ооба…
Г ү л а й: Де-емек, журналисттер ушундай болушат экен да…
М е т и н: Макул, силер бизден эмнени каалап жатасыңар?
М и х р и б а н: А-а, мен түшүндүм, силер кабатты адаштырып коюптурсуңар. Силер бир кабат төмөн түшүшүңөр керек… Силерге Думан Осмон керекпи, ал бир кабат төмөндө жашайт. Ага ким болсо да, күтүүсүздөн кол сала беришет…
Г ү л а й: А бул жер Нури Саянердин батири…
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т. Туура… Нури Саянер… (Михрибанга) Ал көп иччү беле?
М и х р и б а н: Ким?
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т. Сиздин жолдошуңуз?
М и х р и б а н: Ой, Кудай ай… Ичеби, ичпейби силерге эмне?
Г ү л а й: Менин атам спирттин бир тамчысын да оозуна албайт.
М и х р и б а н (кабатырлануу менен). Бир нерсе болдубу, эмне болду?
Э к и н ч и ж у р н а л и с т. А сиз эч нерсе билбейсизби?
М е т и н: Эмнени? Кайдан?
Ү ч ү н ч ү ж у р н а л и с т. Демек, булар уга элек экен, мына сага!..
М и х р и б а н: Силерден суранам, айткылачы, деги эмне болуп жатат?
Г ү л а й: Кырсыкпы?
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т. Жо-ок, андай эмес… (Метинге.) Сиз анын баласы болсоңуз керек ээ? Сиздин атыңыз?
М е т и н: Метин…
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т (жазып жатат). А сиз кызысызбы? Атыңыз ким?
Г ү л а й: Менин атымдын сизге эмнеге кереги бар?
М е т и н: Сурагыла, дагы силерге эмне керек?
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т (Михрибанга). Ал кумар оюндарын ойноду беле?
Э к и н ч и ж у р н а л и с т. А аялдар менен мамилеси кандай эле? Ал бир аз… Мындайча айтканда…
Ү ч ү н ч ү ж у р н а л и с т. Силер канча жыл чогуу жашадыңар?
М и х р и б а н: Айткылачы, деги эмне болду? Мен бул жашыруун табышмактардан акылымдан адаша турган болдум го… Кырсыкка учурадыбы?
Э к и н ч и ж у р н а л и с т. Силер эмне уккан жоксуңарбы? Эртеден бери көчөдө кыйкырып жүрүшөт го: “Жаңылык!” “ Торос желмогузу кармалды!”
М е т и н: Анан?
Г ү л а й: Кармалса кармалыптыр да…
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т. Кандайча анан? Бул эмне силерге байланыштуу эмеспи?
М е т и н: Жо-ок, эмнеге бул бизге байланыштуу болмок эле?
Ү ч ү н ч ү ж у р н а л и с т (Михрибанга). Сиздин жолдошуңуз азыркы учурда Коопсуздукту көзөмөлдөө бөлүмүндө. Ал кечээ кечинде колго түшүрүлгөн.
М и х р и б а н: Менин жолдошум? Эмне дейсиң? Муну кандай деп түшүнүүго болот? Ал милицияга арыз бергени кеткен, жөнөкөй эле кадимки жумуш. Үйдүн ээси аябай начар, арамза киши… Бардык жерде анын колу бар. Милиция эмне, бул нерселерди ажырата албайбы?
Журналисттер жылмайышат.
Күнөөлүү менен даттануучуларды чогуу кармаштыбы?
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т. Демек, силер чындыгында эле эч нерсе билбейсиңер?
Э к и н ч и ж у р н а л и с т. Ишенүү кыйын, эмне силер эч нерсе билген жоксуңарбы…
Г ү л а й: Силер түшүнүксүз сүйлөп жатасыңар.
Ү ч ү н ч ү ж у р н а л и с т. Балдар, силердин жаныңарда гезит барбы? Алар муну өздөрү окушсун.
Экинчи журналист, чөнтөгүнөн гезитти сууруп чыгып, Метинге узатат.
Б и р и н ч и ж у р н а л и с т. Анда, биз кеттик… Жакшы калыңыз.
Э к и н ч и ж у р н а л и с т. Жакшы калыңыздар…
Гүлай журналисттер менен чогуу чыгып, кайра кайтып келет. Метин гезитти окуп, көзүндө айраң таң калуунун учкундары байкала баштады.
М и х р и б а н (журналисттердин артынан). Жакшы баргыла…
М е т и н (гезит окуп жатат). О-о Жараткан…
М и х р и б а н: Эмне болду, Метин? Эмне болуп кетти?
Метин таң калуу менен унчукпайт.
Айтчы эмне болуптур?
Метин карындашы андан гезитти сураганда ага бербейт.
Коңгуроо шыңгырайт. Гүлай эшикти ачмакка чыгат.
Дагы ким келди?
М е т и н (өзүнө). Ишениш кыйын… Жок… Бул жерде кандайдыр бир ката бар… (гезитти тиктейт.) Болушу мүмкүн эмес… Бул мүмкүн эмес… Бирок…
Гүлай маң болуп кирип келет.
М и х р и б а н (Метинге). Мага гезитти берчи…
Г ү л а й: Апа!
М и х р и б а н: Эмне болду?
Г ү л а й: Бул жакта милициялар…
М и х р и б а н: Милиция… Милициялар? Аларга эмне керек экен?
Г ү л а й: Алар тинтүү үчүн келишиптир…
Метин креслого өзүн таштайт, гезит болсо колунан түшүп кетет.
М и х р и б а н (гезитти алып окуй баштайт). “Кечээ түнү милиция Торос желмогузу деген лакап аты менен белгилүү болгон атактуу каракчы Нури Саянерди колго түшүрдү. Көптөн бери издөөдө жүргөн Нури Саянер акыр аягында…” А-а-а… мына анын сүрөтү да бар экен… (Эс-учун жоготуп коёт).
Г ү л а й: Эшикте милициялар турушат. Менин оюмча, баарыбызды алып кетишет.
М е т и н: Эшикти ач, кирсе киришсин…
Гүлай апасына өзүн таштайт. Шыптан тамчы тамат.
Көшөгө
ҮЧҮНЧҮ КӨШӨГӨ
БЕШИНЧИ КӨРҮНҮШ
Ошол эле жерде. Кечке маал. Михрибан жана Гүлай.
Гүлай (колуна күзгүнү алып, жасанып жатат). Апа, мага роль беришеби, сиз кандай ойлойсуз?
М и х р и б а н: Дагы кандай роль?
Г ү л а й: Атам жөнүндөгү кинодон…
М и х р и б а н: Эгерде алар бир нерсени түшүнүшсө, албетте, беришет…
Метин колуна газета алып, шашылыш кирип келет. Михрибан менен Гүлай анын жанына жүгүрүп барат.
М и х р и б а н: (кызыгуучулук менен). Сен режиссёрлор менен сүйлөштүңбү?
Г ү л а й (толкунданып). Алар эмне дешти?
М е т и н (алардын ортосунан өтүп, колундага газетаны көрсөтөт). Силер эч нерсе билбейсиңер. Жаңжал, жаңжал!…
Г ү л а й: Дагы эмне болду?
М и х р и б а н: Эмне болду? Торос желмогузу жөнүндө жаңы бир нерсеби?
М е т и н: Ооба… акыркы жана эң шумдуктуу жаңылык: ал бошотулушу ыктымал экен.
М и х р и б а н: О-о-о!.. Дагы эмне… ошончо тоноо, ошончо кылмыш – баарынан бошотулабы? Жакшы иш…
М е т и н (газетаны көрсөтүп). Соттук-медициналык экспертиза жана психиатрия ооруканасынын күбөлүгү анын оорулуу экендигин тастыктады; кишинин экиге бөлүнүшү: ал өзү билбей кылмыш жасайт, андан кийин эч нерсени эстей албайт.
М и х р и б а н: Ой, эми эмне болот?
М е т и н: Кылмышынын үчтөн биринен бошотулат. Ал эми акыркы кылмышын амнистияга чейин жасагандыктан, ал толугу менен кечиришет. Баары бүгүн кечинде соттук отурумда чечилет.
М и х р и б а н: Кантип эле, ошондой кооптуу адамды боштондукта чыгарышат?
М е т и н: Анын кылмышынын көпчүлүгүн газеталар ойлоп чыгарган. Мен аны бошотот деп ойлобойм. Бул жөнүндө газеталарда жазып жатышат, бирок ошонун баарына ишенүүгө болобу…
М и х р и б а н: Эгерде аны бошотуп жиберишсе…
Г ү л а й: Анда биздин ал менен жолугууга баруубуздун кереги жок болот…
М и х р и б а н: Гүлай, сен эмне деп жатасың… Ал бизге «Мындан ары келбей эле койгула, бул мени капаландырат» деп айтканга чейин алгачкы күндөрү биз аны менен жолугушууга тез-тез барып турбадык беле… Андан кийин барбай калдык да.
Г ү л а й: Биз бүгүн сотко барбайбызбы?
М и х р и б а н: Кызым, ал каалаган жок, келбей эле койгула деген…
М е т и н: Ооруканага да баруубуздун кереги жок… Күрсүйгөн санитарлар жана тигилер Торос желмогузунан коркконунан да, атама сый көрсөтүшөт. Он бир айдан бери пашадай жашап келет.
Г ү л а й (капаланып). Байкуш атакем…
М и х р и б а н (туурап). Байкуш атакем… (Жаман көрүп.) Кантип эле силер аны дагы эле ата деп айта аласыңар? Менин төбо чачым тик турат…
Тыным
Г ү л а й: Байкуш киши…
М и х р и б а н: Чынында ким байкуш болсо, ал мен… Ушул күнгө чейин менин силерге эч нерсе айткым келген эмес. Мен анын бул оорусу жөнүндө көптөн бери, биздин чогуу жашообуздун сегизинчи айынан кийин көчөдөгү бир аял менен мага бейопалык кылгандан бери шек санап жүргөм. Андан кийин эч нерсе билберин айтты. Демек, ал ошондо приступ болгон. Ал эмне кылганын билген эмес.
Г ү л а й: Эч болбогондо анын пристубу үйдө болсо, ал башка адам болуп калса!
М и х р и б а н: Кудай кечире көр!.. Канча жыл бир төшөктө… Муну ойлоо да коркунучтуу.
М е т и н: Мен да көптөн бери шекшип жүргөм. Эсиңердеби, мен сынакка даярданып жатып кишинин экиге бөлүнүшү жөнүндө айтып бергенимде анын аябай кыжыры кайнап, китепти ыргытып жиберген…
М и х р и б а н: Демек, полициялык участоктун алдындагы коркуусу да ушундан экен да.
М е т и н: Дагы диванга секирип чыгып, атып жаткандыгын көрсөтүп: “Шүмшүктөрдөн мына минтип кутулуу керек” деп кыйкыргандыгы эсиңердеби?
М и х р и б а н: Демек, мына качан башталган…
Г ү л а й: Ооба… Бир жолу Думан Осмонго үч шише аракты бир жолу иче аларын айтып жатканын угуп калгам. Муну эми түшүнүп жатам. Ал ошондо да приступ болгон.
М е т и н (кол саатка карап). Ай-ии, мен кечиктим, журналисттер менен жолугушуум бар эле го. (Эшикке чуркады).
М и х р и б а н (Метинге). Токтой тур, Метин, кино эмне болгондугун айткан жоксун го.
Метин эшиктин оозунан токтоп калат.
Эгер биз азыр акыны бир эле күнгө кечиктирсек, үй ээси бизди көчөгө кууп чыгат, кудай урсун. Ал эми биздин башка сата турган эч нерсебиз жок. Ошону менен атам жөнүндөгү кинону көргөзүшөбү?
М е т и н: Мен да айттым. Америкалык бир режиссёр бар…
Г ү л а й: Мейли, америкалык болсун…
М е т и н: Америкалыктар эки миң доллар сунушташты. Ал эми мен төрт деп жатам, бул биздин акчабыз боюнча кырк миң лира.
М и х р и б а н: Мына жакшы болду, баш калкалай турган үй сатып алабыз да, дароо үй ээсинен кутулабыз. Байка, арзандатып жибербе…
М е т и н (эңкейип). Мен аларга Торос желмогузунун баласынын ролун мага берүүсүн айттым.
Г ү л а й: А менчи?
М е т и н: Эми… Сен киноактриса болууга абдан шашылып жатасың… анда сен өзүңө күйөө таппай каласың…
Г ү л а й: Сага актриса турмушка чыга албай калат деп ким айтты… биз баарын жакшы ойнойбуз. Эгерде алар бизге ролдорду беришпесе, биз аларга атабыздын өмүрүн сатпайбыз…
М и х р и б а н: Биз анда кантип жашайбыз? Атаң түрмөдө болгондон бери бизге анын пенсиясын төлөп бербей жатышат.
Г ү л а й: Эгерде гезиттер анын өмүрү жөнүндө роман жазып чыкса эмне болмок?
М е т и н: Гезиттер өтө аз төлөшөт. Роман жазып чыгаргысы келген үч гезит бар, бирок алар болгону он миң берип жатат…
М и х р и б а н: Э-э-э, эч качан. Бул дилбаян эмес, эки жан дүйнөсү болгон кишинин чыныгы жашоосу да. Ал эмне гана жасаган жок!.. Мен ошончо жыл анын жубайы болсом да, гезиттерден ал жөнүндө окуганымда үрөйүм учат. (Метинге.) Байка, жакшылап соодалаш, балам, антпесе алар абдан митаам, сени алдап кетишет. Адамдын жашоосу тыйынга кетпеши керек.
Эшик кагылат, Гүлай ачуу үчүн жөнөйт.
М е т и н: Мен институтка барууну токтоттум. Досторумдун да, мугалимдеримдин да көзүнө карай албайм.
М и х р и б а н: Гүлайчы… Байкуш көчөгө да чыга албайт. “Тигине Торос желмогузунун кызы келе жатат” деп аны дароо көрсөтүшөт. Гезиттерге биздин сүрөттөрүбүздү жарыялоонун кереги бар беле…
Гүлай кирип келет.
Г ү л а й: Апа… Үй ээси…
М и х р и б а н: Эмне-е?
Г ү л а й: Зия Чалакчы… Мен терезеден көрдүм…
М е т и н: Менин жолугушуум бар, кеттим…
Эшик кагылат.
М и х р и б а н: Сен акылыңдан адаштыңбы? Канча айткан менен мен аялмын, тигиге эмне дейм?
М е т и н: Анда эшикти ачпайбыз.
Кайра кагылат.
Г ү л а й: Ал биздин үйдө экенибизди билет.
М и х р и б а н: Эгерде биз ачпасак, ал эшикти сындырат, кудай урсун. Ач эшикти, Гүлай!
Гүлай чыгып кетет.
М е т и н: Кызык, ал эми эмне дээр экен…
М и х р и б а н: Ал оозун ачканга чейин өзүбүзгө батир сатып алмайынча үйдөн көчпөөрүбүздү айтабыз.
М е т и н: Ай, ал кубанат го.
З и я н ы н ү н ү. Жагымдуу кабар, ханым айым, жагымдуу кабар… Сизди жагымдуу кабарыңыз менен куттуктайм.
Алдыда Зия, анын аркасынан Гүлай кирет. Зиянын жүзүнөн жайдарылык байкалып турат.
З и я. Куттуктайм сиздерди.
Баары таң калып турат.
М е т и н: Зия мырза, сизди эмне мынчалык кубандырып жатат?..
З и я. Мындай күндө кантип кубанбайын…
М и х р и б а н: Бизди көчүүгө мажбурлай турган жаңы ыкма тапсаңыз керек?
М е т и н: Өкүнүчтүү, кубанычыңызды бөлүшө турган эч ким жок… Биз жакында чыгып кетебиз, үйүңүз менен өзүңүз кала бериңиз…
З и я. Кудай сактасын… Балам, сен эмне деп жатасың… Сен менин жүрөгүмдү жаралап жатасың… Силерге кубанычтуу кабар, куттуктайбыз деп жатат…
М и х р и б а н: Кубаныч көбүнчө сиз үчүн.
З и я. Силер үчүн, мен үчүн, баарыбыз үчүн, баары үчүн кубанычтуу кабар… бүткүл өлкө үчүн кубаныч.
М и х р и б а н: Мен айтпадымбы, биз жакында көчөбүз, сиз бизден кутуласыз, а биз сизден.
З и я (капаланып). Кечирип койгула!.. Дагы кайдагы көчүү, “сиз бизден кутуласыз” дегениңиз эмне, эжеке… Эч качан… Баарыбыз чогуу, мени менен. Аллах, аллах… Силерден бирөө ижара акы сурап жатабы?.. Дүйнөдө адамгерчилик жокпу? Же силер мени жеткен шүмшүк деп ойлойсуңарбы? Кырсыкка дуушар болгон, адилетсиздикти башынан өткөргөн, багар-көрөрү жок үй-бүлөдөн акыны талап кылып, үйдөн кууп чыгуу кандай шерменделик…
Гүлай, Метин, Михрибан айран-таң болуп бири-бирине карап калат.
М и х р и б а н: Сиз эмне жөнүндө айтып жатасыз?
З и я. Эгерде биз байкабай кандайдыр бир жаңылыштык кылган болсок, кечириңиз, ханым айым. Биздин улуу агабыз Нури мырза менен көптөн бери достук мамиледебиз. Макалда айтылгандай: “Бир күн даам таткан жериңе кырк күн салам айт”. Мен силердикинен даам таткан эмес белем? Дос кыйынчылыкта билинет деп айтышат эмеспи?..
М е т и н: Сиз эмне бизди жөн эле алаксытып жатасызбы?
М и х р и б а н: Биздин убада берүүбүздү каалап жатасызбы? Тынчсызданбаңыз биз сиздин үйүңүздөн чыгып кетебиз…
З и я. Суранам сиздерден, суранам сиздерден… силер менин жүрөгүмдү жаралап жатасыңар. Биздин улуу агабыз Нури мырза бошотулган ушундай жаркыраган күндө буларды айтпаңыздарчы, суранам.
М и х р и б а н (үрөйү учуп). Эмне-е?!
М е т и н: Бошотулду?
Г ү л а й: Качан?
З и я. А-а-а, демек, мен силерге муну биринчи айтып жаткан экенмин да… (Көшөрүп.) Жакшы кабар үчүн мен силерден сыйлык талап кылам, мен ага татыктуумун… Кудайга шүгүр, адилеттик жеңип чыкты. Нури мырза, менин улуу агам бошотулду… Аллах бизге ушул күндү насип кылды.
Баары селдейип катып калат.
З и я. Карап кой, кубангандарынан эмне кыларын билбей калышты. Менде да ушундай болот, кубанганымдан сүйлөй албай калам.
М и х р и б а н (көңүлсүз). Качан бошотушту?
З и я. Бүгүн кечинде. Ал чыгып калса керек… мыны-мына келип калат. Силер кечки гезитти окуган жоксуңарбы? Бул жөнүндө биринчи бетте кабарлап жатышат. (Гезитти сунуп.) Мына!..
М е т и н (гезитти алып окуйт). “Алынган маалыматтар боюнча мунапыска туш болгон Нури Саянер бошотулат”.
Тыным
Ал бүгүн бошотулат… Болжол менен ушул маалда…
М и х р и б а н: О-о-о!
М е т и н: Азыр…
Г ү л а й: Эми эмне кылабыз?
Эшик кагылат.
М и х р и б а н: Мына! Бул анын коңгуроосу…
Михрибан, Гүлай, Метин бири-бирин таң калып карап турат.
З и я (кубанып). Кудайым ай, ал келди… кудайга шүгүр, акыры адилеттик жеңип чыкты. О-о… Токтогула, токтогула, мен аны өзүм тосуп чыгам… (Кубаныч сезимин ойготуп чуркап чыгат.)
Нури, анын аркасынан чемоданы менен Думан Осмон жана Зия кирип келет. Үчөө тең ыраазы болгон жүзү менен эшиктин жанына токтошот. Михрибан, Гүлай, Метин алардын алдында унчукпай турат.
З и я. Кудайга шүгүр… Кудайга шүгүр… Биздин макалда айтылгандай “Күндү кир менен булгай албайсың”. Чындык баары бир ачыкка чыкты. Кудай урсун, мен гезиттеги сөздөрдүн бирине да ишенген жокмун.
О с м о н. Гезиттерге эркиндик берсең эле, ушактай берет.
Нури жубайына жана балдарына толкундануу менен аларды биринчи жолу көргөндөй карап турат. Аялына карай басып барат. Алгач Михрибан эки кадам артка басат, андан кийин күйөөсүнө отур дегендей креслону көрсөтүп, креслонун жөлөнгүчүнүн аркасына туруп калат.
Зи я (таң калып катып калган Нуриге). Ооба, сиз отуруңуз, Нури мырза, отуруңуз…
Нури тура берет. Колун сунуп баласын көздөй басат. Метин атасын көрбөгөндөй болуп бурулуп басып кетет. Нури колун сунган бойдон калат.
Н у р и (кызына кайрылып.) Кызым…
Г ү л а й: Кош келдиңиз, ата…
М и х р и б а н (көңүлсүз). Баары унутулсун, мырза.
Тыным
З и я. Э-э-э… Ананчы… Жаман түш сыяктуу…
О с м о н. Баары унутулду. Болду жана эчак унутулду. Нури мырза үчүн мындай нерселер маанилүү иш эмес. Абак баатырды күчтөндүрөт… Же андай эмеспи, агатайым Нури мырза? Эмне десең да, эми сенин атың бүткүл дүйнөгө атактуу болду. Мунун баары сенин пайдаңа болсун, Нури агатай…
З и я. Эмне демекчибиз… Баарыбыз сени менен сыймыктанабыз. Сен жөнүндө айтып жатышканда, жан дүйнөм сыймыкка толот, кудай урсун.
Нури аларга таң калуу менен карайт.
Нури мырза, агатайым менин, кымбаттуум, эгерде сен мага ишенбесең, ханым айымдан сура. Кудайга шүгүр, мына ошондуктан сенин жоктугуңду сезген жокпуз. Эгерде биздин колубуздан бир нерсе келгенде…
О с м о н. Бул биздин милдетибиз… Мен агатайым Нури мырза үчүн өлүүгө даярмын… Нури мырза, эми мен сенин эң жакын кулуңузмун, мендейлер таптакыр жок. “Думан Осмон, өл!” – десең, мен өлөм, Нури агатай…
Н у р и (араң эле). Кечиргиле, бирок мен…
О с м о н. Жо-ок, жо-ок… эми Думан Осмон сенин абдан берилген кулуң… кааласаң да, каалабасаң да, мен толугу менен сенин карамагыңдамын, Нури ага… Ооба, биз убагында көөп кеттик…
З и я. Болгон, баары болгон… Ак көңүлдүк кылып кечирип кой…
О с м о н. Биз кайдан билиптирбиз… Нури ага, сен бизге кантип эле бир жолу да четин чыгарып койгон жоксуң…
З и я. Сенин атыңды укканда бүткүл өлкө титирейт…
Н у р и. Бирок… мага уруксат берилсе…
З и я. Ооба, сен буйрук эле бер. Убада берем, мындан ары сенден эч кандай акы албайм… Жо-ок, эч качан… Эгер сенден болбоду дегенде он лира алсам – колум сынсын, сурасам – какап калайын.
Н у р и. Бирок… суранам сизден… Бир минута… Эгер мен… түшүндүргүм кел…
З и я (сөзүн бөлүп.) Сиз эмнеге туруп калдыңыз… биякка келиңиз… (Нурини отругузат.) Бул жер ыңгайлуу эмес, биякка өтүңүз….
Н у р и. Макул, эфенди, макул…
О с м о н (отургуч алып келгени чуркап кетет, Гүлай отургучка жаздык коёт). Биякка өтүңүз, Нури ага… Аягыңыздан өбөйүн, келиңиз. (Нурини башка стулга отургузат.)
З и я. Сизге бул жер ыңгайлуу эмес… Тиги жакка отуруңуз… (Аны диванга отургузат.)
Н у р и. Рахмат, мага бул жер ыңгайлуу…
З и я. Жок, бул жер да ыңгайлуу эмес… Келиңиз, мында… Бул жер жумшагыраак…
Метин менен Осмон отургучка чуркашат.
О с м о н. Келиңиз, бул жакка…
З и я. Жок, ал жак ыңгайлуу эмес…
Н у р и. Ыңгайлуу… ыңгайлуу…
З и я. Кайдан ыңгайлуу. Аркаңыздан шамал соккон жокпу…
Зия, Осмон жана Метин аны колунан кармап башка орунга отургузушат.
Н у р и. Суранам силерден, мени жөн койгулачы… Мен өз үйүмдөмүн… Мен конок эмесмин да…
Үчөө тең коркуп кетенчиктеп кетет.
З и я. Менин кымбаттуу, эң жакын агам, сыймыктуу Нури мырза, эгерде шыпты оңдоо же башка нерсе керек болсо айтып эле койсоң, сенин көңүлүң эмнени жактырса, мен баарын жасайм. Болгону сен тынчтан, бизге ачууланба, биздин мурунку күнөөлөрүбүздү кечир жана бизге таарынба…
Н у р и. Болгону…
З и я. Сенден оңдоо үчүн акы албасыма ишен. Эгерде сага бир нерсе керек болсо, бирок сен аны мага айтпасаң, демек, сен мени адам катарында көрбөйсүң, анан мен сага таарынам.
Нури жүз аарчысын алуу үчүн колун чөнтөгүнө салат. Осмон аны портсигарын алып чыгат экен деп ойлоп, ага күкүрт сунат. Ал эми Зия дагы алыңыз деп өзүнүн портсигарын сунат. Нури чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып чыгат. Катуу чимкирет.

Н у р и. Уруксат этсеңиз…
З и я (анткор каарданып). Уруксат этпейм. Эми биз сиз менен “сиз” деп сүйлөшөбүзбү?
О с м о н. Нури ага, барып жатып эс ал…
З и я. Сен чарчадың, Нури мырза, биз эми кетели, сен эс ал… Байка, эгерде сага бир нерсе керек болуп калса, бирок аны мага айтпасаң, ант берем, Коркунучтуу сот болгон күнү сени менен эсептешем.
О с м о н (Зияга). Эгер уруксат берсең, мен дагы беш мүнөткө кала турайын.
З и я. Өзүн бил, бирок биздин агабыз Нури мырзаны чарчатпа. (Нуриге.) Эч кандай салтанатсыз эле, эгер сага душ керек болсо, душ киргизем, ванна коюп берем, ваннанын полуна ар кандай кафелдерди төшөп берем. Эгер силерге бул жак тар болуп жатса, менин башка кененирээк батирлерим бар, ошол жакка көчүп алгыла. Уруксат этсеңиз, мен кетейин, мен силердикине дагы келем. Жакшы калыңыздар…
М и х р и б а н: Жакшы барыңыз. Келиңиз дагы, мырзам.
Зиянын аркасынан Михрибан менен Гүлай чыгып кетет.
О с м о н. Э-э-э, Нури ага, мен сен жөнүндө көп уккам жана сен менен сыймыктанам. Мен, албетте, татыктуу эмесмин… Зия Чалакчынын кошомат кылып жатканын көрдүңбү? Ал сенден өлгүдөй коркот, өзүнө такыр келе албай жатат.
Нури ордунан турат.
(Коркуп ыргып туруп, эшикти көздөй чуркап барып токтоп калат. Өзүнө келип.) Нури ага, менин сизге бир өтүнүчүм бар. Тиги митаам Зия Чалакчи, сен аны менден да жакшы билесиң, сенин жаныңда калтырап турат, ошондуктан жасакерленип жатат. Нури ага, ал бизге да тийише баштады. Сен түрмөгө отурарың менен бизди да үйдөн кууй баштаган. Сен аны жөнгө салып койсоң жакшы болмок. Ал сени угат. Биз бул жерде убактылуу жашап жаткандыктан бизден акы албай эле койсун, жакырданып калбайт го… Айтып көрчү, Нури ага, Алла Тааладан кийин эле ишенерим жалгыз сенсиң. (Кетип бара жатып.) Аман бол, Нури ага. Эгер бир нерсе кааласаң, буйрук бер, жан дилим менен аткарам. Чакырсаң эле дароо келем. Мен ар дайым сенин карамагыңдамын. Эми, жакшы кал…
Осмондун аркасынан Метин да ыргып турат. Нури жалгыз калат. Ал абдырап не кыларын билбей, бөлмөдө ары-бери басат, дубалдарды кармап көрөт…
Н у р и (өзүнчө.) Гүлай… (Унчукпай калып.) Жаным… Ой, мен эмне, жаным! Михрибан!
Михрибан акырын кирет, аркасынан Гүлай менен Метин да кирет.
Кызык нерсе… Бул жерде бир нерсе болгон, үйдүн кожоюну өзгөрүп кетиптир го…
М и х р и б а н: Ооба…
Н у р и. Алгач алар мени шылдыңдап жатышат деп ойлогом. Алар менден корккондой түрү бар, ошондойбу, жаным?
М и х р и б а н: Ошондой сыяктуу.
Н у р и. Э-э-э, а силерге эмне болду? Мен силерди аябай сагындым…
Тыным
Келгилечи, жок дегенде силерди карап алайын… (Жылмайып, кызына жакындайт.)
Гүлай эркинен тыш артка чегинип, аркасы менен дубалга жөлөнүп туруп калат. Атасы ага тийгенде ал кыйкырып жиберет.
(Таң калып.) Эмне болду, сага эмне болгон, Гүлай?
Г ү л а й: Эч нерсе… Кокусунан…
Н у р и. Кызым, сен кандай жүрөсүң? Мени аябай сагындыңбы? Деги сага эмне болгон?
Гүлай колу менен бетин жаап алат. Нури анын үй-бүлөсүнө эмне болгонун түшүнө албайт.
М и х р и б а н: Ал жөн гана кокусунан болгон иштен абдырап калды… Сени көрүп… кубангандыгынан…
Н у р и. Сенин сынактарың кандай, балам?
М е т и н: Жакшы… Жакшы… а-аа, тагыраак айтканда, жаман эмес…
Н у р и. Демек, сен тапшырдың, мен абдан кубанычтамын. (Баласына жакындайт.)
Метин атасы ага тиет деп коркуп бурулуп жарыкты күйгүзөт. Конок бөлмө жарык болуп калат.
М е т и н: Мен өтпөй, калып калдым.
Н у р и. А-а-а… ай-ай… Бул менин айымдан…
Жымжырт.
Н у р и. Эмне үчүн туруп калдыңар, келгиле отуралы… (Отурушат.)
Баары коркуп отургучтарга отурушат.
Силер сотко келбей жакшы кылдыңар…
Г ү л а й: Биз барайын дегенбиз, бирок сен өзүң каалаган жоксуң го.
М и х р и б а н (Гүлай айтып жибербесин деп шашылып). Биз сени бизди көрүп капаланбасын деп барган жокпуз.
Н у р и. Жакшы кылган экенсиңер. Силерди ал жактан көрүүгө чыдай алмак эмесмин. (Ордунан турат.)
Баары коркуп ыргып турушат.
Байкуштарым менин, силер да азап тарттыңар. (Отурат.)
Кайра баары отурат.
М и х р и б а н (көңүлсүз). Биз баарын унутканбыз.
Н у р и. Кудайга шүгүр, мына кайрадан баарыбыз биргебиз… (Дубалдагы тактайга карап.) Силерге: “Адилеттиктин жактоочусу – Кудуреттүү Аллах” деп айтпадым беле…
Тыным
Кызык, мен бул жактан кечээ эле кеткендеймин. (Ордунан турат.)
Баары ыргып турат.
М и х р и б а н (тынчсызданып). Сизге бир нерсе керекпи?
Н у р и. Жо-ок… Михрибан, кымбаттуум, эмне үчүн жок жерден тиги астыңкы кабаттагы арсыз неме менден коркуп калган… Үй ээси да кандайдыр бир башкача… Эл бизге өзгөрүп калыптыр. (Жылмаят.) Аллах, аллах! Же болбосо алар мени чын эле Торос желмогузу деп жатышабы… (Күлөт.) Кантип эле менин желмогуз экендигиме ишенип калышты, ыя, Михрибан? (Отурат.)
Баары отурушат.
М и х р и б а н: Билбейм…
Н у р и. Болбосо алар кантип өзгөрүп калышты, бир аз эле жерден менин алдымда коркуп жатышат… (Күлөт.) Абдан жакшы, коркушсун. Демек, бул жашоодо шумпайларды, кескилерди, желмогуздарды сыйлашат экен да…
Жымжырт.
Койчу аларды, силерчи, менин кымбаттууларым, эмне үчүн өзүңөрдү мындай таң калычтуу алып жүрөсүңөр?.. Силерге эмне болду? (Ордунан турат.)
Баары турайын деп анан кайра отурушат.
М и х р и б а н (Күлүүгө аракеттенип). Эч нерсе… Эч нерсе болгон жок…
Н у р и. Мени биринчи жолу көрүп жаткандайсыңар… Мени тааныбагандайсыңар…
М и х р и б а н: Жо-ок… Сага ошондой сезилип жатат.
М е т и н: Эмне үчүн сени тааныбай калалы?
Н у р и (өзүнчө). Мага, мага ошондой сезилип жатат… Бөтөн… Баары бөтөн болуп калгандай… (Гүлайга.) Кана, мен туура айтып жатамбы, менин келгениме кубанбай жаткандайсыңар?
М и х р и б а н: Эмне үчүн кубанбайбыз?
Г ү л а й: Албетте, кубанычтабыз…
М е т и н: Биз абдан кубанычтабыз…
Н у р и. Чын элеби? Силер кандайдыр бир башкачасыңар…
М и х р и б а н: Сен чарчап турасың… Кааласаң барып жатып эс ал…
Н у р и. Чарчадың? Жат? Мен бир жыл жаттым. Жетиштүү эмеспи? Мен түрмөдө эс алуудан чарчадым. Мен силерди аябай сагындым…
Тыным
Айтпайсыңарбы, кымбаттууларым… Бир нерсе айтып бергилечи.
М и х р и б а н: Биз айтып беребиз… Албетте, айтып беребиз.
М е т и н: Биз жөн гана абдырап калдык.
Н у р и (Чөнтөгүнөн саатты алып карайт). О-о-о, кечки тамак маалы… кызым, дасторкон даярда… Тамактанабыз, тамактанабыз…
М и х р и б а н: Мен сага өзүнчө берем, биз тамактанып алганбыз…
Г ү л а й: Мен бир аз мурун тамактандым…
М е т и н: Мен да токмун…
Н у р и (эки жагын каранып). Менин үстөлүм кайда?
Жымжырт.
Менин үстөлүм кайда?
Дагы эле жымжырт.
Менин үстөлүм?
М и х р и б а н: Мен уктоочу бөлмөгө койсом керек… Азыр алып келем… (Уктоочу бөлмөгө кетет.)
Г ү л а й: Ага бул жер ыңгайлуу эмес…
Михрибан кайтып келет.
М и х р и б а н: Гүлай, биз атаңдын үстөлүн кайда койдук эле?
Г ү л а й: Билбейм… Шкафты карадыңбы?
М и х р и б а н: Анда жок…
Г ү л а й: Ашкананы кароо керек…
Н у р и. Ал атамдан калган…
М е т и н: Менин оюмча, ал абдан эски болгондуктан аны колдонууга болбойт.
Гүлай үстөлдү алып келип, мурунку ордуна коёт. Нури тартманы ачып, өзүнүн коллекцияларын издейт.
М и х р и б а н (Эшикке чыгып бара жаткан Метинге). Каякка? (Коркуп.) Сенин мында калганың жакшы болот.
М е т и н: Мен бөлмөмө барам.
Н у р и (Коллекциясын издеп жатып). Эрте эмеспи, Метин?
М е т и н: Менин жумуштарым бар, сабагымды окуйм… (Эшикке жөнөйт.)
Н у р и (Метиндин артынан). Жакшы жат, балам. Коллекциялар кайда?
Тыным
Силер эмне башка жакка коюп койдуңарбы?
Тыным
(Жылмайып.) Же аны уурдап кетет деп корктуңарбы?
Тыным
Мага айтпайсыңарбы, кымбаттууларым, коллекцияларга эмне болду?
М и х р и б а н: Метин аны… бир нерсе кылды… Ал эми сага керек эмес деп ойлоду…
Н у р и (Чарчаңкы). А-а-а, демек, ыргытып жиберди…
Г ү л а й (Чыгып баратып). Түнүңөр бейпил болсун…
Н у р и. Сенин жаткың келип жатабы, кызым?
Г ү л а й: Мен абдан чарчадым…
М и х р и б а н (кызынын колун кармап алып, аны токтотууга аракеттенип шыбырайт). Силер мени аны менен жалгыз калтырасыңарбы? Кетпе, Гүлай…
Г ү л а й (акырын). Силер менен таң атканча отурбайм да… (Чыгып кетет.)
Н у р и. Эмне болду?
М и х р и б а н: Эч нерсе… Ал бүгүн абдан чарчады…
Н у р и. Мен кеткенден бери ызы-чуу салбай калганыңар байкалып турат, эми тынч уктагыла…
Тыным
Балдар менден качып жаткандай…
М и х р и б а н: Эмнеге качып жатышат?.. Сен жок болгондо да эрте жатышчу…
Н у р и. Кечки тамакты ичпей элеби?
Михрибан эшиктин жанындагы диванга отурат.
(Жакшы көргөн ырын ырдай баштайт.) Михрибан!
М и х р и б а н (чочуп). Байым?..
Н у р и. Михриб н!
М и х р и б а н (коркуп). Эмне болду? (Көңүл коюп Нурини карайт.)
Н у р и (сылык). Сен эмне үчүн менден анчалык алыс отуруп алдың, кымбаттуум? Эмне үчүн мурункудай жанымда отурбайсың? Келчи мага…
Михрибан коркуп жакындайт, дивандын четине отурат.
Н у р и (кыңкылдап ырдап). Эсиңдеби, ушул ыр үчүн кандай жинденчүң…
М и х р и б а н: А-а-а… Эмнеге жинденчү элем?.. Андай эмес… Ырда, каалаганыңды ырда, мага баары жагат.
Н у р и. Эмне? Сага жагабы? Чын элеби? Биздин үйдө баары өзгөрүп кетиптир… Кырк жыл жактырбаган менин үнүм да сенин кыжырыңа тийбейби?
М и х р и б а н (көңүлсүз жана олуттуу). Сиздин үнүңүз, чынында, жагымдуу…
Н у р и (таң калып). Сиздин үнүңүз? Сиздин үнүңүз… Биздин үнүбүз… Биздин үнүбүз жагымдуу..
М и х р и б а н: Мен сенин үнүң жагымдуу деп жатам.
Н у р и. Мен өмүрүмдө башка ыр билген эмесмин… (Кыңкылдап жатат.) Эгер сени тажатсам, унчукпайм.
М и х р и б а н: Эмнеге тажаттың?
Н у р и (аялына жакындайын дейт, бирок Михрибан дароо туруп шкаф жакка басып кетет. Ал жактан бир нерсе издеп жаткандай болот.) Эгер качандыр бир убакта биз экөөбүз жалгыз калсак… (жылмайып) ушул ырды ырдагым келет… Сен эмне кылып жатасың, а, сен ал жакта эмне кылып жатасың?
М и х р и б а н: Эмне? Эч нерсе…
Н у р и (көңүлдүү тон менен). Михрибан, кырк жылдан кийин сенин мүнөзүң өзгөргөндөй?.. Кана, жанагы түш жөнүндө баштачы… (Келекелеп.) Түшүңдө сени кантип алдаптырмын… Билесиңби, Михрибан? Түрмөдө жада калса сенин болбогон келжиректериңди сагындым. Бул кандай болду эле? А? Кандай болгонун эстетип койчу мага. (Күлүп.) Жада калса шамалдан кара түлдөн жасалган парда да акырын теңселип жатты. Боёнгон сары чач… эшикти ачты…
М и х р и б а н коркконунан катып калып, каткырып жаткан күйөөсүнө карап жатты.
Сен дароо эле милиция бөлумүнө – участокко чуркамаксың… ооба, ооба, участокко чуркамаксың… анан комиссарга айтмаксың… Комиссарга эмнени айтмаксың? (Анын көздөрү аялынын корккон көз карашына чагылыша түштү, күлкүсү токтоп, оозу ошол бойдон ачык калды.)
Алар унчукпай бири-бирине карап турушат.
Михрибан!
Тыным
М и х р и б а н! Эмне үчүн мага минтип башкача карап турасың?
М и х р и б а н (Өзүн башкарууга аракеттенип). Ошондо мен жинди болгон экенмин. Аны эми түшүнүп жатам. Сен эркек эмессиңби? Албетте, сеники туура… Албетте, туура… сендей эркекке бир же беш эмес, жүз аял керек.
Н у р и таң калып угуп турат.
Мени канча болсо да алдай аласың. Блондин, брюнет жана шатен менен да алдай аласың… Сендей эркекке…
Н у р и (абдан таң калып). Мага… Эркекке, мендей…
М и х р и б а н: Мен мурун болбогон ишти айтчумун…
Н у р и. Чын элеби, Михрибан?
М и х р и б а н: Албетте, чын… Сен… (күтүлбөгөн жерден унчукпай калат.)
Н у р и. Койчу? Мен… Улант!..
М и х р и б а н: Башкача айтканда, сеники туура… Сен эмне жасасаң да, сага баары кечиримдүү.
Н у р и. Эмне үчүн?
Тыным.
Мендей эркекке… Михрибан, сен мени шылдыңдап жатасыңбы?
М и х р и б а н (коркуп артка чегинип). Жо-ок, кудай урсун, жок…
Н у р и. Макул, мага окшогон эркек кандай болот экен?
Жымжырт.
(Капаланып.) Жок, мен бул ырды экинчи ырдабайм. (Теминип.) Михрибан, силер… силер баарыңар… сен да, балдар да кантип ишенбейсиңер? Силер чын эле менин Торос желмогузу экениме ишенесиңерби?.. (Кыйкырып.) Мен шумпаймын?!.. Ообо-ооба, силер ишенесиңер… Менден коркосуңар… Зия Чалакчи да, Думан Осмон да менден коркот… Менин балдарым да… (Аянычтуу) баары коркот… Баары! (Бөлмөдө ары-бери басып, капалуу.) Бирок баары жаңыла албайт да… Ким билет, мүмкүн… мүмкүн алардыкы туура. Кантип эле мен чынында… Кантип эле мен – бул мен жана дагы мен таптакыр тааныбаган башка бирөө? Жок… мен муну жасаган жокмун, жасай алмак эмесмин…
М и х р и б а н (андан алыс турат). Сени бошотушпадыбы, бул жөнүндө ойлонбо.
Н у р и. Бошотушту? Андан да мени күнөөлүү эмессиң десең…
М и х р и б а н: Албетте, күнөөлүү эмессиң, сен эч нерсе жасаган жоксуң да.
Н у р и. Анда эмнеге силер баарыңар бир түрдүүсүңөр? Силер баарыңар?.. Эмне үчүн бир жыл бою силерсиз кантип жашаганымды бирөө да сурап койгон жок? Силер да мага эч нерсе айткан жоксуңар, менсиз кантип жашадыңар.
Жымжырт.
М и х р и б а н: Жатсаң болмок, төшөгүң даяр… (Эшикти көздөй жөнөйт.)
Н у р и (таң калып). Сен каякка?
М и х р и б а н (эшиктин оозунан токтоп). Пижамаң да төшөктө…
Н у р и. А сенчи? Сен жатпайсыңбы?
М и х р и б а н (башын төмөндөтүп). Менин дагы жумуштарым бар… Мен анан жатам, мени күтпө… Түнүң бейпил болсун… (Эшикти сыртынан жаап чыгып кетет, ачкычтын кулпуда буралган үнү угулат.)
Н у р и (анын көз карашы кулпунун тешигине бурулду.) Болду, болду!.. (Дубалдагы портретке кыйкырат.) Торос желмогузу! Желмогуз!.. (Уктоочу бөлмөгө кирет, аркасынан эшикти жабат.)
АЛТЫНЧЫ КАРТИНА
Бир-эки ай өтөт. Түштөн кийин.
Парда ачылганда Нури бир күлүп, бир бир нерседен корккондой бөлмөдө ары-бери басып жүрөт. Анын эриндери кыймылдайт, жандап жатат. Анын өсүп кеткен сакалы жана чачынан улам анын көптөн бери бөлмөдөн чыкпаганын байкасак болот. Башында эски калпак. Пижамасы жыртылган. Өзү менен өзү сүйлөшүп, дубалдагы сүрөткө келип карайт. Жаман көрүп, кыжыры кайнап бир нече сөздү кайталайт: “Торос желмогузу…” Көзүн сүрөттөн ала качып, күлө баштайт. Ойлонот… Күңүрт үн менен өзүнүн ырын кыңылдап ырдайт, бирок капыстан эле унчукпай, тыңшап туруп калат. Сырттан буттун басып келаткан дабышы чыгат. Ал бутунун учу менен эшиктин түбүнө келип, анан уктоочу бөлмөгө тез чуркап кетет. Эшик акырын ачылат, Михрибан менен Гүлайдын башы көрүнөт. Эки жагын каранып, коркуп киришет.
М и х р и б а н: Бизден кайра качып кетти… Эми бизден корккону көрүнүп турат… (Тыным.) Кызым, сен ага тоок менен сорпону бердиңби?
Г ү л а й: Эртең менен бергем…
М и х р и б а н: Түндө дагы анын бөлмөсүнөн башкача үндөр чыкты, же чуу эмес, же ый эмес. Кирсем эле, ал дароо өзүнүн бөлмөсүнө качып кетет.
Г ү л а й: Ал эми мен өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын угам.
М и х р и б а н: Ал өзүнүн бөлмөсүнөн такыр чыкпайт… Менимче, ал өзүнүн оорулуу экендигин түшүнүп, приступ болгондо кокусунан бир нерсе жасап алгандан коркот. Мына ошондуктан өзүн камакта алып отурат. Эгерде ушинтип улана берсе, жиндилерди дарылоочу жайга жаткыруубузга туура келет…
Г ү л а й: Жок-жок, апа… андай кылууга болбойт.
М и х р и б а н: Анда анын кандайдыр бир кылмыш жасаганы жакшы болобу? Дарыгерлер туруктуу мезгилден кийин кайра кризис башталат деп айтып жатышат.
Нуринин бөлмөсүнөн стол жана стулдар көңтөрүлүп жаткандай катуу ызы-чуу угулат. Михрибан менен Гүлай ыргып туруп сыртка чуркайт, бирок коркуп эшиктен токтойт. Тыңшап турушат. Экөө тең бутунун учу менен Нурини бөлмөсүнүн эшигине келет. Михрибан кулпунун тешигинен карайт. Гүлай кулагын эшикке такап, тыңшайт.
М и х р и б а н (шыбырап). Ооба, башка жол жок, аны жиндилерди дарылоочу жайга жиберебиз.
Г ү л а й: Байкуш…
Экөө кайрадан көрөйүн жана угайын деп эңкейгенде эшик ачылып Метин кирип келет.
М е т и н: Биз курудук, биз өлдүк…
М и х р и б а н: Сен мени аябай коркуттуң…
М е т и н: Силер эч нерсе билбейсиңерби…
Г ү л а й: Эмне болду?
М е т и н: Силер таң каласыңар, абдан таң каласыңар…
М и х р и б а н: Сен америкалыктар менен сүйлөштүңбү?
М е т и н (кыйкырып). Мен силерге биз өлдүк деп жатпаймбы!..
М и х р и б а н (атасынын бөлмөсүн көрсөтүп). Акырын сүйлө, мүмкүн ал тиги жакта…
М е т и н: Койчу… укса уга берсин…
Г ү л а й: О, кудай, эмне болду, айтпайсыңбы эми, жаным…
М е т и н (капаланып). Чыныгы Торос желмогузун кармашты…
Г ү л а й: Чыныгы?
М и х р и б а н: А биздики кандай? Жасалмабы эмне?
М е т и н: Биздики жалган. Ал өзүн жөн гана Торос желмогузундай көрсөтүп жүрөт… Бүгүнкү гезиттердин баары чыныгы Торос желмогузунун сүрөтүн жарыялады… Ме… (Гезитти ыргытат, Михрибан менен Гүлай тосуп алат, карашат.) Анын түрүнөн эле шумпай экендиги байкалып турат.
М и х р и б а н (сүрөттү карап). Ооба, ушуну желмогуз деп айтса болот.
Г ү л а й: Накта желмогуз…
М е т и н: Ооба-а-а…
М и х р и б а н: Биз чын эле курудук. Башыбызга дагы бир жамандык… Эх, кандай аянычтуу…
Г ү л а й: Эмнеге, апа?
М е т и н: Анткени америкалыктар Торос желмогузунун окуясын эми бизден эмес, чыныгы желмогуздан сатып алышат.
М и х р и б а н: Ал эми тиги киши, тигичи… Торос желмогузун ушунча жыл күтүп, дагы эки күн чыдай албай калыптырбы… кемип калбайт эле го…
М е т и н: Биз баасын да сүйлөшүп койгонбуз. Контрактка кол коюп, акчаны аларыбызда, капысынан тиги киши пайда болуп: “Чыныгы желмогуз менмин, ал эми тиги жалганчы” деп жарыялайт… Мына тоскоолдук кылуу деген ушул.
М и х р и б а н: Тезирээк кыймылдашың керек эле, Метин.
М е т и н: Сүйлөшүүлөр созулуп кетти. Өзүң кырк миң лирадан азга сүйлөшпө дебедиң беле?
Г ү л а й: Өзүңө ролду жалынып сурагандырсың…
М е т и н: Кайдагы…
М и х р и б а н: Талашпагыла, келгиле андан көрө мындан ар эмне кыларыбызды ойлонойлу. Эми биздин желмогуздун чыныгы экендигин далилдей алабызбы?
М е т и н: Тиги неменин кино жөнүндө уккандан кийин пайда болгондугу түшүнүктүү… Гезиттерден Торос желмогузунун жашоосундагы окуяны кырк миңге сатып жатканыбызды окуганда, ал пайда болууну жана сот адилеттигине берилүүнү туура деп ойлогон.
М и х р и б а н: Макул, бирок анын чыныгы желмогуз экендигине ким билиптир? Эмне анын бешенесинде жазылып турабы?
М е т и н: Ал мойнуна алыптыр.
М и х р и б а н: Биздики да мойнуна алат.
М е т и н: Анын күбөлөрү бар.
М и х р и б а н: Биздики да бар: биз.
М е т и н: Чыныгы желмогуз баарын орду орду менен айтып жатат, жерди да, саатты да көрсөтүп жатат, биздикичи: «жасадым, бирок эсимде жок», – дейт.
М и х р и б а н: Кечирип кой, Метин, сен атаңды такыр жакшы көрбөйт окшойсуң: ал байкуштун шумпай да боло албасын бизге далилдөөгө аракеттенип жатасың.
Г ү л а й (кубанып). Ой, демек, эми атам куткарылды!.. Куткарылды!.. (Кубанып Нуринин бөлмөсүнө чуркайт, эшигин кагат, кыйкырат.) Ата, атаке… Ал сен эмессиң…
М и х р и б а н: Ай, ай… Байкуш киши, ал желмогуз да эмес…
М е т и н: Желмогуз болуу оңой деп ойлойсуңбу? Эгер оңой болсо баары желмогуз болуп албайт беле…
М и х р и б а н: Мен болсом ичимден аны менен сыймыктана баштадым эле.
Г ү л а й (эшикти кагат). Ата, атаке… Ал сен эмес экенсиң… Ач! Ата! (Ыйлайт.)
М е т и н (гезитти ачат). Мына анын эмне деп жатканын уккула. (Окуйт.) “Мени ар-уятым кыйнады. Байкуш күнөөсүз кишини «Торос желмогузу» деген ат менен наалат айтып маскара кылды. Мына ошондуктан мойнума алдым.” Ал амнистиядан пайдаланып калуу үчүн мойнуна алууну чечти, ал эми ар-намыс жана башкалардын баары жалган. (Чөнтөгүнөн башка гезитти алып чыгат.) Ал эми бул гезитте таптакыр башкача жазып жатышат. Атамдын Торос желмогузунун атынын пайдалангандыгы аны кемсинткендей. Ошондуктан чыныгы экендигин мойнуна алган.
М и х р и б а н: Эмне үчүн экөөндө тең аттар бири-бирине дал келет? Экөөндө тең Нури Саянер…
М е т и н: Ал муну да түшүндүрөт. Мына угуңуз. (Гезитти окуйт.) “Жалган Торос желмогузу экендигин далилдеген киши анын метрикасы жаран Нури Саянердин ысмында болгондугун түшүндүрөт: “Үч жыл мурун поезддин дааратканасынан гражданин Нури Саянердин наамындагы жоголгон метрикасын таап алдым. Ошондон бери мен ошону колдонуп жүрдүм. Гезиттерден Нури Саянер атындагы Торос желмогузу кармалгандыгын окугандан бери намысым кыйнай баштады. Анан мен мойнума алдым”, – деп жазыптыр. Эми түшүнүктүүбү?
М и х р и б а н (Башын кармап). Ооба-ооба… Баары түшүнүктүү… Атаң чын эле жумуштары менен Анкарага барып, поездден метрикасын жоготуп алган. Демек, дааратканадан түшүрүп алган экен.
Г ү л а й: Демек, периштедей боорукер кишини шумпайга айландырышты. Чынын айтсам, мен башында эле буга таптакыр ишенген эмесмин. Байкуш атакем…
М е т и н: Мен ишенгенсип… Ошондойду жасоого атамда кайдан эрдик болсун. Желмогуз болуу үчүн эрдик, таш жүрөк керек… Михрибан. Менда таптакыр ишенген эмесмин. Биздин атабыздын мындай жасай албары анык эле. Тоноо жана урушуу да ал үчүн эмес эле. Мен өзүмдүн күйөөмдү кырк жылда тааныдым… Бирок ал эми өзүн чыныгы Торос желмогузумун деп эсептеп, бекинип отурат…
Үстүңкү кабаттан дагы джаздын үнү жаңырат, төмөнкү кабаттан элдик музыка угулат. Ызы-чуу күрс-тарс эткен табышка айланып жогорулайт.
М е т и н: Башталды… Алардын да кулагына жеттиби?
М и х р и б а н: Гезиттер жазып бүтө электе эле баары кайра башталды…
Г ү л а й: Аларды көптөн бери укпай калдык эле…
М и х р и б а н: Эгер алар кайра бизге май тамызса, өтө жаман болот.
Эшик кагылат. Гүлай чыгат.
М е т и н: Алар атамдын желмогуз эмес экендигин билишти. Эми бизге асылганын койбойт. Баары мурункудан да жаман…
Күрс-тарс эткен табыш жогорулайт.
М и х р и б а н: Башыбызга кыйынчылык түштү…
Зия, Осмон, аркасынан Гүлай кирет.
З и я (каарданган). Жасалма!.. Бул накта жасалма… Ал бизди акмак деп жатабы? Ушинтип алдап…
О с м о н. Бир эле бизди алдап кеттиби?.. Ай-ай-ай!.. Укмуштуу калп!
З и я. Ким ойлоптур? Ушундай ачык жалган…
М и х р и б а н: Кечириңиз, эмне болду, Зия мырза?..
З и я (көңүлсүз). Кандайча эмне болду? Күйөөң өзүн Торос желмогузумун деп жарыялап, биринчиден бизди тынсыздандырды, ал эми экинчиден, чыныгы каармандын атын булгады. Бул кандай деп айтылат? Жалган эмеспи? Бирок ага да дабаа табылат…
О с м о н. Эркек да ушундай кылабы?
З и я. Ал атактуу каракчынын атын булгады.
О с м о н (З и яга). Биз кантип кайырмакка илинип калдык экен? (Дубалдагы сүрөттү көрсөтүп.) Ушундай түрү менен өзүн желмогузмун деп көрсөттү…
З и я. Жаным, ушуга ким ишенет… Эгер баары өзүн желмогузмун дей берсе, анда эмне болот… Биз мындай шумпайларды дагы көргөнбүз!
М е т и н: Бирок биздин күнөөбүз кайсы? биз, кандай болсо да, силерди алдаган жокпуз.
З и я. Эми, ханым, ачык айталы: менин үйүмдү дароо бошотосуңар, ошондой… Түшүнүктүүбү?
О с м о н. Түшүнүктүү! Түшүнүктүү!..
З и я. Мен аны дароо кууп чыгам. Эч кандай сөз жок эле.
М и х р и б а н: Сиз эмнеге муну бизге айтып жатасыз? Өзүнө айтыңыз, ал үйдө…
О с м о н (уктоочу бөлмөгө барып, эшикти ачпай туруп кыйкырат). Эй, атаке, желмогуз атаке!..
Баары эшиктин жанына келет.
З и я (кыйкырат). Нури мырза! Эй, Нури мырза… Чык, сүйлөшүшүбүз керек… Эй, чык…
О с м о н (шылдындап). Эгер эркек болсоң чык, атаке…
Г ү л а й: Атаке, бул мен, Гүлай… Эшикти ач…
З и я. Ач, ач! Мени эшикти сындырууга мажбурлаба, Нури мырза, анан өзүң төлөөгө туура келет, билип кой!
Г ү л а й: Ата! Ач!
З и я. Эй, Осмон, балам, кана, теп!
О с м о н (бардык күчүн жумшайт, эшик кулабайт). Кыязы, ал эшикти бир нерселер менен тиреп койгон…
Жымжырт. Эшик акырын ачылат. Нури башын чыгарып, кайра дароо жок болуп кетет. Кийин уялып чыгат.
З и я. Тигини карап кой! (Шылдыңдап.) Ушул желмогузбу? Ушундай желмогузду көрүп, алар да абийирдүү болуп баратат деп ойлоого болот, алардын шаарга келүүсүнүн кереги барбы. Андай дебейсиңби?
Нури макул болгонсуп, башын чайкайт.
О с м о н. Сени жарманкеде элге беш тыйынга желмогуз деп көрсөтүү керек. Түшүнүктүүбү?
Н у р и (араң чыккан үн менен). Түшүнүктүү…
Михрибан, Метин жана Гүлай тегеренип алып бир нерселерди сүйлөшүп жатат.
З и я. Сени Торос желмогузу деп айтыштыбы!
О с м о н. Биз мындай желмогузду…
Н у р и (Зия менен Осмон ага жакындаганда жардамга чакыргансып, араң чыккан үн менен). Михрибан!.. Эй, Михрибан!.. Метин… Балам…
З и я (шылдындап). Кана, сен тонодуңбу? (Ага жакын келет.)
Н у р и (артка чегинип). Тонодум…
О с м о н (ага жакындап). Атаке, мүмкүн постаны тонодум дээрсиң, а?
Н у р и (артка чегинип, араң чыккан үн менен). Тонодум.
З и я. Деңиздеги уруш менен да алектендиң?
Н у р и. Алектендим…
О с м о н. Адам да өлтүрдүм дээрсиң?
Н у р и. Өлтүрдүм…
З и я. Үйдө үй-бүлөңдү талкаладың?
Н у р и (Гүлайга карайт, ал ыйлап жатат). Талкаладым…
О с м о н. Тирүүлөй өрттөдүң…
Зия менен Осмон жылып отуруп Нурини бурчка такады. Бышактап ыйлап, акырындап полго отурат.
Н у р и. Баарын, баарын мен жасадым…
Г ү л а й (кыйкырат). Токтоткула! Бул эң эле аша чапкандык! Жоголгула! (Зияга асылайын дейт.)
Михрибан менен Метин анын колунан кармап токтотуп калат. Гүлай жулунуп чыгып, атасына чуркайт. Осмон аны түртүп жиберет. Гүлай кулап түшүп ыйлайт.
Н у р и (Гүлайдын кулаганын көрүп, ыргып туруп, накта шумпайыга айланат). Мен Торос желмогузу-мун!… Мен желмогуз-му-ун! Менден жада калса каракчылар да коркот! (Зия менен Осмонго асылат, алар артка чегинет.) (Бандиттер менин атымды укканда титирешет… Менин аялым менден качат. Балдарым түнкүсүн бөлмөлөрүн кулпулап жатышат… (Зия менен Осмонду муунта тургандай колун сунат. Анын акылынан адашкандыгы анык.) Кантип эле баары жалган айтсын? Аялым, кызым, балам, милициялар, дарыгерлер, прокурор, сот, гезиттер! Кантип эле баары калпычы болсун, баары менин душманымбы? Мен тоо-ташкындардын королу, токойлордун падышасымын! Мен Торос желмогузумун!
З и я (коркуп). Нури мырза, агатай, токтой тур, токто, кымбаттуум.
О с м о н. Нури ага… “Өл” десең эле болду, өлөм…
Г ү л а й (ыргып туруп атасынын артынан барат). Ата, атаке, ал сен эмессиң… Ал сен эмессиң…
Н у р и. Бул мен, Торос желмогузумун!.. Менде желмогуздун каны сүйлөп жатат!
Гүлайдан башкасынын баары бири-бирин түртүп, бурчка такалат.
М и х р и б а н (калтырап). Сага жалаа жаап жатышат, мырза, баары аныкталды, мырза.
З и я. Ошол жалаа жапкандар көр болуп калсын…
Нури кыйкырып аларга жакындайт.
М е т и н: Ата, чыныгы Торос желмогузу кармалды…
З и я. Уксаң, Нури мырза, агатайым менин…
Осмон билинбей эшикти ачат, баары качып кетет.
Гүлай ыйлап атасына асылат, аны кучактайт. Нури тынчтанат. Музыканын жогорулаган үнү менен парда түшүрүлөт.
1963
Которгон Назым МЕНДЕБАИРОВ, Тамара АБЫЛКАСЫМОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.