Шайлоонун шайтан оюнуна байланыштуу ар ким өз талапкерин жактап, анын атаандашын мокочо көрсөтүү аракетинен улам оозго келген сөздү ойлонбой сүйлөгөн ээн баш ойлор дале көңүлдү кирдетип, сезимден кетпей турат.Эгер урматтуу окурман, сиз да мен сыяктуу маданиятсыз сөздөргө зээн кейите жан-дүйнөңүз жанчылган болсо, көңүл сергите ушул макаланы окуп коёрсуз.

Париж француз тилинде Paris болуп жазылганы менен сөздүн аягындагы тыбыш (s) окулбайт. Фрунцуздар өздөрүнүн сүйүктүү шаарын Пари, болгондо да биздин түштүк диалектиге таандык эсептелген ә тыбышы менен жумшак Пәри аташат.

Самолеттон түшөр замат аэропорттун ичиндеги франция атырынын аңкыган жыпар жыты арбап алат. Францияга келгениңди сездирген мындай керемет аураны башка өлкөдөн табуу кыйын. Франция атыры – улуттук байлык гана эмес, сыймык. Анын адамга рахат берген ажайып касиети француздардын өзгөчө маданиятынын да, чыгармачылык сырларынын да, жашоо образынын да күбөсү болчудай.

Париждин перидей сулуулугун анын тазалыгы көркүнө чыгарып турат. Көчөлөрдү түнү менен шампунь менен жууп чыкканы аз келгенсип, сулуу жанга табият чырайды аянбай бергендей, күндө бир маал жаан жаап, жаратылыш да бул керемет өлкөнүн тазалыгын колдоодон аянбайт экен. Парижди чок ортосунан аны экиге бөлүп, суйсала агып жаткан (узундугу 776 км созулат) Сена дарыясы да, керилген кенендиги менен “Елисей талаасы” аталган дүйнөдөгү эң кооз проспект да, 300 метр бийиктиги менен көктү тиреп, шыңга бойлуу сулууну эсестеткен Эйфель мунарасы да перидей сулуу. Анын үстүнө Париждин жалпы жашоочуларынын 52%и үйлөнө элек жаштар түзөт. Көчөдө ашыктык отуна арбала кол кармашкан жаштар шаардын түндүгүн тиреп тургандай көрүнөт.

«Парижди көргөн соң, армансыз жан берүүгө болот».
(Европалыктардын учкул сөзүнөн)

Париж чынында эле Европадагы башка шаарлардан улуттук колорити, кайталангыс архитектуралык өзүнчөлүгү менен айырмаланып турат. Ал чыныгы борбор катары өлкөнүн бүтүндөй бай тарыхын, анын бардык жетишкендигин койнуна батырган, калктын саны боюнча да өтө жыш, имарат жыштыгы боюнча бир кв. метр бош жер табылбай тургандай байманалуу шаар. Батышта Берлин бүтүндөй Германия эмес, Рим бүтүндөй Италия эмес, ал эми Париж – бүтүндөй Франция деген кеп бар.

Кызыгы, Х-ХI кылымдарга таандык готикалык стилдеги керемет имараттардын бүгүнкү күнгө чейин келбети кемибей сакталгандыгында. Готикалык искусствонун гүлдөгөн доору эсептелген орто кылымдын сыйкырдуу рухий күчү дал ушул архитектурада өлбөс-өчпөс улуттук байлык катары сакталып калган. Албетте, алар тынымсыз бапестеле каралып, реставрацияланып турганы байкалат. Аларды курууга кеткен материалдык каражат гана эмес, имараттын архитектуралык ансамблин жараткан адам эмгеги менен чыгармачылыгынын чексиздигине баш чайкайсың. Анын баарын кыдырып, маани-мазмунун түшүнүүгө бир нече ай кетчүдөй. Ошентсе да, Парижге барган соң, королдордун хан сарайлар комплексинен түптөлгөн – Лувр музейин, Наполеондун жоокердик эрдигинин түбөлүк эстелиги – “Салтанат Капка” (Триумфальная арка) менен “Нотр-Дам де Парини” (Кудай Эне чиркөөсү) жана Эйфель мунарасын көрбөй келүү күнөө делет. Анда сөз башынан болсун.

Париждиктердин маданият феномени

Париждиктер энеликтин жаратман кудуретине сыйынган улут. Эки кылымга жакын убакытта курулуп, Париждин руханий жүрөгү аталган “Нотр-Дам де Пари” азыркы мезгилде миллиондогон туристтерди эсин оодара таң калтырат. Бир мезгилде кучагына 9 миң адамды сыйдырган бул сыйынуу жайына агылып келген элдин аягын элестетүү кыйын. Курулушу ХII кылымда башталып, ХIV кылымда аяктаган бул имарат париждиктердин улуттук маданиятынын уңгусун түзгөнүн байкоо кыйын эмес. Көп кылымдар бою бул имаратта улуттун үч маарекеси өткөрүлүп келген:

1) улуттук элитанын үйлөнүү үлпөтү;

2) императорлорго таажы кийгизүү салтанаты;

3) улуттун улуу адамдарынын тажиясы.

Тирүүлүктөгү адамзаттын ыйык парызы эсептелген ушул үч маарекенин салтанат жайы эсептелген “Нотр-Дам де Парини” париждиктер көздүн карегиндей аздектеп, перидей багып келгендиктен, азыркы кезде бул имарат улуттун камкор ЭНЕси сыяктуу урпактарынын эмгегин кайра кайтара мамлекеттик бюджеттин бир булагы болуп калган. Орто эсеп менен ага жылына 13 миллион турист келет.

Ал эми 160 106 кв. метр аянтты ээлеп, негизги пайдубалы ХII кылымдагы сепилден башталып, бир нече кылымга таандык королдордун хан сарайындагы байлыкты мурастаган Лувр музейи 58 470 экспонаттан турат. Байлыгы жана аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң жана бай музейлердин бири. Музейдеги адамзатты таңданткан искусство шедеврлеринин бири табышмактуу – Жоконда.

Леонардо да Винчинин калеминен болжол менен 1513-1516-жылдары жаралып (айрым маалыматтарда 1505-1506-ж.), анын чыгармачылыгынын бийик мунарасы эсептелген бул сыйкырдуу искусствонун көөнөрбөс касиетин билүү кыйын. Балким, сүрөт искусствосунун генийи эсептелген Леонардо да Винчи үч жашында энесинен тирүүлөй ажырагандыктан (ал тексиз аялдан никесиз төрөлүп, 3 жашынан атасы алып кеткен), өмүр бою энеге болгон кусалык кумары анын “Мадонна” портреттер топтомунда берилгендир. Өз доорунун “универсалдуу генийи” аталган Леонардо да Винчи өмүр өткөнчө эне менен аялдын образын издеп жана даңазалап жашаптыр. Анын “Мадонна наристе менен”, “Тактагы Мадонна”, “Мадонна Бенуа”, “Мадонна гүл менен”, “Мадонна Литта” ж.б. көптөгөн сүрөттөрүнүн ичинде Жоконданын чырайы кайталангыс.

Жоконда – живописттеги портрет жанрынын кудай ЭНЕСИ сыяктуу. Чыгармадагы кыл калемдин кереметинен жаралган бул асылзаада перизаттын образы Франциянын улуттук символу катары колдонулат. Портреттен жаш ургаачынын чың ден-соолугу  менен жаштыгы денесине нур берип тургандай, анын ажайып сулуу манжаларынан  ак сөөктүгү, интеллекти ачык көрүнүп, болор-болбос ачылып бараткандай жандуу, назик эриндери азыр эле кылыктана сүйлөп жиберчүдөй сезилет. Сүрөттөгү боек гармониясы гана эмес, ушунчалык чеберчилик менен тартылган айымдын жылмаюу сырын түшүнө албай искусство кызматкерлери беш кылымдан бери баш катырып келишет. Бир нече жолу уурдалып, кайра табылган бул табышмактуу сүрөт Луврдагы баасыз искусство байлыгы эсептелет. Канткенде да, франциялыктардын маданият феномени энеликке сыйынууда экендигин байкоо кыйын эмес.

«Сергек бол, уулум, алдыңда айым келатат…»
(француз эненин көчөдөгү сөзүнөн)

Париждин улам бир керемет көрүнүштөрүнө арбала кыдырып чарчап келатканда, аллеяда жаш баласын (3-4 жаш чамасында) жетелеп келаткан жаш аял кезикти. Биз капысынан балага урунуп алдык. Жаш эне бизди карап жылмайды да, бизге эмес, наристесин эркелете тиктеп: “Сергек бол, уулум, алдыңда айым келатат” – деди. Күтүүсүз кезиккен мындай маданияттуулукка алдастай түштүм. Тескерисинче, бул эскертүү бизге айтылышы керек эле. Жаш баланы биз абайлоого тийиш элек. Ошол замат өз жеримдеги ушундай кырдаалды элестеттим. Азыркы “жаңы” журналисттер жазгандай, любой кыргыз: “Эй, сен акмак аялсың го! Жаш баланы тоголото кое таштадың! Көзүңдү карап баспайсыңбы!” – демек. Ой-сезимди дүрбөлөңгө салган мындай сылыктыкка ден дароо боло түшкөндүктөн кечирим суроого да алыбыз келбей калды.

Мария Султановна го француздун түшүн жооруган мыкты адис. Чет өлкөгө бараткан соң элементардык деңгээлде тил үйрөнүп барган мен үчүн деле француз тилинде кечирим суроо анчалык кыйын эмес болчу. Бирок биз кечирим сураган жокпуз. Анын ордуна дилиме айперидей жылмайган жаш эненин элеси менен бизди уяткарган керемет сөзү кыт куйгандай орноп калды. Мейманканага келген соң көпкө ойлондум. Эмнеге биз келгенден бери канча жол сурасак, ошончо ирет мейли карысы, мейли жашы, мейли аялы, мейли эркеги эрикпей жооп берип, бизди жылмая узаткан адамгерчиликтин төркүнүн ошондо гана түшүндүм окшойт.

Бир да жолу мен шашып бараттым эле же билбейт экемин деп басып кетпеген франция маданиятынын жан сыры кайда экендиги сезим-туюмга эми жетти. Көрсө, маданияттуулук адамга эне сүтү оозунан кете элек кезден баштап, энени сыйлоодон, аялды сыйлоого тарбиялоодон тамырлайт окшобойбу. Ошондуктан да бул өлкөдө кызматы, жашы, билими, социалдык абалы, кийген кийими, тутунган дини кандай болбосун ургаачынын баары – “мадам” (турмушка чыга элек болсо – мадумазель), эр адамдын баары – “месье” экен. Көчөдөгү көчө шыпыргыч эркекке да, бомж эркекке да “месье” деп кайрылуу керек. Чыныгы демократия ушул эмеспи!

Биздин бир гана шартыбыз бар…

Парижди көп улуттуу шаар дегенге негиз бар. Улуту, түсү боюнча түрдүү адамдарды кездештирүүгө болот. Болгону алардын баары бир тилде – французча сүйлөй алышат. Франция – кабыл алуучу өлкө. Бир гана шартты аткарган дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун Францияга барып, окуп, иштеп жана жашай алат. Болгону — француз тилин билүү керек. Өзүн да, өзгөнү да кучагына батырып, бейпил жашоо кечирүүнүн жолун Франция оп-оңой чечип коюптур. Тил боюнча мыйзам кабыл алуунун да, улуттук комиссия түзүүнүн да сокур тыйынчалык кереги жок. Бир эле шарт – биз менен чогуу жашагың келсе, биздин тилди билип жаша! Аны да ачык кыйкырбай шаардагы бала-бакчанын баары француз тилинде.

Өз балдарына бала бакчадан да, башталгыч класста да чет тил киргизилбейт. 5-класстан баштап бир нече деңгээлдеги чет тилдер киргизиле баштайт. Баланы тестиер болгончо өз тилинде тарбиялоо бул өлкөдө улуттук идеология болуп калган. Демек, улуттук идеология маселеси да оңой жана акылдуу чечилген. Эне тили менен кошо балдар улуттук маданият, каада-салт, үрп-адат, адабияттын рухий бал булагынан кана билим чаңкоосун толук кандырган соң, башка илим жана техника тармактарын өздөштүрүүгө киришет. Мындай улуттук идеология башка тилдерди үйрөнүүгө терс таасирин тийгизбейт. Тескерисинче, бөтөн тил үйрөнүү жагынан Франция эң алдынкы орундарда. Биз барган Чыгыш тилдери жана цивилизациясы (ИНАЛКО) институтунда дүйнөнүн 93 тили окутулат. Болгону, биринчи орунга өз тилин койгон француздарды акылмандыгына да, маданиятына да баш ийүүгө туура келет.

Ү.Култаева, филология илимдеринин доктору

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.