«Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен өлкөбүздүн коомдук-саясый акыбалы туурасында маек…

– Темирбек Ишенбаевич, эл паракорчулукка аралашпаган жаш саясатчылардын мууну бийликке келишин канчалык көксөсө да, тилекке каршы, саясый олимте өз алдынча саясат жүргүзүүчү лидерлер пайда болалбай келаткан себебин эмнеден көрөсүз?

– Бийликти сындап, элге жагымдуу популисттик сөздөрдү айтып койсо эле саясатчы болуп калбайсың. Амалдуу саясый ыкмалар менен сабатсыз карапайым элди алдап, убактылуу бийликке жетүү мүмкүн, бирок андай ыймансыз саясат элге жакшылык алып келбейт. Чыныгы таза саясатта принципиалдуу программаны сунуштап, убакыттын өткөнүнө карабай туруктуу саясый позицияны коргоп, жалпы коом астында далилдөө керек. Биздин жаштардын көпчүлүгү бийликти сындап, дискриминация кылуу менен гана саясый упай топтошот. Менин байкашымча, чыр-чатак чыгарып, бири-бирин күнөөлөп, бийлик башына жетүү күрөшүн Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку саясый көтөрүлүштө жаш муундар көрүп, үлгү катары саясый күрөш жолу кылып алышкан.

Жыйынтык чыкпай калса, эптеп бийлик бутагына кирүү максатында анча-мынча саясатта төбөсү көрүнгөн эски саясатчыларга кошулуп кетишет… Коомдук ишке аралашкан жаштардын көпчүлүгү да саясый партия түзүмүш болуп бир аз чуркашат, бийлик өзүлөрүнө ыңгайлуу жеке шартын, кызыкчылыктарын сунуштап койсо, бийликтин саясый куралы боло калышат. Ошондуктан бизде жаштардын арасынан күчтүү коомдук-саясый ишмерлер жокко эсе. Саясаттын сыноосуна чыдабай сынып калышып, ар кайсы партияга чуркашат. Ал эми узун убакытты талап кылган, жалпы элдин коомдук аң-сезимин көтөрө турган мектепти, чыныгы саясый партияны  түптөөгө  аракет кылышпайт. Балким тактикалык убактылуу жеке мансапка жеткендери бардыр, бирок алар келечектеги  стратегиялык жактан утулуп калып жатышат. Саясатта позицияны сактоо жана туруктуулукту көрсөтүү өтө маанилүү.

– Эл ичинде Кыргызстанды сыртта билим алып, иш тажрыйба топтогон жаш муундагы саясатчылар гана дүркүрөтүп өнүктүрүп кетет деген ишенимдер эмне себептен акталбай келатат деп ойлойсуз?

– Сырттан жаңы адамдар  саясатка келгени өтө жакшы. Алар Кыргызстанда саясатка кирип жатканда, жергиликтүү кызганчаак  бийлик аларды өгөй баладай тосуп алып, ар түрдүү  тоскоолдуктарды пайда кылып,  өздөрүнүн мурдатан түптөлгөн иштерине аралаштырбоого аракет кыларына даяр болушу керек. Жаңы саясатчылар  ички саясаттагы терс көрүнүштөргө аралашпай таза болгону менен,  мамлекетибиздин реалдуу саясый-экономикалык  шарттарын,  көп жылдардан бери түптөлүп калган элдин  жашоо тиричилик мамилелерин, коомдун аң-сезимин  эске алып,  элибиздин  баардык социалдык  катмарлары менен тил табышмайын  эл ишенимине татыктуу болууга мүмкүн эмес… Бул  маселе сырттан келип  саясатка аралашкан адам үчүн өтө оор сыноо…

Эң негизгиси,  кылдаттык менен жаңы багыттагы  саясый уюмду  сапаттуу түптөөгө умтулуп, туруктуу саясый багытта күчтөндүрүүгө, саясый сабырдуулукту көрсөтүүгө умтулушу керек. Ошондо гана  жаңы коомдук лидерлер өзүлөрүнүн  уюштуруу иш аракеттеринин  жыйынтыгы  менен эрте-кеч ийгиликке жете алышат. Анткени  эл арасында коомдук түшүнүк ар түрдүү деңгээлде, баары эле кыска мөөнөттө саясый ишеним колдоо көрсөтө бербейт. Адамдын ким экенин убакыт жана сыноо гана далилдейт.

– Саясатка сары эсеп салып жүргөндөрдүн баамында сиз жетектеген » Мекен Ынтымагы» партиясы эч бир саясый топко аралашпай келатканынын башкы себеби эмнеде? Менин билишимче, 2010-жылкы төңкөрүштүк жол менен бийлик алмашкандан кийин өлкөнүн эң таасирдүү саясатчысы Өмүрбек Текебаев деле тамырыңызды тартып, кызмат сунуштаган экен, а сиз кандай принцип менен кызматка келүүдөн баш тартып койдуңуз экен?

– 2010-жылы болгон  кезектеги  кыргыз элинин саясый трагедиясынан  кийин биз парламенттик башкаруу бийлик системасына жол ачып, жаңы Конституцияны кабыл алдык. Бийлик бутактарынын түптөлүүсү партиялардын ичара атаандаштык  көрсөтүү жолу менен чечилүүсү  Башмыйзамда  бекитилген. Коом   ар түрдүү  ой жүгүрткөн, ар кандай деңгээлде билим, тарбия, тажрыйба алган  адамдардан турат. Ошого байланыштуу  эркиндиктин даамын татып калган ар кандай адамдар өздөрүнүн саясый түшүнүктөрүнүн негизинде уюмдарга биригип, 150дөн ашык формалдуу түрдө саясый партиялар пайда болушту. Бирок  реалдуу саясый күрөштөрдөн активдүүлүгүн 10-15тей гана партия көрсөтө алды.

Мамлекетте бир эле бийлик, кайсы бийлик эл ишенимине татыктуу болсо, ошол саясый партиянын гана  программасы аткарылат. Албетте,  мурдатан жалпы элге көбүрөк таанымал эски бийлик өкүлдөрү ичара биригип, партия негиздешип, уюштуруу иштерин сапаттуу жүргүзүштү. Ошондуктан 2010-жылы жалпы элдин ишенимине татыктуу болуп «Ата-Журт», «КСДП», «Ата Мекен», «Республика»,» Ар-намыс» партиялары парламентке келишти. «Мекен-ынтымагы» саясый партиясы мурда эч бир саясатка аралашпаган жарандардын башын бириктирип, өзүм моралдык милдетин жоопкерчиликке алып,  коомдук кызыкчылыкты коргоо багытындагы саясый сунуштарыбызды элге жайылтып, 50 миңге жакын добушка татыктуу болдук. Алгачкы жолу саясый аренага чыгып жатып  биз үчүн бул өтө баалуу сыймык болду. Албетте, кимдин ким экенин  жана кайсы партия өзүн мамлекеттүүлүктү түптөө иштерин кандай жоопкерчиликте көрсөтө алаарын убакыт гана аныктаарын баардыгыбыз билип турдук. Анткени келээрки 2011-жылы 11 айдан кийин мамлекет үчүн өтө маанилүү президенттик шайлоо болорун коом күтүп жаткан. Партия болуп бириккен уюмдардын гана талапкерлери саясый аренада  бири-бирине тең таймаштык көрсөтө алаарын да түшүнүп турдук. Бирок шайлоо жакындаган сайын өздөрүнүн саясый багыттарын, позицияларын, принциптерин бузушуп, аймактык жана жеке кызыкчылыктын чегинде баардык партиялар тез арада эле  бийликтин аткаруу бутагына премьерлик  жетекчилигин аткарып жаткан КСДП талапкерине ачык эле саясый соодалашууга барып бириге башташты.  Бир жыл мурун парламенттик шайлоодо саясый убадалары, саясый программаларын жарыялап кыйкырып жаткан партиялар «Ата Мекен», «Республика», «Ак-шумкар», «Ар-намыс», «Замандаш» ж.б. аты бар, заты жок партиялардын баары КСДПнын саясый багытын колдоп, ачык айкын эле шайлоого аттанышты.

Алардын бул саясый чечимдери өздөрүнүн принциптеринен өз каалоолору менен баш тартып, партияларын саясаттан  жокко чыгаруу деп эсептесек болот. Кыргызстанда болуп жаткан бул саясый терс көрүнүш алардын саясый партия эмес, жөн гана жеке кызыкчылыктын негизинде биригип, бийлик бутагына умтулуп жаткан эпчил адамдардын тобу экенин көрсөттү. Аларды кыргыз элинин душмандары деп баа берүүдөн алысмын.

Мамлекеттүүлүктү, коомдук кызыкчылыкты коргоо багытында  иш аракетин көрсөтөр принципиалдуу, анык саясый партияны түптөө түшүнүктөрү төмөн экенин байкадым. Болбосо КСДП жетекчиси Алмазбек Шаршеновичти колдоп, президенттик шайлоого аттанышкандан кийин, баардык колдоо көрсөткөн партиялар КСДПнын саясый программасын иш жүзүнө ашырууга толук кандуу жардамдарын көрсөтүп, мамлекетти күчтөндүрүү максатында өздөрүнүн саясый позицияларынан баш тартып, КСДПга «публично» кошулуу керек болчу.

Тескерисинче, шайлоо бүтөрү менен бийлик бутактарынан өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын талашып, мамлекеттүүлүктү алсыздандырууга өтүштү. Болуп жаткан саясый эки жүздүүлүктү, саясый туруксуздукту байкап, ошол ыймансыз саясый коомдук терс  кыймыл-аракеттерге аралаштырбай, «Мекен-ынтымагы» партиясын жалпы коом астында таза сактоого чечим кабыл алдым. Президенттик шайлоого катышып, партиябыздын саясый программасын жалпы коомчулукка жеткирүүгө аракет кылдым. Көп жыл чет өлкөдө жашап, саясатта жаңы чыгып жатканыма карабай, саясый сунуштарыма баа берип, президенттик шайлоодо 4-орунга мүмкүнчүлүк берип, ишеним көрсөткөн колдоочуларыма азыр деле терең ыраазычылык билдирем.

– Быйылкы президенттик шайлоого сиз да аттандыңыз эле, бирок жарым жолдогу тоскоолдуктан эмне болуп өтпөй калдыңыз? Дегеле шайлоо өнөктүгү туурасында оюңузду кенен айтып бераласызбы? Адатта шайлоо убагында жең ичинен саясый соодалар абыдан кызычу эле, сиздин да тамырыңызды тарткандар болдубу?  

– Шайлоо эрежесин алдын ала бийлик өкүлдөрү уюштурат, өз кызыкчылыктарын эске алышып. Мени таңгалдырганы – көпчүлүк саясатчылар бийлик администрациясы тоскоолдуктарды кылып жатышат деп таарынышат. Ал эми ошол бийлик бутагында иштеп жаткан мамлекет кызматкерлери да биздин жарандар да, алардын да өздөрүнүн саясый кызыкчылыктары бар. Алар да электорат. Бийлик эч качан өз эрки менен каршылаштарына өзүнүн бийлигин жөн эле өткөрүп бербейт. Сөзсүз түрдө бийлигин сактап калуу үчүн мыйзамдарды өзгөртүп, атайын тоскоолдуктарды ойлоп табышат. Бул кайсы мамлекетте болбосун – бийликтин философиясы. Бийлик бизди өткөрбөй койду деген түшүнүк саясый сабатсыздык деп эсептейм. Саясат бул – бийлик талашуу согушу. Саясый аренадан четтетилип калсаң, өз кемчиликтериңди, оппоненттериңдин өзгөчөлүктөрүн, күчтүү жактарын эске алып, көздөгөн максатыңа жетүү үчүн уюштуруу иштериңдин сапатын, бийликтин администрациялык тоскоолдуктарын жеңип чыга турган саясый стратегияны иштеп чыгуу зарыл.

Шайлоодон кийин бийликке болгон таарынычтарыңды жарыялап наалат айткандан эч нерсе өзгөрбөйт. Албетте, Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан, ичара саясатка жигээрдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн адамдар арасында саясый келишимге келүү үчүн сүйлөшүүлөр болуп жатканын көрүп-билип турдум. Аларга аралашпаганымдын себеби, саясый принциптерди сактоо, жалпы мамлекеттүүлүктүн маселелерин биргелешип чечүү сунуштарын талкуулашпаганын байкадым.

Эгемендик алгандан бери эле келе жаткан ыймансыз адаттарын башташып, жарымы бийлик тарапка, калганы кайсы талапкердин мүмкүнчүлүгү үмүт жаратса, кадыр-барк, намыстарын унутуп, эптеп эле бийлик системасына аралашып калуу максатын көздөп чуркашты.

– Бийликке таза жол менен келүү үчүн дагы кандай аракеттерди көрөсүздөр?

– Алгачкы саясатка аттанып жатып биздин саясатка аралашып жүргөн агаларыма же инилериме каршы аттанган эмесмин .Алар менен жеке мамилем да, аласа-бересем да, таарынычым да жок, тааныбайт да болчумун. Негизги максатым – бийлик бутагынан саясый мүмкүнчүлүк алып, мамлекеттүүлүгүбүздү сапаттуу өнүктүрүп кетүү. Кыргызстан толук кандуу өнүккөн мамлекет катарына кошулуу үчүн дагы көп убакыт талап кылынат. Бул процесс элдин коомдук-саясый ой жүгүртүүсүнө, мамлекет жетекчилеринин саясый эрк кайратын көрсөтүүсүнө түздөн түз байланыштуу… Кыргыздар бири-бирибизге бир тууган чакан элбиз! Ичара талаш-тартышты токтотуп, жогорку тартиптеги жоопкерчиликтүү, ынтымактуу коом түзбөсөк, азыркы эл аралык саясаттагы өтө оор сыноолорго туруштук бере албайбыз. Ошондуктан партиябыздын атын «Мекен-ынтымагы» атаганыбыздын да чоң жүйөсү бар. Партия – саясый мектеп, биз элибиздин улуттук аң-сезимин, саясый маданиятын көтөрүүгө тийишпиз. Өзүбүз саясый программабызды жалпы элге толук кандуу жеткирип, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү жолдорун сунуштап, көтөрүлгөн коомдук сунуштарыбыздын аткаруулусун талап кылабыз.

Эгерде жалпы элдин талабы аткарылбаса, ошол багытта саясый эрк көрсөтүп, эрте-кеч эл ишенимине татыктуу болуп, «Мекен-Ынтымагы» партиясы ийгиликке жетээрине ишенем. Шайлоодон алган жыйынтыкты саясый «жеңиш» деп эсептөө али эрте. Качан гана кыргыз элинин татыктуу жашоо турмушу, коомдук адилеттүүлүк, мамлекеттибиздин саясый-экономикалык коопсуздугу орногондо баардыгыбыз ийгиликке жетишебиз!

– Учурда Кыргызстандын расмий бийлиги менен стратегиялык өнөктөш делген мамлекеттердин кыйласынын алака мамилеси суугансып турат. Сиздин оюңузча мурдакы мамилелерди кайра калыбына келтирүүгө жаңы президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Сапар Исаковдун командаларынын чама-чаркы жетеби?

– Мамлекетибиздин азыркы стратегиялык өнүгүү деңгээлин алып карасак, Кыргызстан өтө оор абалда. Казакстан менен болуп жаткан саясый-экономикалык көйгөй ошол маселелердин кичинекей эле чети. Эгерде биздин мамлекетте 30 жылдан бери чогулган макро-экономикалык маселелерди чечүүгө  баардык саясатчылар биригип, жогорку саясый эрк менен чара көрбөсөк, кошуна мамлекеттер саясый-экономикалык үстөмдүктөрүн көрсөтө беришет. Саясатта досчулук жок, ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт. Мисал кылсам: акча-каражат саясатыбыз дүйнөлүк акча каражат уюмдарынын таасиринде, айтсак, мамлекетибиздин тышкы суверендик карызы эле 4 миллиардга жетти. Энергетикалык, транспорттук  жана башка инфрастуралык  коопсуздугубуз Россия менен Казакстандын таасиринде, экономикалык туруктуулугубуз Кытай мамлекетинин соода-тейлөө багытынан көзкаранды. Айта берсек бир топ оор маселелер көп. Бул ички коопсуздуктун эртеңки жоопкерчилигин премьер-министр менен президент жакшы түшүнүп турганынан күмөн санабайм. Мамлекетибиздин азыркы шарты жалпы коомго жашыруун сырдай маалыматтардын булагы Сооронбай Шариповичке, Сапар Исаковго толук белгилүү деп ойлойм. Ошондуктан болгон күч-аракеттерин аябай, жогорку дипломатиялык деңгээлде кошуна мамлекеттер менен саясый-экономикалык маселелерди чечишет деп үмүттөнүп туралы…

– Дегеле Алмазбек Атамбаевдин өз мураскери катары калтырып кетип аткан кийинки президентке болгон таасири күчүн жоготпой кала берет деп ойлойсузбу?

– Албетте, бул саясый чечим Алмазбек Шаршенович үчүн оңой маселе болгон жок. Бийликке келүүдөн да аны сактап калуу андан оор… Сооронбай Шарипович инсан катары жогорку маданияттуу, намыскөй, жоопкерчиликтүү адам экени байкалып турат. Жалпы элдин шайлоо чечими менен шайланып келген саясый салмакты сыйлоого милдеттүүбүз. Ошону эске алып, Алмазбек Шаршенович көп жылдан бери өздөрүнүн ортосундагы достук, жылуу сый-урматтарын сактоого сабырдуулукту көрсөтө алса, алардын саясый мамилелерин эч ким буза албайт.

– Кыргызда «кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат» деген эзелки накылы кыргыздын соңку тарыхында улам кайталанып келатканына баарыбыз күбөбүз. Маселен, Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин учурунда өкмөт башчы эле, кийин Бакиевдин тушунда Атамбаев өкмөттү башкарып турду. Андан соң Отунбаева 1,5 жыл президенттик милдетти аткарып турган маалда өкмөттү башкарган Атамбаев кийин Отунбаеваны баш кылып, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бардыгын бош мүшөктөй силкип ыргытты. Мындайча айтканда, булардын баары биринин башын бири «жутту». Эми да Жээнбеков Атамбаевди жерип кетер учур болушу мүмкүнбү?

– Жогорку бийлик деңгээлиндеги ичара мамилени өтө кылдаттык менен сактоону ойлобой, жеке амбициялык тирешүүлөр башталса, эрте-кеч КСДП өтө оор саясый кризиске келип такалат. Баарыбызга белгилүү, азыркы Конституцияда саясый партиянын таасири өтө маанилүү. Көпчүлүк саясаттын ички маселелерин түшүнбөй, Алмазбек Шаршеновичти жөнөкөй адамдай сезе беришет. Чындыгында президент 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин эң оор саясый оппоненттерин, эң оор саясый интригалардан утуп чыкты. Келечекте боло турган саясаттын сценарийин жаңы Конституция аркылуу алдын ала бектитип койду. Ошону эске алсак, Сооронбай Шарипович саясатта көп убакытта такшалган ишмер катары мамлекеттин туруктуулугун сактоого аракет кылып, сабырдуулукту көрсөтө алаарына ишенем.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.