Англис жомогу: Жектин бакыт издегени

Бул дүйнөдө бир бала болуптур. Анын аты Жек экен. Татынакай аткан таңдардын биринде ал бакыт издеп үйүнөн чыгат. Анча көп узай электе алдынан мышык чыгат. — Кайда баратасың, Жек?- деп сурайт мышык. — Бакыт издеп баратам. — Мен дагы барайынбы сени менен? — Албетте,- деп жооп берди Жек,- Жолдош канча көп болсо ошончо көңүлдүү. Шар-шур, шарт-шурт басып андан ары жөнөштү. Көп деле алыстай электе алдыларынан ит чыкты. — Кайда баратасың, Жек? — Бакыт издеп баратам. — Мен дагы издешсем болобу? […]

Айтматовду кайрадан окуганыбызда: «Ак кеме»

Ч.Айтматовдун бул повести алгач «Ак кеме» деген ат менен орус тилинде «Новый мир» журналында (1970, № 1) жарык көргөн. Кыргызчасы биринчи жолу 1978-жылы «Ала-Тоо» журналынын № 12 санында жарыяланган. Которгон Ашым Жакыпбеков. Ч. Айтматов повестин адегенде «Жомоктон кийин» («После сказки») деп атаган. Ал эми чыгарманын кийин «Ак кеме» деп аталып калышы жөнүндө жазуучу мындай дейт: «…Мен повестти «Новый мирге» алып барганымда Твардовский «Жомоктон кийин» деген ат өтө эле жөнсалды, кулакка комсоо угулат экен, андыктан башкачараак эле атабайлыбы деп, «Ак кеме» […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Нан

АҢГЕМЕ Кеч. Эскилиги жетип, кыймылдасаң эле «кыйч-куйч» эткен сөрүдө буттарымды салаңдатып отурам. Апам айткандай качан эле «кабыргам кайышып» калган. Аргасыздан бийик тоолордун күңүрттөнгөн чокуларына көз салам. Аппак булуттар тоонун чокусунан ылдый түшүп баса беришиптир. Суу ичкени түшүшсө керек. Согушка кеткен атамдын мылтыгы менин колумда болсо апам айткан жомоктогу мергенчидей болуп, секин жашынып барып, булуттар суу ичип жаткан жерден атып алат элем. Ошондо булуттар асманга учуп кете албай бүт бойдон маске майга айланып калат эле. Анан ошол майдан кочуштап-кочуштап туруп биринчи […]

Улан, Санташ шамалы жана Чолпон-Ата тууралуу уламыш

Эзелтеден калган сөзгө караганда, азыркы Ысык-Көл аймагын мекендеп көп эл жашаган экен. Ошол элдин эл сүйгөн эки баатыры болуптур. Алардын бири – Улан, Ысык-Көлдүн күн батыш жагынан, экинчиси — Санташ, күн чыгыш тарабынан. Экөө тең сымбаттуу жана бир курдуу болуп, аларга ашык болгон кыздар көп болуптур. Ал эки баатырга ашык болгон кыздардын бири – Чолпон деген абдан сулуу кыз экен. Ал бир карапайым адамдын кызы экен. Чолпон сулуу баягы эки баатырдын экөөнү тең бирдей сүйүп, биринен экинчисин ажырата албайт. Эки […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Коён

ЭТЮД Аталаш агам Медербек Тынч океанда кызмат өтөп келди. “Тихоокеанский флот” деген жазуусу бар моряктын фуражкасын норка тумактан артык көрүп, бапестеп кийип жүрөр элем. Бир жолу бала бакчанын селкинчегин тээп атканбыз. Раматылык Бакыт деген классташыбыз катуу күүлөнтүп баштаганда селкинчек түбүнөн омкорулуп кетип, баарыбызды басып калды. Менин моряк шапкемдин четин кыйшайтып сындыра басты. Чекем тытылып, көгөрүп чыкты. Бирок башымдын ооруганы эмес, кыйшайган моряк шапкем үчүн өпкө-өпкөмө батпай ыйладым. Тынчтык классташым четине зымдан тегерек кылып салып: зыңкыйтып оңдоп берип койду. Өйдөкү айылда […]

Дилазык: Биздин балалык

ПРИТЧА Шаарда абыдан акылдуу башкаруучу болгон экен. Ага кайрылгандар сөзсүз жакшы жыйынтык менен кайтышчу дейт. Бир күнү өтүкчүнүн аялы келип наалып кирет: — Күйөөм аз акча табат, үч баланы багуу азап болду. Кыйналып кеттим, бир мүнөт жок тыным алганга. — А сенин кошуналарың барбы? — Ооба, беш кошунам бар. Акылман кошунасын чакыртып анын жашоосу тууралуу сурап кирди. Ал кедей бычмачынын аялы болсо да жашоосуна нааразы болбостон, балдарын мактап кирди: — Кедейдин байлыгы – балдары. Бирөөсү мени кучактайт, экинчиси ырдап берет, […]