Бул дүйнөдө бир бала болуптур. Анын аты Жек экен. Татынакай аткан таңдардын биринде ал бакыт издеп үйүнөн чыгат.

Анча көп узай электе алдынан мышык чыгат.

— Кайда баратасың, Жек?- деп сурайт мышык.

— Бакыт издеп баратам.

— Мен дагы барайынбы сени менен?

— Албетте,- деп жооп берди Жек,- Жолдош канча көп болсо ошончо көңүлдүү.

Шар-шур, шарт-шурт басып андан ары жөнөштү. Көп деле алыстай электе алдыларынан ит чыкты.

— Кайда баратасың, Жек?

— Бакыт издеп баратам.

— Мен дагы издешсем болобу?

— Албетте!- деп жооп берди Жек.- Жолдош канча көп болсо ошончо көңүлдүү!

Шар-шур, шарт-шурт басып андан ары жөнөштү. Алыстай электе алдыларынан эчки чыкты.

— Кайда баратасың, Жек?- деп сурады эчки.

— Бакыт издеп баратам.

— Мен дагы барсам болобу?

— Албетте,- деди Жек.- Жолдош канча көп болсо ошончо көңүлдүү!

Шарт-шурт, шарт-шурт басып андан ары жөнөштү. Алыстай электе алдыларынан бука чыкты.

— Кайда баратасың, Жек?- деп сурады бука.

— Бакыт издеп баратам.

— Мен дагы барайынбы?

— Албетте!- жооп берди Жек.- Жолдош канча көп болсо ошончо көңүлдүү.

Шарт-шурт, шарт-шурт басып андан ары жөнөштү. Алыстай электе короз алдыларынан чыкты.

— Кайда жөнөдүң, Жек?- деп сурады короз.

— Бакыт издеп баратам.

— Мен дагы барсам болобу?

— Албетте!- деди Жек.- Жолдош канча көп болсо ошончо көңүлдүү.

Шарт-шурт, шарт-шурт басып андан ары жөнөштү.

Күүгүм кире баштагыча ошентип кете беришти. Жер көрүнбөй калганда гана кайда түнөштү ойлонушту. Ушул учурда жол боюнан кандайдыр там көрүндү. Жек жолдошторуна тынчтангыла деп, акырын барып терезеден караса, каракчылар тонолуп табылган акчаларын санап атышыптыр.

Жек жолдошторуна келип буйрук берди:

— Баарыңар бир учурда үн чыгарып кыйкырасыңар! — деди.

Баардыгы даярданып туруп Жек белги бергенде мышык мыялап, ит улуп, эчки маарап, бука өкүрүп, короз кыйкырды эле, асман түшүп кеткендей болуп, жүрөгү түшкөн каракчылар качып кетишти. Ошондон соң Жек жолдоштору менен үйгө бейкапар кирип барышты.

Ошентсе да Жек каракчылар түндө кайтып келүүсүнөн сактанды. Жат-жатка келгенде мышыкты термелме отургучка, итти үстөлдүн алдына, эчкини чатырга, буканы жертөлөгө, корозду чатырдын башына жайгаштырды. Ал эми өзү болсо төшөккө кирип жатты.

Үйдүн жарыгы өчкөнүн көргөн каракчылар өз кишилеринин бирин акчаларды алып келүүгө жиберишти. Бирок ал көп өтпөй эле качып келип, үйдөн көргөн коркунучтары менен кордуктарын айтып берди:

— Үйгө кирип термелгичке отурайын десем бир кемпир байпак түйүп отуруптур, мени шиш менен сайып калды!

А бул болсо мышык болчу, аны силер билесиңер да.

— Үстөлгө келип акчабызды алайын десем, анын алдынан өтүкчү чыга калып шибеге менен сайып калды!

А бул ит болучу, аны силер билесиңер да.

— Чатырга чыга качсам ал жакта бирөө талкан күйшөп атыптыр, сок билек менен берди эле солдоюп кулап түштүм.

А бул эчки болучу, силер аны билесиңер.

— Жанталашып жертөлөгө түшө качсам ал жакта бирөө отун жарып атыптыр, балта менен берди эле — ал жактан өлбөгөн төрт шыйрагымды араң сүйрөп чыктым.

А бул бука болучу, силер аны билесиңер.

— Бирок булардын баары эч нерсе эмес, чатырдын үстүндөгү эргээжел: “Кана мага бергилечи аны! Мен аны биротоло жайлап салайын!”- деп кыйкырганда безгек тийгендей безип араң кутулдум.

А бул короз болучу, аны силер билесиңер…

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.