Иран жомогу: Сыйкырчы менен эне

Качандыр бир өз кошунасы менен достук мамиледе жашаган аял болуптур. Жакшынакай күндөрдүн биринде ал уулун кошунасыныкына оттук таш сурап келүүгө жиберет. Бала кошунаныкына келсе кемегедеги казанда толтура ботко бышып жатыптыр. “Өзү жалгыз жашаса мунун баарын кимге берет?” — деп таңгалган ал жашынып алып аялды аңдый баштады. Бир аздан кийин кошуна аял сырттан банан пальмасынын жалбырактарын алып келип, аларды жерге төшөп, казанды оттон чыгарып, боткону жалбырактардын үстүнө төктү. Андан соң шумдугуң кургур бул кошуна аялдын эки колу, эки буту, башы, ичи, […]

Конкурска: Акыркы могикан Райкандын “Жинди суусу”

№2 Классиканы кайра окуганда * * * Классик акыныбыз Райкан Шүкүрбековдун термелерин улуттук адабиятыбыздагы бул жанрды жаңы баскычка көтөргөн көркөм туундулар катары караганыбыз оң. Фактынын өзү да бул ойду далилдеп турат. Акындын «Аралаш төкмө», «Жинди суу», «Рахмат койчу, чабанга», «Жер жөнүндө терме», «Аялдар жөнүндө сөз», «Декада жөнүндө сөз», «Насыят-терме» деген термелери бул жанрдын классикалык үлгүлөрүнөн болуп калгандыгын эч бир тартынбастан туруп эле жарыя айтканыбыз оң. Аталган термелердин ар бири өзүнчө сөз кылууга муктаж боюнча калып келе жаткан өзгөчөлүү көркөм дүйнө. […]

Аман САСПАЕВ: Кайнене

АҢГЕМЕ Айылдагы жаштардын бири Саамый аскерлик милдетин өтөп келген соң, өз айлындагы Закеш деген кызды сүйүп калды. Кары-картаңдар буга көп кошулган жок. Анткени, куда-сөөктүн алыста болуп, алыстан сыйлашканы жакшы: «Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт!» дешет эмеспи. Бирок кыз да, жигит да өз сүйүүлөрүн, эски ишенимге моюн сундургусу келбеди. Кыздын туулгандагы аты Зайракан эле. Бойго жетип кадыр-баркы ашкан кезде аны бардыгы эле Закеш деп эркелетишчү болду. Закеш кечинде жасана баштаганда энеси да күзгүнүн тушуна келет: – Кечинде жасанып кайда барганы жатасың? – […]

Конфуций үй-бүлөдөгү тартипти сактоо жөнүндө V

* * * Мэн-цзы айткан: “Достордун ишенимине ээ болуунун жолдору бар. Эгерде ата-энеңди багып жүрүп аларга кубаныч тартуулай албасаң, анда досторуңдун ишенимине  арзууң мүмкүн эмес. Ата-энени кубандыруунун жолдору көп. Аны өзүңдөн талап кыла бил. Эгерде көрсөткөн жакшы пейилиң чын дилден чыкпаса, ата-энеңе кубаныч тартуулай албайсың”. * * * Мэн-цзы айткан: “Байыркы замандарда аталар уулдарын тарбиялатыш үчүн аларды өз ара бири-бирине жиберип турушкан. Алар уулдарына жумшак мамиле кылууну өз ара сурашышпаган, башкалардан да муну катуу талап кылышкан. Эгерде өзүңдүкүн аёону суранып, […]

«Бизди Акбар агай окуткан!»

Белгилүү адабиятчыбыз Абдыкерим МУРАТОВ Акбаралы Сыдыков тууралуу Ош мамлекеттик педагогикалык институтун өткөн кылымдын 70-80-жылдары бүткөндөр ушул сөздү сыймык менен айтып жүрөбүз. Мен жумушума байланыштуу өлкөнүн көптөгөн мектептерин кыдырдым – болбогон районум, болбогон мектебим жокко эсе, ошолордун баарында бизден мурда-кийин бүткөн «ОГПИчилер» менен кездеше калганда сөзсүз Акбар агайды эстеп алмайбыз бар. Анан ал кишинин өмүрүнүн кыскалыгын айтып улутунуп калабыз… Акбаралы Сыдыков агай менен менин жолугушуум 1972-жылга туш келди. Он алтымда онду бүтүп, оозуман эне сүтү кете электе Ошто окуу бактысы туш […]

Кыргыз тарыхый романдарындагы типтүүлүк: эпикалык салт жана мотивдер

Улуттук адабий процессте роман жанрына болгон кызыгуу жанданып бараткансыйт. Бирок адабий сыныбыз “оор уйкудан али ойгонбой”, кыргыз романы канткенде улуттун жан-дүйнөсүн тазартуу касиетине ээ болот? – деген маселе күн тартибинде кыймылсыз туруп калды көрүнөт. “Роман жаралганда эле улуттук түскө ээ болду – дейт, А.Гулыга – , Англияны Диккенс  баяндай билет, анын китептери ушул өлкөдө гана пайда болушу мүмкүн; “Адам тамашасы” – бир гана Францияда. Германияда такыр башка интеллектуалдык роман калыптанды. “…Романдын европалык  тиби немистин улуттук мүнөзүнө туура келбеген жат көрүнүш” […]