№2

Классиканы кайра окуганда

* * *

Классик акыныбыз Райкан Шүкүрбековдун термелерин улуттук адабиятыбыздагы бул жанрды жаңы баскычка көтөргөн көркөм туундулар катары караганыбыз оң. Фактынын өзү да бул ойду далилдеп турат. Акындын «Аралаш төкмө», «Жинди суу», «Рахмат койчу, чабанга», «Жер жөнүндө терме», «Аялдар жөнүндө сөз», «Декада жөнүндө сөз», «Насыят-терме» деген термелери бул жанрдын классикалык үлгүлөрүнөн болуп калгандыгын эч бир тартынбастан туруп эле жарыя айтканыбыз оң. Аталган термелердин ар бири өзүнчө сөз кылууга муктаж боюнча калып келе жаткан өзгөчөлүү көркөм дүйнө.

Залкар акындын көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен ашкере атактуусу «Жинди суу» термеси экендиги алда качан эле талашкыс чындыкка айланган. Анан албетте, бул чыгарма тууралуу сын макалалар да, окурмандык пикирлер да көп эле айтылды. Бирок бардык эле көөнөргүс көркөм дүйнөлөр сыяктуу Р.Шүкүрбековдун бул кайталангыс асыл шедеври окурмандардын ар бир муунун жаңы жактары менен таң калтыра берет. Анда эмесе кеп оролу “Жинди суу” тууралуу…

* * *

Суу темасы дүйнөлүк поэзияда бөтөнчө бир бийик пафос менен көркөм иликтенип келе жаткан түбөлүктүү темалардын бири. Бу дүйнө жаралган алгачкы субстанциялардын негизгилеринин бири катары саналуу менен суу дүйнө элдеринин баарысынын көркөм адабиятында тээ алмустактан бери ар түрдүү өңүттө ырга кошулуп келет. Байыркы Вавилон менен Египетте суу табияттагы Адам акылы жетпеген кереметтүү сырлардын бири катары сүрөттөлүп берилсе, андан кийинки грек жана Рим мифологиясында да сууга өзгөчө орун берилгенин көрөбүз. Гомердин улуу эпосу «Илиада» менен» Одиссеяда» да суунун керемет күчү менен сырдуу табиятына бөтөнчө мани берилген. Өз атасы Кронду тактыдан кулаткан Зевс – «Кудайлар менен адамдардын башчысы», асман менен жердин падышасы Зевс – бийликти өз бир туугандары менен бөлүшүп, суу үстүндөгү бийликти бир бору Посейдонго, жер алдындагы дүйнөнү бир тууганы Аидге бөлүп берет.[1]

Мындан көрүнүп тургандай, байыркы гректер үчүн адамзат өмүр сүргөн жер бети кандай мааниге ээ болсо, суу да дал ошондой эле мааниге ээ болгон. Ушундан улам суу байыркы гректердин улуу эпосторунан тартып элдик уламыштарына чейин өзгөгө бир өңүттөн ырга кошулуп келген. Суу кудайы Посейдон жадагалса согушка киргенде да алтын жалдуу аттары кошулган арабасын толкундардын үстү менен айдап жөнөйт:

Коней погнал по волнам, — и взыграли страшилище бездны,
Вкруг из пучин заскакали киты, узнавая владыку;
Радуясь, море под ним расстилалось, – а гордые кони
Бурно летели, зыбей не касаяся медною осью.[2]

Көрүнүп тургандай, деңиз – улуу суу – байыркы гректердин терең ишениминде жана Гомердин сыйкырдуу калеминин күчү менен Адам сыяктуу эле «кубанат» жана суу кудайы Посейдондун жолуна «төшөлүп» берет, б.а. кудайлар менен адамдарга максатташ, ниеттеш, тилектеш болгон зор күч катары сүрөттөлөт.

Дүйнөнүн башка бардык элдери сыяктуу эле кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында да суу ар качан тунук ойдун, аздек сөздүн предмети болуп келген. Суунун улук касиети, Адам турмушундагы алмаштырылгыс ролу жөнүндө макалдардан эле бир топту жаратыптыр элибиз. Алардын айрымдарын гана эске салып көрсөк болот: «Илим – элге, суу – жерге», «Жер азыгы – суу», «Жер – казына, суу – алтын», «Суу адамдын жаны, өсүмдүк каны», «Суу бар жерде жашоо бар», «Сууга канык эгиндин даны толук», «Суу мол болсо, нан да мол», «Суу – жерге, байлык – элге», «Сууга жакын – кудайга жакын»[3] ж.б. Бул мисалдардан байкалып тургандай, элибиз суунун жаратмандык касиетин, бул жашоонун эң бир зарыл, эң бир керек нерсеси экендигин, Адам тиричилигинин түпкү булагы экендигин жар салып келиптир.

Калкыбыздын суу жөнүндөгү эң бир аруу ойлору улуу эпосторубуз менен ар кыл темадагы дастандарыбызда да кеңири баяндалып берилгендигин алардан алынган узун-узун шилтемелер менен далилдеп олтуруунун бул жерде анча зарылдыгы жок деп эсептейбиз. Ал эми эл ырчыларынын чыгармачылыктарында болсо суу темасы бөтөнчө бир бийик деңгээлде ырга кошулган. Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе – ак таңдай акындарыбыз сууну кудум өзүнүн табиятына дал келтирип түбөлүк кыймылда – «аккан суу» дешип ырга кошуп келишкен. Улуу Токтогул:

Чаңкаганда адамга
Пайда болгон аккан суу.
Азган менен тозгонго.
Айла болгон аккан суу,[4] — деп адамдын өмүрү экендигин ырга кошсо, атактуу Жеңижок ырчы:

Тоодон чөлгө жеткенче,
Далай жолду баскан суу.
Жаамы ушул дүйнөнү
Жаркыратып бакан суу,[5] — деп эч бир комментарийлөөнү талап кылбаган саптарды төгүп турат. Аккан суунун улуулугу менен сулуулугу даңазалуу Барпы ырчыда да эч кимге окшобогон өңүттөн көркөм баяндалат:

Ар ким ичсе бир сабап,
Пайда берген, аккан суу.
——- — — — — — — — — — — —
Жерден чыгып сызылып
Жерге берген аккан суу.
Касиетин көрсөтүп
Элге берген аккан суу.[6]

Арийне, акындарыбыз суунун минтип жаратмандык, асылдык касиеттери менен бирге учуру келгенде оңдурбас кара күч, жапан стихия экендигин да эч качан жадыларынан чыгарышкан эмес. Ошондуктан суунун дал ошол жапан күч сыяктуу табияты да ырчыларыбыз тарабынан ары таамай, ары жеткиликтүү көркөм баяндалып келинген. Бул айтылган оюбуздун классикалык үлгүсү катары биз айтылуу талант Молдо Кылычтын «Жинди суу» деп аталган чыгармасын көрсөтүп кетер элек. Залкар акын суунун бүтүндү бүлдүрө турган өлчөөсүз кара күч, жапан стихия экендигин ырга кошкон. Акын минтип баян этет:

Тоо жаңырып таш агып,
Күлдүрөгөн сүрдүү суу.
Чалмаланып, сурданып,
Ылайланган кирдүү суу.
——————————-
Ак-караны тергебей
Адамга өч кандуу суу,
— — — ——- —————
Уяты жок жинди суу,
Канга тойбос бөрүүсүң.[7]

Мына ошентип, суу темасы дүйнөнүн бардык элдеринде, анын ичинде, албетте, биздин кыргыздарда да тээ алмустактан бери эле ар түрдүү өңүттөн – бирде жан-жаныбардын барына өмүр, жашоо берген улуу күч катары, бирде пенде баласынын башына алаамат мүшкүл иш салуучу жапан күч катары сүрөттөлүп келиптир. Ошону менен бирге суу темасын кийинки кеңеш доорундагы акындарыбыз да ар кимиси талант-дараметтерине жараша ырга кошуп келишиптир. Албетте, кеңеш доорундагы ырларда аккан суу жаңы социалисттик курулуштун алгалоосуна тилектеш болгон, жаңынын ыкчам алгалоосуна максат, мүдөөлөш болгон табияттын бир асыл көрүнүшү катары ырга кошулат. Мындан башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени, жаңы заман, ал замандагы жашоо-турмуштун жаңыча нугу, ал турсун адамдар ортосундагы жаңыча мамилелер, жаңыча түшүнүктөр сууга карата мурдагыларга окшобогон мамилени, интерпретациялоону жаратты.

Ал гана эмес бир кезде Молдо Кылыч ырдаган «жинди суу» деген түшүнүктүн өзүнө жаңы турмуш алып келген жашоо ыңгайынын өзгөчөлүгүнө ылайык жаңыча мани, каймана түшүнүктүн жаралышына түрткү болду бул жаңы кеңеш доору. Ошентип, замандардан замандарга өтүп бизге жеткен аккан суу катынган жаратмандык маани, жинди суу катынган бүлдүргүч кара күчтүн маңызы таптакыр өзгөргөн жагдай түзүлдү. «Жинди суу» деген сөз айкашы кеңеш доорундагы жашоо ыңгайы алып келген, адам акылын туманданткан арак деген маанини туюндуруп калды. Арийне, суу менен байланышкан мындай түшүнүк, бул түшүнүктүн реалдуу турмуштагы материализацияланышы акындардын айтаар сөзүнөн далдоо калбайт болчу. Чынында эле ошондой болду. Жинди сууга жаңы турмуш сиңирген маани тез эле көркөм сөздүн предметине айланды. Муну бөтөнчө бир оригиналдуу, угарман менен окурмандын жан дүйнөсүн адаттан тыш бүлүк сала турган деңгээлде ырга кошкон таланттуу акын Райкан Шүкүрбеков болду.

* * *

Эзелтен бери ырдалып келе жаткан жинди суу деген түшүнүккө сиңирилген азаптуу жаңы маңыз, кайгылуу жаңы маани жөнүндө кеп саларын акын термесинин тим башталышында эле ачык-айкын айтып, тике эле эскертип кетет:

Акындар төгөт термени,
Түгөнбөс ырдын кендери.
Эми уккула жолдоштор,
Термени жаңы мендеги.  (81-бет. Астын биз сыздык – автор)

Ырасында эле бул жаңы терме эле, кеңеш доору алып келген жаңы жашоонун жаңы ырларынын бири болчу. Анан бул жаңы

Терменин башы арактан
сызылып чыкты. Буга удаалаш акын:

Силерге айтып жатамын
Качсын деп жаман адаттан
— деген дидактикалык накыл кебин узатты. Мына ошентип, тематикасы, чагылдыруу объектиси, баяндоо предмети боюнча буга чейинки термелердин бир да бирине окшобогон таптакыр жаңы маани, жаңы мазмундагы терме пайда болду. Бул терменин негизги темасын түзүп турган башкы объектиси эч качан

Карабайт кары-жашыңа,
Тескерисинче, ар качандан бир качан
Капаны үйөт башыңа.
Ал турсун кайда болбосун анын
Жүргөн жери ызы-чуу.

Дал ушу кары-жашты ылгабагандыгынан, ар качан ким-кимдин болбосун башына кайгы-капаны үйгөндүгүнөн, баарынан да «жүргөн жери ызы-чуу» болгондуктан

Эч кимге жакпайт жинди суу.

Мына ошентип, таланттуу акындын бул жаңы термесинде негизги кеп арак жөнүндө, эч кимге жакпаган жинди суу тууралуу болору ачык-айрым айтылды. Айтылчу ойдун ырааттуу өнүгүшүнө ылайык андан аркы сөз тикеден-тике арактын, жинди суунун көрүнүшүн, сапат-белгисин, өзүмдүк өзгөчөлүү касиеттерин тыкыр баяндоо менен улантылат. Акындын жинди сууга берген алгачкы түшүндүрмөсү, аныктамасы төмөндөгүдөй:

Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт.
Бөтөлкөдө жай жатат
Ичиңе кирсе чаңдатат. (81-бет)

Акындын сүрөткерлик туюму сөзгө алып жаткан предметин өзгөчө даана, так, тээ ички өзүмдүк белгилерин сезе билүү менен сүрөттөп олтурат. «Берметтей болуп жылтылдайт». «Эмне үчүн жылтылдайт?» деген собол пайда болот. Берметтей болуп жылтылдаганынын себеби «АРАК –таза этил спирти менен суунун аралашмасынан турган алкоголь ичкилик»[8] болуп эсептелет. Ал эми «этиловый спирт (этанол, винный спирт) бесцветен, прозрачен, летуч. Он обладает резким запахом, жгучим вкусом. Легко воспламеняется и горит синеватым пламенем, выделяя мало копоти, хорошо растворяется в воде, органических растворителях. Химическая формула С2Н5ОН.. Относительная плотность 95% спирта 0,813-816, температура кипения 77-78,50»[9]. Мына ошентип, көк кашка суу менен эң сонун аралашуу жөндөмүнө ээ болгон, өңсүз, туптунук этил спиртинен жасалганы үчүн жинди суу акын ашкере таамай белгилегендей «берметтей болуп жылтылдайт». Ал эми кийинки сап болсо «түлкүдөй болуп кылтылдайт» — нукура элдик дүйнөкабылдоого негизделип жаралган. Анткени, жер жүзүндөгү бардык элдердей эле кыргыздар үчүн да түлкү алдамчылыктын, азгыруунун, жолдон чыгаруунун белгиси болуп эсептелет. Демек, жинди суу адамды алдайт, азгырат, жолдон чыгарат.

Арийне, этил спирти менен көк кашка суунун аралашмасынан жаралган арак адам өзү азгырылып ичмейин «бөтөлкөдө жай жатат». Качан гана пенде баласы жолдон чыгып, түлкүдөй болгон немеге алданган соң ичине кирип чаңдатат. Анткени, «действие алкоголя на нервную систему обнаруживается уже через несколько минут после приема алкогольных напитков»[10].

Андан ары Р.Шүкүрбеков алкоголдук ичимдиктердин түрлөрүн өз алдынча бөлүштүрүп, ар бирин санап өтөт, бирден бирден айтып берет:

Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ар кимисин билип ал.
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар. (81-бет).

Суроо туулат: Кайсы белгилери боюнча жогоруда саналган ичимдиктер жинди сууга ага жана ини болушат? Албетте, акын бул жерде саналган ичимдиктердин алкоголдук кудуретин, жөнөкөй тил менен айтканда, градусунун деңгээлин биринчи сапка коюп жатат. Кырк градустагы жинди суу үчүн 900 тагы спирт ага болуп эсептелет да, 6-70 тагы пиво менен 12-170 тагы винолор ини делип айтылып жатат. Ошол эле учурда бул саналган ичимдиктердин «жини» делип да дал ушул ар бирине тиешелүү градустарын айтып жатат залкар акын.

Мына ошентип, бул жаңы терме суу жөнүндөгү, б.а. жинди суу жөнүндөгү таптакыр жаңыча маанидеги сөздү баяндоого өтөт, бул терме ырасында эле таптакыр жаңы экендигине окурманды ынандырат акын. Ушундай алгачкы кадамдардан соң гана сүрөткер терменин жанр катары аткара турган башкы озуйпасына да назар таштап, айтылып жаткан кептин негизги объектисинен, б.а. жинди суудан уланган сөздүн дидактикалык маңызы менен маанисине басым жасайт.

Эч кимге кылбайт жакшылык,
Жетелеп кетет азгырып.
Жамандык менен жакшылык,
Каршы болот турбайбы.
Жамандыкка жинди суу,
Жарчы болот турбайбы.
Айтып коюп тарс эткен,
Жаш, карыга мындайды. (81-82-беттер)

«Жамандыкка жинди суу жарчы» экендиги айтылып, терме «коомдук көрүнүштөрдүн негизги белгилерин аныктоочу адабий жанр» (А.Эркебаев) экендиги дагы бир ирет далилденди.

* * *

Арийне, жамандыкка жарчы болгон коомдогу бардык терс көрүнүштөр сыяктуу эле адам баласы да тээ байыркы учурлардан бери эле жинди сууга каршы күрөшүп келиптир. Кытайда, Египетте, Байыркы Греция менен байыркы римде ичимдикти шаан-шөкөттөрдө ичүү менен такай ичүүнү ажыратып кароонун зарылдыгын» баса белгилешиптир. Аракечтерди эл алдына алып чыгып шылдыңдоо, жек көрүмдү кылып кордоо, ал турсун ырайымсыз жазалоо жана өлтүрүү сыяктуу жаза чаралары аталган байыркы мамлекеттерде өтө кеңири колдонулган. Гиппократ менен Галендин эмгектеринде аракечтик коом үчүн коркунучтуу күрүнүш экендиги айтылат.[11] Орто кылымдарда да адам турмушундагы бул тескери көрүнүшкө каршы ар кандай чаралар – айрыкча чиркөө тарабынан такай жүргүзүлүп келинген.

Аракечтикке каршы күрөшүү Х1Х жана өткөн ХХ кылымдарда айрыкча жаңы баскычка көтөрүлдү десек болот. Х1Х кылымдын тим башталышында Англия менен Түндүк Америкада Сергектик коомдору түзүлүп, алар аракечтикке каршы катуу күрөш жүргүзүшкөн. Германияда, Ирландияда, Швейцарияда «орден добрых храмовников», «Орден Синей Ленты», «Синий Крест» деген сыяктуу сергектик коомдору түзүлгөн. ХХ кылымдын башталышында аракечтикке каршы күрөшүү боюнча 16 (он алты) эл аралык уюм иш жүргүзгөн[12]. Сергек жашоо үчүн болгон кыймылдар өтө кеңири жайылтылганы менен алардын ийгилиги анчалык көзгө толумдуу боло алган эмес. Спирт ичимдиктерин пайдалануу бул жылдары бардык өлкөлөрдө күчөп кетет.

1914-жылы Швецияда «Брат системасы» деген тартип киргизилет. Бул эреже боюнча спирт ичимдиктери карточка менен гана, болгондо да үй-бүлө башчысына гана бериле баштайт. Дал ушул ХХ кылымдын баш ченинде ар кайсы өлкөлөрдө – Исландияда (1912), Норвегияда(1919) – спирт ичимдиктерин чыгарууга жана сатууга толук тыюу салган мыйзамдар жарык көрөт. Мындай «сухой закон» кийин (1919) Финляндияда да кабыл алынат. Андан сегиз жыл өткөн соң тыюу салуунун натыйжалары менен жыйынтыктарын көргөн биринчи финляндиялык конгресс: «… государству и общинам удалось упорядочить свои финансы, провести политические и социальные реформы, укрепить экономику страны», — деп баса белгилептир.[13] Эң узакка (дээрлик 13 жылга) созулган «сухой закон» АКШда болуптур. 1920-жылы январда күчүнө кирген бул иш чара бардык штаттарда бекем сакталыптыр.

Изилдөөчүлөрдүн ырастоолору боюнча жогоруда аталган «сухой закондордун» дээрлик баарыс кандайдыр бир деңгээлде жакшы натыйжаларды беришкени менен кыска мөөнөттүк гана мүнөзгө ээ болушуптур жана абал тез эле мурдагы калыбына келип, ал турсун андан да жаман болуп кетиптир. Орусияда да аракечтикке каршы күрөшүү ошол Х1Х кылымда эле күч алыптыр. Расмий түрдө эң алгачкы уюштурулган сергектик коому Полтава губерниясынын Дейкаловка айылында 1874-жылы түзүлүптүр. Ал эми 1882-жылы Смоленск губерниясынын Татаево деген айылында ушундай сергектик коому түптөлүптүр. 1909-жылдын 28-декабрынан 1910-жылдын 6-январына чейин Петербургда аракечтикке каршы күрөшүү боюнча 1-Бүткүлроссиялык съезд өткөрүлүп, мында аракечтиктин түпкү социалдык-экономикалык тамырын аныктоо, бул илдеттин социалдык-гигиеналык маселелерин чечүүнүн иш чараларын иштеп чыгуучу каралат.

Совет мамлекети коммунисттик бийлик орнотулган алгачкы күндөрдөн тартып эле аракечтикке каршы чечкиндүү күрөш жүргүзө баштады. РСФСР Эл Комиссарлар Совети 1919-жылы 19-декабрда «О воспрещении на территории РСФСР изготовления и продажи спирта, крепких напитков и не относящихся к напиткам спиртосодержащих веществ» деген Токтом кабыл алып, мында самогон кайнаткандарга, самогонду саткандар менен сатып алгандарга катуу жаза колдонуу (үй-мүлкүн өкмөткө тартып алуу менен 5 жылдан кем эмес эркинен ажыратуу) каралган. В.И.Ленин да аракечтикке каршы катуу күрөшүп, «соода үчүн канчалык кирешелүү болсо да арак жана башка мээни тумандатчу нерселерди сатууга жол бербейбиз»[14] деп белгилеп кетти.

1927-жылы марта РСФСР Эл Комиссарлар Совети «О мерах ограничения продажи спиртных напитков» деген токтом кабыл алып, мында спирт ичимдиктерин жашы жете элек балдарга жана кызуу абалындагы жарандарга сатууга тыюу салуу маселесин карайт. Аракечтикке каршы күрөшүү ишин Совет өкмөтү өзү өмүр сүргөн жетимиш жылдан ашуун мезгилдин ичинде тынымсыз жүргүзүп келген десек болот. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин эл бир аз оңлгон соң 1958-жылы КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети «Об усилении борьбы с пңянством и онаведении порядка в торговле крепкими спиртными напитками» деген Токтом кабыл алды.       Арадан он төрт жыл өткөн соң 1972-жылы КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети «О мерах по усилению борьбы против пьянства и алкоголизма» деген дагы бир жаңы Токтом кабыл алды.

Арадан дагы он үч жыл өткөн соң 1985-жылы кайра куруу деген доордун тим башталышында КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети «О мерах по преодолению пьянства и алкоголизма» деген дагы бир Токтом кабыл алды. Аракечтердин ар бир жаңы муундарына каршы ар он беш жылдын ар жак, бер жагында кабыл алынып тургансыган бул токтомдор бүгүнкү күндүн бийиктигинен караганда плансыз, терең ойлонулбаган мүнөздө болгонсуп көрүнүшү ыктымал. Түк андай эмес эле. Ар бир токтом коммунисттик режимдин каардуу машинасы аркылуу аябагандай аёосуз мүнөздө болуп, бир катар терс натыйжалар менен коштолуп жүрүп олтурган. СССР деген улуу державанын курамында болгон кыргыз эли да большевиктик бийликтин жылдарында аракечтикке каршы жүргүзүлгөн иш чаралардын барысына ортоктош болуп, көптөгөн элдердин катарында баштарынан өткөрүп келишкен.

Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде жүргүзүлгөн иш аракеттердей эле СССРде жүргүзүлгөн антиалкоголдук иш чаралар да кандайдыр бир деңгээлде утурумдук, бир жүргүзүлгөн компаниялык мүнөзгө ээ болуп кала берген да, натыйжада, аракечтик улам мезгил өткөн сайын зор коомдук проблемага, чыныгы социалдык ооруга айлана берген.

Республикабыз эгемендикке ээ болгондон кийинки чейрек кылымдан берки убакта да бул багытта бир катар иш чаралар жүргүзүлдү. Айрым учурларда радикалдуу кадамдар да жасалды. Мунун айкын мисалы катары кечээ жакындагы эле Кара-Суу районунун Жапалак айылында жана Нарын олблусунун бир топ кыштактарында болуп өткөн окуяны – дүкөндөрдө сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктерди массалык түрдө талкалап жок кылууну – көрсөтүп кетсек болот…

Аракечтикке каршы күрөшүү боюнча соңку мезгилдерде ООНдун көптөгөн атайын мекемелери: наркотик каражаттары боюнча Комиссия, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Институт, Эмгек боюнча эл аралык уюм, алкоголизм менен наркоманияга каршы күрөшүү боюнча Эл аралык жана Европалык кеңештер, ЮНЕСКО ж.б.лар бир катар иш чараларды жүргүзүп жатышат. Бирок абал тээ байыркы Кытай, Египет, Греция, Римдегидей эле оор боюнча калып келүүдө.

* * *

Залкар акын Райкан Шүкүрбековдун биз карап жаткан даңазалуу «Жинди суу» термеси мына ушундай адамзат пайда болгондо кошо пайда болгонсуган, бирок кыргыз эли үчүн жаңы совет коомундагы жаңы жашоо ыңгайы менен кошо келген эң көйгөйлүү маселеге арналган эле. Бул маселенин көйгөйлүү экендиги ушунда — аракечтик пенде баласынын организмин, дене боюн четинен кемирип жей бере турган илдет болуп эсептелет. Муну таланттуу акын өзү да жеткилең сезе билип:

Айтарым алыс, жакынга,
Айтканымды макулда.
 Тумандатып башыңды,
 Зыяны тиет акылга. (82-бет)

Ооба, баарынан мурда акылга зыяны тиет. Анткени, «картина опьянения –это по существу картина острого отравления центральной нервной системы. Впервую очередь высших ее отделов – коры головного мозга»[15]. Адистер жүргүзгөн социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча да арактын айынан нерв системасы жана сезүү органдары зака жеп, өлүмгө туш болгон эркектердин саны ичпеген адамдарга салыштырмалуу аракечтердин арасында алда канча көп эсе басымдуулук кылат. Ошону менен бирге аракечтердин дээрлик баарысынын дем алуу органдары арактын айынан айыкпас дартка чалдыгат. Аракечтердин өлүмүнө тикеден тике себеп болгон оорулардын ичинде биринчи орунда дал ушул дем алуу органдарынын оорусу турат. Анткени, арак өпкө менен кызыл өңгөчтүн майда клеткаларын ууландырып, ал органдардын табийгый жашоосун бузат. Ошондуктан аракечтен:

Жөтөл кетпейт кыйкылдап,
Өңгөчүң тынбай чыйкылдап. (86-бет)

Көзүңдүн агы жоголуп,
Коркурак кирет үнүңө. (91-бет)

Бул тууралуу адистер минтип жазышат: «Сравнительный анализ общей заболеваемости по классам болезней показывает, что как среди всего мужского населения, так и среди мужчин, злоупотребляющих алкоголем, наибольшая заболеваемость приходится на болезни органов дыхания».[16]

Жогоруда айтылгандай, жинди суу адамдын нерв системасына зака келтирүү менен бирге аракечти ар кандай психикалык ооруларга кабылтат. «Уровень психических расстройств у мужчин, злоупотребляющих алкоголем, в 2 раза превышает уровень психической заболеваемости мужского населения. …Число обращений по поводу психозов и нервозов у мужчин, злоупотребляющих алкоголем, в 1,4 – 2 раза больше соответствующего показателя для всего мужского населения. … Нарушения психического здоровья при алкоголизма… являются следствием длительного злоупотребления алкоголем»[17].

К.К.Юдахиндин сөздүгүндө «Психоз» мындайча түшүндүрүлөт: «1. Психикалык оорунун күчтүү бир түрү; 2. адамдын психикасындагы кандайдыр бир нормасыздык, бир түрдүүлүк, мис.: Болор-болбос нерседен корко берүү)».[18]

Ал эми «невроз» болсо кыска гана момундайча чечмеленип берилет: «нерв системасынын оорусунун бир түрү»

Дал ушинтип аракты ашыкча ичкенден улам ар түрдүү психикалык ооруларга кабылып,

Көк мээ кылып көп сүйлөп,
Көз көрүнөө айныма (89-бет)

болуп калышат ичкичтер.

Жинди суу түпкүлүгүндө келип адамдын психикасын бузуп,

Оолукма кылат өзүңдү,
Опсуз кылат сөзүңдү. (92-бет)

Кекеттире сүйлөтүп
Аңтарылтат көзүңдү. (82-бет)

Арактын адам абийирин буза тургандыгы айрыкча аялдар менен өспүрүмдөрдүн организмине тийгизген тескери таасиринен дагы да ачык көрүнөт. Аялдар арасындагы аракечтик жөнүндө окумуштуулар момундайча жазышат: «Алкоголизм среди женщин проявляет склонность к еще большему распространению. … в высокообеспеченных слоях общества алкоголизмом страдают мужщины и женщины в равной степени…

Алкоголизм у женщин чаще, чем у мужчин, общество воспринимает не как болезнь, а как позорную привычку, поэтому женщины чаще скрывают свое заболевание, … «нетерпимость общества к женскому алкоголизму» – важнейшая сдерживающая причина распространения алкоголизма среди женщин. «Женщины начинают пить в более старшем возрасте, чем мужчины, но быстрее переходят от контролируемых выпивок к бесконтрольному злоупотреблению алкоголем. Считаются, что пьют «до бесчувствия» значительно чаще женщины» [19]. Спирт ичимдиктеринин аялдардын организмине, жүрүм-турумуна тийгизген таасири илимде ушундайча чечмеленип берилсе, «коомчулук тарабынан оору катары эмес, уятсыз, ар-намызсыз өнөкөт жорук» катары кабыл алынчу аялдар арасындагы аракечтикти акын көркөм сөздүн күчү менен төмөнкүчө кылып жандуу көз алдыбызга тартып берет:

Айтылуу сулуу келиндин,
Көрөсүң көркү кеткенин.
Өзүңчө туруп кейийсиң,
Көргөндө мастын өпкөнүн.

Ак шайы көйнөк эми жок,
Ак тубар жоолук деги жок.
Кийип алган этине,
Апасынын чепкенин.
Ырдап калат тийишип.
Абийиринин кеткенин. (83-84-беттер)

Башын иет мас келин,
Башында мээси аз келин.
Жоолугу жүрөт желкеде,
Ал өңдөнгөн эркенин.
«Дүнүйө жерге кирсин» деп,
Унутат алган эркегин. (86-бет)

«Эркектерге караганда аялдар жашы бир топко барып калганда иче башташса да, өзүн өзү тескеп ичүүдөн көзөмөлдөн чыга ичкиликке берилип кетүү аларда тезирээк жүрөрү» мына ушнтип жалпылаштырылган бир келиндин көркөм мисалында элестүү да, образдуу да, жеткиликтүү да болуп реалдуу түрдө көз алдыбызга тартылды.

* * *

Ырас, Р.Шүкүрбеков жинди сууну шимирген аракечтин тышкы кебете-кешпирин да эсте каларлык деңгээлде көрсөтүп берет.

Билбей мээң айланып,
Кийбейсиң кээде чалбарды.
Маймыл көргөн немедей,
Ээрчитесиң балдарды. (87-бет)

Жинди суу
Калтыратат колуңду,
Ийри кылат жолуңду.
Жайдын күнү кийгизет,
Кышындагы тонуңду.
Күн кайнаган жайында,
Июль, август айында.
Кийиз өтүк бутуңда,
Мына, анык күлкү ушунда (91-бет).

Сай сөөгүң сыздап жүлүндөйт,
Чылпактап көзүң ириңдейт.
Оозу башың бүлкүлдөп,
Сүйлөгөн сөзүң билинбейт (92-бет)

Ашаткан тери жыттанат.
Үстүңдөгү кийгениң. (93-бет).

Бул термеде Р.Шүкүрбеков конкреттүү тагдыр сыяктанган типтүү баяндоолорду эң сонун колдонот. Мунун бир мисалы катары жогоруда мас келиндин таржымалын көрдүк. Ушундай эле жекелештирилген баянды конкреттүү бир аракечтин тагдыры аркылуу да көрсөтүп берет. Адегенде ал ичкичтин мекемеден куулгандыгы, «кекиртектен кетти деп, кыргызга бүт угулгандыгы» айтылат да, анан

Боору ооруган начальник,
Аны кайра алат ишке калкалап.
Ашып кетса алты күн,
Араң жүрөт чалкалап.
Ичпейм деп айтат күчтөнүп,
Үч күнү жүрөт тиштенип.
Кылжыңдап келет бир күнү,
Шляпасы бүктөлүп. (85-бет).

Албетте, бул аракечтин жинди сууга биротоло берилип калгандагы тагдыры эле. Аракечтик боюнча белгилүү окумуштуу Г.М.Энтиндин аныктамасы боюнча аракечтин акын сүрөттөгөн бул абалы аракечтиктин үчүнчү стадиясына – «хронический алкоголизм в исходной стадии» – туура келет. (Аракечтиктин түрлөрү жөнүндө төмөндө кеп кылабыз.) Аракечтин бул кебетесин көрүшкөн

Кызматчылар жабылып
Башын чайкап турушат.
Столдорго чалынып,
«Соомун» деп кайра урушат.
Акыл айтса, өзүңө
Ошондо куйкаң курушат.

Эми койдум анык деп.
Түгөнбөгөн убада.
Учу-кыйыры билинбейт,
Убада байкуш убара. (85-бет).

Мына ошентип, залкар акын жинди суунун адам тагдырын талкалаган кыйраткыч мүнөзүн таамай тартылган бир мисалдын негизинде эң сонун кылып ачып берди. Арийне, жинди суу пенде баласын физиологиялык жактан гана кемирип жебестен адамды нравалык, адеп-актык жактан да деградацияга алып барат. Ичкич адам баарынан мурда ыйманын жеген, жалганды чындай сүйлөгөн калпычы болуп каларын акын:

Ал устасы болот төгүндүн,-

деген бир сап ыры менен эле чекеге черткендей кылып айтып берген. Аракеч үчүн улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо деген адеп-актык критерийлер таптакыр жок болот. Ошондуктан ал

Кайын энесин тепкилейт.
Аракеч үчүн дегеле ыйык нерсе калбайт. Баарынан да жанга батканы –

Орусча сөгөт энесин,
Ыйлатат жакын жеңесин. (89-бет).

Ушундан соң
Адам деп кантип айтабыз
Адамдан чыккан айбанды –деп (87-бет) чыгарган акындын жыйынтык пикири ким кимди болсун муютпай койбойт.

* * *

Залкар акын дегеле бул чыгармасында жинди сууга азгырылган адамдарды өз ара топ-топко бөлүштүрүп берет. Илимде муну классификациялоо деп атайт. Акындын көркөм классификациялоосу боюнча аракечтердин төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

Биринчиси:  Чатагы жок шимирген,
Жүк көтөргүч пили бар.
Бирок, көйнөгү арак жыттанып,
Күйүп кеткен түрү бар.
Элден, журттан бөлүнгөн,
Бечера тарткан үйү бар. (90-бет)

Экинчи топтогу аракечтерди акын момундайча мүнөздөйт:

Тандабай кызыл агынан
Табылса соккон таңынан
Кызыл мурун деген бар,
Мына, ошолор жаман баарынан. (90-бет)

Ошону менен бирге момундай да (үчүнчү топтогу) ичкичтер бар:

Каны тарткан ичине,
Жутуп алса кичине.
Эртесинде шишиме,
Ичсе кирген күчүнө. (90-бет)

Көрүнүп тургандай, акындын минтип:

Ичкичтердин түрү бар,
Алардын түрүн билип ал, – деп

бөлүштүрүүсү нукура поэтикалык интуиция менен гана жинди сууга алдырган адамдардын сырткы кебете-кешпири, жүрүм-туруму боюнча жасалган сүрөткердин гана бөлүштүрүүсү болуп эсептелет. Ал эми аракечтик боюнча жазылган атайын изилдөөлөрдө бул багыттагы эмгектенген окумуштуулар сунуш эткен тогуз түрдүү классификация берилген. Бул классификациялоолордун төртөө алыскы чет өлкөлүк илимпоздорго тиешелүү болсо, бешөө орус окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Аракечтер жөнүндөгү бул классификациялоолордун толук кандуулары катары канадалык чоң окумуштуу E.Jellinek тарабынан иштелип чыгып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) тарабынан жактырылган бөлүштүрүү менен орус окумуштуулары Ю.П. Лисицын менен Н.Я. Копыт тарабынан иштелип чыккан бөлүштүрүү болуп эсептелет.

E.Jellinek аракечтикти төмөндөгүдөй беш топко бөлөт:

  1. Альфа – алкоголизм. Имеется психическая уязвимость. Причиной употребления алкоголя служит стремления облегчить телесную или душевную боль.
  2. Бета –алкоголизм. При этой форме алкоголизма спиртные напитки употребляются часто, в основном в связи с обычаями… Болезнь не прогрессирует.
  3. Гамма – алкоголизм. Сопровождается психологической и физической зависимостью от алкоголя. При этой форме процесс отчетливо прогрессирует.
  4. Дельта –алкоголизм. Физическая зависимость от алкоголя, позднее присоединяется психическая. Индивидуум не способен воздержаться от алкоголя более суток, однако контроль под количеством спиртного сохранен.
  5. Эпсилон – алкоголизм. Периодическое пьянство. …эта форма злоупотребления сопровождается тяжелыми алкогольными осложнениями.[20]

Ал эми орус окумуштуулары Ю.П.Лисицын менен Н.Я.Копыт ичкичтерди төмөндөгүдөй топторго бөлүштүрүп беришет:

  1. Употребляющие алкогольные напитки редко, в небольших количествах.
  2. Употребляющие алкогольные напитки умеренно. … Лица, входящие в эту группу, как правило, «знают свою меру», а в состоянии алкогольного опьянения не допускают антиобщественных поступков.
  3. Злоупоребляющие алкоголем:

а). Б е з п р и з н а к о в а л к о г о л и з м а, т.е. пьяницы, которые употребляют

алкоголь часто, …в больших количествах. …Эта группа лиц, злоупотребляющих алкоголем, отличается асоциальным поведением в состоянии алкогольного опьянения: конфликты в семье, невыходы на работы, нерушения правил общественного порядка. Последствиями бывают доставка в медвытрезвитель, приводы в милицию и т.п. Возможны нечетко выраженные признаки психической зависимости от алкоголя.

б) с н а ч а л ь н ы м и п р и з н а к а м и а л к о г о л и з м а – при наличии психической зависимости и измененной реактивности организма на алкоголь. (влечение к алкоголю и состоянию опьянения, утрата контроля за количеством потребляемых напитков и др.)

в) с в ы р а ж е н н ы м и п р и з н а к а м и а л к о г о л и з м а. Когда появляются признаки физической зависимости от алкоголя.[21]

Залкар сүрөткер Р.Шүкүрбеков көркөм сүрөтүн тарткан биринчи топтогу ичкичтерди канадалык белгилүү окумуштуу E. Jellinek сунуш эткен үчүнчү топко, гамма-алкоголизм алкагындагы мастарга кошсок ылайык болчудай, анткени, «көйнөгү арак жыттанып // күйүп кеткен түрү бар» болгону менен али үй-бүлөдөн ажырай элек, б.а. адам катарынан биротоло чыгып кала элек. Бирок «сопровождается психической и физической зависимостью от алкоголя». Ал эми орус окумуштууларынын бөлүштүрүүсүндөгү үчүнчү топтун А подгруппасына тиешелүү деп айтсак болот, анткени булар «пьяницы, которые употребляют алкоголь часто, …в больших количествах».

Ал эми Р.Шүкүрбеков сүрөтөгөн экинчи топтогу («тандабай кызыл, агынан// Табылса соккон таңынан // Кызыл мурун деген бар») ичкичтерди E. Jellinek бөлүштүргөн эпсилон-алкоголизм алкагындагы аракечтерге кошсок болот. Ал эми орус окумуштууларынын классификациялоосу боюнча Р.Шүкүрбековдун бул топтогу ичкичтери, албетте, 3-топтогу аракечтердин В подгруппасына тиешелүү, анткени, буларда “появляются признаки физической зависимости от алкоголя».

Р.Шүкүрбековдун бул термесинде аракечтиктин таптакыр өтүшүп кеткен түрлөрү да өтө кылдаттык менен баяндалып берилген. Аракечтик жөнүндөгү илимде ичкичтердин мындай абалын алкогольные психозы деп атап, өз ара төрт стадияга бөлүштүрөт: а) белая горячка, б) алкогольный галлюциноз, в)алкогольный параноид, г)корсаковский психоз.[22]

Мында а тобундагылар (белая горячка) эмне иш жасап жатканын билбей, жинди чалыш немедей болуп, жасаган жумушун тескей албай калат, акындын сөзү менен айтканда:

Айылды бүтүн чакырат,
Мен киммин деп бакырат (88-бет).

же болбосо:

Бээлерди үркүтүп,
Быт-чыт кылат желесин. (89-бет).

Ал эми экинчи топтогуларда (алкогоьный галлюциноз) болсо арактын уусу нерв системаларын да биротоло ууландырып, кулагына ар кандай добуштар угулуп, көзүнө ар нерселер көрүнө баштайт. Мындай учурда адам өзүнө өзү кол салышы, көп кабаттуу үйлөрдөн секирип жибериши, ээн токой, эрме чөлгө тентип кетиши ыктымал. Акын таамай айткандай, бул учурда

…өзүңдү өзүң билесиң,
Өйдө-төмөн жүрөсүң.
Куш сайрабас, күн тийбес,
Түнт токойго киресиң.
Ачуу-ачуу кыйкырып,
Аржаңдап жалгыз күлөсүң. (91-бет)

Мына ошентип, залкар акын Райкан Шүкүрбеков «Жинди суу» деп аталган бул термесинде аракечтик жөнүндө, болгондо да көркөм сөздүн күчү менен, ар тараптуу кылып жүрөккө жетерлик, акыл-сезимди козгорлук, окуган адам таалим-тарбия аларлык деңгээлде баяндап берген. Таалим-тарбия демекчи, дале болсо терменин жанрдык табиятына ылайык акын ыңгай-шартына ылайык ар кандай дидактикалык акыл-насияттарды айтып жүрүп олтурат. Бул жерде:

Жаралып эки келбейсиң,
Жаркыраган ааламга.
Акыл, эс, уят, ар, намыс,
Чоң касиет адамга.
Түбөлүк жашап каласың,
Эмгегиң сиңсе заманга, — деген (84-бет) накыл кеп айтылса, ушуга улай эле:

Көрктөнөт киши жумуштан,
Элине кызмат кылыштан, — делип айтылат.

Анан да:

Окууң болсо өргө чап,
Ашыгып иште, күн кыска. (89-бет)

жана да:

Азамат болуу аста-аста,
Айбан болуу бир паста, -деген (90-бет) сыяктуу элдик акылман ойдон сызылып чыкканы ачык-айкын күрүнүп турган, ушундан улам таасирдүүлүгү андан бетер күчтүү чыккан нуска кептер да өтө арбын кездешет. Анан калса терменин:

Айтканымды ойго алаар,
Акылы бар жаш бала.
Ардактуу асыл башыңды,
Аракка кылба маскара (93-бет). — деген накыл кеп, ак дилден айтылган насыят сөз менен бүтүшү да кандайдыр бир деңгээлде символикалык көрүнүшкө ээ болуп турат. Мына ошентип, жанатан бери ар кандай өңүттөн, ар кайсы нукта айтылып келген акындык баян кулпулап койгондой зымпыйып турат.

Жыйынтыктап айтканда, Р.Шүкүрбековдун «Жинди суу» деп аталган бул термеси улуттук терме ырларын тематикалык жактан байытып, проблемалуулугун дагы да жогорулатуу менен бирге акындын жеке чыгармачылык тагдырында гана эмес жалпы улуттук адабиятыбызда да өзгөчө орунга ээ чыгарма болуп калды.

Конкурстун Жобосу

[1] Бул жөнүндө караңыз:Гомер. Одиссея. (Перевод с древнегреческого В.А. Жуковского). – М.: «Правда», 1985. – стр 3.

[2] Гомер. Илиада (Перевод с древнегреческого Н.И.Гнедича.) –М.: Правда, 1985. –стр.202.

[3]  Макал-лакаптар.  (Баш сөзүн жазган жана түзгөн Ж.Койчуманов. Эл адабияты сериясы.) – Б.: »Шам», 2001. -96,97, 106, 165, 166-беттер.

[4] Токтогул чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. 1-том. Ф.:Адабият, 1989.-49-бет.

[5] Жеңижок. Ырлар, айтыштар. (Түзгөн А.Акматалиев, А.Жусупбеков, М.Мукасов) – Б.: Шам, 1999. -66-бет.

[6] Барпы. Чыгармалар. 1-том. (Түзгөн Б.Апилов) –Б,: КЭнин башкы редакциясы, 1995, -31-бет.

[7] Молдо Кылыч. Казалдар. (Түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О.Сооронов) – Ф.:Адабият, 1990. -68-69-беттер.

[8] Кыргыз совет энциклопедиясы. 1-том. – Ф.: КСЭнин башкы редакциясы, 1976. -265-бет.

[9] Бабаян Э.А, Гонопольский. Наркология. –М.: Медицина, 1987. –стр.105.

[10] Косяков К.С. Борьба с алкоголизмом. –М.: Государственное издательство медицинской литературы. 1957. –стр.7

[11] Бул жөнүндө караңыз: Капустин А.В. Алкоголь –враг здоровья. – М.: «Медицина», 1978. -9-12-беттер.

[12] Бул жөнүндө караңыз: Лысицын Ю.П., Копыт Н.Я. Алкоголизм. (Социально-гигиенические аспекты). Изд. второе, перер. И доп. – М.: «Медицина», 1983. –стр. 170-171-

[13] Гуревич З.А., Залевский А.З. Алкоголизм. –Харьков, 1930. –стр. 189.

[14] Ленин В.И. Полн. собр.соч., т.43. –стр 326.

[15] Косяков К.С. Борьба  с алкоголизмом. –М.: Медгиз, 1957. –стр.7.

[16] Лисицын Ю.П, Копыт Н.Я. Алкоголизм (Социально-гигиенические аспекты) 2-е изд. перераб. и доп. –М.: «Медицина», 1983. –стр.119.

[17]  Лисицын Ю.П. Копыт Н.Я. көрсөтүлгөн эмгек. -122, 123, 124-беттер.

[18] Русско-кыргызский словарь. (под.ред. К.К.Юдахина). –Б.»Шам», 2000. -679-бет.

Ошондо. –409-бет

[19] Братусь Б.С. Психологический анализ изменений личности при алкоголизма. –М.: Изд-во Московского университета, 1974. – стр.35.

[20] Шилтеме төмөнкү китеп боюнча алынды: Гукосян А.Г. Хронический  алкоголизм и состояние внутренных органов. – М.: Медицина, 1968. –стр.279-280.

[21] Лисицын Ю.П., Копыт Н.Я. Көрсөтүлгөн китеп. – стр.31-32.

[22] Стрельчук И.В. Острая и храническая интоксикация алкоголем. –М.: Медицина, 1973. –стр.174.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.