Тарыхты жазуу, тарыхты жаратуудай маанилүү. Тарыхты жазган адам тарых жаратканга баш ийбесе – өзгөрбөгөн чындык бардык адамзатын таң калтырган абал жаралат.

* * *

Жеңиш – «жеңиш меники болот» дегендики. Ийгилик болсо – ийгилик жаратам деп баштап, акырында ийгилик жараттым дегендики.

* * *

Адилеттик күчү көзкарандысыз болбогон элдин өлкө катары бар болуусу кабыл алынбайт.

* * *

Мени көрүү дегендик, сөзсүз жүзүмдү көрүү эмес. Менин пикирлеримди, сезимдеримди түшүнүп жатсаңыз, ошол сизге жетиштүү.

* * *

Алсыздар үчүн мүмкүн болбогон, коркоктор үчүн коркунучтуу көрүнгөн нерселер баатырлар үчүн идеал.

* * *

Биздин башка элдерден эч кандай кемчилигибиз жок. Эр жүрөкпүз, акылдуубуз, улуу максаттар үчүн жаныбызды берүүгө даярбыз. Улуу нерселерди улуу өлкөлөр гана жарата алат.

* * *

Бул жашоодогу чыныгы жол көрсөтүүчү – илим.

* * *

Өлкөсүн сүйгөндөр – милдетин туура аткаргандар.

* * *

Мекенге болгон сүйүүң – ага кызматың аркылуу өлчөнөт.

* * *

Түрк элдери кул болууну каалабаган улут.

* * *

Өлкөнү куткаруучулар – бир гана агартуучулар!

* * *

Сен муктаж болгон кудурет – сенин тамырыңдагы таза каныңда.

* * *

Лидер дегениң алдыда жүргөндөр эмес, жол көрсөткөндөр.

* * *

Чыныгы басып алуучулук кылыч менен эмес, соко менен жасалат.

* * *

Өзүң үчүн эмес, өлкөңдүн келечеги үчүн ынтымакташкыла. Бул эң жогорку жетишкендик.

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.