* * *.
Башка өлкөнүн жүрөгүнө башым жөлөп,
Башка өлкөдөн издедимби арга жөлөк.
Туулган жерим санаадан чыкпай такыр,
Тагдырга жазылганбы жашоо бөлөк…

* * *
Сары күзүн тосо албай койнун жыттап,
Жашыл жайда барбадым, турмуш тушап.
Сагынычым, саргайтты өзөк  өрттөп,
Ата-журттан  жүргөнгө алыс жашап…

* * *.
Абаңды атыр жыттуу – мээ сергиткен
Сагындым, моокум кана жыттаар бекем.
Жазданып көйкөлгөн көк шибериңди
Жамынып асманыңды уктаар бекем

* * *
Алоолоп, каным менен жүрүп турган,
Ал берип жүрөгүмдүн отун жагар…
Аманат жаратканга эли-жерим,
Айланып мен келгенде тосуп алаар

* * *
Коюнуңдан төгүлтүп ырыскыңды
Күтүп жылда жыясың сабырыңды.
Кагылайын, Ата-Журт кайсыл күнү
Кадырыңды билебиз, кадырыңды?!

* * *
Билим алса, ойноп-күлсө жарашкан,
Курагын-ай, кулчулукка алмашкан…
Кызын, уулун эркелетип багалбай,
Кыргызым-ай, кайсыл жолдо адашкан!

* * *
Аң-сезими майдаланбай бийиктеп,
Ак-ордолуу ата-журтка куруп чеп,
Арстан жүрөк алп Манастын тукуму
Алып кетчи, урпагыңды иликтеп!

Мигранттын ыры
Кара жумуш кайыштырып жанымды,
Карайладым уйку канбай апталап.
Кайгы-муңум бөлүшүүгө сырдашып
Кайрат болду калем менен ак барак.

Канча мезгил өткөнүн да билбеймин,
Кайыл болуп, оор жумушка көнгөмүн.
Сыртым үмүт берген менен башкага,
Сынып ичтен, миң жаралып өлгөмүн…

Кусалык
Сен менин сезбейсиң го абалымды…
Билдирбей жүргөн менен кабарымды.
Сезе албай кээде жашоо ырахатын
Себепсиз бир кеч ыйлап алаарымды.

Көөнүмдү билбей кантип жазарымды,
Көл бойлоп кечте жалгыз басарымды,
Көргөндө төп келишкен түгөйлөрдү
Көз албай көпкө тиктеп каларымды.

Өксүгөн көңүлүмө жалгыз дабаа –
Көйкөлгөн көк шиберлүү жашыл талаа.
Камалып калган кезде кусалыкка
Кабылгым келет бороон, шамалына.

Күтөмүн, сыр билгизбей кабарыңды,
Күтөмүн бир күн эшик кагарыңды.
Күйүтүм, сагынычым айттырбастан
Көзүмдөн баарын окуп алаарыңды.

Атакемди сагынып
Так көтөрүп кеткениңде ордумдан,
Төбөм көккө жете түшчү, булутка.
Азыр алыс кабар албай, жүрсөм да
Ата күндө сагынарым, унутпа!

Көздөрүмдөн ирмелбей жаш төгүлүп,
Күндөр жылдай, жылдар кылым көрүнүп…
Күүлөп канат учуп жетем бир күнү
Көрүнбөгөн көр тирликтен бөлүнүп.

Көндү сезим
Көөнүңө көңүлүмдү жараштырып,
Гүлдөргө сулуулугум талаштырып,
Кыналып жашоодо бир бассам дегем
Куу турмуш койду бизди адаштырып.

Койнуңа каткым келип сулуу жүзүм,
Түн уйкум бузулчу эле дүрбөп сезим.
Эңсеткен махабатты өткөн түндөр,
Эми азыр жалгыз уктап көнгөн кезим.

* * *
Сен мендик болгонуңда,
Үй муздап тоңмок эмес.
Түбү жок ой-санаадан
Түн узун болмок эмес…

* * *
Көңүлдүн көшөгөсүн
Калп эле ачпаңызчы.
Жүрөктүн каалгасын
Жөнү жок какпаңызчы.

Мээлеген алыстардан
Мергенчи болбоңузчу.
Буйтаган сезимдерге
Буктурма тозбоңузчу

Ишенчээк жүрөгүмдү
Оорутуп койбоңузчу.
Гүл ачып турат жаңы
Эртеңин ойлоңузчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *