Олжобай ШАКИР: Өзүңдү өзүң кордотууга татыктуу элсиңби, кыргыз?!

«Что спасает человека? Совесть. Что спасает Россию? Правда. Что делать? Жить по совести и Правде!» Ф.Достоевский Шоруң качан арылат?! Эки мерте бунт чыгарып, мамлекеттик төңкөрүш жасап не таптың, кыргыз? Биринен бири өткөн зулумдардан кутулабыз деп кырчындай эр-азаматтардын каны төгүлдү, бирок бакиевдердин кандуу бийлик орнотушуна арка бел болуп жүргөндөр айланып келип бүгүн кайра Кыргыз Мамлекетин башкарып отурушат! Каш кагып каяша айттырбас өкүм-зордук саясаты күчөгөндөн күчөгөн бүгүнкү бийлик А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да режиминен ашынып кеткени ушул: «Менин саясатым жакпаса, башка жактан орун […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Эч нерсеге эби жок адам жөнүндө жомок

Илгери-илгери колуна алган нерсеси колунан түшкөн, тамак ичсе оозуна жетпей ыргыган ченде жок эпсиз,  эби жок адам жашаптыр. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы, канча аракет кылса да ал адаттан арыла албайт.  Барган жерин бүлүнтүп, жүргөн жерин жүдөтүп жүргөндүктөн ал адамды эч ким жумушка да албайт. Жумушсуз,  ачка калган күндөрү көбөйө баштаганда ойлойт. “Кой, минтип жүрсөм бул жактан ачкадан өлчүдөймүн, жер которуп сырымды билбеген элге барып оокат кылайын”. Ошентип эби жок адам жолго чыгат.  Улам бир элге токтоп, сыры билингенде андан […]

Кыргыз тарыхый романдарындагы типтүүлүк: эпикалык салт жана мотивдер (уландысы)

БАШКЫ БӨЛҮГҮ Ордо оюну Ордо оюну кыргыз элинин жоокерлик турмушунан келип чыккан, кийинки урпакты согуш өнөрүнө машыктыруунун каражаты катары калыптанган. Ордонун тегерек айлампа сызыгы – чек ара, дал ортосу – туу түбү, айлампанын ичиндеги чүкөлөр – кол (аскер), ортодо тегереги курчалган чүкө — хан. Демек, ордо кыргыз элинин түшүнүгүндө байыртан саясый мааниге ээ. Анткени беттешкен эки жаат тууну коргоо үчүн күрөшөт. Ордонун ушул маанисине ылайык, тарыхый романдарда саясый оюндардын көркөм чагылышы катары ордо оюну сүрөттөлөт. Ордо оюнунда инсандардын өз ара […]

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ: Жол тандабас авто-унаалар менен сөз тандабас бир адамга канчага чыдайбыз?! 

Жол тандабас дегенде оюңузга жанагы чоң жиптер келсе керек. Негизи, алар жөнүндө да ойлодум. Шаарда күнүмдүк жашоо эртең менен 7.45те үйдөн чыкканда башталат. Балдарымды бала бакчага, келинчегимди жумушуна жеткирип 8.30га чейин, анан өзүмдүн жумушума келем 9га. Теорияда ушундай. Үйдөн чыгып машинаны жүргүзөйүн десең, аркаңдан бирөө машинасын токтотуп койгон болот. Өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдө кошунаны деле таныбайсың, кайсы машина кимдики экенин билбей калсаң көрө бер стрессти. Билсең го жакшы, телефон же квартирасынын коңгуроосун чалып машинасын алдыртып коёсуң. Билбесең же телефонун да […]

Акжол ДОРАНБЕК уулу: Өз чындыгың бир күн барып бүлүнөт

ЗАМАНГА Заман ушул тагдырыма туш келген, Ызгаары укмуш, талаасы чөл, шамалдуу. Чулгап бороон – чапкындары туш жерден, Чыйрыктырып сынайт эрким, чамамды. Чыйралууга чыңалууда каршылык, Чийет канча жалын-жашыл куракты. Тоо боорунан түшкөн селге каршы уруп, турган менен турмуш шары кубаттуу. Жамгыр төгөт көздөн аккан жаш сынду, Жаркырайт күн көздүн нуру жангандай. Күндөй өмүр сүргөн жандар бактылуу, Чагылгандар аларга түк жалгандай. Мендейлерге төрт мезгил тең жаңырып: Аптабы ысык…Чилде таштай зилдетет… Үмүт чиркин кыя жолдон жаңылып, Жашыл таңдар жарыгы өчкөн түнгө өтөт… Эбак […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Чыңгыз-тоого чыйыр жол

Залкарлыкты таануу да ар качан майда кадамдардан башталат… Ар кандай залкар нерсенин залкарлыгы алыстан эле көзгө айбаттуу көрүнүп, сезилип турушу да, залкарлыгын тереңине катып, байкалбай турушу да мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да ал эмне болгон залкарлык экенин таанып билиш үчүн, анын «эмнелерден турарын» аныкташ үчүн жакын баруу керек, көз жеткен, кол жеткендерди «кармалап көрүү керек», канчалык залкар экенин чамалаш үчүн аны айлана басып көрүүгө кадам таштоо керек… А эгер ал залкарлык чыгармачылыкка байланыштуу болсо, «ой жеткен жерге кол жеткирип» […]

Конфуцийдин айткандары: Окуп үйрөнүү

Конфуций айткан: “Ар дайым окуп үйрөнүү жана окугандарыңды өз учурунда кайталоонунун өзү бакыт эмеспи? Же эмне алыс жолго досуң менен чыксаң жагымдуу болбойбу? Адамдар сени түшүнүшпөй калганда, ошол эле учурда алар сени менен душмандашкысы келбесе, анда бул ак ниеттүү изги адамдын жакшы сапаттарынын шарапаты эмеспи?” * * * Конфуций айткан: “Эски сабактарды өз учурунда  кайталоо менен жаңысын да тынымсыз үйрөнө алабыз. Ушундай жол менен гана чыныгы устаттыкка жетсе болот”. * * * Конфуций айткан: “Эгерди сабакты тек гана жаттап, бирок […]

Дилазык: Кайнене менен келин жөнүндө притча

Байыркы Кытайда турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн үйүндө кайненеси менен чогуу жашачу экен. Бир жолу мындай окуя болот. Бир кыз үйлөнүү тоюнан кийин кайненесинин жемелей бергенине чыдабай, андан кутулууну чечет. Атасынын чөп дары сатып соода кылган досу бар эле. Ага барат да, мындай дейт: — Кайненем менен мындан ары жашай албайм. Ал мени жинди кылат. Жардам бербесеңиз болбойт, мен сизге жакшы төлөп берем. — Мен эмне кыла алам? — Мага уу чөп сатыңыз. Кайненемди ууландырып балээден арылбасам болчудай эмес. Ары ойлоп, […]

Олжобай ШАКИР: Коом агартуу камын көргөн «Чыгыш казынасы»

«Китеп бизге акысыз сабак берген мугалим». Алишер НАВОИ Советтик коом ыдырап тараган мезгилден тарта табынсыз өз эгемендигин улап келаткан өлкөбүздө рухий өксүк жаралганы баарыга дайын. Рухий өксүк тереңдегенден тереңдей берүүсүнө мындан ары жол бербөөнүн гана аракетин көрүүбүз зарыл. Адабият, театр, кино, сүрөт, музей искусствосу болобу, айтору, адам баласына рухий азык берер көркөм дөөлөттүн баарын туташ кризис каптап келди. Ошол өксүктү толтурууга бүгүн да мамлекетибиздин чама-чаркы чектелүү туру. Себеби экономикалык чарбасы жолго коюлбай келаткан өлкөбүздүн жогорку бийлик эшелонунда руханий күчкө эмес, […]

Шериевдин шинелинен чыкканбыз

Адабиятчы Абдыкерим Муратов адабиятчы Жээналы Шериев тууралуу Адабиятчы катары Жээналы Шериевдин чыгармачылыгын бир топ алкактан кароо жөндүү: биринчи алкак – адабияттын тарыхын жана учурдагы адабий процессти талдоого алган илимий жана сын багытындагы эмгектери; экинчи алкак – жогорку окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары жана кыргыз адабияты мугалимдери үчүн атайын окуу процессине ылайыктап жазган китептери; үчүнчү алкак – Түштүк Кыргызстандын тил, адабият мугалимдерин даярдап чыгаруудагы устаз катары чоң орду бар экендиги. Ушулардын эле айланасынан ушул эле эмгектерин дагы бир кеңири аспектиден карап […]