Залкарлыкты таануу да ар качан майда кадамдардан башталат…

Ар кандай залкар нерсенин залкарлыгы алыстан эле көзгө айбаттуу көрүнүп, сезилип турушу да, залкарлыгын тереңине катып, байкалбай турушу да мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да ал эмне болгон залкарлык экенин таанып билиш үчүн, анын «эмнелерден турарын» аныкташ үчүн жакын баруу керек, көз жеткен, кол жеткендерди «кармалап көрүү керек», канчалык залкар экенин чамалаш үчүн аны айлана басып көрүүгө кадам таштоо керек…

А эгер ал залкарлык чыгармачылыкка байланыштуу болсо, «ой жеткен жерге кол жеткирип» талдап, таануунун татаалдыгы өзүнчө. Себеби, чыгармачылык- турмуштук, реалдуу нерселер менен катар сыйкырдуу, ирреалдуу көрүнүштөрдүн ажырагыс биримдигинен турган өзгөчө дүйнө. Анда чөптөр да, таштар да сүйлөп жибериши мүмкүн, а эгер алар чыгармада «сүйлөбөй турса» да алардын «ички оюн» окурман «тилмечсиз» эле туюп-сезип, түшүнүп кабылдай алат. Чыгармада каарман жеке мүнөздөгү, жөнөкөй эле бир ойлорду айтып жатса, окурман аны менен бирге жалпы маанидеги акылман ой-корутундуларды, далилдүү жыйынтыктарды, оригиналдуу жаңы идеяларды кошо кабыл алууга жетишет. Албетте, мындай «сыйкырдуу» нерсе өзүнөн өзү эле боло бербестиги жана бардык эле көркөм чыгарма аталгандардан көрүнө бербестиги түшүнүктүү. Ал – чыгармадагы окуя, көрүнүштөрдүн, көркөм каражат менен ыкмалардын, көркөм деталдардын жана сөздөрдүн өз ара «сыйкырдуу» байланышынан, «үндөшүүсүнөн». Ал эми «ташка жан киргизип, балыкты сүйлөтө билүү» жана ага окурманды кадыресе ишендире алуу сүрөткердин чеберчилигине байланыштуу.

Чыгармачылыктын табияты, стилдин, сюжеттин, мүнөздүн өнүгүш логикасы жөнүндө Чыңгыз Айтматов мындай деген экен: «Ар кандай иш ирегеден башталат. Китеп да ошондой. Эгер жолго чыгууну чечсең, сен алдыңда учуроочу ар кандай тоскоолдуктарды жеңип, алга умтулууга тийишсиң. Чыгарма жазылуу процессинде көзгө улам даана көрүнүп, улам элестүүлүгү артып, а негизгиси поэтикалуу болуп калыптанып отуруусу керек. А поэзия дегенибиз – бул зор ырахат, кубаныч, жашырын сырларды таанып билүүнүн кубанычы. Сен кадимки турмуштагы кандайдыр бир өзгөчөлүктүү, бир эле мүнөт мурда дегеле оюңа келбеген нерсени билесиң, ачасың. Мына эми сен – өзүң таап алган, сага ишенип сырын ачкан ойдун, сезимдин жана сулуулуктун ээсисиң. Мындан кээде кадимкидей сестенип, коркуп кетишиң мүмкүн. Анткени, акыйкат жана рух сулуулугун издөөнүн азгырмалуу жана оор жолуна батынып кадам таштоо менен сен эмнеге жөндөмдүү болуп чыга келдиң? – ойлоп болбойт. Бизге чейин сөз өнөрүнүн улуу чеберлеринин нечендеген муундары тер агызып эмгектенген чындыкты таанып-билүүнүн бул майданында сен эмнени ача алдың? – бул чынында да  чоң жоопкерчилик… (Ч. Айтматов. «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт». Адабиятчы В.Коркин менен маек. Китепте: «В соавторстве с землею и водою…» – Фрунзе, 1978. – 383-бет)

Жоопкерчилик.., окурман алдында, бир кылым, беш кылым, он кылым мурдагы устаттардын алдында, келечек муун алдында, кудай берген талант, мүмкүнчүлүк алдында, эң негизгиси – Сөз кудуретинин алдында. «Сөздүн күчүнө ишенбесем, мен неге жазам? – дейт Ч. Айтматов ошол эле маекте, – Биз, жазуучулар, гуманизм идеяларын бүткүл жан дилибиз менен бекемдеп, азыркы адамдын – учурдун каарманынын руханынын эң бийик, эң учкул учурларын келечек муундар үчүн ачып берүүгө милдеттүүбүз. Андай каармандын образын түзүү, албетте, оңой эмес. Мында сөздүн сөзү талап кылынат. Ал сөз адамкерчил сезимталдык, интеллектуалдык, философиялык зор маанилер менен каныктырылган болууга тийиш, антпегенде турмуш чындыгын үстүртөдөн, тайыз чагылтып калуубуз ыктымал. Анда бир жагынан, канатсыз бытовизмден жана натурализмден, экинчи жагынан, сентиментализмден жана жасалма романтизациядан кутулуубуз кыйын болор».

Мына, залкарлыктын дагы бир көрүнүшү. Көркөм сөздүн Улуу Устатынын эки ооз сөзүндө (эки кертим ойдо) көркөм адабияттын эң орчундуу канча маселеси камтылып отурат. Андагы ар бир сүйлөм, ал түгүл ар бир сөз өз маанисине кунт коюп терең үңүлүүнү, кеңири чечмелөөнү талап кылат, бирок биз азыр алар жөнүндө узак сөз кылып отурбайбыз. Азырынча алардагы бизге керектүү кыскача жыйынтык: көркөм чыгармада, асыресе чыныгы искусствонун үлгүсүндө эч качан, эч кандай майда, маанисиз нерсе болбойт; чыгарма жаратууда белгилүү бир идеялык багыттар, айрым сюжеттик башкы линиялар алдын ала белгилүү болгону менен, көп нерсе – оригиналдуу көркөм табылгалар, ойлор, образдык боёктор чыгармачылык процессте иш жүзүнө ашырылат. Башкача айтканда көркөмдүктүн каражаты, ыкмасы, куралы катары сөз менен усануу учурунда «деталдарды чебер тандоо менен биздин көңүлүбүздү кийин жалпы картинага биригүүчү айрым маанилүү моменттерге топтоо» (Ч.Айтматов) иши башталат.

Эмесе, залкар жазуучунун залкар көркөм дүйнөсүн түзгөн көркөм образдар системасындагы «майда», бирок мааниси зор айрым бир көрүнүштөр жөнүндө сөз учугун улайлы.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, белгилүү болгондой, миң кырлуу, бир сырлуу тереңдиги менен айырмалуу. Анын чыгармаларында негизги бутага алынган, көркөм талдоого ниет кылынган борбордук идеялардан сырткары, абдан тыкан жана терең ойлонулган сюжет, композиция, образдар системасынын натыйжасында негизги идеяга параллелдүү жана вертикалдуу багытта өнүктүрүлгөн ойлордун калың катмары жаткандыгы байкалып турат. Жазуучунун көркөм иликтөөсүнүн объектиси болгон ар бир окуя, ар бир көркөмдүк деталь өзүнүн ой сыйымдуулугу, философиялык маани-маңызга каныктырылгандыгы менен өзгөчөлүктүү. Анда жөндөн-жөн кошулуп калган артыкча эч нерсе жок, жазуучу ыңгайы келе калганда курулай акылдуусунган куру чечендик, окуянын кызыктуулугун арттыруу үчүн күчөтмө сырткы кооздук сыяктуу арзан көркөмдүүлүккө азгырылбайт.

Залкар жазуучунун чыгармаларындагы эң эле майда көрүнгөн, сюжеттик негизги окуяларга турмуштук ынанымдуулук түс, мезгил-мейкиндик фон үчүн киргизилген сыяктуу эпизоддордун да залкар ой, идеялардын жаралышында өз үлүшү бар. Алар чыгарманын жалпы образдар системасы менен өз ара тыгызы байланышта болуп, жалпы идеялык-көркөмдүк мазмун үчүн кызмат кылып турат. үстүртөн караганда аларды чыгармадан алып салса эч нерсе өзгөрбөчүдөй көрүнгөн менен ал «майда бараттарды» чыгарманын жалпы тулкусуна доо кетирбей алып салышка болбойт.

Муну көз алдыга даана элестетүү үчүн бир-эки мисалга кайрылып көрөлү. Маселен, «Ак кеме» повестинде кошулуп ойноор курбусу жок, жетиге толуп-толо элек Баланын өзүнчө кичинекей дүйнөсү жөнүндө сөз болот. Чоң турмушка, чоңдор дүйнөсүнө аралашууга, аны таанууга ага али эрте, бирок анын өз дүйнөсү бар, ал – табият дүйнөсү. Төө таш, Ээр таш, Таңке таш, Кашабаң. Чыгармадан: «…Дагы башка тааныш таштар көп: бири «жаман», бири «жакшы», атүгүл «митаам», «куукаптал», «макоолору» да бар.

Бала чөптөрдү да кыял-мүнөзүнө жараша бөлүштүрүп алган, «жакшы көргөнү» бар, «жаман көргөнү» бар, атүгүл «ачуулусу» да жок эмес. Мисалы, көк коко тикен айыгышкан душманы, күндө нечен ирет чабышып өтпөсө чыдап тура албайт. Бирок кимиси жеңери белгисиз, коко тикен күн санап көбөйүп өсүп бара жатат. А тиги жол жээктей жер боортоктоп өскөн чырмоок болсо, отоо деп эл жаман көргөнүнө карабай, балага сүйгүнчүк, эстүү чөбүм, жымыгый чөбүм деп келет аны. Башка чөптөр түшпү, кечпи, капарына албай өз бетинче өсүп жатса, чырмоок күнгө алгач гүл ачып салам айтат…»

Баш каарман Бала адамдардын жакшы-жаманын айрып тааный элек болгону менен «… Бул тегеректеги чөптөрдүн дагы көп түрлөрүн, алардын ар түркүн өнөрлөрүн, мүнөздөрүн биле турган бу бала. Мисалы, тиги боор каптап күмүш жылтыр көлбүгөн тулаңга баланын боору ооруйт. Кызык деги ушул тулаң чөп! Өз башына өзү ээ эмес, жел жүргөн жакка жыгылат. …А кокус жамгыр жаап же өткүн аралаш мөндүр түшсө, кудай бетин көрсөтпө, баш катаар жер таппай далбас урат. Уйгу-туйгу жапырылып, жандалбастап жерге жабышат. Жерге байланган да, качаар буту болсо удургуп качып бермек… бирок тим эле кокуйлаган анткорлугу. Жаан-чачын басылып, сыдырым жел урганда калың тулаң кайрадан баштагысындай толкуп, желге эркелеп, желге жүгүнө берет.

Ошентип, кошулуп ойноор курбусу жок жалгыз баланын дос-душман деп тапканы, дүйнө деп көргөн-бакканы ушулар. Баланы бу дүйнөдөн бир алаксытса машине-дүкөн гана алаксытат…»

Демек, таш, чөптөрдүн «жакшы», «жаманы» болгон сыяктуу эле Баланын айланасында адамдардын да ал айрып тааный элек түркүнү болуш керек. Окуянын өнүгүшүндө бул өзүнөн өзү айкындала баштайт. Маселен, Орозкул – коко тикен, Момун – отоо чөп, чырмоок, «сүйгүнчүк», «эстүү» болгону менен жумшактыгынан (момундугунан) «жер боортоктоп» өз боюн өз алдынча көтөрүп өсө албайт. Ал эми тулаң чөптүн «кылыгы», албетте, Сейдакматты эске салып турат. Башкача айтканда, бул жерде табият каармандардын жан дүйнө күзгүсү катары милдет аткарып турат. Алар – повесттин каармандарына жазуучу тарабынан алдыртан берилген баа.

Ал эми «Гүлсарат» повестинде, чыгаан адабиятчы, айтматовтаануучу Георгий Гачев Танабай менен Гүлсарыны бириктирип «кентавр – Гүлтан» деп атаганындай, же К.Асаналиев «кошбирдиктүү образ», «Танабайдын тагдырынын проекциясы» деп белгилегениндей, бүтүндүн жартысы болгон Гүлсары жоргонун эркиндикти самоо тилегин биротоло «тукум курут кылмакка» алдановчулардын жоргону актоо (бычуу) иш-чарасын сүрөттөгөн эпизод баштан-аяк балдардын чикит оюну менен коштолот. Жан бирге жоргону жазалоонун жогорку чекитин (мурда үйүрүнөн ажыратуу, кишендөө, атканага камоо түрүндөгү жазалоолор болсо) иш жүзүнө ашыруу балдардын чикит оюнун сүрөттөө менен башталып, чикит оюнун сүрөттөө менен бүткөрүлөт. Албетте, турмушта мындай «кокус» дал келүүлөр кадам сайын учурайт, жазуучулар да көпчүлүк учурда окуянын элестүү мезгил-мейкиндик фонун түзүү максатында ушул сыяктуу жарыш көрүнүштөрдү пайдаланган учурлары арбын. Бирок Айтматовдо мындай «фондук» көрүнүштөр, жогоруда айтылгандай, фон эле эмес, алар ошол эле учурда окуянын «өзү» да боло алышат.

Жакшылап баам салып көрүңүз: Танабайды жазалоонун жогорку чеги – аны партиянын райондук бюросунда «жан тери сиңген», акыйкаттыктын символундай ыйык туткан, күрөшчүл дух берген партбилетинен ажыратуу иш-чарасы да жогорудагыдай эле «оюн» менен коштолот. Мындагы оюнчулар Кашкатаев, Сегизбаевдер. Алардын бири кызмат орду үчүн, экинчиси ашынган амбициясын канааттандыруу үчүн Танабайдын тагдыры менен бири-бирине шахмат фигурасын жүргөндөй алдыртан жүрүш жасап жатышат. Жазуучу Гүлсарыны жазалоону балдардын оюну менен коштоо аркылуу алдын-ала Кашкатаевдердин партбюросунун жүрүшүн, андагы жазалоо чечимин эч кандай олуттуу коомдук кызыкчылыкка, принципке негизделбеген жасалма оюн, фарс экендигинен алдыртан кыйытып белги берип, партбюронун жүрүшү балдар оюнуна барабарлаштырылып жатат.

Эми ушул чыгармачылыктагы «майда» маселелерге байланыштуу сөзүбүздү улап, жазуучунун ономопоэтикалык каражаттарды, башкача айтканда энчилүү аттарды (ономастика) адабий каражат катары пайдалануу чеберчилигине да токтоло кетели.

Эгерде жазуучу кичине балдардын оюну, кичине баланын түшүнүгүндөгү чөптөрдүн «мүнөздөмөсүнө» чейин маани берип жатса, демек жазуучу чыгармадагы негизги идеяларды алып жүрүүчү каармандарына да ысымды туш келди эле бере бербесе керек. (Албетте, биз бул жерде маселенин тарыхына, дүйнөлүк адабияттын практикасына, теориялык жагдайларына кенен токтолуп отурбайлы. «Манас» эпосундагы болочок баатыр, эл уулу, эл сыймыгы болчу уул төрөлгөндө бүт эл чогулуп ат коё албай кыйналышканын жана андан көптөгөн изилдөөчүлөрдүн оккульттук маани издешкендиги бекеринен эмес экендигин, эпостордо, элдик жомоктордо баатырга ат коюу салттуу эпизоддордон экендигин эскерте кетүү жетиштүү).

Бир караганда каарман ысымына байланыштуу маселе өзүнөн өзү түшүнүктүү, оңой нерсе. «Терс каармандарга терс, уккулуктуулугу начар, жакшы каарманга жакшы ысым берип койсо жетиштүү, шылдыңга алгысы келсе шылдыңчыл ысым коюп коёт, анын эмнеси бар» дешке болот. Ырас, айрым чыгармаларда жазуучунун тигил же бул каарманына анын негизги мүнөз өзгөчөлүгүнө карата мамилесин аныктоодо, көркөм образдык наркын белгилөөдө ага ыйгарылган ысымынан так, кыска-нуска (лаконично) сөздү табыш кыйын. Арийне, өзү жөнүндө өзү «сүйлөп турган» ысымдар менен катар «сүйлөбөгөн», бирок өзүнө көңүл бурдураар атайын сыры бар каарман аттары да кезигет. (Э.Магазаник. «Ономопоэтика, или «говорящие имена» в литературе». Ташкент, 1978).

Чыңгыз Айтматовдун каармандарына чыгарманын көркөм образдык системасында ээлеген  ордуна ылайык ат берүү чеберчилиги жана алардын идеялык-көркөмдүк функциялары тууралуу сөздү алдыда кепке тартылган эки повесттен баштап, хронологиялык тартипке ылайык алгач «Гүлсарат» повестин караштырып көрөлү.

Повесттеги: Танабай, Чоро, Жайдар, Бүбүжан, Сегизбаев, Кашкатаев, Алданов аттуу ысымдар жана фамилиялар каармандардын өз образдарына өтө төп, чыгармада аткарган идеялык-көркөмдүк функциясына абдан ылайык тандалып алынгандыгын көрүүгө болот.

Башкы каарман Танабайдын ысымы «танап» жана «бай» деген эки сөздүн тутумунан турат. Танап – аралык өлчөмдү билдирүүчү сөз. Мисалы, кыргыздын элдик оозеки чыгармаларынан «асманга байлап танабын, атчан жамбы аттырды», «алтымыш танап кыл аркан», «оюм менен жердин жети танабын башкарып турам» (Кыргызча-орусча сөздүк. Түзгөн К.К.Юдахин. – М., 1985. – 2-китеп, 202-бет) деген сыяктуу сөз айкаштарын учуратабыз. Күндөлүк турмушта да «жер танабы», «жол танабы» деген түшүнүктөр бар. Ошондой эле повесттин өзүндө да ушул сөз: «Карагер айгыр коштогон тобунан чыгып, окторулуп учканда Танабай жоргонун оозун коё берди. Ээлигип келаткан Гүлсары бошоно калган соң шукшурулуп жөнөдү. Жер танабы кыскарып, четте кызарып турган күн бери карай дөңгөлөнгөндөй болду» (Ч.Айтматов. Чыгармаларынын жыйнагы. 2-том. – Бишкек, 1999. – 140-бет), – деген сыяктуу эки-үч жерде пайдаланылган.

Демек, аралык өлчөмдү билдирүүчү «танап» жана «бай» сөздөрү биригип келип арымы кең, терең, бийик деген түшүнүктү берип калат. Чыгармадагы Танабай да жеке керт башын, бүгүнкү күнүн гана ойлогон чектелүү адам эмес, ал жалпы элдин, келечек муундун тагдырын ойлоп, тынчсызданган, күрөшчүл натурадагы каарман.

Чоро – жакшы адам, Танабайдын досу. Бирок ал бийликке баш ийген пассивдүү инсан, мамлекеттин чоросу. «Чоро» – бул аскердик тартипке баш ийген жоокер, мамлекет сакчысы. Ал мамлекет саясатындагы кемчиликтерге акылы жетип турган менен, чоролук тартип менен аны сындоого батынбайт.

Сегизбаев – эмгекчи таптын, элдин укугун коргоочу органдын өкүлү, прокурор, райондук партиялык уюмдун өкүлү катары жүргөн менен анда эмгекчилдиктин, совет өкмөтүнүн девизи болгон теңчиликтин эч кандай белгиси жок, ал бай-манаптык психологиядагы адам, эки эмес сегиз эсе бай-манаптык психологиядагы адам. Аны Танабай «булгаары тончон жаңы манап» дейт.

Башкарма Жорокул Алдановдун кандай адам экендигинен анын аты-жөнү эле жетиштүү кабар берип турат. Ал эми жорго жылкы, жорголук тагдыр жөнүндөгү чыгармада райком (партиянын райондук комитетинен секретары) Кашкатаев менен үйрөнчүк чабан Бектайдын фамилиясы менен ысымдарынын жылкы баласына байланыштуу болушу да бекеринен эмес (Бул жерде XIX кылымдагы орус адабиятынын Онегин, Ленский, Печорин, Волгин сыяктуу каармандардын ысымдарынын «дарыя сыпаттуулугу» («речной характер») жөнүндө эскерте кетүү ашыктык кылбайт. «Эгерде Онегин башка фамилия алып калганда Печорин, Волгиндер да «дарыялык» фамилия алып жүрүшмөк эмес» дейт адабиятчы Э.Б.Магазаник. Пушкин баш каарманына «Онегин» деген фамилия берүүдө алгач анын уккулуктуулугуна, ак сөөктүк ыргагына кам көргөн. Анын соңунда романга Ленскийдин образын киргизүүдө каармандардын мүнөзүндөгү полярдык алыстыкты эске алып автор «Лена дарыясы Онега дарыясынан абдан алыс» экендигине байланыштырып, «Ленский» фамилиясы ыйгарылат. Лермонтов «Евгений Онегиндеги» «дарыялык» фамилиялардагы автордун сөз оюнун илип алып, «Биздин замандын каарманына» аларга шайкештирип фамилия берүүнү чечет. Белинский эки чыгарманын каармандарынын көркөм мүнөз катары айырмачылыгы туурасында «Алардын айырмачылыгы Онега менен Печоранын ортосундагы аралыктан да жакын» деп жазган, башкача айтканда пушкиндик Онегин менен лермонтовдук Печорин бир типтүү каармандар. Ал эми революциячыл-күрөшчүл маанайдагы эстет, жазуучу Чернышевский «Пролог» аттуу романында онегиндик, печориндик типтерге каршы Волгин аттуу каарманын коёт).

Жорго тай Гүлсарынын жанында кашка тайлар эч өзгөчөлөнбөгөн көптүн бири. Чыгармадагы тексттик «үн алышууларга» көңүл бөлөлү: Торгой чал жылкыны Танабайга өткөрүп жатып, кула тайга атайын көңүл бөлөт. Танабайдын «бу тайдын эмнеси артык» деген суроосуна «Жорголугу» деп жооп берет.

Ал эми Гүлсарыны Алданов, Ыбрайымдар актап жатканда, «Короодон сыртта балдар чуулдап ойноп жатышты:

Акбай, Токбай
Ат болоту жорго тай.
Жорго тайдын жолу менен
Кашка тайды тобу менен
Зуулдатып айдап келем –
Зу-у-у-у!..»

Жорголук, күлүктүк сейрек сапат. Алар эч убакта тобу менен чыкпайт. Бирок алар өзүнүн ошол артыкчылык сапаты менен топко көрк берип турат. Жазуучу башка бир каарманы Едигейдин образы жөнүндө «Жер ушундай адамдарга таянып өз нугунда айланып турат» деп айтканындай ой-сезими күлүк, кыялы күлүк, адамкерчилиги бийик Танабайдай, Едигейдей адамдар гана өздөрүн топтон бөлүп, обочодон кароого кудурети жетет, өз көз караштарынан, өз жолунан тайбоого аракеттенет. Гүлтан-кентаврдын каршысындагы образ катары, ушуга байланыштырылып Кашкатаев деген фамилия тандалып алынса керек.

Бектай – Кашкатаевге салыштырмалуу күчтүү мүнөзгө ээ каарман. өжөр, көк, кандан, бектен тайманбай ойлогонун айтат. Бектай – Танабайдын «кандашы», Танабайдын жаш кези. Бирок алар эки башка доордун, эки башка түшүнүктүн адамдары. Танабайды жаш кезинде революциячыл идеялар шыктандырган болсо, Бектай авторитардык-тоталитардык бийлик системасынан көңүлү кайт болгон жаш адам. Ал кашкатаевчилердин, алдановчулардын бийлигине баш ийгиси, тааныгысы келбеген, жек көргөн, ошол эле учурда Танабайдай, Гүлсарыдай мамлекет үчүн көлүк аттай болуп гана кара жумушка өмүрүн сайгысы келбеген бек тай, бекем «тай». Анын трагедиясы заманга шайкеш келбегендигинде.

Повесттеги Жайдар менен Бүбүжанга келе турган болсок, бул эки образга тең автор бирдей терең урмат менен мамиле кылат. Алардын ысымдарына байланыштуу айырмачылык туурасында айта турган болсок, алар, поэзия билермандарынын айта жүрчү тыбыштардын үндүк ассоциативдүүлүгү жөнүндөгү ойлорун эске салат. «Жайдар» чынында да кулакка жайдары, ишенимдүү, батыл угулат (жоон үндүү «а» тыбышынын эсебинен), Бүбүжан назик, сезимтал, поэтикалуу угулат.

Ал эми «Ак кемедеги» ысымдарга келе турган болсок, автор айтмакчы «Момун чал момун дегенчелик адам». Орозкул да өз ысымына жооп берген каарман. Орозкулду түрк адабиятчыларынын бири «оруска кул» деп чечмелеген учуру бар. Бирок ал чындыгында, иран тектүү «орозкер», «орозгел» деген сыяктуу кыргыздашып кеткен сөзгө маанилеш. Оокат-тиричиликти түшүндүргөн орозгер сөзүнүн этимологиялык-семантикалык мазмуну К.Карасаевдин «өздөштүрүлгөн сөздөр» сөздүгүндө орозгер: руз – күн, гар – иш деген эки иран сөздөрүнүн биригүүсүнөн келип чыккан деп түшүндүрүлгөн сыяктуу чыгармадагы Орозкул ысымынын маанисин «күнүмдүк тиричиликтин кулу» деп чечмелесек болот.

Жазуучу повестте Балага эч кандай ысым бербейт, баланын аты жок. Бул жазуучунун байкоосуздугу же ат коюудан эрингендиги эмес. Болбосо «Кыяматтагы» Бостондун бир жашка толуп-толбогон баласынын аты бар. «Ак кемедеги» Бала – келечектин символу, тазалыктын, булгана элек балалык абийирдин символу. Жазуучу повесттин акырында айтып жатат: «адамдагы балалык абийир дандагы түйүлдүк сыңары» («детская совесть в человеке – как зародыш в зерне») деп. Анын келечекте кандай түшүм берээри, албетте, ал түшкөн кыртыштан, ага камкордук көргөн «дыйкандан», «аба ырайынан», башкача айтканда аны курчап турган айлана-чөйрөдөн көз каранды экендиги түшүнүктүү. Балага атайын өзүнчө ысым энчиленбегендиги бул образдын мына ушундай терең маанилүү өзгөчө табиятына тыгыз байланыштуу.

Ал эми Сейдакматтын ысымы тууралуу кыскача айта турган болсок, бул жерде маселе жөнөкөйүрөк. Сөздүн этимологиялык-семантикалык мааниси жөнүндө айта турган болсок, «Сейид» (төрө, жолбашчы Мухаммед пайгамбардын урпагы деген маани) жана «ахмад» (мактоо, даңаза) деген араб тектүү сөздөрдүн биримдигинен турган, оң маанидеги эле ысым. Бирок байкалып тургандай контекстке, образдын табиятына жараша бул ысымды («төрөгө даңаза» сөздүк айкалышты) тетири мааниге бурса болот. Экинчиден, албетте жазуучу айрым учурларда ысымдын түпкү маани-маңызына анчалык көңүл деле бөлбөй, же турмушта кезиктирген каарманынын тибиндеги адамдардан улам ат коюлуп калышы да мүмкүн.

Эми жазуучунун кийинки чыгармаларындагы «сүйлөөчү ысымдарга» (Э. Магазаник) кыскача гана токтоло кетели.

«Кылым карытаар бир күн» – Сабитжан, Таңсыкбаев. Романда Абуталипти каматкан тергөөчү да Таңсыкбаев, Казангаптын сөөгүн койдурбай, Эне-Бейитти курчоого алып тургандардын чоңу да Таңсыкбаев. Таңсык – жетишпестиктен, жоктуктан келип чыккан зарылдык, муктаждык, эңсөө маанисин түшүндүрөт. Демек, доор Таңсыкбаевдерге муктаж болсо, Таңсыкбаевдер бийликке муктаж жана алардагы дефицит, жетишпеген нерсе – бул адамгерчилик, адилеттик. Романдагы бул фамилия туурасында белгилүү адабиятчы Л.үкүбаева: … лейтенант Таңсыкбаевдин асан чакырганда коюлган атынын эч бир жерде аталбагандыгында жана да анын фамилиясында да бир мандем бардай. Мисалы жогорудагы «мезгилиң сендейге өзү минтип муктаж болуп турса…» деген сүйлөмгө Таңсыкбаевдин фамилиясы тим эле шайкеш келип, үндөшүп турганын кантип баамдабай коюуга болот? «Таңсык» деген сөздүн семантикалык маанисинде «муктаж, зарыл» деген синонимдер, түшүнүктөр жатканы ырас болсо, анда Мезгил Таңсыкбаевдерге таңсык экени абдан ачык эле иш. Ал эми анын атынын жогун анын маңкурттугуна байланыштырсак болчудай. Найман эненин маңкурт болгон уулу өзүнүн асан чакыргандагы аты Жоломан экенин унутуп салган сыңары Таңсыкбаевде да ат жок» деп абдан туура белгилеген. (Л.үкүбаева. Чыңгыз Айтматов: эстетика жана улуттук негиз. – Бишкек, 2004. – 192-бет).

Сабитжан, – атасы Казангапты көмүүгө келип, «каерге көмсөң баары бир эмеспи өлгөн адамга» деп, кайдагы бир алыстагы Найман-эне көрүстөнүнө барат элек деп жумуштан кечигип, чоңдорунун кыйыгына калгысы келбеген Сабитжан жөнүндө сөз көрүстөнгө бараткан жолдо бир канча ирет адамдарды ээрчип баратканына курсант болгон, алардын жанында өзүн дегеле салабаттуу кармагандыгы менен асманда каалгып учкан айрыкуйруктун кыжырына тийген сары ит менен катар сүрөттөлөт (башкача айтканда, ал – сабы+ит+жан).

«Кылым карытаар бир күн» романынан кийинки «Кыямат» романындагы айрым  каарман  аттары Л.Аннинскийдин «Скачка кентавра« аттуу макаласында абдан кызык чечмеленген («Дружба народов», 1986. – № 12). Ал эми жаратылыштын, табияттын бир бөлүгү, символу катары романга кирген эне-бөрү Акбаранын ысымында да улуулук, ыйыктык маани («акбар» – арабча улуу, бийик даражалуу) бар.

«Кассандра тамгасы» романындагы башкы каармандар: Андрей Крыльцов, Роберт Борк. Андрей – (гр. andreios) – (мужественный, храбрый) – эр жүрөк баатыр (Петровский Н. А. Словарь русских личных имен. – М., 1998); Роберт – (фр. слава + яркий, блестящий) – даңктуу жаркырак деген маанини берет. (Роберт – көптөгөн француз рыцардык романдарынын каарманы дейт А. И. Рыбакин «Словарь английских личных имен», М., 1973). Бул эки каарман баатырдык эпостордогудай жоо сайган баатыр болушпаганы менен идея үчүн башын сайган эр жүрөк адамдар, руханий кризис алып келчү алааматтан адамдарды сактап калуу үчүн күрөшкөн идеялаш каармандар.

Андрей Крыльцовго анын адамдарды инкубатордук жол менен көбөйтүүгө байланыштуу иштери азезилдик экенин эскертүүнү ыйык парзым деп эсептеген каарман аялдын ысымы Руна. Ал зекинкуба катары алгач келгенде анын аты Андрей Крыльцовго кызыктай сезилет. «… Руна, ушундай да ат болобу, анын руникалык эмнеси бар болду экен деп ичимен жылмайып, башымды көтөрдүм. Биринчи эле көзүмө урунганы – аял көз айнекчен экен. Демек, инкубалардын арасында көз айнекчендери да пайда болгон экен го. Жүзүндө интеллигенттик…» Каармандын интеллигенттик табиятына бап келип, «байыркы жазма» (рун же руникалык жазма) деген түшүнүктү билдирген аты бар каарман менен адамды жаратуу жагынан кудайдан тизгин талашкан окумуштуунун каршы полярдык көз карашта бет келип отурушу — бул түп-тамыры байыркы рун жазмалары менен түптөлгөн илим-билимдин, учурда, «оң жакка барсаң атың өлөт, сол жакка барсаң өзүң өлөсүң» деп жомокто айтылгандай, эки айрылыш жолдун босогосуна келгендигин, ал жолдун бири абийир-ыйман чегиндеги, жолундагы илим, а экинчиси – пенделик текебердик жана өзүмчүлдүк жолундагы илим болуп кетээрин Андрей Крыльцов түшүнгөн бетме-бет келүү экенин сюжеттин логикасы тастыктап турат. Анда каармандын ысымынын да айкындагыч жардамчы кызматынын салымы бар.

Айтматовдук каармандардын  образдарын талдоодо белгилүү айтматовтаануучу А.Акматалиев да айрым ысымдарга атайын маани берип, аны каармандардын көркөм образдык табиятынын маанилүү бир бөлүгү катары айтып өткөн учурлары бар. Мисалы, «Ботогөз булак» боюнча: «…Абакир сыяктуу жан дүйнөсү кирдүү, өзүмчүл адамдар да бар. Көркөм чыгарманын логикасын ылайык, Кемел кемелине келип, эр жеткендигин далилдеш үчүн өзүнүн каршысындагы кара күч Абакир менен таймашка чыгуусу керек». (Ч.Айтматов. Чыгармаларынын сегиз  томдук  жыйнагы.  8-том. – Бишкек, 2008. – 558-б.); же болбосо, «Фудзиямадагы кадыр түн» драмасындагы өсүпбайдын образын талдоодо «өсүпбай деген кыргызча атын Осипбай, андан өтүп Иосиф кылып алганында эле канчалаган каймана маани жатат. («Иосиф» деген ысымда Сталиндин ысымына, анын кандуу репрессиялардын бир мүчөсү экендигине карата билинбеген кыйытуу жатат)» (Жогоруда көрсөтүлгөн адабият. 566-б.).

Ошондой эле окумуштуу-лексикографтар К.Карасаев (өздөштүрүлгөн сөздөр, Фрунзе, 1986), А.Гафуровдордун (Имя и история. Об именах арабов, персов, таджиков и тюрков. Словарь. – М., 1987) сөздүктөрү боюнча айрым айтматовдук каармандардын тектеш түрк, араб, иран тектүү ысымдарынын маани-жайын билип коюш да артыкбаштык кылбайт деп ойлойбуз.

А.Гафуровдун сөздүгү боюнча: Исмайил – а.э.ы (др.евр. «бог слышит») – сөзмө сөз  «кудай угуп турат»; Данияр – түрк эр. (др.евр. Данииел – «дар божий» или «бог судья») – сөзмө сөз «кудайдын белеги», «кудай берген талант» же «кудай калыс»; Абуталипабу – (образующий кунью), «отец» – ата + талиб – а.э. (ищущий) издөөчү. «Абу» сөзүнүн дагы бир мааниси К. Карасаевде: абу – (ир.) булут (борборунда Абуталиптин образы турган сталиндик репрессияга параллель метафора Чыңгызхандын ак булутун да эсиңизге түшүрүңүз).

Албетте, бардык нерсеге өз чегинде мамиле болуш керек. Каармандын ысымын чыгарманын контекстинен, образ-мүнөздүк оболочкасынан үзүп алып, ысымдык белгиси, аталышына таянып өз алдынча жыйынтык чыгаруу, баа берүү өтө жаңылыштык. Каарманга энчиленген ат чыгарманын образдар системасы менен тыгыз байланышта каралганда гана өзүнүн өтө так маани-мазмунун ачат, жазуучунун ага жүктөгөн көркөмдүк функциясы белгилүү болот.

Залкар сүрөткер жараткан ажайып көркөм дүйнө… Ага алып барчу чыйыр жолдор сан жеткис…

2008-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.