ЗАМАНГА
Заман ушул тагдырыма туш келген,
Ызгаары укмуш, талаасы чөл, шамалдуу.
Чулгап бороон – чапкындары туш жерден,
Чыйрыктырып сынайт эрким, чамамды.

Чыйралууга чыңалууда каршылык,
Чийет канча жалын-жашыл куракты.
Тоо боорунан түшкөн селге каршы уруп,
турган менен турмуш шары кубаттуу.

Жамгыр төгөт көздөн аккан жаш сынду,
Жаркырайт күн көздүн нуру жангандай.
Күндөй өмүр сүргөн жандар бактылуу,
Чагылгандар аларга түк жалгандай.

Мендейлерге төрт мезгил тең жаңырып:
Аптабы ысык…Чилде таштай зилдетет…
Үмүт чиркин кыя жолдон жаңылып,
Жашыл таңдар жарыгы өчкөн түнгө өтөт…

Эбак эле чындык сүттөй төгүлгөн…
Эртеңкиси белгисиз да, караңгы,
Ак-карасы бөлүнбөгөн, өрүлгөн,
Канткенде да сүйөм ушул заманды…

* * *
Турмуш сунса мага «мокок арааны»,
Өткөн күндөр тагдырымдын кесими.
Күүлөр козгоп, күүлөр басат жараны,
Күлөр-күлбөс жагдай эстөө эскини…

Жылдыз учат кайра келбес тарапка,
Жылдар өтөт мага каршы жол улап.
А убакыт учкан октой сызат да,
Күтүлбөгөн күндөр кайра жолугат.

Күндүү күнүм кетсе булут бастырып,
Булуттуу күн жамгыр менен коштолот.
Кар-мөндүрүн шамал сүрсө качырып,
Эртеңки күн балким жаздай кооздолот.

Түшүндүрөм өзүмдү-өзүм басууга,
Түшүнүксүз жагдайларды кептеген.
Тегеретип өмүр ырын жазууга
теспе тартам сөздөн эсеп жетпеген…

Бир чыныгы өмүр ырын жазууга,
Теспе тартам сөздөн эсеп жетпеген.

УШУНДАЙ
Билгениң да чындык эмес чынында,
Билсең аның, билинбейт же билинет.
Өзгөлөрдүн чындыгына кагышып,
Өз чындыгың бир күн барып бүлүнөт.

Өзгөрүлөт көз караштар бүгүнкү,
Өөн көрүп кечегисин чанышат.
Өзгөрүлбөс, бекем деген ойлоруң,
Өз чындыгын далай, дагы табышат.

Жаңыланат, ооба дүйнө жай турбайт,
Жазыла элек барак саны белгисиз.
Жазган ырлар эртең балким окулбайт,
Жаралбайт да баардык нерсе өчүүсүз.

Өткөндөрдүн издерине суу сүртүп,
өчүрөбүз, кайра өзүбүз жазабыз…
Өмүр өтсө, тепсейт бизди эртеңдер…
Өзгө таандык, шондо чындык  табабыз.

Кечебиз биз… кечет бизди… кечишет,
Кейиштүү эмес, бул да мыйзам ченем иш.
Мурункулар кийинкилер издеген,
«Өзүбүздү» биз да издеп келебиз!

АБАЛ
Күн баткандын ылдамдыгын карасам
күү үшкүрөм. Мезгил санын санасам,
Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт,
Багыт кандай, билбейм кайда баратам.

Күүгүм кирсе таңдын калбай карааны,
Күндөн ылдам түндүн берген саламы.
Чарчабаган дарыянын жээгинде,
Чарпалектей[1] дүйнөмдүн чар тарабы.

Кочушталып кайра арыкка төгүлгөн,
Колумдагы тамчы суудай бөлүнгөн
бойдон агып барып жерге сиңгендей,
Боздоп анан өтөмүн бул өмүрдөн…

Күндүн чыгып, баткандыгын карасам,
Күү үшкүрөм, жүрөгүмдү канатам.
Аз өмүргө тар убакыт жетишпей,
А мен жашап үлгүрө албай баратам.

СҮЙҮҮ ЫРЛАРЫ
— …“Башканы да сүйсөн керек ээ?
(Баш кошконсуң мага эмнеге?!”)

— Эх сен десе, кызганчагымсың,
Жалгыз өзүң – жан тумарымсың.
Ооба, сени жолуктурганча,
Башкаларды жактырганым чын.

Бирөө сендей кыялкеч эле,
Бирөө сенче татты жечү эле.
Бири сендей көзү бакыраң,
Болбогонго ыйлай берчү эле.

А эстедим: бири боючу –
“Бир алтымыш бештей” болучу.
Бою эле эмес чачы, кашы да,
Купулума чындап толучу.

Бири сендей баё жан эле,
Маңдайында меңи бар эле.
Ырды сүйгөн дили таптаза,
Сөзүн уксаң тили бал эле.

Бири менден өзүн тапчу эле,
А бирөөгө ырым жакчу эле…
Бирок дүйнөм ушунун баарын,
Бир адамдан таппай жатты эле.

Анан эле сага кезиктим,
Бары калып сен деп, ээликтим.
Көрсө сени ушул кыздардын
элесинен издей берипмин…

Жалгыз өзүң – жактырганымсың!
Жалгыз өзүң – жантумарымсың!

* * *
Бактылуумун! Ооба, билесиң.
Сүйгөнүмө жеткем көксөгөн.
Сени билбейм: кандай жүрөсүң,
сүйүүң өчкөн, балким өчпөгөн.

Чындыгында сонун жан элең,
Туң сүйүңдү билем чектедим.
Турмуш курсам сүйгөн жар менен,
бак тиледиң, балким кектедиң…

Сезим деген “керме-серпилме”[2]
Бир тарабын түртсөң качырган.
Баш бербеген такыр эркиңе,
Бир чыңалып кайра басылган…

Сен жөнүндө менде таптакыр,
Жаман ойлор болбойт, болбогон.
Бактым азыр сага азаптыр,
Сени эсепке алып койбогон.

Мурункунун бороон-чапкынын
унут! Танда башка багытты.
Тилейм сага: тилеп тапкының,
Меникинен ашкан бакытты.

Түптүз болсун баскан багытың,
Меникинен ашсын бакытың!

БҮГҮН БИРБИЗ…
Азыр менин бүт дилимди бийледиң,
Арзуу ырдасын… Кое турсун калганы.
Азабымбы, бакытымбы билбедим,
А чынында маанилүү эмес ал жагы.

Тигилейин, сен да тигил көзүмө,
Түш көргөндөй магдырайын бир бүгүн.
Ажырагыс кылып мени өзүңөн
Сүйүүң менен тагдырыма кир бүгүн.

Табы күчөп жетелешкен колдордун,
Такыр өчпөй турсун сезим ысыгы.
Биз экөөбүз бирге кетчү жолдордун,
Бир болсун ээ, багыт алчу сызыгы.

Булганыч ой жолобостон көңүлгө,
Баарлашалы таанышкандай кече эле.
Сурашалы бир-бирибиз жөнүндө,
Суроо-жооптор токтобостон эч эле.

Азыр менин бүт дилимди бийледиң,
Арзуу ырдасын… Кое турсун калганы.
Азабымбы, бакытымбы билбедим,
А чынында маанилүү эмес ал жагы…

Бүгүн бирбиз… Маанилүү эмес калганы…

НОСТАЛЬГИЯ
Эске албай бүгүнкү кезди өтө элек.
Ээ, анда  бир максатты көздөчү элек.
Бир жаралган өмүргө топук кылып,
Биз бул жерде өлүмдү эстечү элек…

Кургап, таштак, талаабыз гүлдөр өсчү,
кызык… күңгүрт элестүү күндөр өттү!
Бүгүн боеп, жыртыптыр барактарын,
Тагдыр өтмүш жазылган күндаректи…

Азыркыдай билбестен кейишкенди,
Адат кылдык ал жерде көрүшкөндү.
Тепселген көп гүлдөрдүн арасында,
тектеш биздин үмүттөр өлүшкөнбү?!.
Кырдан тиктеп турамын азыр ошол,
Кызгалдаксыз көгөргөн көрүстөндү.

Билбей такыр бүгүнкү кезди өтө элек,
Биз ал жерде өлүмдү эстечү элек…

[1] Суу тегермен.

[2] Пружина

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.