«Китеп бизге акысыз сабак берген мугалим».
Алишер НАВОИ

Советтик коом ыдырап тараган мезгилден тарта табынсыз өз эгемендигин улап келаткан өлкөбүздө рухий өксүк жаралганы баарыга дайын. Рухий өксүк тереңдегенден тереңдей берүүсүнө мындан ары жол бербөөнүн гана аракетин көрүүбүз зарыл. Адабият, театр, кино, сүрөт, музей искусствосу болобу, айтору, адам баласына рухий азык берер көркөм дөөлөттүн баарын туташ кризис каптап келди. Ошол өксүктү толтурууга бүгүн да мамлекетибиздин чама-чаркы чектелүү туру. Себеби экономикалык чарбасы жолго коюлбай келаткан өлкөбүздүн жогорку бийлик эшелонунда руханий күчкө эмес, капчыктын күчүнө таянган аксымдар толо.

А калың капчыкка таянган аткаминерлердин укуруктары бизде узун эмеспи: алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктан да жогору койгон үчүн бүгүн эң кирешелүү тармакка ээлик кылган да ошолор. Алардын сунулган укуруктары өлкөбүздүн экономикасына күрөө тамыр болуп берер тармактарга гана жеке басар кожоюндук кылган бизнеске айлантып алышканы кимге жашыруун! Андыктан жакынкы жылдарда алардын коомду агартып-көгөртүү ишине камылга көрөрүн күтүп да болбойт.

Арийне, арабызда келечектүү приоритеттерди көздөгөн жаңы генерацияда өсүп чыккан жаштар бар экени кубандырат. Алардын бири «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясын бир жылдан бери жетектеп келаткан Наргиза Узакбаева. Өзү Кытайдан алган илим-билим, тажрыйбасын бүгүн өз мекенинде колдонуп, кытай ишкери Му Пин аттуу инвестор менен биргеликте «Чыгыш казынасы» басмаканасын жолго койгон аракетин жөн гана сөзгө албастан, колдоп-буттап колдоого тийишпиз.

Албетте, бүгүнкү күндө сырттан инвестор таап келген улан-кыздарыбыз арбын, бирок алардын дээрлик көпчүлүгү финансылык киреше кай тармакта көбүрөк болсо, ошол багытта гана бизнес жүргүзүүнүн аракетинде. Ал эми биз сөз кылар Наргиза Узакбаеванын көздөгөнү финансылык пайда табуудан мурда коом агартуу багытында Борбор Азия боюнча биринчи жолу «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясын негиздөөгө болгон аракетин жөн салды гана күндөлүк жаңылык катары кабылдабашыбыз керек.

Бул иш-чара өлкөбүз үчүн арканды алыска таштаган стратегиялык улуу максаттардын бири. Албетте, өндүрүш тармагын ирдентүү багытанда сырттан инвестор таап келген ишкерлерге алкыш айтууга тийишпиз, арийне, алардын арасында гуманитардык мүдөөнү көздөгөн Наргиза сыяктуу мекенчил жаштарыбыз өтө саналуу.

Макалабыздын башында бийликтин жогорку эшелонунда калың капчыктуу укуругу узун аткаминер эрендер толтура экенин сөзгө кыстарган себебим, алардын көбү учурунда шылуундук жол менен мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирип тынышты. Кээси канчалаган маданий жай болуп саналган китеп дүкөндөрдүн имараттарын жеке банкка же кирешелүү соода түйүнгө айланып, менчикке өткөрүп алышканы маалым. Ал эми бүгүнкү күндө «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясын негиздөөчүлөр китеп өндүрүшү менен бирге коомдун китепкөй катмарын тарбиялоо үчүн борбор калаабыздын Манас проспектисинде (61) «Шанс» деген аталыштагы китеп дүкөнүнүн ачылыш аземин уюштурганын – жакшылыктын жышаанасы дээр элем. Келечекте борбор шаарыбыздагы китеп дүкөнү менен гана чектелбестен, «Шанс» китеп дүкөндөрү ар дубанга, чакан шаарларга, район борборлоруна чейин канат-бутак жайса кана, аттиң!

Биздин шартта азыр Араб өлкөлөрүнөн инвестор таап келип мечит, медресе кургандар четтен табылат. Тилекке каршы, алардын арасында салттуу ислам динин калыптандырууга кызыктар агымдар азырынча аз болгон үчүн диний фанаттардын калың катмары каптап кеткенин көрүп атабыз. Дээрлик көпчүлүгү коомго караңгылыктын идеологиясын жайылткан кооптуу кырдаалга кептеди өлкөбүздү. Андыктан жалпы ислам динине жамынган түркөй агымдарга каршы коом агартуу тармагында альтернатива түзөр аракеттерди жигердүү түрдө жүргүзүүгө тийишпиз. Аты айтып тургандай «Чыгыш казынасы» китеп өндүрүү басма үйү келечекте жалпы чыгыш элдеринин рухий орток мурасына казына болор китептерди кыргыз тилине түпнускадан которуу жагын колго алаарына терең ишенимдебиз. Себеби бул багытта Н.Узакбаева өзү да ишке билек түрүнгөнү кубандырат.

Арийне, буга дейре жалпы дүйнөлүк дөөлөт мурастарды айтпайлы, кылымдардан бери коңшулаш жашаган чыгыш жана түрк тилдүү элдердин адабияттары бизге бир гана орус тили аркылуу таанылып жана кыргызчага которуп келсе, мындан ары «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясы кыргыз тилдүү окурмандары үчүн кеңири мүмкүнчүлүк ачып отурат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.