Адабиятчы Абдыкерим Муратов адабиятчы Жээналы Шериев тууралуу

Адабиятчы катары Жээналы Шериевдин чыгармачылыгын бир топ алкактан кароо жөндүү: биринчи алкак – адабияттын тарыхын жана учурдагы адабий процессти талдоого алган илимий жана сын багытындагы эмгектери; экинчи алкак – жогорку окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары жана кыргыз адабияты мугалимдери үчүн атайын окуу процессине ылайыктап жазган китептери; үчүнчү алкак – Түштүк Кыргызстандын тил, адабият мугалимдерин даярдап чыгаруудагы устаз катары чоң орду бар экендиги. Ушулардын эле айланасынан ушул эле эмгектерин дагы бир кеңири аспектиден карап көргөндө анын чыгармачылык диапозонунун кеңдигинине дагы бир жолу туш келбей койбойсуң. Анын иликтөө объектиси – байыркы жана орто кылымдардагы адабий мурастар; улуттук адабият тарыхы; азыркы адабият; адабияттын теориясы; адабиятаануу сөздүгү; кыргыз адабиятын окутуу проблемалары.

Жээналы Шериев 1934-жылы Ош областынын Кара-Суу районуна караган тоо тараптагы Папан деген айылда туулган. Бул чөлкөм Ош шаарынын үстү жагында, Ак-Бууранын боюнда болгон менен түз катташуу кыйын болгондуктан, окуучулук кезде шаар алар үчүн ойго келбес алыс эле. Тоо арасындагы Папан чачкын-чачкын майда айылдардан туруп, кокту-колоттогу балдар жападан жалгыз «Арал» деген мектепке келе турган. «Ак-Таш менен Олокон тоолорунун босогосунда бир айыл бар, — деп жазат ал кийин бир эскерүүсүндө (Шериев Ж. Папандык Мырза палван. китепте: Окумуштуу замандаш окумуштуулардын көзү менен. – Ош, 1997. – 13-б.), — Ал – айтылуу Ак-Буура суусунун эки жээгине жайгашкан Папан айылы. Эгерде Кулун-Арттын белине чыгып, дем алып отуруп көз чаптырсаң, Папан чар тарабы тоолор менен курчалган Кудай Таала атайлап каалап койгон атмайданына (ипподромго) окшош, өзүнчө эле табийгый чөйчөк десек да болот. Сырттан келгендер сонун жер экен деп бир ооздон айтып жүрүшөт». Жердеши адабиятчы Мурза Сулаймановго багыштаган ушул сөздөрүн эми өзүнө багыштап отуруп, ошол чөйчөктө анын табияттын кооздугун сезүү менен адабияттагы кооздукту туя билүү, кунуктик менен пакизаликти, арамдык менен адалдыкты, комикалуулук менен трагедиялуулукту ажырата билүү сезимдери калыптанып отургандай.

1949-жылы «Арал» мектебин бүткөндөн кийинки анын тагдыры Оштогу педагогикалык окуу жайында билим алуу, анан Ноокаттын Кыргыз-Ата жеринде мугалимдик кылуу, кайра окуусун улантып, Ош пединститутунун филология факультетинде адистик жана илимий деңгээлин көтөрүү, Кара-Суунун Жапалак айлында мугалимчилик кылуу менен улантылды.

Студенттик жана алгачкы мугалимдик жылдары анын өмүрүнө жакшы адамдарды жолуктургандай. Таланттуу тилчи Аскар Турсуновдун, адабиятчы Абдыкадыр Садыковдун лекцияларын укту, ошол кездеги эң сыйлуу Сталиндик стипендия менен окуду. Мектептеги адабиятты окутуунун көйгөйлүү маселелерин өз көзү менен көрүп, адабияттагы жаман-жакшыны, оңду-терсти, халтура менен чыныгы адабий чыгармаларды ажырата билүү көндүмдөрү калыптанды.

1960-жылы 1-сентябрдан анын педагогдук, илимий, коомдук ишмердүүлүгү бүтүндөй Ош мамлекеттик педагогикалык институту (кийин университети) менен байланышта болду, окуу жайынын окутуучусу басып өтө турган бардык жолду басып өттү.

Кыргызстанда, адатта, өткөн кылымда, азыр дале областтык борборлордогу адабиятчылар ошол аймактагы газеталардын, радио-телевидениенин буйуртмалары менен көбүрөөк иштешкен. Дегеним, партиялык гезиттер кайсыл бир маанилүү дата, белгилүү окуя, таанымал кимдир бирөөнүн туулган күнү болуп калса, ошол календарлык күнгө карата мынча көлөмдө, мындай макала жазып бергиле деген да, ал макаласы газетанын эртеси күнкү эле номерине токтосуз чыгып турган. Жээналы Шериев да алгачкы макалаларын ошол юбилейлер темасында жазып көрүп, ошол полигондо калемин курчуткан. Буга Ош облустук «Ленин жолу» газетасына 1962-1964-жылы басылган «Кыргыз совет адабиятынын өсүшүндөгү орус адабиятынын ролу», «Улуу жазуучу жана кыргыз адабияты» (Эртең А.М.Горькийдин туулган күнүнө 95 жыл толот),«Токтогул – достуктун биринчи жарчысы» (Россиянын составына Кыргызстан ыктыярдуу кошулгандыгынын 100 жылдыгына карата), «Ушунчалык жыргалды урматтуу Ленин сен бердиң» (Кыргыз акындарынын ырларында В.И.Лениндин образынын чагылышы жөнүндө), «Токтогул жана анын шакирттери» (Улуу акындын юбилейине карата), «Улуу акын жана демократ» (Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата) деген сыяктуу макалалары күбө болот. Жээналы Шериев өмүрүнүн акырына чейин мындай макалалардан жүздөн ашыгын жазып, Ош областындагы окурмандарга өзүн белгилүү адабиятчы катары таанытуу менен, жалпы калкты агартуучулук вазийпасы менен да сугарып турган.

Бул да адабиятчы-агартуучу, өзгөчө провинцияда жашаган инсан үчүн керектүү атуулдук милдет эле, бул жагынан да ал киши өтөлгөлүү өмүр өтөдү.

Жээналы Шериевдин чыгармачылыгынын баштапкы этабы «Азыркы кыргыз поэзиясынын маселелери» деген диссертациясына байланыштуу болду. 1973-жылы корголгон бул илимий иштин салмагы өз кезегенде жогору бааланган. Баарына белгилүү өткөн кылымдын 60-жылдары кыргыз поэзиясына жаңы ысымдар келди, мурдагы чыгармачылык пассивдүүлүктө жүргөн акындар активдешти, жалпы союздук поэзиянын оң жактарын, изденүүлөрүн туурап, өздөштүрүп, үйрөнүп, кыргыз поэзиясы мазмун жактан болсун, тематикалык жактан болсун, формалык жактан болсун жаңы бийиктикке көтөрүлдү. Андагы жандуу кыймыл, жалпы адабиятты алга сүйрөгөн поэзиядагы эркечтик өзүнчө бир изилдөөлөрдү, бул кыймылдын ички мыйзамченемдүүлүктөрүн аңтарып көрүүнү адабиятчылардан күтүп жатты. Ж.Шериев тышынан буркан-шаркан болуп агып жаткан дайранын ичиндеги кыймылды, жээкке сууну сүрүп чыккан өзөктүү күчтөрдү «кармалап көргүсү» келди. Ал ошол күпүлдөп аккан дайралардын ичиндеги бири-бирине анчалык жакындашпаган үчөөнүн – С.Эралиевдин, Б.Сарногоевдин, С.Жусуевдин акындык чеберчиликтерин аңтарып көрүүгө батынып киришти. Бул анын адабиятчы катары жетилип, бышып калганынын белгиси эле. Бул акындар тууралуу ал ар бир чыккан китептерине рецензия түрүндө ойлорун 1956-жылы чыккан «Тоолор жана тоолуктар» деген макаласынан тартып эле айтып отурган. Үч акын аны адабиятчы катары көркөм сөздүн кунун, акындык чеберчиликти эстетикалык туюм менен сезүүгө үйрөтсө, ошол эле кезде рецензент-адабиятчы таанымал акындардын чыгармачылыгындагы дурус-буруш жактарды көрсөтүп берүү менен алардын акын катары өсүшүнө өз таасирин тийгизди.

Өз кезегинде «Кыргызстан маданияты» жумалыгына жарыяланган «Стиль жана чеберчилик» деген макаласы ошол кездеги жалпы окурмандардын бүйүрүн кызыткан «Акындарга үч суроо» деген дискуссиянын салмактуу макалаларынын бири болгон.

Жээналы Шериев адабиятчы катары мектеп практикасына өтө зарыл катары саналган адабият терминдердин тартипке келтирүүдө чоң эмгек кылган. Ал өз шакирти Абдыкерим Муратов менен бирге адабият терминдеринин окуучуларга арналган сөздүгүн түзүп, алар улам толуктоолор менен бир нече жолу – 1987, 1994, 2003, 2014, 2015-жылдары басылып чыкты. «Манас», «Кыргыз адабияты», «Кыргызстан», «Манас. Сагынбай», «Манас. Саякбай», «Алыкул Осмонов», 7 томдук «Кыргызстан» ж.б. энциплопедиялар адабиятка байланыштуу термин-түшүнүктөрдү ушул китептен алды. Өз кезегинде бул китептер массалык нускада чыгып, мектеп окуучуларынын, педагогикалык орто окуу жайларынын жана жогорку окуу жайларынын кыргыз тили жана адабияты бөлүмдөрүндө окуп жатышкан студенттердин адабий билимин көтөрүүгө салымын кошкон. Бул сөздүктөрдүн негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр менен байланышкан: 1. Мектеп программасы, окуучулардын муктаждыгы эске алынгандыгы. 2. Мурдагы К.Асаналиев жана Р.Кыдырбаева түзгөн орусча-кыргызча сөздүктөн айрымалынып, оргиналдуу, чечмелеме, түшүндүрмө сөздүк экендиги. 3. Кыргыз адабиятын Чыгыш адабиятынын контексттинде карап, Чыгыш адабият терминдерин да чечмелөөгө аракет кылгандыгы. 4. Термин-түшүнүктөрдү мисалдар аркылуу тастыктап бергендиги ж.б.

Жогорудагы сөздүктөр адабиятчылар тарабынан сөздүк деңгээлинен көтөрүлүп, маалыматтама (справочник) китептин милдетин аткарып калгандыгы да анын оң көрүнүшү катары кабыл алынды. Китепте тиркеме катары адабий викторина, адабият боюнча олимпиада, адабий газета, адабий ийрим, адабий кече, адабий күндөлүк, адабият канаасы, адабият музейи, адабий оюндар, авторецензия деген сыяктуу түшүнүктөр тууралуу теориялык ойлор жана практикалык кеңештер айтылып, сочинение, изложение кантип жазыла тургандыгын түшүндүрүп беришет.

Дагы бир тиркеме катары байыркы замандын бүгүнкү күндөгү кыргыз адабиятынын жылнаамысы (хроникасы) сунуш кылынат.

Адабияттаануу багытындагы бул иштеринин уландысы анын «Адабият таанууга киришүү» деген окуу программасында жана «Адабият тааныткыч» деген окуу куралында андан ары улантылды. Булардагы башкы өзгөчөлүк орус адабият таануусу менен кыргыз адабият илиминин жетишкендиктерин ашташтырып, студенттер үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен бул илимдин кыргызча концепцияларын, принциптерин, методологиясын иштеп чыккандыкта эле.

Адабиятчы-аалым жана атуул катары Жээналы Шериев Түштүктөгү коомдук турмуштун чордонунда жүрүп, облустук «Кыргыз тили» коомун, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жергиликтүү бөлүмүн башкарып, Курманжан датканын 180 жылдыгын өткөрүү ж.б. бир топ мааракелерди, конкурстарды, олимпидаларды, фествалдарды ж.б. иш чараларды уюштуруп жүрүп, улуттук патриоттуулук, кыргыз тили, мурастар жөнүндө көп маселелерди көтөрүп чыгып, байыркы жана орто кылымдагы орток түрк адабиятын биздин да ата-бабаларыбыздын энчиси экендигин түшүнөт жана бул багытта билек түрүнө изденүүлөрдү, тексттерди талдоону, табууну, которууну жүргүзөт. Бул багыттагы адабиятчынын чыгармачылык изденүүлөрү анын «Байыркы орток түрк адабияты» деген хрестоматияда жана «Байыркы жана орто кылымдагы түрк адабияты» деген окуу куралында чагылдырылган. Аталган китептер кыргыз адабият таануусундагы чоң боштукту толтурду. Өзбек, орус, казак, уйгур адабиятчыларынын илимий, маданий табылгаларына таянуу менен Ж.Шериев кыргыздар буга чейин өз мурасы катары эсептөөдөн жаа бою качып келген Ахмат Ясавинин, Закирдин Бабурдун, Ахмет Югнакинин, Сулайман Бакырганинин мурастарын кыргыздарга да таандык катары улуттук адабий процесстин контексттинен көз салууга аракет кылат. Филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев «Байыркы орток түрк адабиятынын очерки» деген китебинде «кыргыз адабий таануусунда бул маселелерди кабыргасынан коюп, макалалар, изилдөөлөр жазгандар жок эмес» деп, ага Ж.Шериевдин китебин мисалга тартат.

Хрестоматияда «Коркут ата» баяны баш болгон бир топ тексттер биринчи жолу кыргыз тилинде берилет жана алар адабиятчынын ыктуу адаптацияларынан жана комментарийлеринен өткөрүлөт. Бул эмгектерде Махмут Кашкаринин «Диван лугат ат-түрк»,  Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастаны, Ахмат Югнакинин «Хибатул-хакайык» («Акыйкат сыры») чыгармасы, Сайф Сараинин «Гүлстан» дастаны сыяктуу ондогон түрк элдеринин гениалдуу мурастары адабий талдоодон өткөрүлүп, алардын тексттерине лексикографиялык, этимологиялык анализ жүргүзүлүп, булар азыркы түрк тилдеринин ичинен эң биринчи кезекте кыргыз тилине жакын экендиги далилденет. Бул ойлор адабиятчынын кыргыз маданиятына кошкон чоң салымы экендиги баалануучу учур келет.

Жээналы Шериевдин кыргыз адабиятына кошкон дагы бир чоң салымы анын адабият мугалимдеринин тарбиялоодогу эмгеги менен бааланат. Орус жазуучулары Гоголдун «Шинелинен» өсүп чыкканбыз дегендей оштук филологдор Шериевдин «шинелинен» өсүп чыктык деп сыймыктануу менен айтып жүрүшөт. Ал филология илимдеринин кандидаты (1973), ОшПИнин доценти (1978), профессору (1991) катары кырк беш жылга жакын өмүрүндө адабият таанууга киришүү, адабият теориясы, кыргыз совет адабиятынын тарыхы, орток түрк адабияты, кеп маданияты жана чечен өнөрү, кыргыз адабиятын окутуу методикасы боюнча дарстарды окуду, ушул эле курстардын программасын түздү, окуулуктарын жазды. Ошол эле кезде ашкере көп коомдук жана педагогикалык иштери, борбордон алыста тургандыгы анын адабиятчы катары жүзүн толук ачып көрсөтүүгө тоскоолдук кылды.

Ж.Шериев чыгармачылык жактан бышып турган мезгилде 2001-жылы орток түрк адабиятын изилдеген китеби үчүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Жолон Мамытов атындагы сыйлыгын алды.

Ошондон көп узабай эле мезгилсиз келген оорудан улам көз жумду…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.