Болгар жомогу: Кирпи, момолой жана түлкү

Бир жолу кирпи талаада кетип баратып, момолойдун ийинин көрдү. Тыңшаса — момолой жердин астын казып атыптыр. Кирпи момолойду чакырып: — Чыкчы, тууганым, бир аз баарлашалы. Боз топурак болуп момолой чыга калды да, кирпини тыңшадыэ. — Менин байкашымча,- деди кирпи , — сен абдан эмгекчил экенсиң, андан улам менде бир ой жаралды. -Ал кандай ой?- деп сурады момолой. — Жакшы иш. Бирок сен макул болосуңбу, жокпу билбей турам. — Эгерде экөөбүзгө тең жакшы болсо, эмнеге макул болбойм?- деди момолой. — Кел, […]

Айтматовду кайрадан окуганыбызда: «Жамийла»

Ч.Айтматовдун бул повести 1958-жылы алгач «Обон» деген ат менен кыргыз тилинде («Ала-Тоо», «Кыргызстан аялдары», «Советтик «Кыргызстан»), орус тилинде «Жамийла» деп аталып (Новый мир.– 1958.-№8) жарык көргөн. Лиро романтикалык повесть. Повестти алгачкылардан болуп казак адабиятынын классиги, көрүнүктүү окумуштуу М.Ауэзов жогору баалап, жазуучуга ак жол каалайт (Литературная газета. – 1958. – 23-октябрь). Көп узабай повесть француз тилине жазуучу Луи Арагон тарабынан которулуп, «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деген аталыштагы котормочунун баш сөзү менен 1959-жылы Парижден өзүнчө китеп болуп жарык көрөт. «Жамийла» […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Наристе сезим

АҢГЕМЕ – Aпa, атам эмне кат жазбайт? – Муктар апасын жеңден тарта булкулдатты. – Колу тийбейт да… – Анан эмне сен Шакир абамы көрсөң эле кат келдиби деп жүгүрө бересиң го… Апа, эмне унчукпайсың? Тиги Төрөштүн, Мариптин, Шариптин аталары да согуштабы? А, айтсаң апа? — Ооба, ошолор да согушта… — Атам менен биргеби? — Ооба. — А алардын аталарынан Шакир абам кат алып келе берет, кат келе берет. А атам эч кат берип жибербейт. Атам бизди жаман көрсө керек. — […]

Перизат АЛМАЗОВА: Тирүүлүк

Өмүрдүн өзүн өлөрдөй сүйүп өтөрмүн, …Өмүр ай, Өмүр! Өзүмдү өйдө көтөргүн! Өлүмдөй доско өпкүлөп мээрим төгөрмүн, Тирүүлүк мени Неликтен, Неге чөгөрдүң?! Чөгөлөттүң чөөлөрүңө өңөрдүң, Өң, түшүмдө Периштени көрөрмүн. Көпөлөктөй жеңил жаным учканда, Келип кетет Кайра баштан төрөлгүм. Чөгүп, Тынып Тынчттык күндү көрөрмүн. Өзүмө өзүм …Өй!.. Өзүмдөн өзүм Кудаймын!.. Өзгөнү өлсөм укпаймын, Өзөктөн өрттү чубаймын. Өзүмөн өзүм сураймын… — Кулусуң ээ Кудайдын?.. …Даны болуп буудайдын, Жаны болуп куурайдын. Каны оргуп умайдын Көргө жетпей бир күнү, Эй, сагада кулайсың!.. …Өй! Өзүмөн өзүм […]

Ботояндын үңкүрү жөнүндө уламыш

Көкөмерен дарыясынын боюнда, жолдун жээгинде «Ботояндын үңкүрү» деген үңкүр бар. Ал үңкүр жол боюнда болгондуктан, ачарчылык убактарда жолоочулар конуп-түнөп, от жагып, таштан кемеге жасап тамак жасап жегени байкалып турат. Оттун түтүнүнөн улам үңкүр ичи ышталып карарып турганы ошондон окшойт. Айтымда, бул үңкүрдүн тарыхы туурасында мындай окуя бар. Тээ бир жүз жылдын ары-берисинде ачарчылык болуп, жер оогон эл арбын болгон экен. Ошондо аргасыз күнгө туш болгон бир келин айы-күнү келгенине карабай жолго чыккан экен. Ал келиндин аты Ботоян болуптур. Жолдо жүрүп, […]