Ч.Айтматовдун бул повести 1958-жылы алгач «Обон» деген ат менен кыргыз тилинде («Ала-Тоо», «Кыргызстан аялдары», «Советтик «Кыргызстан»), орус тилинде «Жамийла» деп аталып (Новый мир.– 1958.-№8) жарык көргөн. Лиро романтикалык повесть. Повестти алгачкылардан болуп казак адабиятынын классиги, көрүнүктүү окумуштуу М.Ауэзов жогору баалап, жазуучуга ак жол каалайт (Литературная газета. – 1958. – 23-октябрь). Көп узабай повесть француз тилине жазуучу Луи Арагон тарабынан которулуп, «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деген аталыштагы котормочунун баш сөзү менен 1959-жылы Парижден өзүнчө китеп болуп жарык көрөт.

«Жамийла» ушундан тарта дүйнө жүзү боюнча салтанаттуу жүрүшүн баштап, 1960-жылы Берлинде, Варшавада, 1961-жылы Миланда ж.б. жерлерде жарык көрүп, дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, улам жаңыртылып басылып, өз окурмандарын таап келет. Бир эле Францияда «Жамийла» Луи Арагондун котормосунда ондон ашык ирет кайрадан басылган. Ал басылмалар боюнча ошол эле Парижде, Варшавада, Миланда ж.б. жактарда адабиятчы окумуштуулардын, окурмандардын чыгарманы зор кубаныч, чоң канааттануу менен кабыл алышкандыктарын билдирген пикирлер, адабий талдоолор басма сөз беттеринде жарыяланган. 1961-жылы «Москва» аталышындагы адабий журналда жаш жазуучунун чыгармасынын тездик менен таралуу ийгилигинин сыры жөнүндө ой бөлүшүүнү көздөгөн адабиятчы Зоя Кедрина чыгарманын ийгилиги жагдайында өзүнө чейин пикир айткан француз адабиятчысы Андре Вюрмсердин «сүйүү өз доору менен органикалык бир бүтүндүктө чагылдырылгандыгында»; поляк адабиятчысы Витольд Биллиптин «сүрөттөөнүн эң мыкты манерасында»; француз сынчысы Пьер Лескюрдун «жан дүйнөнүн сүрөттөп жазууга өтө кыйын болгон өзгөрүү кыймылдарын билинээр-билинбес белгилер аркылуу чагылдырган» чеберчилигинде деген ойлорун келтирип, пикирлердин билгиликтүүлүк менен абдан так айтылгандыгын ырастап, аларга толугу менен кошуларын билдирген ­­(З.­Кедрина. – Золотая жила // Мос­ква. –  1961. – №8).

«Жамийла», албетте, биринчи иретте Кыргызстандын көпчүлүк окурмандары, адабий чөйрө тарабынан да зор кызыгуу, кубаттоо менен кабыл алынды. Ошол эле учурда башкы каарман Жамийланын образын салтты сыйлабай, согушта жүргөн күйөөсүн таштап, башка бирөөнү ээрчип кеткен жеңил мүнөздүү аял катары гана кабыл алып, өзүнүн мындай каарманына кубаттоочулук позициядан мамиле кылгандыгы үчүн авторду сынга алып, жактырбоо менен карашкандар да болду. 20–50-жылдардагы советтик идеология-эстетикалык принциптерге ылайык чыгарманын адабий-эстетикалык функциясына караганда саясый, социалдык, тарбия берүүчүлүк маанисине ашкере басым жасап, чыгарманын турмушту таанып билүүчүлүк жагын ачык акыл айтуу, үлгү көрсөтүү деп түшүнүп, чыгармачылыкка тар утилитардык көз караштан кароого көнүп калган улуу муундагы жазуучулардын айрымдары кичүү калемдештин бул чыгармасын жаңылыштык, жаштык алабарман курчтуктун көрүнүшү катары көрсөтүүгө аракет кылган же атайылап байкамаксандыкка салган учурлар кездешти.

Бүгүнкү күндө «Жамийла» тууралуу изилдөөлөрдүн библиографиялык тизмеси бир топ эле узун, барандуу. Чет элдик орус адабиятчы, изилдөөчүлөр «Жамийланын» тигил же бул идеялык-эстетикалык проблемаларын караштырууда дүйнөлүк адабияттын мыкты чеберлери Шекспирден тартып Толстой, Шолоховго чейинки жазуучулардын аттарын атап, повестти алардын чыгармаларынын образдар системасына катар коюп салыштырып карап, талдоого аракет кылышты. «Жамийлага» байланыштуу аталып өткөн чыгармалардын айрымдары: «Ромео жана Джульетта» (1595), «Принцесса Клевская» (1678), «Манон Леско» (1731), «Байкуш Лиза» (1792), «Бовари айым» (1856), «Анна Каренина» (1877). Бул чыгармалар дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүндөгү бурулуштук моменттерди көрсөткөн этаптык чыгармалар. Маселен, «Принцесса Клевская» дүйнөлүк адабияттын тарыхындагы биринчи психологиялык роман деп эсептелсе, «Манон Леско» романдык жанрдын жетилгендигинин көрсөткүчү катары каралып келет (В.Кожинов. Происхождение романа. – М.–1963). Бул чыгармалардын башкы каармандары коомдун аялзатына карата болгон теңчиликсиз, басынткан мамилесинен запкы тарткандар же өзүлөрүнүн адамдык укугунун, намысынын тепселиши менен макул болгусу келбеген, күчтүү инсандык энергетикага ээ, ошол эле учурда тагдырлары трагедиялуу каармандар.

Жамийланын кайненеси айткан: «Аял деген кудай этегинен айтып, үйүндө береке турса, башка эмнени тилемек эле» деген сөзүнүн өтө тар маанисиндеги түшүнүк жалаң эле кыргыздарга таандык болгон эмес, мындай түшүнүк, дагы кайталап, баса белгилеп айтабыз, өтө тар маанисиндеги түшүнүк XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башына чейин бүтүндөй дүйнө элдеринде басымдуулук кылып келгенин тарых өзү тастыктап турат. Мындай түшүнүккө түзөтүү киргизүү аракеттеринин башатында аялдардын кадыресе табигый каалоолору – үй-бүлөдөн бакыт, инсан катары татыктуу өз ордун табуу сыяктуу алгачкы умтулуулары турат. Бирок аталган каармандардын турмуштан өзүнө татыктуу орун табуу аракеттеринен патриархалдык түшүнүк дагы деле үстөмдүк кылып турган доорлордо эч майнап чыкпай, жектөөгө кабылып, трагедиялуу тагдырга тушугушкан. XIX кылымда Европада, XX кылымда Азия өлкөлөрүндө башталган феминисттик кыймылдар да бекер жерден чыккан эмес.

Ооба, нарктуу, барктуу, тажрыйбалуу кайнене Жамийлага «Аял деген кудай этегинен айтып, үйүндө береке турса, башка эмнени тилемек эле», – деп акыл-насаат айтты; бирок ага макул болгусу келбеген Жамийла пайгамбардай кайненесин, никелүү күйөөсүн таштап, тамтыгы чыккан солдат өтүгү менен шинелинен башка эчтекеси жок Даниярды ээрчип, бакыт издеп кетти. Согуштан кайтып келген Садык аялынын кетип калганына намыстанып: «Атасынын көрү, кетсе кеткени! Жол-жолдо самсып жүрүп, акыры бир жерде ачтан тороёт да! Катын деген азыр толуп жатат, четинен чертмей… Алтын баштуу катындан бака баштуу эр артык», – деди.

Ырас, бала төрөп тарбиялоо, үйдүн кут-берекесин сактоо аялзатынын ыйык милдеттеринин бири. Бул милдеттер канчалаган зор түйшүктү талап кылбасын, эгерде үй-бүлө башынан өз ара урмат-сый, сүйүү, түшүнүүчүлүктүн негизинде түзүлгөн болсо, аял-эне аларды эч убакта оор жүк катары көрбөйт, ырахаты менен түйшүгү аралаш ыйык милдети катары сезет. Бирок «Анна Каренина» романынын башында Л.Толстой: «Бардык бактылуу үй-бүлөлөр бири-бирине окшош, ал эми ар бир бактысыз үй-бүлө өз-өзүнчө бактысыз» деп айтканындай, турмушта ар кандай болушу мүмкүн. Бакыт жөнүндө ойлонбогон, бактылуу болууга умтулбаган же бакыт жөнүндө түшүнүгү таптакыр тар, бакытка окшобогон «бактысыздыктар» да болот. Эгерде Каныкей Манаска жолукпаса Каныкей болмок эмес, Айчүрөк Семетейин өзү издеп таппаса Айчүрөк болмок эмес. Абыке, Көбөшкө тийүү Каныкей үчүн өлүм менен барабар. Баркымды билбес макоого кор болгончо так өтөйүн деп Курманжан никелүү күйөөсүн чанып, төркүнүнө качкан. Сынына толуп, түгөй болор жигитти көргөнүндө анын намыска тиер сөз айтканы үчүн Жаңыл мырза Түлкү баатырды аткан. Кайындаган күйөөсү купулуна толбой, Каптагайдын кызы Жумгалдан качып чыгып, Чүйдөгү Жантай хандын тукумунан бактысын тапкан. Жылкыдан күлүк, куштан алгыр чанда чыккан сыяктуу, адамдарда да, мейли ал эркекпи же аял болобу, кыялы күлүк, сезими курч, руху күчтүүлөр, тилекке каршы сейрегирээк болот. Көп нерседе алардын теңтушу бар теңи жок болгондуктан, көңүлдөрүндө көп өксүктү алып жүрүшөт. Жамийла да ошондой табияты күчтүү, көп нерсеге талабы жогору күчтүү руханий энергетиканын данеги бар адам.

Анан ушул Жамийланы сурабай-этпей эле Садык ала качып алды; адам турмушундагы эң маанилүү кадам – жар тандоо маселесинде, жок дегенде анын «өзүмдүк жаңылуусуна» да эрк берилген жок. Бул үчүн Садык өзүн күнөөлүү сезбесе деле керек. Жалпысынан алып караганда бул жерде Садыктын күнөөсү деле жок. Кыздын эркинен тышкары үйлөнгөндөрдүн биринчиси да, акыркысы да Садык эмес. Мурда куда түшүп, кыздын өзүнөн болбосо да ата-эне, жек-жааттарынан уруксаат алынып, каада-салтка ылайык жол-жоболор жасалып келсе, Совет өкмөтү кудалашуу, калың берүүгө тыюу салгандан кийин бул салт же «жең ичинен» жасалып, же күйөө тарап «биз жактырдык, ошол жетиштүү» деген кыязда кыз ала качууну өзүнчө «салт» кылып алышты. Натыйжада эски салтка да жатпаган, жаңы турмуштун талабына да туура келбеген «мокочо» салт пайда болгон. «Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер», «Кыз жыргаар жерине ыйлап барат», «Таш түшкөн жеринде оор» деген макалдардагы илгертен эле жашап келген түшүнүк боюнча кыз ала качуунун жаңы «салты» анчалык деле одоно сезилген эмес.

Кыз ала качып алуу көрүнүншүндө кыргыздар «күнөө» деген түшүнүк жөнүндө таптакыр ойлошкон эмес. Садык да бул жөнүндө ойлонгон жок, бирөөнүн эркине суроо-сопкутсуз кол салып жатам деген эмес. Эгер Садык Жамийланын ордуна мурдатан калып алып калган салт-санаага баш ийип, чийинден чыкпай турган ийменчээк кыздардан бирди алган болсо, алардын ынтымактуу, ырыс-кешиктүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп жашай береринде шек жок эле. Аларды Жамийладан жакшы же жаман деп айтууга болбойт. Жамийланын алардан өзгөчөлүгү – анын көп нерсеге өзүмдүк көз караш күтө билүүгө жөндөмдүүлүгүндө, өзү туура деп эсептеген пикирин коргоого жана аны менен башкалардын эсептешүүсүн талап кылууга кайраты жете турган күчтүү инсандык табиятында.

Турмуштун калыптанган, тапталган жолдору менен жашоонун да көп артыкчылыктары бар. Аныкталып, такталып, белгилүү тартипке салынган багыт, коопсуз, жеңил, өз багытымды табат элем деп сарсанаа болуунун зарылчылыгы жок. Кыйынчылык дал ошол турмуштан өзүнчө жол издегендерде, тапталган жолдо баратса да беймарал жүрө бербей, ал жолдун ой-чуңкурун изилдеп, ой азабын тарта бергендерде болот. Калыптанган жол канча ишенимдүү болбосун, дал ушундай күрөшчүл адамдарсыз турмушта өсүү, жаңылануулар болбойт. Ал өзүнчө жаңы чындык издөөчүлөр жаңылышып калуусу да мүмкүн, бирок алардын жаңылыштыгынын да турмуштук сабагы чоң, ийгиликтери жемиштүү.

Садык Жамийланы ала качып алганда алардын ортосунда «Сүйүү барбы, жокпу? Сүйүү керекпи, керек эмеспи?» деген маселе турган эмес. Жамийла кетип калгандан кийинки Садыктын ачуу менен айткан: «Алтын баштуу катындан, бака баштуу эр артык» деген сөзү (макал) – бул ачуунун эле сөзү эмес, ал кайсы бир деңгээлде анын аял, эркек жөнүндөгү өздүк түшүнүгүнүн да кандайдыр бир бөлүгүн түзөт. Ошон үчүн ал кыз куумайда жетпей калгандыгынын ызасын чыгарып, Жамийланы ала качып алып отурат. Ошон үчүн ал «Жылдызыбыз келишпей калса кантебиз?» деп ойлонбойт. Бирок албетте, Жамийла кийин өмүр бою бирге түтүн булатып, жанаша жашай турган жубайым ким, кандай адам деп ойлонбой коё албайт эле. Ошон үчүн үч-төрт ай чогуу жашап, бирок анын ким экендигин ачык таанып биле албай кала берген Жамийла Садыктын каттарынан «ал ким, кандай адам?» деген өзүнүн суроолоруна жооп издейт. Тилекке каршы, анын каттары дайыма бири-бирине коёндой окшош, өзүмдүк жеке ою жок, калыпка салынган, жансерек каттар.

Айрым адабиятчылар түшүндүрүп жүргөндөй, Жамийла Садыктын каттарынан сүйүү сөздөрүн деле издебейт. Ата-эне, туугандары турганда катты аялынын наамына жазышты эркектер эрөөн көрүп, намыс кылыша тургандыгын элдин бардыгы сыяктуу Жамийла деле түшүнөт. Бирок амандыгын билдиргенден башка жандуу бир ой-пикири жок каттар Жамийланын көңүлүн суутпай койбойт. Повесттен Жамийланын сүйүү жөнүндөгү түшүнүгү бийик адамкерчиликтүү сапат, сезимдер менен өтө тыгыз байланыштуу экендигин билебиз. Өмүрлүк жар, эркек адам Жамийла үчүн, биринчи иретте, сырдашса сырын түшүнөр, сүйлөшсө сөзүн түшүнөр, муңканса руханий кубат берер, жаңылса түз жолун көргөзөр, акылга шерик дос, жолдош болушу керек. «Аңгиликтен башка колунан эчтеке келбеген» Осмонго байланыштуу: «Ушул Осмонго окшогондор да кишиби? Дөбөттөр да ал бир…Андайлар адамдын черин жазмак кайда… Ал жүрөктүн түпкүрүндө жатат да. Кудай билет, андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар?..» – деп күмөнсүйт. Бул күмөнсүнүү «Осмонго окшогондорго» айтылып жаткан менен, түпкүлүгүндө ал Садыкка көбүрөк тийиштүү. «Жүрөктүн түпкүрүндө жаткан» сезимдин чындыгын Садыктан сезген болсо Жамийла минтип күдүктүү суроо таштабайт эле.

Айрымдар ойлошу мүмкүн, лирикалык каарман (автор) айтып жатпайбы: «Биздин Садык дагы жылкычы болуп жүрүп, жайлоодогу малчылардын тоюнда кыз куумайга түшүп, Жамийлага жетпей калган имиш, ошондон кийин намыстанып аны ала качып келгенин уккам. Андай эмес, экөө көңүлү менен кошулушкан деп да айтып жүрүштү абысын-ажындар», – деп. Балким ушул экинчиси туурадыр, болбосо «бирөөгө жемин жедирбеген» Жамийла зордукка көнүп бербейт эле, – деп. Мындай арсарсынууларга биз өз тарабыбыздан: Жок. Жамийла Садыкка көңүлү менен турмушка чыккан деген жыйынтык туура эмес, ал чыгарманын идеялык-көркөмдүк логикасына туура келбейт» деп кескин айта алабыз. Биринчиден, Садык Жамийланын сынына толууга, көңүлүн бурууга рухий кудурети чектелүү, алсыз партия экени баяндоонун жүрүшүндө жетиштүү эле тастыкталат. Экинчиден, айланасындагы кыз-жигиттердин көпчүлүгү алар сыяктуу жол менен үй-бүлө куруп жатышкан болсо, анан да нарктуу, барктуу кемпир-кезектин баары «таш түшкөн жеринде оор» болгондой эле, келген келин, мейли ал эркинен тышпы, же өз көңүлү мененби, айырмасы жок, былк этпей бекем орун-очок алып калуусу керек экендигин кулактарына куюп жатса, он жети-он сегиздердеги жаш кыз эмне кылмак, андан башкача шартты айланасындагылардын кимисинен талап кылмак эле, антиш анын оюна келет беле?!

Үчүнчүдөн чыгармачылыктын психологиясы боюнча жазуучу окуучунун көңүлүн кызыгуучулуктун белгилүү бир толкунунда кармап, окурман жөн гана пассивдүү байкоочу деңгээлинде окубастан, чыгармачылык менен автордун айтайын деген чындык оюн кубалап издеп окуусу (сотворчество) үчүн ар кандай ыкма, каражаттарды да пайдаланат. Бул учурда дагы карама-каршылыктуу маалыматтардын берилиши – бул жөн гана эки түрлүү пикирдин жайынча катар баяндалышы эмес. Чыгарманын чегинде, б.а. текстинде уланчу, такталчу маселелердин көбү, чечилчү конфликт мына ушул эки сүйлөмдүн ортосундагы аралыкта атаандаштык беттешүүгө түшкөн эки команданын оюнчуларындай болуп бирде ал тарапка, бирде бул тарапка сүрүлүп отуруп аныкталат.

Ошентип, Жамийла Садыктан кетүүнү чечти. «Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм» деп Даниярга айтканындай, эс тарткандан берки өмүрлүк жар жөнүндөгү идеялына, сүйүү «каарманына» Садык туура келбестигин түшүндү. «Кудай билет, андай эркектер жок да чыгар» деген күдүктүү суроону «жүрөгүндө улуу сүйүү алып жүргөн» Данияр жокко чыгарды. Жамийла издеп жүргөн сүйүүсүн Даниярдан тапты. Бирок никелүү күйөөсү Садыкты кантет?.. Эмне кылуу керек?.. Ушул жерде Жамийланын кетүүсүнө байланыштуу аны жеңил ойлуу каарман деп баа берген окурмандардын пикирин да эске ала кетүү зарыл. «Күйөөсү ойдогудай болбой калса эле ажырашып кетиш керек эмес! Турмуш деген оюнчук эмес! Жамийланын эл коргоп согушта жүргөн күйөөсүн таштап кеткендиги айыптоого татыктуу». Ооба, мындай дооматтардын да өз жүйөөсү бар. Мектепте сабак берген мугалимдер да чыгарманы талдоодо окуучулардын карама-каршылыктуу пикирлерине туш болуп, бир жактуу пикир айта албай кыйналышарын билдирген учурлар бар [Кут билим. – 2001. – 7-декабрь].

Ушунун өзү чыгарманын окурманды кайдыгер калтырбай турган мазмундуулугунун күбөсү. Мугалим өзүнүн жообунда: «Жамийланын Садыктан кетүү жөнүндөгү чечиминин сабагы ушунда: каарман муну менен үй-бүлөнүн башы боло турган эр жигиттерибизге талапты жогору коюп жатат. Чыныгы романтикалуу сүйүүнүн ээси болуш үчүн адам өзүнүн жан дүйнөсүн байытыш керек, өз турмушуна аң-сезимдүү жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек. Жигиттерибиз повесттен ала качып алуу, аялдарга орой мамиле жасоо маданиятсыздыктын, алсыздыктын белгиси экенин туюп, сезип, түшүнүшү керек» деген кескин жыйынтыктар менен чектелип койсо деле болот. Бул туура жооп, ошентсе да турмуштун ой-чуңкурун эртелеп таанууга кызыгуусу күч жаш адамдардын суроосу ушуну менен эле түгөнүп калбайт. Аларга турмуш менен чыгарманын ортосунда кандайдыр бир келишпөөчүлүктөр бардай сезиле бериши мүмкүн. Жогоруда келтирилген дооматта айтылгандай «ооба, «Турмуш деген оюнчук эмес?» Дайыма эле ал биз ойлогондой өз ордунан чыга бербейт. Сүйүп-күйүп баш кошкондордун деле жашоосу дайыма булутсуз ачык күндөй жарык болот деп эч ким кепил боло албайт. Үй-бүлөнүн ынтымагы аны түзгөн жубайлардын адамдык парасатына, маданий деңгээлине жараша болот. Буга чейин өз эркинен тышкары эле турмуш курушкан апаларыбыз, эжелерибиз жубайларына нааразылыгы болгон күндө да күйөөсү жөнүндө: «…ошентсе да ак көңүл», «…ошентсе да боорукер, күйүмдүү», «балдарымдын атасы,» же «жумшак, айткан-дегенимден чыкпайт», «ишенимдүү», «чынчыл» же дагы ушул сыяктуу сөздөрдү айтып, күйөөсүндөгү сыйлоого татыктуу болгон бир сапатын ойлоп таап, өз дооматына өзү жооп берип, ал түгүл өзү жөнүндө «мен эле периште бекем» деп суроо коюп, өзү менен өзү ыркка келип жашап келишкен».

Повесттеги «пайгамбардай» кайнене деле ошентип жашап келгендердин бири болушу мүмкүн, а балким сүйүү уялаган үй-бүлөлөрдөндүр. Жамийла деле алгач өзүнүн ала качып келинишин чектен тышкаркы өөн көрүнүш катары көрбөсө керек. Ошон үчүн шартка көнүп, кайын-журт менен камыр-жумур ынтымакта эле жашап жаткан. Белгилүү окумуштуу, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө зор салымы бар адабиятчы К.Асаналиев Жамийланын образына байланыштуу мындай дейт: «Жамийланын улуттук турмуш чындыгына шартталган жана негизделген өзүнүн гана жекече тагдыры бар. Ч.Айтматов өзүнүн «Жамийла» повести менен улуттук көркөм сөз искусствосуна күтүлбөгөн, ойго келбеген ачылганы апкелди. Улуттук чындыкка улуттук турмушка, салт-санаага карата болгон жаңы көркөм мамиленин, жаңы дүйнөлүк көз караштын негизинде кыргыз жазуучусу азыркы адамдын, азыркы инсандын ички жан дүйнөсүн ачып көрсөтүүгө жетишти. Маселен, Пушкиндин Татьянасы орус кыштагында, Ауэзовдун Тогжаны казак талаасында гана жаралышы мүмкүн болсо, Айтматовдун Жамийласы дал кыргыз жеринде, Күркүрөөнүн боюнда дал ушул жүрүш-турушу, кыял-жоругу менен дүйнөгө келмек. Кептин баары, сүйүү проблемасы анчейин карандай сүйүү жөнүндө эмес, ушул окуянын өнүгүп-өөрчүшүндө автор адам жөнүндөгү чоң чындыкты, улуттук чындыкты айтып жатканында, кыргыз аялынын улуттук көркүн, сымбатын, жан дүйнөсүн көрсөтүп жатканында» [К.Асаналиев. Көркөм нарк.– Фрунзе, – 1988.–142.бет].

Садык – «күнөөсүз күнөөлүү» каармандардын бири. Ал башкалар сыяктуу эле үйлөндү, башкалар сыяктуу эле жол-жобо менен согуштан айылга кат жазат, аялы кетип калганда башкалар сыяктуу эле жини келип, аны ачуу сөздөр менен сөгөт. «Жылкы теппей, жылан чакпай» кетип калган аялды ким сөкпөсүн?! Садыктын «күнөөсү» – анын «ички канатынын» жоктугунда, ички руханий көрөңгөнүн берекесиздигинде, байкалбай көңүлү көктү көксөгөн аялды алып алганында. Кыз куумайда жетпей калганында эле: «Жеткирбесең жеткирбе, мен жарышка түшпөй турган кыздардан эле бирди алып алам», деп тынчып кала бергенинде жакшы болмок. Жамийланын кетиши тууралуу белгилүү айтматовтаануучу А.Акматалиев мындай дейт: «Бул жерде кеп Садыкта эмес, Жамийлада, аны Даниярга жолуктурган тагдырда. Эгер көпчүлүктөн кескин айырмаланган мүнөзү, романтикалуу жан дүйнөсү, августтун ажайып түндөрүндөгү керемет обондору менен Данияр келбесе, Жамийла Садыкты күтүп, бара-бара чоң, кичине үйдү башкарган нарктуу кайнененин ордун басмак. Бирок көңүлгө канат байлап, мазмундуу жашоого умтулткан, күчтүү толкун болуп каптап келген сүйүүсүнөн баш тартып, ар кандай чектөөлөргө, адат-салтка баш ийип жашоо Жамийла сыяктуу күчтүү, бакубат натурадагы аялга туура келмек эмес» [А.Акматалиев. Айтматов Чыңгыз (чыгармачылык портрет) // Китепте: Азыркы кыргыз адабияты. – Бишкек, 2015. – 12-бет].

Өзөктүү маселеси «үй-бүлө идеясы» («мысль семейная») болгон Л.Толстойдун «Анна Каренинасын» басмага даярдоо ишине катышкан адабият сынчысы Н.Страхов жазуучудан роман эмне жөнүндө экендигин кыска сөз менен жазып берүүсүн өтүнгөндө, Толстой: «романымда эмне айткым келгендигин айтыш үчүн мен ал романымды кайра баштан жазып чыгышым керек» деп берген жообу адабиятчылар арасында жакшы белгилүү. «Анна Каренина» жарык көргөндөн бери бир жарым кылымга жакын мезгил өтсө да чыгарма жазылгандан бүгүнкү күнгө чейин окурмандар арасында үй-бүлө маселесине, башкы каармандын өлүмүнө байланыштуу «күнөөлүүнү тактоо» боюнча талаш уланып келет. «Күнөөлүү – Анна», «күнөөлүү – Каренин», «күнөөлүү – Вронский», «күнөөлүү – коом», «күнөө нике мыйзамынын адилетсиздигинде» деп кескин бир тарапты гана күнөөлөгөндөр, ошол эле учурда «баардыгы күнөөлүү» дегендер да бар. Мындай талаш жазуучунун романында Аннанын да, Карениндин да өз чындыгы бар экендигин танбай, объективдүү сүрөттөп, алардын үй-бүлөлүк драмасын Облонский менен Доллинин, Левин менен Китинин үй-бүлөлүк турмушуна катар коюп чагылдырып, бир жактуу өз чечимин ачык билдирбегендиги себеп. Ошол сыңары, «Жамийла» повестинде да лирикалык каарман Сейиттин: «Мейли, мен биздин үй-бүлө, биздин уруу үчүн «бузуку» болоюн, бирок адамдык чоң чындыкка мен кыянаттык кылган жокмун, турмуштун чоң чындыгына мен акыр-аягына чейин адилеттүү болгом. Менин мына ушул ак ниеттүүлүгүмдү эч ким билген эмес, аны элге айтууга да болбос эле, анткени башкалар түгүл, жанымдай көргөн өз энем да мунун маанисин түшүнбөс эле» деген сөзүн эске албаганда, автордун кайсы бир тарапты ачык күнөөлөгөнүн учуратпайбыз. Ошентсе да «Жамийланын» окурмандары да каармандардын образдары тууралуу сөз болгондо «күнөөлүүнү тактоо» маселесине көп айланчыкташаарын көрүп жүрөбүз. Жамийланы жактагандар Садыкты күнөөлөп өтүшөт, Садыкты жактагандар ­ Жамийланы күнөөлөшөт.

Албетте, Жамийла Анна эмес, Садык Каренин эмес, Данияр Вронский эмес. XIX кылымдын ак сөөктөр чөйрөсүндөгү жалган этикет, жасалма маданияттуулукка негизделген көшөкөр мамиле, сыпайкерчиликтин казанында кайнап бышкан Каренин, Вронский, Анналардын жанында Жамийла, Садык, Данияр – үчөө тең бирдей бейкүнөө периштелер. Жамийла – Садык – Данияр маселесинде күнөөлүүнү издөө анчалык зарыл деле эмес, түшүнүү зарыл. А эгер болбой эле ушундай зарылдык кыйгачынан туруп калса, анда Садык «күнөөсүз күнөөлүү» болуп чыгат. Себеби, үй-бүлө кургусу келген Садык анын түбөлүгү түз болсун десе, Жамийлага үйлөнүш үчүн аны же өзү макулдатып (бул жерде «сүйдүрүп» деген сөздүн ылайыгы жок), же ата-энеси колуктунун ага ылайык келерин же ылайык эмес экендигин тактап, колуктуну жана анын ата-энесин макулдатып, маселе экинчи көтөрүлбөгөндөй кылып ачык чечип алып, анан үйлөнүшү керек эле. Адам өзү чечпеген маселеге караганда «өзү чечкен» маселеге, жыйынтыгы кандай болсо да, көнүүгө аргасыз болору, жоопкерчиликти жогоруурак сезери белгилүү. Мындай болгон учурда балким Жамийла да «жүрөктүн түпкүрүндө жашап келген» идеал жөнүндөгү ойлоруна кулпу салып, тагдырына баш ийүүчүлүк менен мамиле кылмак. Салт да өз жайында, «карышкыр да ток, козу да аман» калмак. Демек, Садыкты канча актабайлы, анын өзү аңдабаган, өзү эле эмес, айланасындагылар деле эске албаган күнөөсү бар. Ал эми Даниярдын күнөөсү канчалык деген маселеге келсек, ырас ал, Жамийланын күйөөсү бар экенин билсе да сүйүп калды. Сезимди буйрук менен ким токтото алган. Бирок ал Вронскийче Жамийланын аркасынан ээрчип алган жок. Жамийланын көңүлүнө чок түшкөнүн байкаган күндө да, ал «өзү келгенче» («Данияр, мына мен өзүм келдим! – деди ал акырын шыбырап»), өз сезими жөнүндө ооз ачкан жок.

Сүйүү Жамийла менен Даниярды ойдо жок жерден, «пландан тышкары» курчап калды. Алар бири-бирин жактырып калышкан күндө да бири-бирине умтулуп, сезимдерин ачыкка чыгарууга аракет кылышкан жок. Ойлор, сезимдер ар качан сүйгөн адам тарапты көздөй тартканы менен акыл-эс, тарбиялык баалуулуктар аларга бири-биринен алыс болуу зарылдыгын эскертип турду. Ортодо канча ойлонуу, толгонуу, азаптануулар болду? Жамийла да, Данияр да Садыктын алдында (анын жарадар болуп госпиталда жатканы, күз аяктап келип калары жөнүндөгү каты бригадир Орозмат Жамийланы араба айдоого алып кеткенге чейин эле келген) өзүлөрүн күнөөлүү сезип жүрүштү. Жамийла сүйүү аны жеңип, Даниярды көздөй тартып баратканын сезгенде ал андан алыстоого аракет кылды. Бригадир Орозматка келип: «Арабаңызды алыңыз! Кайда жиберсеңер мейли, бирок стансага эгин ташыбайм» деп көжөлдү. Бул ачыктан-ачык эле Даниярдан, анын сүйүүсүнөн качуу, тутанган сезимди өчүрүүгө далбастоо. Албетте, бригадир Жамийланын ордуна кайдагы арабакечти тапмак. «Эгин меники эмес, аскердин эгини, өзүңдүн эриң дагы ошол жакта!» – деп катуу-катуу айтып, Жамийланы арабасында калтырды. «Данияр аттарын арабага кошуп жаткан. Ал жанагы сөздөрдү укканы менен сыр алдырган жок. Болгондо, тескери карап, каамыт боолорду жулкуй тартып, байлап жатты. Жамийла дагы бир аз кырмандын ортосунда жалгыз турду да, анан «эмне болсо ошо болсун» дегендей колун шилтеп таштап, арабасын көздөй басып кетти». Ушул окуядан кийинки Даниярдын психологиялык абалы үзүл-кесил кыйыр сүйлөмдөр аркылуу берилет.

«Кийинки кезде Данияр ар качан арабасын катуу айдап жүрө турган болду, аттары да бат эле эттен түшүп калды». Ыр да небак токтогон. Жамийланын жогорудагы «жообун» уккандан кийин Данияр «көрүп күйгөнчө көрбөй күйөйүн» дегенчелик кылып, анын үстүнө Жамийла анын жанында аргасыздан жүргөндөй абал аны кыжаалаттантып, Данияр да кетүүнү ойлой баштады. Анын мындай абалы лирикалык каарманыбыз Сейит тарабынан мындайча айтылат: «Ал кайда шашылып, эмнеге капалуу болгонун ким билсин, айтор унчукпай эле түктүйүп жүрдү. Поезддер нары-бери өткөндө Данияр токтой калып, алардын артынан көпкө чейин узата карай, алда эмне оюна келгендей түнөрүп жатты». Бирок сүйүшкөндөрдүн ортосундагы «ашыктыктын арзуу» сөздөрү биринчи ирет дал ушундай окуя курчуган, кысталыш кырдаалда айтылды. Бул жердеги «ачыкка чыгуунун» өзү да оригиналдуу. «Бир убакта Жамийла арабанын жанына барып, Даниярды өзүнө чакырды.

– Беригелчи Данияр, кашка аттын такасы шалкылдап калыптыр, жулуп таштачы, кармап берейин!

Данияр аттын туягын эки тизесинин ортосуна кысып, таканы жулуп алып өйдө боло бергенде, Жамийла аны карап, акырын гана айтты:

– Сен эмне эчтеке түшүнбөйсүңбү? Же менден башка кыз-келин түгөнүп калыптырбы?

– Данияр ылдый карап унчукпады. – Болбосо мага эле оңой дейсиңби? – деди Жамийла, үшкүрүп алып. Даниярдын кашы селт этип өйдө боло берди да, ал Жамийланы муңайыңкы эркелете карап, бир нерсе айткандай болду, бирок мен укпай калдым, анткени атты ооздуктан кармап турат элем, ат ошондо башын силкип алды. ­ Данияр болсо бир нерсеге ыраазы болгондой, колундагы таканы сылап, нары четке басып кетти. Менин таң калганым: «Жамийла айткан сөздөрдүн ага эмнеси жакты? Мисалы, бирөөгө: «Мага эле оңой дейсиңби?» – деп бирөө үшкүрүп айтып турса, анын эмнеси жакшы?» Учурунда өспүрүм Сейит түшүнө албаган сөздүн чындап эле суроолуу табышмагы бар. «Болбосо мага эле оңой дейсиңби?» деген сөзү менен Жамийла эмне Даниярды кетирбей алып калгысы келип жатабы?.. Жок. Биздин оюбузча, бул жерде, биринчиден, Жамийланын мунусу Даниярдын көңүлүнө оор тийген «станцияга эгин ташыбайм!» деп салган «чыры» үчүн кечирим сурап жатканы; экинчиден, бул сөздө сүйүүнү моюнга алуу менен катар ал сүйүүнүн тагдырга жазылбагандыгын моюнга алуу бар; үчүнчүдөн, кетсе да көңүлүндө кир калбай, Данияр аны кандай сүйгөн болсо, ал дагы аны ошондой сүйөрүн, бирок салтты тепсеп, никелүү күйөөсүн таштай албай тургандыгын билип кетсин дегени. «Бирок Аннушка эбак эле майды төгүп салып, чогулуш болбой турган болуп» калган («но Аннушка уже разлило масло, так что заседание не состоится» М.Булгаков. «Мастер и Маргарита»).

Жамийла дал ошентип маселени чечип бүтүп калган тушта «кашайып» Садыктын дагы бир каты келип калды. Ал кат деле Садыктын өз башынан чыкпай, Жамийланын жердеши Керим: «Быякка жөнөрүмдө келинчегиңе кат жаз, өз колум менен өзүнө тапшырайын деп, кат жаздырып алгам…» деп алып келинген кат. Садыктын каты текстте берилбейт, зарыл да эмес. Ал биз үчүн «жашыруун». Бирок ал У.Абдукаимовдун «Майданындагы» Качикенин катындай мазмундуу деле болбосо керек. Балким катында Садык Жамийлага сагынычын билдиргендир, бирок андан Жамийла Даниярдын жайынча эле, тууган жер жөнүндөгү эле ырынын бир кайрыгындагыдай жандуулукту, жылуулукту сезе албагандай. Кыскасы, Жамийла тагдырдын тараза ташын Садыктан Даниярды көздөй оодара албай, жанагинтип айткан сөзүнө удаа эле, башкача айтканда так ошол күнү Садыктын өзүнүн каты келип, тараза ташты Даниярды көздөй оодарып сала берди. Жамийла чечкиндүү бүтүмгө келди.

Биз буга чейин чыгарманын фабулалык мазмунун түзгөн турмуштук окуялар тууралу сөз кылдык. («Фабула дегенибиз – окуялардын жүрүшү, сюжет – баяндоонун жүрүшү» (В.Шкловский)). Көркөм чыгармачылыкта эмне окуя каралгандыгынан да, анын кандай баяндалгандыгы маанилүү экендиги түшүнүктүү. Сүйүү «үч бурчтугу» көп эле чыгармалардын окуялык негизин түзөт, бирок алардын баары эле «Жамийланын» деңгээлине көтөрүлө бербейт. «Жамийланын» күчү анда камтылган окуяда эмес, а маселени жазуучу кандай коюп, кандай баяндап бергенинде. Чыгармага алгачкылардан болуп пикир айткан көркөм сөздүн тажрыйбалуу чеберлери, бири «Абайдай» зор эпопеялык романдын автору, абройлуу чоң окумуштуу, экинчиси, Луи Арагон өзү сыпаттап айткандай, Вион, Гюго, Бодлердин мекени, даңазалуу королдор менен революциянын шаары, ар бир ташы кайсы бир тарыхты же легенданы эске салган, нечен түркүн сүйүү баяндары жазылган кербездүү шаар Париждин тургуну, экөө тең «Жамийлага» зор канагаттануу менен баа берип, анын авторунан кылдат поэтикалык-сүрөткердик туюмду сезишкендигин баса белгилешкен. М.Ауэзов: «Повесть Чингиза Айтматова психологична, естественна, изящна и проста. Она приятна правдивостью душевных состояний, тонко подмеченных и сдержанно, выразительно, даже порой коротко обрисованных… Это явление новое на почве киргизской прозы, обнаруживает хорошую профессиональную культуру автора, и конечно, тонкое верное знание жизни народа, характеров людей и условий их труда» (Литературная газета. –1958.–23-октябрь). Л.Арагон: «Лищь одна жизнь дана человеку. Свою жизнь Чингиз Айтматов только начинает. Но он уже предстает как писатель, в сердце и руках которого – огромный опыт человечества. Ибо этот молодой человек говорит о любви так, как никто другой. Сказать можно или слишком много, или слишком мало. Да вот и сама книга. Короткая, но великая повесть. Повесть любви, где нет ни одного лишнего слова, ни одной фразы, не встречающей отклика в душе. Не знаю, был ли маленький Сеит неискушенным художником, но тому, кто говорит от его имени, никто не способен давать уроки мастерства» (Культура и жизнь. –1959. – №7). Айтматовтаануу багытында жазылган кийинки изилдөөлөрдү мына ушул эки адамдын даанышмандык менен айткан сөздөрүн тастыктоо, жазуучунун улам кийинки чыгармалары аркылуу тереңдетип далилдөө деп аныктасак жаңылыштык деле болбойт.

«Жамийлада» тизгин талашып турган эки тема, сюжеттик эки линия бар. Алар: а) сүйүү темасы, кыргыз аялынын эмансипациясынын фонундагы; б) художниктин төрөлүүсү. Бул эки тема, эки проблеманын бирөөнө биринчиликти берип коюга болбойт, алар өз ара тең салмактуу, бири экинчиси менен тыгыз байланыштуу. Чыгармадагы эң башкы суроо: «Мен кантип художник болуп калдым?» деген Сейиттин суроосу. Данияр менен Жамийланын романтикалуу сүйүү баяны мына ушул суроого жооп берүү үчүн айтылат. Ошондой эле муну башка кырынан карасак: Жамийла менен Даниярдын сүйүү тарыхы Сейитте сүрөткердик таланттын ойгонушуна себепкер болду,– баян ушул жөнүндө. Көрүнүктүү адабиятчы, философ, культуролог, эстетик, эң негизгиси, айтматовтаануунун мыкты билерманы Г.Гачев өз мезгилинде сюжетика, поэтика маселесине байланыштуу повесттин өзгөчөлүгүн төмөндөгүдөй деп өтө так аныктаган: «Завязка» повести не в приезде Данияра в аил, а в вопросе: почему это получилось, что я стал художником, как это было? –который мысленно задает себе рассказчик. И вопросительное отношение к миру и к людям не перестает преследовать его и дальше, и его неуспокоивающаяся активность движет повествование. Вглядитесь в словесную фактуру произведения. Она пестрит вопросами и недоумениями» [Г.Гачев. Чингиз Айтматов (в свете мировой литературы. – Фрунзе, 1989–66-б.; Текстте басым койгон – Г.Гачев].

Повесть сүрөтчүнүн сөзү менен башталып, сүрөтчүнүн сөзү менен аяктаган алкактуу (обрамленная) чыгарма. «Ар дайым бир жакка жол жүрөрдө мен ушул алкактагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам. Мына, эртең да айылга жөнөймүн. Сүрөттү карап, мен андан жолума ак тилек бата алып жаткан өңдүү аны көпкө көз айрыбай тиктейм», – деп башталган чыгарманын өзү дагы анда айтылган сүрөттүн дал өзүндөй өзгөчөлүктүү «жөнөкөй» алкакка алынган. «Ушул күнгө чейин бул сүрөттү эч бир көргөзмөлөргө да берген жокмун, ал тургай айылдан туугандарым келгенде, көздөн далдалап бекитип коём. Анча эле жашыргандай эмнеси бар, уяттуубу деп, кокус оюңарга кетип жүрбөсүн, – жок, бул сүрөттүн эч кандай ыксыз жайы деле жок, же болбосо, ага «көз тийип» кетет дегендей, ал бир ашкан укмуш да эмес. Биринчи көрүшкө жөнөкөй эле кадыресе сүрөт. Бетине тартылган жер кандай жөнөкөй болсо, сүрөт өзү дагы ошондой жөнөкөй». Чыгарманын акыры: «Туулган, өскөн жер –күч-кубатым! Мен андан жаңы түркүн боёк табам. Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун! Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун!» – деп аяктайт. Автор ушинтип өзүнүн лирикалык каарманынын сөзү аркылуу Даниярдын кереметүү обонуна, Жамийланын жалындуу жүрөк отуна баа берип, алардын жашоодогу, айлана-чөйрөдөгү сулуулукту, улуулукту, поэзияны туюп, сезип, кунардуу, мазмундуу жашоого чакырган, адамдардагы жаратман духту ойготкон күчтүү, жандуу дараметине, касиетке таазим кылат.

Повесттен сөз болчу окуянын алгач мазмуну прологдо сүрөт аркылуу берилет. Сүйүү баяны сүрөтчүлөр академиясын аяктап жаткан жаш сүрөтчүнүн дипломдук иш катары тарткан сүрөтүнө сыйдырылган. Ал сүрөт мына: «Биринчи көрүшкө жөнөкөй эле кадыресе сүрөт. Бетине тартылган жер кандай жөнөкөй болсо, сүрөт өзү дагы ошондой жөнөкөй.

Сүрөттүн тээ ички тереңинде – күзгү асмандын ала-бүркөк чет жакасы. Шамал бирин-серин булуттарды бир жакка бет алдырып, алыста кылтыйган чокуларга жандатып, кыялата айдап бара жатат. Андан берки көрүнүштө – бозоргон сары талаа, кең өзөн. Чет-четтен чийлер ыкташып, жаан-чачындан кийин топурагы борпоң, тоборсуп карайган жолдо, катарлаш баскан эки жолоочунун изи тигинден бери чубайт. Жолоочулар улам жакындаган сайын алардын издери жерге даана түшүп, өздөрү азыр дагы бир-эки кадам шилтесе, алкактын сыртына аттап, ушундан ары кетип калчудай сезилет. Айтмакчы, жолоочунун бири… Бирок мен шашпайын, сөз башынан болсун. Бул өзү кечээ эле балалык чактагы окуя».

Живопись – текстин бир түрү, анын тили – искусствонун өзгөчө тили. Көркөм семантика жагынан алып караганда сөз менен баяндалган сүрөттүн арткы фонундагы пейзаждык сүрөттөрдүн символикалык мааниси деле көп нерсени кыйытып турат. Ала-бүркөк асман – Данияр менен Жамийланын жоругуна түшүнбөй, кабак түйүп кыжырданып кала берген Садыктын жердештери: «жаман шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтекеси жок, тентиген мусапырды» ээрчип кеткен Жамийланы жамандашкан кемпирлер; «Эмне үчүн кеттиң?.. – Биздин үйдө эмнеден кем болдуң элең?..» – деп түшүнө албай кейип да, «ушу бойдон колдо жүрсө не деген киши болор эле» – деп колдон чыгып кеткен жакшы бүлөсүнө ичи ачышып да кала берген кайын эне, жана ушул акылман байбичедей, жок дегенде, «бул үй-бүлөдө ал эмнеден кем болду экен?» деп ойлонуп коюуга кудурети жетпеген осмон, садыктар (бул жерде ысым жалпылама мааниде). Ошондой эле булут, шамалдардын да адабият, сүрөт искусствосунда көп түрлүү символикалык маанилери бар. Ушул жерден М.Ю.Лермонтовдун булуттар деген ыры эске түшөт.

Тучки небесные, вечные странники!
Степью лазурною, цепью жемчужною
Мчитесь вы, будто как я же,
изгнанники
С милого севера в сторону южную.

Кто же вас гонит: судьбы ли решение?
Зависть ли тайная? злоба ль открытая?
Или на вас тяготит преступление?
Или друзей клевета ядовитая?

Бул ырды акын Кавказга сүргүнгө айдалганында, ал жакка жөнөрдүн алдыңкы күнү жазган экен. Акын ырында өзүн чексиз мейкиндикте сүзгөн булутка салыштыруу менен өз эркинен тышкары сүргүнгө айдалып бараткан адамдын ички муңайым толгонуусун, жаны жай таппаган кусалыгын чагылдыргысы келген. Ошол сыңары, сүрөттөгү булуттар сыяктуу Жамийла менен Даниярды да тагдырдын шамалы боор тартып калган элден, жерден алыстатып айдап бара жатат. Жаңы турмушка карай ишенимдүү жолго чыгышкан алардын кубанычын муңайым санаа да коштоп баратканы анык. Ал эми алардын «улам жакындаган сайын алардын издери жерге даана түшүп, өздөрү азыр, дагы бир-эки кадам шилтешсе, алкактын сыртына аттап» кетчүдөй кыймылы көрүүчү менен бетме-бет келген жеринен тартып чындап эле «жанданып», алар Ата Мекендик согуштун үчүнчү жылга аяк баскан жай айларындагы кызыган эмгек талаасынан бизге кезигет.

«Жамийла» Варшавада жарык көргөндө польшалык Ядвига Нуркевич «Жамийла» – сүйүү жөнүндөгү ыр» аттуу макаласында өз пикирин мындайча билдирет. «Картинанын боёгун жана ырдын ыргагын сөз менен берүүгө болбойт. Ал эми Ч.Айтматовдун «Жамиласы» – бул бир эле убакта сүрөт дагы, ыр дагы. Аны сөзсүз окуп чыгыш керек» («Przyjazn») Варшава. – 1961. – №7).

Абдан так айтылган. Бир эле убакта адабий чыгарма да, көркөм сүрөт да, ыргактуу обон да, ыр да болуу касиети Ч.Айтматовдун «Жамийладан» башка чыгармаларынан да байкалат. Айтматовдун чыгармалары киного, театрга өзү эле суранып турат, даяр сценарий. Ал эми сөздөгү сүрөт, айкелдик элестер андан бетер. «Жамийла» жарыкка чыккан мезгилде ал тууралу рецензия жазгандардын көбү аны «прозадагы ыр» деп да аташкан. Маселен, грузин акыны И.Нонешвили «Для меня лично, как для поэта, оно дорога ещё и тем, что звучит, как великолепное стихотворение в прозе, пронизанное поэзией чувств» [«Правда», – 1961. – 2-апрель].

Поэзия – бул сезимдик элестүү ой жүгүртүү менен көркөмдүктүн гармониясы. Поэзия дегеле бардык искусствонун жаны. Мыкты живопистик чыгармаларды да искусство таануучулар «полотнодогу ыр» деп тамшанышса, адабиятчылар мыкты лирикалык ыр туурасында «керемет живопистик сүрөт» деп суктанышы мүмкүн.

«Жамийлада» сүрөт, музыка өнөрү адабият менен өтө бир чебер жуурулуштуруп пайдаланылат. Чыгарманын сюжети сүрөтчүнүн баяны катары берилип жатса, а сүрөтчүлүктүн өзү обондун, музыканын кудуреттүү касиетинен тамызгы алып, тутанат. Повесттин үч башкы каарманы болсо, анын бири келечектеги сүрөтчү, экинчиси кереметтүү обондун ээси, үчүнчүсү – музасы алардын Жамийла. Жамийла жан дүйнөсү акын, сезимтал, сергек жан. Жамийла жандуу жашоону жактырган, быкшып түтөбөй, жалындап күйүп, айланасындагыларга жарык, жылуулук чача турган адам. Ал өзүндөгү ушундай жаратман энергетиканы айланасындагыларга жугузуп, аларга дем, кубат, шаттуулук тартуулай алат. Жамийла болбосо Даниярдын керемет обону ырдалат беле, Даниярдын обону болбосо Сейит сүрөт тартууга шыктанат беле же жок беле?!

Повесттин лиро-романтикалык стили аны поэзияга көбүрөк жакындатып турат. Повесть лирикалык каарман өспүрүм Сейиттин баяны катары сунушталат. Ушуга ылайык чыгарманын окуялары сүрөтчүлүк-акындык романтикалык натурадагы, көп нерсеге дилгир («Суроо деген менде түгөнбөйт, ушул дартымдан «Сейит маңыз» деп да атыгып кеттим») жаш уландын баяндоосунда болуп жаткандыктан, баяндоо көтөрүңкү романтикалык түс, ыргакка ээ. Жамийла менен Даниярдын образдары Сейиттин суктануу, таң калуу, ал түгүл жан тартуучулук, берилгендик сезимдери менен коштолгон. Ушундай психологиялык-эмоционалдык жагдайлар чыгармага өзгөчө жагымдуу боёк, жандуу ыргак тартуулап турат.

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА, адабиятчы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.