Грек жомогу: Согушка барган кыз

Бар экен, жок экен, бир падыша жана анын үч кызы болуптур. Бир жолу ага башка өлкөнүн ханы согуш жарыялайт. Ал карып калган эле, андыктан согуша турган алы жок болучу. Ошентип ал эмне кыларын билбей ыйлап отурат. Аңгыча улуу кызы келип сурайт: – Эмне болду сага? – Ал сенин түйшүгүң эмес, билбей эле кой. – Жок атаке, айтпасаң кетпейм! – Байкушум, сенин колуңан эмне келмек эле! Мени согушка чакырып жатышат. – Аах, согуш башталса мени күйөөгө дагы бербей калат экенсиң да!– […]

Шатман САДЫБАКАСОВ: Жол

АҢГЕМЕ – Мен баратам, апа, барам! – Келбегин, уулум, келбе! Жөнөдү: кашкайган узак жол анын көз алдына өттү. Төшөлө берди. Бардык дарбазалардын, бардык терезелердин, баарынын жанынан бараткан жагын жакшы көрчү да. Андан эч убакта, эч качан бурулчу эмес. Күндүз ал күн нурундай учу-кыйырсыз, а түн киргенде анын үстүнө бүт жылдыз түнөөчү. Жер жадырап, гүлдөр ага жылмаят. Ал гүлдөрдү үзүп алып үрпөйгөн чачына саят. Ар бир гүл анын бутунун алдына берметин кулатат. Талаадагы жол боюна карапага куюп койгон сууга окшоп, анын […]

Кадыр КОШАЛИЕВ: Билим берүүнү соодага айлантпайлы

Билим – түндө маңдайыңда шам чырак, өмүрүңдө жол көрсөтүп жаркырап» Жусуп Баласагын Илим-билимге умтулуу касиети кыргыздын канында, менталитетинде бар. Кыргызстандын билим берүү системасында дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар эске алынуу менен этнопедагогиканын, нукура элдик тарбиянын табылгаларын эриш-аркак жүргүзүүгө өтүшүбүз зарыл. Албетте, коомдо билимдүү, илимдүү адамдардын бедели бийиктеп, билими күчтүүлөр татыктуу ордун тапмайынча, мамлекет иш жүзүндө билим-таалим иштерин жогору коймоюнча бул тармак жемиштүү иштей албайт. Бул узак убакты, көп каржыны, саясый эркти талап кылган орчундуу маселе. Улуттук идеологиянын нугунда (башка өлкөлөрдү ээрчий бербей) билим-тарбия ишин […]

Абдыжапар ЖАКЫПОВ: Салый апа

АҢГЕМЕ Салый апа бүгүн демейдегисиндей кечки тамак жасоого кам көргөн жок. Уюн бададан келээр замат саады да, токол тамга жанаша салынган стандарттуу чатырланган үйдүн эшигин ачты. Көптөн бери киши кирбегендиктенби, кандайдыр салкындык, көңүлдү ээнсиреткен кусалык бар. Жасалгалуу мебелдердин жылтыраган бетине чаң отуруп, бозоруп калган. Салый апа төркү бөлмөдөгү шифоньерден сыйга кийүүчү көйнөгүн, маасы-галошун, костюмун алып кийди. Анан жогорку текчесиндеги ирээттүү жыйылган кездемелердин астынан кичинекей түйүнчөктү алып чыкты. Түйүнүн чечип, андагы акчаларды терезенин жарыгына келип шашпай санады да, бир бөлүгүн костюмунун […]

«Бир алкак, бир жол» демилгеси – Кытайдын байыркы Улуу Жибек жолунун боюндагы өлкөлөргө сунуштаган экономикалык долбоору

Эч бир мамлекет өз алдынча өнүгө албайт, өз казанында кайнай бергендердин дарамети чектелет. Андыктан иши жүрүшүп, ити чөп жеп турган кайсы мамлекет болбосун экономикалык жана маданий кызматташууларга, ошондой эле башкаларга жардам берүү, ал тургай жардам алуу сыяктуу алакалашууларга барбай коё албайт. Бул глобалдык мыйзамдардын бири экени талашсыз. Улуу коңшубуз Кытай дагы Евразия континенти менен өз аймагын качандыр бир байланыштырып турган Улуу Жибек жолун жана Деңиздеги Улуу Жибек жолун кайрадан жандандыруу жакшы тилеги менен, ошондой эле экономикалык кызматташтыкты, маданий алакалашууларды алгалатуу […]

Абдил ШЕРМАТОВ: Терминдерди териштирүүдөн чыккан сөз

Терминдер проблемасы кыргыз тилинде илимий багыттагы текстер жазыла баштаганда чыккан. Жаңыдан жаралып жаткан жазмабыз терминологиялык лексикабыздын жардылыгынан жана тыштан кирген терминдердин субординациясы сакталбаганынан, кыргызча текстердеги түшүнүктөрдүн лексикалык тематикалык байланыштары кабыл алууну кыйындаткан. Ошондон улам 1925-жылы Оренбург шаарында өткөн кыргыз-казак агартуучуларынын конгрессинде каралган 7 маселенин бири илимий терминдерге арналганы бекеринен эмес. Кийин ал мезгилдүү басылмаларда олуттуу талкуулардын предметине айланган. Ошолордун ичинен айтылуу окумуштуу К. Тыныстановдун терминдерге маанилик зыян келбесе которуп, болбосо ошо калыбында алып, уңгусуна кыргыча мүчө колдонуу керек деген рационалдуу […]

Англис жомогу: Камыш кийимчен

Анда уккула балдарым! Качандыр бир бай адам жашаптыр. Анын үч кызы бар экен. Бир күнү ал кыздары өзүн кандай сүйөрүн билмекчи  болот. А дегенде улуу кызынан сурайт: – Айтчы кызым, сен мени кандай сүйөсүң? – Өз өмүрүмдү сүйгөндөй сүйөм! – Бул жакшы,– бай ортончу кызынан сурайт: – Сен мени кандай жакшы көрөсүң, кызым? – Бүткүл ааламдан сизди гана сүйөм! – Бул эң жакшы, – деген бай кенже кызынан сурайт: – А сен мени кандай көрөсүң, кызым? – Мен сени эт […]

Кытай экономикасынын демистификациясы

Жастин Йифу Лин – кытай экономисти, экономикалык реформалардын Кытай борборунун түзүүчүсү жана биринчи директору, Пекин университети менен Гонконг илим жана технологиялар унивеситетинде окутуучу болуп иштеген. 2008-2012-жылдары Дүйнөлүк Банктын башкы экономисти жана ага вице-президенти болуп кызмат өтөйт. Жастин Йифу Лин “Кытай экономикасынын демистификациясы” китебинде экономикалык талдоого жана экономикалык саясат боюнча талкууларга катышуудагы жеке тажрыйбасына таянып азыркы доордо Кытай эмне үчүн алдыңкы катарга чыкты, кандай себептерден улам 200 жүз жыл бою артта калган, базар экономикасына кайсы жол менен барган, кийинки динамикалык өсүү […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Ырыскы

АҢГЕМЕ – Эртең малдардын кезүүсү дагы бизге келип калыптыр, – деди апасы. – Ушу өлө талган малдардын кезүүсүнөн бул жарыкчылык дүйнөдө кутулбайт экемин да, – деди уулум. – Каникул учуру эмеспи. Балаң окуудан калмак беле? – дедим мен. – Эмнеси жакшы. Базар күнгө туш келип атпайбы. Каникулда дайыма ушундай, – деп кейиди апасы. – Кезүү – кычы, – деп жыйынтык чыгарды уулум. – Эчтеке эмес, – дедим мен, – ушинтип бир-эки жыл кызмат кылып берсең, анан ага-эжелериңдей, өз алдыңча болуп […]

Жусуп АБДРАКМАНОВ: Үркүн (уландысы)

Тарыхый-даректүү очерк Мурда жарыяланган бөлүгү: КОЛОНИЯЛАШТЫРЫЛГАНГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ КЫРГЫЗДАРДЫН КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК УКЛАДЫ ЖӨНҮНДӨ БИР-ЭКИ ООЗ СӨЗ Бул маалыматтардан падышачылык материалдык жактан өтө камсыз болгон, б.а. кулактардан өзүнө бекем тирек түзүү жагынан өз алдына койгон максатына белгилүү даражада жеткен деген жыйынтыкка келүү керек. Бирок падышачылык муну менен чектелип калган эмес. Өзүнүн сурап турган акыркы жылдарында анын бул жергеге келгиндерди жайгаштыруу саясатында башка бир багыт басымдуулук кыла баштаган. Ал багытка ылайык, бул жергеге орустарды жаңы аймактарга отурукташтырууну андан ары улантууда мурда келгендердин үстүнө өтө […]

Нурзада КУБАНЫЧБЕКОВА: Теше тиктеген көздөр

АҢГЕМЕ Эртеден бери эле аны бирөө тиктегендей туюлуп турду. Эмнегедир элеңдеп эки жагын каранып такыр таппады, башын өйдө көтөрө калса эле ал туюм жылан сыйпаганадай жок боло калат, телефонго үңүлүп ылдыйды карар замат баягы туюм кайрадан пайда болот да турат. Бул нерсе акыркы жарым сааттан бери Алиянын жүрөгүн эзип бүтмөй болду. Бул эмне болгон туюм? Же чын эле мени ары жактардан кимдир-бирөө тиктеп жатабы? Кызык? Эмнеге тиктесин мени анчалык? Тиктегидей болсо, ким ал деги? — деген ар түркүн ойлор Алияны […]

Жетиген АСАНБЕК: Жеңгени чын болсо, мыйзамсыздыктын баарын жеңсин

Так талаш да бүттү… Таза болду деп атышат. Так талаш кайдан таза болсун. 13 талапкердин ичинен бийлиги менен байлыгынын колдоосу күчтүү эки талапкер озуп чыгып, экөөнүн гана эрөөлүнө айланган таймашты элдик шайлоо дегенге ооз барбайт туру. Биринде байлык болсо, биринде байлык да, бийлик да болуп, тактыны ээледи. Эл деңгээли ушул бийлик менен байлыктын тайыздыгында ташыркаганынан, «25ке» келсек да, тамтайып там-туң басып отурган чагыбыз. Бечелден жөтөл кетпейт болуп, өлкөбүз жөткүрүп отурса да, таза шайлоо болду, Жээнбеков жеңди деп атышат. Жеңген эле […]

Ненец эл жомогу: Эски капчык

Бир атанын үч уулу болуптур. Алардын экөө акылдуу, үчүнчүсү акмак экен. Бир күнү атасы үчөөнү чакырып, мындай дейт: —  Иш мындай. Баарыбыз үйдө отуруп эмне кылабыз?  Мүмкүн араңардан жок дегенде  бирөөңөр  жер жүзүнөн бакыт издеп  жөнөөрсүңөр? Макул болуп улуусу сапарга узайт. Атасы аны жолго чейин узатып, ийгилик каалайт.  Ал эми ага кандай бакыт  жолукканын, биз азыр көрөбүз. Биринчи күнү жакшы өттү,  экинчи күнү деле эч нерсе болгон жок, үчүнчү күнү кашайып, жазуусу бар үч айрылыш жолго туш келди: “Биринчи жол […]

Эдилбек САРЫБАЕВ: Чоюн Омуралиев — мыслитель, выросший из почвы народной мудрости

«Всему свое время: время разбрасывать камни, и время собирать камни…» было сказано в «Книге Екклесиаста» около 2,5 тысячи лет назад. Вот и наш автор в своей новой книге «Кыргызская государственность: вчера, сегодня, завтра…» заново собирает свои мысли, разбросанные во многих своих весьма содер-жательных, актуальных, а иногда просто фундаментальных статьях, касающихся вопросов государственности, на страницах самых разных, но в большинстве своем, наиболее многотиражных газет и нескольких монографиях за четверть с лишним века независимости Кыргызстана.  К слову сказать, Чоюн ОМУРАЛИЕВ является, пожалуй, […]