Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Парламентаризмдин да залимдикке, бузукулукка алып кетчү жолдору бар

Белгилүү саясат таануучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Молдалиев менен учурдагы коомдук-саясый багыт туурасында баарлашуу… – Өткөөл мезгилдеги президентибиз Роза Отунбаева, стратегиялык жактан Сооронбай Жээнбековдун тандалышы мен үчүн туура жол болду деп билдирди. Жаңы бийлик саясый камоолорду оң жагына чечип, сот адилеттигин орнотот деп үмүттөнсөк болобу? – Роза Исаковна сиз айткан интервьюсунда президенттик шайлоонун жыйынтыгына негизи эки позициядан карап баа бериптир. Биринчиси – кетип жаткан мамлекет башчысынын дагы бир мөөнөткө шайланам дебей, Башмыйзамга ылайык башка талапкерлерге жол бошотушун стратегиялык жактан […]

Бразилия жомогу: Момпосуй менен маймыл

Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, айтор бир маймыл болуптур. Бир жолу ал өз үйүн шыпырып атып жерден тыйын таап алат. Аябай сүйүнүп кеткен ал буту-бутуна тийбей дүкөндү карай чуркап, өзү көптөн бери эңсеп жүргөн момпосуюн сатып алат. Андан соң бийик даракка чыгып, момпосуюн тамшанып жей баштады. Өзүнүн бир орунга тынч отура албаган адаты менен кыйшаңдап атып, бир момпосуюн дарактын коңулуна түшүрүп жиберет. Канча аракет кылганы менен момпосуюн ала албаган маймыл устага чуркап барды. — Уста аке, мага […]

Мурдунан алысты көрбөгөн падыша жөнүндө притча

«Философтор башкармайын мамлекет башынан балээ кетпейт». (Платон) Өз өлкөсүндө тең салмактуулукту орното албаган падыша болуптур. Ачарчылыктан кары-картаңдар менен балдардын кырылганы токтобойт. Карыларды тоюндурса – балдар, балдарды тоюндурса – карылар кырыла берет. Карылар бир кезде бийлик тагына келүүгө өбөк-жөлөк болгон үчүн алардын алдында падыша өзүн карыздармын деп эсептечү экен. Өлкөнүн жерпайын чогуу түптөшкөндөр ошол кары-картаңдар болгон дешет. Ал эми бешиктен бели чыгалек балдарчы, арийне, алар өлкөнүн келечеги го. Балдардын шыбагасын кары-картаңдарга, карылардыкын балдарга ооштурайын дейт, бирок же тигиниси, же мунусу өз […]

Абыкаев Абийрбек: Эшимдин айткандары

АҢГЕМЕ Башка элди билбейм, биз – кыргыздар мейман тосконго, той бергенге жаралган эл окшойбуз. Жадагалса өлүк чыккан жерде да той кылып жибермейибиз бар. Заман өзгөргөн сайын тойдун дасторкону да башкача. Илгери тасмалды жайып, боорсокту төгүп, кант-момпосуюн чачып, ар кайсы жерине жалпак калай тарелкаларга дүкөндөн алган “ассорти” деген туздалган  помидор менен бадыраңды кенен-кенен туурап коюшчу эле. Оймоктой болгон шаардыктардын майда стакандарын жактырышпай, 250 граммдык мусулман стакандардын кап ортосунан куюлган “Московский” арактан соктурушуп, коногу да, тоскону да ыраазы болуп ырдап-чордоп тарап кетишчү. […]

Оноре де БАЛЬЗАК: Өз аялын ойнош кыла албаган эркек өзүнүн толук дараметсиздигин гана далилдейт

Аял менен эч ким дос болбойт, эгер анын көңүлдөшү боло алса. * * * Аялды башкара алган адам, мамлекетти да башкара алат. * * * Аныгында, кызганчаак эркек аялынан эмес, өзүнөн шектенет. * * * Аял башкага таандык эркекти багынтууну жакшы көрөт. * * * Аял басып жүргөнү менен эч нерсени кароого мүмкүнчүлүк бербей туруп, баарын көрсөтө алат. * * * Аял ымандай сырын ачкан күндө да, купуя калган нерсеси болот. * * * Аял өзүн көйгөйдөн арылткан эркекке таандык […]

«Эр жигиттин кошомат кылганча өлгөнү артык»

* * * Апам экөөбүз бир жактан келатканбыз. Мен «жакшы болоюн» деп калгам. Бир кезде апам чочуп кетти: – Э, кудай! Тиги эмне балекет?! Карасам биздин боз үйдүн үстүнөн уюлгуп коюу кара түтүн чыгып жатыптыр. Апам чуркады. Артынан мен жөнөдүм талтактап. Аз өтпөй эле үйдүн үстүнөн жалын чыкты. Апам отура калды. Мен селейип эле туруп калдым. Биздин көз алдыбызда боз үй урап түштү. Болгон дүнүйө-оокатыбыздын баары ушул үйдө болчу. Колго алар буюм тургай, жумушчулар аш ичкен табактар да бырбыйып эрип […]

Аль-Фараби: Жакшы бир адам бул дүйнөдөн өткөндө ага көз жашыңарды төкпөгүлө…

Эч бир нерсе өзүнөн өзү жок болуп кетпейт, эгер ошондой болгонунда бар болбойт эле. * * * Алгач чындыкты билүү керек. Чындыкты билсең — катасын табасың, бирок алгач катасын таап алсаң, чындыктан кол жууйсуң. * * * Адам баласы кээде кокустан жакшы иштерди жасап алат. Кээде жакшы иштерди көңүлү менен эмес кимдир бирөөнүн басмырлоосу менен жасайт. Мындай иштер бакыт алып келбейт. * * * Бир адамдын адептүү экенин билип ага туура мамиле жасабаган адам, анын адептүү экенин билбей туруп туура […]