* * *

Апам экөөбүз бир жактан келатканбыз. Мен «жакшы болоюн» деп калгам. Бир кезде апам чочуп кетти:

– Э, кудай! Тиги эмне балекет?!

Карасам биздин боз үйдүн үстүнөн уюлгуп коюу кара түтүн чыгып жатыптыр. Апам чуркады. Артынан мен жөнөдүм талтактап.

Аз өтпөй эле үйдүн үстүнөн жалын чыкты. Апам отура калды. Мен селейип эле туруп калдым. Биздин көз алдыбызда боз үй урап түштү. Болгон дүнүйө-оокатыбыздын баары ушул үйдө болчу. Колго алар буюм тургай, жумушчулар аш ичкен табактар да бырбыйып эрип кетиптир. Өрт тракторчулардын чылымынан чыгыптыр. Алам саатты ошондо көргөм.

Апам эч ким менен кыжылдашкан жок, ыйлаган да жок. Чогулуп тургандар ар нерсени айтып киришти эле, апам сөздү кыскартты:

– Дүнүйө жерге кирсин. Мындан чоңунан ажырап деле өлгөн эмеспиз. Үч балам аман болсун.

Ээрчишип тамыбызга келатабыз. Улам-улам уурданып апамды карап коём. Ой басып келатат. Оо, бир маалда гана улутунуп:

– Метиркеңер менен сүрөттөр күйбөсө болот эле… – деп койду. Тамга келгенче башка сүйлөгөн жок.

* * *

Байкем анда он алтыда. Жайкы каникулда кечке колхоздун арабасын айдап, кечкисин кичинеден саман ала келип, короого жыйып жүрдү. Ал кезде отун жок, элдин көбү кыштай саман жагып чыкчу. Таш көмүр, радио, телевизор, машина, свет, картөшкө сыяктууларды кийин көрдүк. Жемиш жөнүндө кеп жок. Тамдагы турмуш кайышын чоюп өтүп жатты.

Ал кезде кулпу дегенди билчү эмеспиз. Бирин-эки мал үйдүн жанында эле байланып турчу. Кеч күздө колхоз боз үйдүн ордуна бир аз акча берген экен, апам ага уй сатып келди. Сүйүндүк. Бирок ошол эле түнү ууру алып кетти. А да бир кудайдан жөө качан неме окшойт, кыламык карда изи каларына да карабаптыр. Аман экөөбүз сокур тоом изин кубалап төмөнкү айылдагы бир үйгө келдик. Ити арсылдап, үйдөн курсагын сүйрөгөн кара сур киши чыкты. Салам айтсак, алик алган жок. «Эмне?!» – деди. Үнү үрөйдү учурат. Аман: «Биздин уй силердин короого кириптир, мына изи…» дегенде эле тамга жөлөнүп турган таякты алып, бизди ашата сөгүп, качырып сала берди. Аман токтоп бирдеме айтайын деди эле жонго бир салды. Ал кайкалай түшүп: «Бериңиз уюбузду!» – деп ыйлап жиберди. «Мына, силерге уй!» – деп таякты ыргытты эле, менин тиземе келип шак дей түштү. Ооруганына чыдабай отура калдым. Ыйлап да жибердим.

– Эми келсеңер өлтүрөм!

Шатырата сөккөн бойдон үйүнө кирип кетти.

Аман жолдо келатып:

– Апама айтпа, – деп койду.

Ошол ууру аз күн өтпөй мал союп жатып эле чалкасынан кетип өлдү. Ошондон бери Жаратканга ишенем. Бизди сыздаткан кишилерди жазалап коёрун андан кийин далай жолу далилдеди…

Чынында эле ошол күндөн ушул күнгө чейин жалгыз таянычыбыз, тирегибиз, ишенерибиз да ошол. Ал бизди дайыма сынап турат. Ар бир жакшылыкка татаал жолдор менен алып келет. Бутубузду жерден үзбөйт да, төбөбүздү көктөн түшүрбөйт. Жеткизбей койбойт, ашыкча да бербейт. Адам эңсөөсүндө чек жок эмеспи, пенде катары көптү көксөгөн күндөр болбой койбойт экен. Бирок ал өлчөмүнөн ашырбайт. Ак-караны, бар-жокту, чын-жалганды байма-бай түшүндүрүп отуруп, ал бизди каниетчил кылды.

Тумшугу бирдемеге илинсе эле чамгарактай баштагандарды же кылы кыйшайса эле ар кимге догурунуп, акыркы бечарага айлана түшкөндөрдү көргөндө апам:

– Көрбөгөндүн көргөнү курусун! – деп койчу.

Апам дегинкисинде кайраттуу киши болчу. Жаш кезинде көкүрөгү мастит болот. Анда оорукана, билимдүү врач деген биздин айылда жок экен. Күндөн-күнгө тулайдай болуп шишип, уйку бетин көрбөй калганда атам райборборго алпарат. Ал бизден кырк беш чакырым алыста. Апам кичекей кызын таштабай көтөрө кетет (ата-энемдин туну кыз болуптур. Атын Сагын коюшуптур. Акылы жашынан ашкан кыз эле дешет. Тогузга чыкканда көз тийип чарчап калыптыр). Ошентип апама операция жасашат, наркозу жок. Үн чыгарбай чыдап отуруп, алдыңкы эрдин жара тиштептир. Ооруканадан чыгар күнү атам ат коштоп барса, апам таң атпай жөө кетип калганын айтышат. Биздин айылдан ал кездеги райборборго эки өзөн менен жол кетет. Атам бири менен келгиче апам экинчиси менен кеткен тура. Артынан: «Бала көтөргөн аял өттүбү?» «Ооба, жана кетип бараткан» – деп сурамжылап отуруп жеткиче, апам үйгө келип калыптыр.

Эмнеге күтпөй кетип калганын сураса айтыптыр: «Жумушу көп неме бошой албайт ко» – дедим. Операциядан кийин, көтөргөн баласы бар (аны да бир эле жагына көтөрө алат) аял киши кырк беш чакырым жолду жөө басат деген…

Азыркы жеңелерибиздин биринен үшүнтө алат белеңиз деп сурасак: «Мага эмне кудайдын азабы, кызыңарды ыргытып иймекмин!» – дебатпайбы. Апам эч качан бирөөгө барып даттанып, же арман айтып, көз жашы кылып көргөн адам эмес эле.

* * *

Мал киндиги катканда сегиз таштай (таш – 8 чакырым жер) жол басып жайлоого чыкчубуз. Айыл өтөктөп барып конот. Шапата уруп шаркыраган Каракол суусу жаштыктай аласалып, урунуп-беринип, каякадыр далбастап шашып-бышып, чакаңды колдон талашып кетибаткан болот (барар жери да, өлөр жери да Казакстандын чөлү экен, бечаранын). Аны жээктеп жалгыз ойногонду, ырдай эле бергенди жакшы көрчүмүн.

Чемирчек, конок, бүлдүркөн, жалбыздар, тоосуна чыксаң кымыздык, ышкын,чие, карагат, эмне гана жок! Апам: «Таңдын атканын, күндүн алгачкы нурун көргөндөр бактылуу болот» – деп коёт. «Тээтиги чоку бактылуу болсо керек» – деп ойлойм. Жайлоонун баары жакшы дечи. Бирок менин балалыгымды катып жаткан Караколдун кадыры мен үчүн башкача.

Алыскы бүлбүл берилеп,
Ак-кара көзгө түшкөндө
Жапсардан ак таң керилет,
Жашынган сааты бүткөндө.

Башынан тоонун нур түшүп,
Батышка небак түн житкен.
Булуттар менен түртүшүп,
Шыкаалайт аска түндүктөн.

Арыда булак жай жылып,
Ашыкбаш добуш чыгарбай
Акырын чертет кайрыгын,
Армандуу комузчулардай.

Өзөгүн жалгап чөп күчү
Өр тартып уйлар кетишкен.
Тырайып жатат көк күчүк
Коңурук гана жетишпей.

Бир киши жээкте жай барат
Билинбей соосу, мастыгы.
Алалбай жүрөт дайрадан
Агызып ийген жаштыгын…
* * *

Бир абышка сексенге барып калганда тамак ичибатып саамга тунжурай түшүп: «Ойло-оп-ойлоп отурсам, сен мага кыз келген эмес турбайсыңбы!» – деп кемпирин кашык менен чекеге чаап калган тура… Ойлоп отурсам, өмүрүмдүн эң бактылуу учуру жайлоодо калган экен.

Шумдугуң курган зоолордон
Шумкардын үнүн укчу элем.
Буулугуп турган тоолордон
Булуттар үркүп чыкчу эле…

Жайлоодо жамгыр менен достоштум. Ал башталганда мен жылаңаяк чуркайм, дөңдөн дөңгө. Аягы мөндүрлөп кетет да, титиреп үйгө келем. Апам боз үйдүн эшигин түрүп, чердейген курсагымды тойгузуп, чапанын жаап жаткызып коёт. Урушпайт. Аркы өйүздөгү жол салып жүргөндөрдү, күмүш капталын шамалга жаркылдатып, деңиздей толкуп жаткан бетегелерди карап, жамгырдын жанды мемиреткен дабышын тыңшап, миң түркүн кыялдарды аралап жүрүп уктап кетем.

* * *

Бир күнү: «Жылкычы окуудан келиптир, жүргүлө, чертмек угабыз» – деп калышты. Бардык. Атай айткандай, «киңкилдетип тыңкылдатпай, ташка тамга баскандай, Аккуланы чапкандай…» шартылдатып, кол ойнотуп черткен киши экен. Айылдагылардын моокумун кандырды, мени болсо «жинди» кылды. Черткен күүлөрү кулагымда жаңырып, акырындап көкүрөгүмө уюп, чыңкылдап ырдап жүргөн ырларымды айдап чыкты. Чертмегим (комуз) жок. Эстеп калган кайрыктарымды үнгө салып кайталай берем. Чуркасам «Маш ботойго» салам: дан-дири, дан-дири, жан-дири-дан, дан-дири, дан-дири, маш-ботой».

– Эй, маш ботой, биздин атты көрдүңбү? – деп калпагын мурдунун үстүнө кийген, эки күндүн биринде эле аялын чырылдатып сабай берген, оозунан жер дүлөй кетпеген уйчу сурап калат. Аны бири Дүлөй ооз десе бири жөн эле Жалак деп коёт.

– Дан-дири, дан-дири, дан-дири, жок!

Күүнү үзгүм келбейт. Ал бирдемелерди айткан болот. Укпай узап кетем. Бассам «Чоң кербезге» салам: Керр-безим, кер-рбезим, кер-рбезим атакем. Бир, эки, үч, төрт…Ушул күү мага өтө жакын эле. Себеби «Токтогулдун кербези» деп чертилген. Атамдын аты Токтогул да. Үч-төрт жылдан кийин «Токтогулдун кербези. Токтогул орто мектебинен Токтогулов аткарат» десе залдагылар күлүп жибергени эсимде. Анда фамилиям Токтогулов эле.

* * *

Көп узабай жайлоодон Асылбек Эшмамбетов деген залкар комузчуну көрдүм. Балыктын кумарынан төмөнкү айылга түшүп кетипмин. Суу боюнда, бир топ кишинин ортосунда комуз чертип отуруптур. Сары чий калпак кийген, арык киши экен. Мага эмнегедир дайыма ачка жүргөн кишидей көрүндү.

Бир топ күү чертти. Манжалары торгойдун канатындай дирилдеген кишини биринчи көрүшүм. Өзгөчө өзүнүн «Айдама ботой» деген күүсүн черткенде, оң колунун манжалары көрүнбөй эле калат экен. Андан кийин андай ылдам черткен кишини көргөн жокмун. Ал жагынан акыркы могикан болгон окшойт. Бир кезде «Ак Мөөрдү» айтты. Алгачкы таасирби, же чынында эле ошондойбу, айтор, анысын да эч кимге салыштырып болбойт эле. Үнүндө адамды кишендеп турган сырдуу бир муң бар болчу. Күүгүм түшө баштаганда:

– Караңгы киргенче Карагул ботомду айтып берейин, – деп калды. Улам кымыздан ууртап коюп айтып жатат. Көзүң кашайган чал, Карагулду ыргыта атып, салбырата башын кучактап, сайды башына көтөрүп заңкылдап: «Кайра ала турган болгон соң, муну эмне мага көргөздүң?!» – деп, Жаратканды жакадан алып, муунтуп киргенде, айрымдар бышактап ыйлай башташты. Уккандарыма дендароо болуп үйгө келатсам, мени сууга агып кетти деп издеп жүрүшүптүр. Баягы Дүйлөй ооз кыйкырды:

– Өй, кербезим деген бойдон кете берген экен десе, бар белең?

– Сиз Карагул ботомду билесизби?

– Ии, ал эмне болуптур?

– Атасы атып салыптыр.

– Ок! Качан, кокуй?!

– Билбейм, качан экенин.

– Омей, анын атасы жок да?

– Бар экен да. Аткандан кийин башын кучактап алып ырдаптыр.

– Мине дейт, муногу?

Аңгыча апам келип ээрчитип кетти да, менин «жизинимди» берди. Эртеси эрдиндеги жер дүлөйүн калдайтып, баягы уйчу апама айтып калды:

– Балаңды молдого окутсаңчы? Оозуна келгенди оттоп калыптыр?

– Ушу күнгө чейин сен барбаган молдого буга эмне бар?

* * *

Асылбек Эшмамбетов атындай эле асыл киши экен. Кеп арасында «Эр жигиттин кошомат кылганча өлгөнү артык» деген сөзү эсимде калыптыр. Мүмкүн, ошондой мүнөзү үчүн эч кандай наам берилбей калгандыр?.. Ошондогу өзүн пайгамбар сезген төбөлдөр, жылдар өткөн соң Асылбек Эшмамбетовдун чаңында каларын билишти бекен? «Ошондон кийин оңбой калдым» дегендей, комуз менен оорудум да калдым. Комуз болсо жок. Ал кезде сатыкка түшчү эмес. От жаксам көсөөнү чертем, бассам-турсам чыбыкты чертем, комуз издеп кошуна айылга кирип кетип, бош жаткан сарайга «концерт коюп» ийген да күнүм болуптур. Азыркыдай телевизор, магнитофон, компьютер ж.б. болгондо, балким, комузуңду ойлобой да калат белем, ордун басар, алаксытар эч нерсе болбогон үчүн 4-класска келгиче диагнозум «чертмек» бойдон турду.

Айтмакчы, биздин айылдагылар комузду чертмек дешчү. Комуз деген сөз кийин келди. Байкем бир чертмек сурап келип, мага акындардын ырчы күүсүн үйрөтүп, муну кыргыздар комуз дээрин айткан.

Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» китебинен

12 Replies to “«Эр жигиттин кошомат кылганча өлгөнү артык»”

  1. Адамдык касиетинин улуулугун, ар бир ырларында ачып көргөзүп тургандай таасир калтырган, өзгөчө кайталангыз талант!

  2. Түгөлбай байкенин ырлары эле сонун десем, эскермелери андан сонун турбайбы! Көп жашаңыз, бар болуңуз!

  3. Түгөлбай байкенин ырлары эле сонун десем, эскермелери андан сонун турбайбы! Көп жашаңыз, бар болуңуз!

  4. Туголбай мырза!Сиздей адамдар ото аз да!Сиздин ырлар дайыма биздин журогубуздо!Карыбаныз!Ден соолукта болунуз!

  5. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    Түгөлбай аке! Сиз улуу адамсыз! Залкарсыз!
    Мени сиздин МИНИСТРЛИКтен кеткениңиз кейитпейт, байкуш МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ МИНИСТРЛЕРГЕ жарыбаганы КЕЙИТЕТ!!! Бул эң оор көрүнүш жана айыкпаган ооруу! Менин эле маданиятка аралашып, театр дүйнөсүнө киргеним 40 жылдын жүзү болуп баратат. (Шекер элдик театры, мектепти кошсом о-уу… Анда канча болот…). Кырк жылдан бери өнүкпөгөн Министрлик эми качан өнүгөт?! Маданият элдик — күзгүсү! Жашоонун — күзгүсү!!! Талашканга эч нерсе таппай калганда эле, МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИН көк бөрү кылып тарткылай баштоочу болду го… МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ кол жоолукпу? Бир эмес эки коюп бир кишиге тынчтык берген жок. Анан кайра коет кайра алат, кайра коет кайра алат… Ай байкушум ай! — дейм, кемшейип турган имаратты карап. Бул, — МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНИН имараты дейт… Жандап өткөндөр. Мен да ошентип тааныштырам келгендерге. Кайра кайра МИНИСТРЛИ алмаштырбай, «оңурайып» турган имаратты оңдоп, анан; — «Оордунан жылбас министр!» — дегидей… болчусун болдуруп, койчуусун койдуруп салсаңар кана, ӨКМӨТ АКЕ!!! Иш билгенден силер коркосуңар, билбегенден биз коркобуз. Ээ, ӨКМӨТ АКЕ иш жылбады го… Бул келгениң канча ай олтурат?!..

  6. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    Мен Түгөлбай Казаков агамды эң биринчи эле, тээ балалык кезден «Элегия» деген ырынан тааныйм. Анткени өзүм мектепте ушул ырды кружоктордо үзбөй ырдаар элем. Бара бара маданиятка аралашып, эмгектенип калгандыктан дээрлик бүт ырларын ырдап келдим. Бирок баарынан мен үчүн «Элегия» бийик турат. Агай өзү да ушундай бийик адам. Бул ырды жанымдай жакшы көгөндүктөн кийин «Мен да бактылуу болгум келет» аттуу мелодрамага кошуп жаздым. Деген менен бул кишинин токтоолугу, адамгерчилиги, эмгекчилдиги башкалардан айырмаланып келет. Анданда бул киши чындыкты жана эмгекчилдикти баалайт. Бар болуңуз Түгөлбай агай! Сиз элдин адамысыз. Сизге амандык жана ден соолук, узун өмүр каалайм.

  7. Түгөлбай эч кейибе сен элдин министирисиң бийлик байлык колдун кири.Кудайым кут БЕРЕКЕНИ сага мага агам Сагынбекке илгери эле берип койгон биз ыраазыбыз кошоматчылык биздин зээнди жана дээрди ээрите албайт биз элим жерим деп өмүр өткөнчө жашай беребиз.

    1. Балалык кезде турмуштун кыйынчылыгына чыдап, жашоодогу эн ыйык адам эненин таалим-тарбиясын алап чонойгон Тукем — турмуштун ысыгын да, суугун да коргонун озунун озунун «Эсимде» деген китебинде айтыптыр. Бар бол Туке, уй-булонуз менен ден соолукта болунуз, эл куткон чыгармалары жарата беринуузго тилектештигимди билдирем!

  8. Ушул автордун «Эсимдесинин» 1-китебин кайдан тапса болот? Жазып жаткан жат жазуулар жыйнагына анча-мынча үзүндү киргизейин дейм. 2-китебинен Шекербек Шеркулов жана Асанкул Шаршенов ж-дөгү тексттерден алдым эле, Т.Казаковдун балалык чагы менен мектеп окуучулары аздыр-көптүр тааныш болуп калса жаман болбос деп ойлойм. Адилет Шадыканова.

    1. Туголбай Токтогулович! Сиздей адамдар чанда Гана жаралат. Сизге амандык, ден-соолук каалайм. Откондо катуураак ичип келип (озум коп иче албайм) тан атканча аялымын айласын кетириптирмин «мен Туголбай Казаковдон ырдап беремин» деп. Ал болсо «кокуй кошуналар укса уят, келин менен бала, неберен эмне дейт» деп аран уктатыптыр. Кордунузбу Сиздин ырларыныздын кереметин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.