Белгилүү саясат таануучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Молдалиев менен учурдагы коомдук-саясый багыт туурасында баарлашуу…

– Өткөөл мезгилдеги президентибиз Роза Отунбаева, стратегиялык жактан Сооронбай Жээнбековдун тандалышы мен үчүн туура жол болду деп билдирди. Жаңы бийлик саясый камоолорду оң жагына чечип, сот адилеттигин орнотот деп үмүттөнсөк болобу?

– Роза Исаковна сиз айткан интервьюсунда президенттик шайлоонун жыйынтыгына негизи эки позициядан карап баа бериптир. Биринчиси – кетип жаткан мамлекет башчысынын дагы бир мөөнөткө шайланам дебей, Башмыйзамга ылайык башка талапкерлерге жол бошотушун стратегиялык жактан туура тандоо деп баалаптыр. Экинчи көз карашына ылайык; жаңы шайланган президент С.Жээнбековдун “парламентаризмди көздөй башталган жолду улантам жана Конституцияны өзгөртпөйм” дегени “жүрөгүнөн колдоо таап” жаткандыгын белгилептир. Бул пикир жаңы президент креслого отурары менен эле ички саясат башка нукка түшөт дегендик эмес. Коңшу өлкөнүн президентине окшоп, С.Жээнбеков келери менен эле “Кимдин-кимдин заманы – Кедейкандын заманы”, – деп мурунку бийликтин тушундагы чечимдерди жокко чыгарып, кескин өзгөртүүлөрдү баштайт деп ойлогондор жаңылышат. Ал эл алдында “Атамбаевдин жолун улантам”, – дегенинен жазбай жатып, шайланганын эстен чыгарбаңыз. Конституцияга ылайык соттордун чечимине бийликтин башка бутактары кийлигише албайт. Бирок президенттин мыйзам чегинде мунапыс берүү укугу бар. Азыр элдин көңүлүн бурган сот бийлигинин көзкарандысыздыгын камсыз кылуу бийликтин үч бутагынын жана коомчулуктун биргелешкен аракети менен гана ишке ашат. Парламенттик башкарууга толук өтүү буга өбөлгө түзөт. Коррупция муунтуп жаткан мамлекеттин башкаруу тармагынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу үчүн чечкиндүү, чыныгы реформаларды жүргүзүү керек. Азыркы кырдаалдын талабы ушул. Ансыз мыйзамды ыйык туткан укуктук мамлекетти бекем орнотуу мүмкүн эмес.

Бийлик бүгүнкү күндө «Ата-Мекен» партиясынын үч беделдүү мүчөсүнө мыйзамсыз өкүм чыгарууга жетишти. Процесстеги сот иштери да бар. Бул жүрүш менен оппозициянын толук мизи кайтып, демократиядан четтеп кетүү коркунучу жаралып жаткан жокпу?

– «Ата-Мекен» партиясы бир топ жылдар бою оппозицияда жүрдү, парламентте көпчүлүк каолицияда да болду. Текебаев жеке өзү парламенттеги катардагы депутаттан спикерликке чейинки жолду баскан такшалган саясатчы. Эми парадоксту караңыз: бул партиянын кризиси «Ата-Мекен» үчүн жагымдуу саясый кырдаал келгенде башталганын. 2010-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгында Текебаевдин партиясы парламентке эң аз добуш менен илинген. Эми булар камалса, оппозициясыз калабыз, демократиядан адашабыз деген пикир негизсиз жана калган саясый партияларга ишенбөөчүлүк катары бааланышы мүмкүн. Ак үйгө киргенден кийин эле коомчулуктан алыстап, кадыр-баркы эскирбей, Швейцариянын банкындагыдай сакталып турат деп ойлоп, иш кылышат да, бир нерсе болсо мен үчүн тарапташтарым Бастилияны алгандай эле чабуулга өтүшөт деп ойлошот. Коомдук пикир аба ырайындай эле тез өзгөрүп турарын этибарга алышпайт. Саясатчылар, айрыкча демократиялык тажрыйбалары, традициялары жок өлкөлөрдө, кырдаалга жараша аракет кылышы керек. Түрктөрдүн бир жакшы макала бар: «Көпүрөдөн өткөнчө аюу болсо да дос болгун» деген. Саясатчылар сынга такай кабылат, бирок конструктивдүү сын айткандын ордуна каралоо, ушак жайылтууга өтүп кеткен учурлар көп эле болуп жатпайбы. Сөзгө кыстара кетели, «Саясатчылардын териси калың болуш керек, кандай сын айтылбасын, аны көтөрө билүү зарыл» деген кошуна эл башчысы молдодой эле болуп калды го. Биз эмне үчүн президенттик шайлоону утурлай өлкөдөгү саясый акыбал өтө татаалдашып кетти, эмне себептен президент Атамбаев калыстыктан тайып, досун КСДП курултайынан жалгыз талапкер кылып бекиттирип, анан мараны көздөй сүрөдү? Себеби, буга кыргызстандыктар өзүбүз шарт түзүп бергенбиз. 2010-жылы Ө.Текебаевдин жетекчилигинде Конституциялык кеңеште иштелип чыгып, биз макул деп добуш берген референдумда кабыл алынган Башкы мыйзам президентке бийликтин үч бутагына тең таасири чоң укуктарды берген.

Күч органдарынын жетекчилерин мамлекет башчысы дайындайт, Башкы прокурорду, БШКнын, Эсептөө палатасынын жетекчилерин дайындаганга тиешеси бар. Сот бийлигин Жогорку соттун мүчөлөрүн парламентке сунуштайт. Президенттин дагы бир укугу – кабыл алынып жаткан мыйзамдарга каршы пикирин билдирип, вето коет. Кыскасы, ушундай укуктарды президентке биз мыйзамдаштырып бербедикпи референдумда. Бирок президенттин бул бийлик укуктарына каршы «теңдештик жана тыюу салып туруу» системалары Башкы мыйзамда жок болуп жатпайбы.

Англиялык саясатчы лорд Актон XIX кылымда эле «Бийлик бузуку кылат, чексиз бийлик чексиз бузуку кылат» деген. Бул жашоонун талашсыз мыйзамы, бийликтин кумары жоюлгус нерсе. Бузукулукка мыйзам менен гана тоскоолдук кылса болот. Муну европалык саясатчылар жана илимпоздор негиздеп, парламенттик башкарууга батыш XIII кылымда өтө баштаган. Бул абал өзгөрмөйүнчө саясый атаандаштарга, ММКларга басым ар кандай формада боло берет. Ошондуктан С.Жээнбековдун парламентаризмди орнотом дегени коомчулукта үмүт жаратып, колдоо тапты. Эми парламентаризмдин да залимдикке, бузукулукка алып кетчү жолдору бар, муну да эске алышыбыз керек. Дж. Мэдисон баардык бийлик бир адамдын колунда болобу же көпчүлүктүн колунда топтолобу, аны укук боюнча “залимдик” катары аныктаса болот десе, Т.Джефферсон ага улай бийликтин үч бутагы “бир адам эмес, көптөрдүн колунда болуп калса деле эч жеңил болбойт, 173 залим деле сөзсүз бир залимдей эле эзет”, – деген.

– Күчтүү жарандык коомсуз демократияга толук жетүү мүмкүн эмес делинет. Жарандык коомду кантип күчтөнтүүгө болот?

– Бул көз караш демократия жөнүндөгү партиципатордук концепцияга негизделген жана демократиянын классикалык идеалына жакын. Ага ылайык: жарандар коомдук жашоонун башкы маселелери боюнча талкууларга жана чечим кабыл алууга активдүү катышышы керек. Эгерде андай болбосо өлкөдө «азчылыктын залимчилдиги» келип чыгат. Өнүккөн жарандык коом калыптанмайынча укуктук мамлекет куруу, демократиялык саясый системаны жолго салып кетүү мүмкүн эмес. Айта кетели, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы коомдук уюмдарды чакырып, парламенттик талкууларды өткөрүп турчу. Демократиялык башкаруу ийгиликтүү болушу үчүн бир катар социалдык-экономикалык жана маданий өбөлгө, оңтойлуу шарттар түзүлүшү керек. Аларга калктын билимдүүлүгү, маалыматтуулугу; коомдун кыйла бөлүгүн ортоңку класстын түзүшү; диний уюмдардын мамлекеттен ажыратылышы; укуктук мамлекеттин традицияларынын калыптанышы; инсандын эркин жана жарандык жоопкерчилиги болушу – мына ушулар сыяктуу социалдык чөйрөгө коюлган талаптар кирет.

Эң негизгиси – коомчулук демократиялык баалуулуктарды өздөштүрүүгө даяр жана ага муктаж болушу керек. Демократия жарыялап койсо эле орноп калбайт, ал үчүн такай күрөшүп, аны коргоп туруу керек. Фашисттер бийликке демократиялык жол менен келген. Эркиндикке чыгып алган билимсиз кулдардын кайгылуу тагдыры П.Мерименин «Таманго» деген чыгармасында таасирлүү сүрөттөлгөн эмеспи. Эмне үчүн колонизаторлор басып алган өлкөлөрдө калктын айрым чектелүү бөлүгүнө өндүрүштө иштеп кете ала тургандай гана билим берип, калгандарын караңгылыкта кармашкан? Негизги себеби билимсиз калкты каалагандай башкарууга болот. Ушуга байланыштуу бир окуяны мага памирлик кыргыздардын ханы Рахманкул ажынын уулу Мусадык айтып берген эле. Улуу Памирге АКШдан келген сенатор менен маектешип отуруп, Рахманкул хан «элим билимсиз бойдон калып жатат» деп кейисе, америкалык ага «билимдүү кылсаң элиңден ажырап каласың, букараларың сага баш ийбей, Памирден көчүп кетип калышат» деген жүйөө айтыптыр. Азыр эми билимсиздиктин жаңы түрү пайда болду, ал диплому бар билимсиздер. Бул да чоң көйгөй болот келечекте. Эгерде демократия жөнүндө билимибиз тайкы болсо, коом өзгөрбөйт. Саясый партиялардын саны боюнча Кыргызстан КМШда алдыңкы орундарда жана бул процесс токтоору күмөндүү. Сапаты болсо – бул башка кеп. Калган мамлекеттик эмес бирикмелер, уюмдар белгилүү бир саясый өнөктүк мезгилинде пайда боло калып, анан тымып калышат. Алар колдоого муктаж, аны «РухЭшчилер» жон териңер менен сезип жүрөсүңөр. Демократиялык укуктук мамлекет куралы деген бийлик жарандык коомду өнүктүргөнгө камкордук көрүшү керек. Шайлоолордо добуш соодаланып жаткан өлкөлөрдө демократия куруу татаал маселе экендигин унутпайлы.

– Олуттуу жана ынанымдуу жоопторуңузга терең ыраазычылык билдиребиз…

Маектешкен Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *