Африка жомогу: Отунчу  менен антилопа

Качанкы бир кезде дарак кыйып, андан отун даярдап жан баккан бир жигит  болуптур.  Ал  күчтүү, эмгекчил жана түз жүргөн жакшы адам болгондуктан көптөгөн бай кишилер аны өзүнө кызматкер кылып алгылары келишчү экен. Бирок эркиндикти сүйгөн отунчу эч кимге көзкаранды болгусу келбейт. Андыктан отунчулук жумушу оор болсо да андан баш тартпастан иштеп жүрө берет. Бир күнү отунчу токойдо өз иши менен алек болуп иштеп жатса кандайдыр дабыштар угулуп,  карай калса буту жарадар антилопаны карышкыр кууп жетип, тиштегени калыптыр. Балтасын ала калып […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Аткарылма поэзиянын билерманы – Пайзилда Ирисов

Ирисов Пайзилда – филология илимдеринин кандидаты, өмүрүнүн көп жылын Ош мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти катары кызмат кылып өткөрдү. Биз анын чыгармачылыгын негизги беш аспектиден караганыбыз жөндүү болгудай: биринчиси, ал кыргыз элдик оозеки чыгармаларына профессионалдык деңгээлде мамиле кылып, жыйнап, чогултуп, жазып келген, ушул эң керектүү ишке он жылдай жаштык курагын арнаган атуул; экинчиси, ал элдик оозеки чыгармачылыкты дүйнөлүк фолькористиканын, философиянын, педагогиканын, психологиянын жетишкендиктерине таянып изилдөөгө алган фольклортаануу багытындагы адис; үчүнчүсү, окумуштуу катары гана калбай ал өзүнүн билимин, практикасын, тажрыйбасын […]

РухЭш: Кыргыз-Казактын рухий чегарасы тосулбайт!

Бир тууган эки элдин ортосунда мамлекеттик чегара эгиз калкты эки өйүзгө каттатпай бөлүп турганына жаны кайышкан Пери Алмазова аттуу чыканактай акын кызыбыз боордош казак акындарынын ырларын кыргызчага оодарып, «РухЭш» сайтына атайы жөнөткөн экен. Эки мамлекеттин бүгүнкү күндөгү саясый мамилесине жапакечтигин билдирген Перизат карындашыбыз минтип атайы өтүнүчүн билдирет: «Азыр кыргыз-казактын кырдаалы кырда кылчылдап тургансыйт, эми биз ушинтип чыгармачылыкты саясатка аралаштырбай сайтка чыгарып койсок кандай карайсыздар?» Перизат, сага не жооп айтмакпыз? Эл башыларыбыздын ниети сеникиндей апапак болсо кана бүгүн! Баарыбыз эле эки […]

Сулaймaн Кaйыпов: Пaмир кыргыздaрынын тaрыхынaн[1]

Кийинки жылдaрдa Пaмир кыргыздaры, aйрыкчa, aлaрдын Оогaнстaндa туруктуу жaшaп тургaн бөлүгү туурaлуу кыргыз коомчулугундa тынымсыз, кызуу сөз болуп келе жaтaт. Тaрыxчы, этногрaф, фольклорчу, тилчилерге кaрaгaндa тaрыx жaнa мaдaният сүйүүчүлөрү, журнaлисттер көбүрөк күйүп-бышып жaтышкaндaй. Кээ бир коомдук уюмдaр aлaрды көчүрүп келүү мaселесин дa кaйрa-кaйрa козгоп, бийликтин дa шaштысын aлып жиберген учурлaры бaр. Бүгүн дa Пaмир кыргыздaрынын этностук нaсилин aчып берген илимий бүтүмдөрдү эске aлбaгaн, жaлaң гaнa «aлaр эми өлүп жок болушaт» деген сезимдерди козутуучу, жaйдaк эмоциягa гaнa негизделген ызы-чуу сөздөрдү бaсмa […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Ак кеме» повестиндеги «чыпалак бала» жомогунун идеялык-көркөмдүк функциясы

«Ак кемени» канча ирет окусам да, көпкө чейин (көрүнүштүн анык «артериялык» байланышын аңдап түшүнгөнгө чейин) андагы «Чыпалак бала» жөнүндөгү жомоктун негизги сюжеттик окуянын өнүгүшү менен түздөн-түз байланышын көрө албай, аны повесттен алып салса деле болчудай сезиле берчү. Албетте, жазуучу бул жомок өзүнө жакканы үчүн же ушундай жомокту кичинекей каарманы биле тургандыгын көрсөтүш үчүн эле чыгармасына киргизип койбосу түшүнүктүү иш. Ошентсе да, жомок магистралдык сюжеттен обочолонуп, негизги идеялык-тематикалык мазмун үчүн сөзсүз зарылдыгы жоктой, кошумча көрүнүштөй туюлчу. Канчалык жазуучунун чеберчилигине, көркөм табит […]

Конфуцийдин сабактары: Мамлекет башкаруу жөнүндө

Конфуций айткан: “Мамлекетти асыл ой менен туура башкаруу – бул кудум эле Кут жылдызындай болуу. Анын ордунда туруу айланта тегеректеген көп сандаган элдин ортосунда болуу дегендик”. * * * Цзы Гун устаттан саясатты кантип жүргүзсө болорун сураганда Конфуций мындай деп жооп берди: “Тамак-аш жана курал-жарак жетиштүү болушу керек, ошондо гана элдин өкмөткө болгон ишеними артат!” Цзы Гун кайра сурады: “Тамак-аш, курал-жарак жана эл. Эгерде бул үчөөнүн ичинен бирөөсүнөн баш тартууга туура келсе, кайсынысын тандайбыз?» Конфуций жооп берди: “Эң биринчи кезекте […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Космос — адамзатка кызмат кылат

Космоско учуу – адамзаттын миңдеген жылдар бою улуу тилеги болгон. Байыртадан эле адамзат жылдыздарга саякат жасоо, Жерден сырткары бийиктикте калкып учуу жөнүндө кыялданып келген. Чындыгында космоско учуу жөнүндөгү кыял качан пайда болгонун эч ким билбейт. Бирок, кушка окшоп учуу, учуучу килем жөнүндөгү жомоктор кыялдануулардан пайда болуп, балдарды гана таң калтырбастан, далай муундардын адамдарын ойлонткон жана аларды алдыга чакырган. алар жылдыздарга, Айга, Күнгө учкулары келишкен, түнкүсүн сырдуу жымыңдаган асман дүйнөсүн өздөрү жакындан көрүүнү самашкан. Бардыгы башталышында фантазия гана болгон. Бирок, алардын […]