Болгар жомогу: Митайым Петр жана жылан

Бир кезде жер жүзүнө түрдүү желмогуздар, ажыдаарлар жана учуучу жыландар ээлик кылып турушчу экен. Анан Кудай бүткүл дүйнөлүк топон суу жүргүзүп: жер жүзүн тазалап, бул жарык дүйнөгө азыркы жашоону жаратат. Бирок ошол ажыдаарлардын доорунан бир жылан кандайдыр калып калган болот. Ошол жылан топон суу соолуп, жер кургары менен жолдо жүрү-жүрүп отуруп болгар тоолорунун арасындагы бир терең үңкүргө келип туруп калат. Үй жумушун жасатканга бир жезкемпирди жалдап, көп жыл туруп зеригип, урушарга жоо таппай, күч сынашуу үчүн баатырларды издеп жөнөйт. Ал […]

Жазуучу жөнүндө жазуучу эмес кишилердин дил баян-аңгемелеринен

«Талант – бул жаратылыштын бир адам аркылуу бүт элге жиберген белеги«. Константин ФЕДИН Чыңгыз Айтматовду ар ким өз алдынча ачат. Ал: мен гана жазам, анын чындыгын мен гана билем деп төш каккан тигил же бул адабиятчы, тигил же бул журналисттин “менчик” жазуучусу эмес. Бийик тоо баарына тегиз көрүнөт, бийик тоо күн нурун биринчи тосуп, жайнаган жылдыздын отуна эрибес ак кары менен салам айтат, бийик тоо улам алыстап баскан сайын ошончо шаңкайып-бийиктеп, жайы-кышы сөөлөтүн жоготпойт. Чыкебиз да ошондой. Аны “ыраматылык болду”, […]

Бийлик жөнүндө притча

Бул шумдуктуу притчаны капысынан таап алдым. Автору – Погудина Татьяна. Кудум биз жашаган бүгүнкү турмуштун өзү. Арийне, Конституциябызда эл – бийликтин башаты го, бирок андай эмес экен. А тарифтер, реформалар, коррупция жөнүндө айткандан тил тешилет, жазгандан калем жешилет. А бул притча байыртан эскирбей келет. Кылымдарды карытып, 600 жылдан ашуун эскирбептир. А биз санариптик технология доорунда жашап атырыбыз. Балапан жумуртканын ичинен чыгарын оозубуздан шилекей чачыраганча талашабыз. Кайсы президент жакшы, кайсы президент жаман болгонун талашканыбызды койбойбуз… Притча болсо минтип башталат: жаштар уу-дуу […]

Нежип Фазыл КЫСАКҮРЕК: Өлүк каткан имам

Исламист жазуучу жана ойчул. 1904-жылы 26-майда Стамбулда жарык дүйнөгө келген. 1934-жылга чейин акын катары таанылган. Түрк басмасынын борбору эсептелген Баб-ы Алинин алдыңкы жазмакерлеринен болгон. “Жөргөмүш желеси”, “Тротуарлар”, “Мен жана кийинкиси”, “Күйүт” ыр жыйнактарынын, “Аңгемелер” китепчесинин, “Күзгүдөгү жалган” романынын, “Урук”, “Акча”, “Реис мырза”, “Абдүлхамит хан” пьесаларынын автору.  1983-жылы Стамбулда каза болгон.   АҢГЕМЕ Катардагы аңгемемди жазуу үчүн ар дайым бара жүргөн чайканага баш бактым. Бул чайкана — үстүңкү кабаты муңдуу жандын мойнунан бетер бир тарабына эңкейген эки кабаттуу үйдүн астыңкы кабаты. Ар […]

Сымбат МАКСҮТОВА: “Ленин орус эмес!”

ЭССЕ Союз кезинде Көлдүн эли өзгөчө орусташып кеткенин кийин, башка областтарга чыкканда салыштырып билдим. 19-кылымда эле алгач Ысык-Көлгө келген орустар биздин областта көбүрөк жашаган экен. Орустардын таасиринен улам ата-энем атеист болушту. Биздин үйдү айылдагы уста орус Ваня салышкан. Ал кезде марксизм менен ленинизмдин осуяттарын, Маркстын “дин – башты айланткан апийим”, Лениндин “кудай жок” деген сөздөрүн окутушчу. Ушундай саясаттан улам бала чакта кыргыздын тарыхын окубай чоңойдук. Эсимде калганы – Россияда болгон дүйнөлүк 1-2-согуштар, Маркс, Энгельс, Лениндин осуяттары, алардын бири-бирине жазышкан каттары, […]

Орустун орошон ойчулдарынан

Фёдер ДОСТОЕВКИЙ Улуу жазуучунун жандептеринен Жалпы адамзатты жалындап сүйгөндөрдүн көпчүлүгү адамдын өзүн сүйүп жарытпайт. * * * Арийне, ар бир калк өз улутуна бекем таянбай туруп, жалпы адамзаттык эч нерсе жаратылбайт. * * * Билимди акылыңарга ченебей көп алып алгандыктан, акылдын жетишсиздигинен ал илимди эмне кыларды билбей башыңар катууда… ♦ ♦ ♦ Петр ЧААДАЕВ  Жиндинин актануусунан (үзүндүлөрдөн) Мен Ата Мекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам. * * * Кулчулук намысын ойготпогон калк – кудай урган калк. […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Кытай чайы тууралуу баян

Азыр биз дасторконубузду чайсыз элестете албай калдык. Каржалып турган каатчылык жылдарында да дасторконубузга кара нандан кийин эле чай коюлчу. Азыркы түркүм даамдан үстөлдөрдүн бели ийилген той-мааракелерде дагы конокторго биринчи эле жыты буркурап, буусу көтөрүлгөн кызыл чай сунулат. Аны ичпесек башыбыз ооруп, суусунубуз канбайт, бир нерсе жетишпей жаткансып коңултактайбыз. Айтор, чайга биз көнүп бүткөнбүз, байкабай эле бала чагыбыздан бери эле сүйүп калганбыз. Антсе да көптөрүбүз чай тууралуу, анын тарых-таржымалы жөнүндө биле бербейбиз. Чайдын түпкү мекени Индия же Цейлон деп билебиз, Грузияга […]