ЭССЕ

Союз кезинде Көлдүн эли өзгөчө орусташып кеткенин кийин, башка областтарга чыкканда салыштырып билдим. 19-кылымда эле алгач Ысык-Көлгө келген орустар биздин областта көбүрөк жашаган экен. Орустардын таасиринен улам ата-энем атеист болушту. Биздин үйдү айылдагы уста орус Ваня салышкан. Ал кезде марксизм менен ленинизмдин осуяттарын, Маркстын “дин – башты айланткан апийим”, Лениндин “кудай жок” деген сөздөрүн окутушчу. Ушундай саясаттан улам бала чакта кыргыздын тарыхын окубай чоңойдук.

Эсимде калганы – Россияда болгон дүйнөлүк 1-2-согуштар, Маркс, Энгельс, Лениндин осуяттары, алардын бири-бирине жазышкан каттары, бала чактары, КПССтин съезддери, анда каралган маселелер, ак падышанын тактан кулашы, социализмдин курулушу болду.

Атам тарыхтан сабак берсе да бизге, өз үй-бүлөсүнө нагыз кыргыздын тарыхын окуткан эмес. Атасы Максүт өмүр бою болуш болуп жүрүп, Сибирге репрессияланып кетип, келбей калган. Балдары тестиер кезинде апасы кайтыш болгон. Ошентип, ар кимдин колунда жетим чоңоюшкан. Чоңоюп, пединститутка өтөөрдө маңкурт мугалимдердин “атам эл душманы деп айтсаң өткөрөбүз” деген талаптарынан жана советтик системанын саясатынан көп нерсени айтуудан корккону билинип турчу. Ошол бала чакта: “Ата, кудай барбы?” десем, жооп бергенден тайсалдачу.

Бир күнү эжем мага “Ленин орус экен” десе болобу? Оозум ачылып эле калды. Биз сүйгөн, күнү-түнү окуган, бизге азаттыкты алып берген Ленин атабыз кантип эле орус болуп калсын?

– Калп айтпа! – дедим бакырып.

Эжем менин көзүмө тимеле душманымдай көрүндү.

– Ишенбесең, жүрү атамдан сурайбыз, — деди.

– Жүрү, деп атама бардык. Атам дагы ага кошулуп, “Лениндин улуту орус” деди.

Ошондо уккан кулагыма ишенбей, өпкө-өпкөмө батпай катуу ыйладым. Көрсө, биздин мээбизге, жүрөгүбүзгө Ленинди абдан сиңиришкен экен. Биздин үйдүн китеп текчесинде Ульяновдун бала чагы турчу, аны окуп алып абдан сыймыктанчумун. Үйдө Маркстын, Лениндин том-том китептери катар-катар тизилип турчу. Аларды окубай коюу мүмкүн эмес болчу, аларды кийин мектептен эмес, унверситеттен да көп окудук.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *