Болгар жомогу: Эро кантип эшектерди санады?

Силер Эро деген ким экенин билесиңерби? Ал Герцоговинадан чыккан кедей болуптур. Адилетсиздикке эч качан чыдай албачу экен. Сараң байларды жазалайт. Көпкө умтулган ач көздөрдү азга да жеткирбейт. Ал эми мыдыры калгандарга жардам берип, ыйлагандарды сооротот. Көрдүңбү, Эро деген кандай жигит! Бир жолу Эро кыштакка келаткан эле. Алдынан эшектерин айдаган соодагер чыгат. Алардын тогузуна жүк артып, онунчусуна өзү минип алыптыр. Эро менен соодагер көлөкөлүү бактын алдынан кездешип, аптаптан коргологуча эс алып туруп калышты. Соодагер өзүнүн эшектерин саноого киришет. Санап-санап бир эшеги […]

Гүлзура ЖУМАКУНОВА: Армансыз падыша

Жомок Илгери-илгери бир падыша жашаптыр. Падыша бир канча жолу үйлөнсө да, аялдарынын биринен да перзент көрбөй, өмүрү арманда өтүп бараткан экен. Аны отурса-турса ой басып, «тактым кимге калат, байлыгымды ким ээлейт, ушинтип аты-жытым өчүп калабы?» деп санаасы санга бөлүнөт. Күндөрдүн биринде дагы ошентип капаланып отуруп көзү илинип кетет. Түшүндө бир ай жамалдуу периште келет да: «Падышам, эмне мынча кападарсың?» деп сурайт. Падыша баласынын жогун айтып зарланат. «Капаланба, — дейт сулуу, — сенин кубанар күнүң алдыда. Тактыңдын ээси болчу перзент сенин […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: 108 мүнөт жана бүткүл өмүр

ЭССЕ Мен анын жүзүнө тигилем. Бир аз жүлжүйгөн учкундуу көз караш. Бөрсөйгөн жылмайыңкы ээрди, күлкү чачкан көздөрүнүн алдында билинер-билинбес бырыштар… Бирок сүйлөбөйт… Эгер көзү тирүү болсо ушул учурку өмүрү жөнүндө эмнелерди айтар эле? Билбейм. Ал иши жөнүндө да, жолдоштору жөнүндө да сүйлөп, эгер өзү тууралуу айткысы келсе, мүмкүн таң калмак: “Ушинтип эле 44кө чыгып калдымбы?! Карып бараткан экенбиз”. Эгер кимдир бирөө анын өмүрү, басып өткөн жолуна таназар салып: “Сиз өз өмүрүңүздө кайсыл учурду эң маанилүү деп эсептейсиз? — деп сураса, […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Карылык

АҢГЕМЕ Бир аз тумоолоп калган карыган чалын аяган кемпири мештин жанындагы өзүнөн бетер карт мезгилдин түрдүү соккуларынан жедеп бырбыйып бүткөн, түбүндө тешиги жок үчүн гана алигиче колдонулуп жүргөн кап ортосуна чейин сууга көөлөнгөн көмүр салган чаканын жанына эскилигинен колдонуудан чыгып, көрүнгөн жерде тоголонуп,  капталындагы бир кезде көз жоосун алган бажырайган гүлдөрү жол боюнда өсүп, ары-бери көлчүк тебелеп өткөн машинелердин дөңгөлөктөрүнөн чачырап жабышкан ылай сыяктуу ар кайсы жерге уруна берип сыры ыргып, кебетеси кеткен, илгери чөп чабыкка барганда жарма куюп жүрчү, […]

Олжобай ШАКИР: Эки элди эриктирбес, бир элди бириктирбес АША үчүн Анатай авадан кечирим сурайм

Коомго массанын үнү башка, аттуу-баштуулардын үнү башкача экенин кечээтен бери Анатай Өмүркановдун ырын окугандар туйдук. Айтыла турган сөздү айттыңыз. Таазим Сизге, Анатай ава! Чыныгы атуул гана ушинетип жарылмак. Сабырыңыз түгөп, көкүрөгүңүздө тиреп келген ыр саптарыңызды акыры каңырык түтөгөндөн улам жазганыңызды туюп, көзүмөн жаш тегеренип турду. Дароо телефон чалып, куттуктагым келди. Телефонумду албадыңыз. «Таарынтып алган экемин» дедим өзүмдү жемелеп. Жок, таарынбапсыз. Жекшемби күнү таң эрте чалганым үчүн үч жолку телефон чалуумду укпай калыптырсыз. Бир убакта өзүңүз чалдыңыз мага. Айкөлдүктөй улуулук болорбу… […]

Примуска төгүлгөн кесме, темир жолдо вагонго жүк жүктөгөн түн жарымындагы иш

«Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун китебинен… “…Чыңгыз Айтматов менен мен биринчи курстан тааныштым, – деп эскерген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зоотехникалык бөлүмүндө бирге окуган курсташы, Таластын Бакайыр айылында туулган жердеши Эгемберди Айтымбетов жазуучунун 50 жылдыгында жазган “Адам жөнүндө сөз” деген макаласында (“Кыргызстан маданияты” гезити, 1978-жыл, 12-декабрь). – Институтту бүткөнгө чейин жатаканада бир бөлмөдө дайыма бирге жашадык. Чыңгыздын ошол студент кезиндеги кээ бир кулк-мүнөздөрү жөнүндө окуучуларга билдиргим келди. Чыңгыз институтка чейин Жамбыл шаарындагы зоовет- техникумду […]

Падыша менен көсөм жөнүндө притча

Падыша көсөмгө кайрылып сураган экен: – Өлкөнүн күч-кубатын канткенде өстүрөм? Тиги айтат: – Акылмандардын тажрыйбасына, билимине таян. Көсөм андан аркы кебине кыстырма кылар кезде, падыша шашып чыгып кетет. Кансарайына келип эле өлкө боюнча аттуу-баштуу акылдуунун барын дароо жыйнатат. Баарын сый-урматка марытат. Акылмандар да өлкөнүн күч-кубат алышына шарапаттарын тийгизишет. Бирок чейрек кылымдан кийин эле падыша эсине келсе, өлкөдө элдин саны кескин кыскарып: жалаң эле кары-картаңдар калып, жаш муун калбаптыр. А кары-картаңдарды билесиңер, аларда ал-күч аз эмеспи. Падыша анан баягы көсөмдү таптырып, […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Изденүү кумары

Чыгармачылык чыйырдын башталышы Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгы аны менен замандаш-калемдеш жазуучулардын чыгармачылыгынан таптакыр айырмаланып турган өзгөчөлүктүү көрүнүш. А.Токомбаевден тартып бүгүнкү күндө төбөсү көрүнгөн кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардыгы реалисттик адабиятты жаратуучулар болушса, К.Жусубалиев кыргыз адабиятындагы бирден бир модернизм, постмодернизм багытындагы чыгармаларды жараткан жазуучу. Ырас, К.Жусубалиевдин алгачкы «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер» аттуу аңгемелери жана «Күн автопортретин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм методунун негизинде эле жазылган. Бирок анын ушул алгачкы чыгармаларынан эле айрым адабиятчы, жазуучулар адаттан тыш белгилердин, «өзгөчөлөнүү» аракети […]