Карыбек БАЙБОСУНОВ: Текебаев эрке талтаң оппозиционердин образынан чыга албай койду

Белгилүү саясат таануучу жана философ Карыбек Байбосунов менен маек. – Карыбек байке, элди чочулаткан президенттик шайлоо тынч өткөнсүдү. Эми кийинки кырдаалдар кандай болот? Маселен, Атамбаев салттуу жол менен бийликтен кетти дегенибиз менен бирок ал саясаттагы өз таасирин колдон чыгарчу түрү жок. Агер мурдакы таасирин сактоо аракетин уланта берсе, өз командасына пайдасынан зыяны чоң болуп калбайбы? – Көзү ачыктарга окшоп, “андай болот, тигиндей болот, болду-болбоду минткени калды” деп баш оорутпайлы да, сөздү түз айталы. Атамбаев кечке эле башкара бермек беле! Өкмөт […]

Айтматовдун мал чарба тармагындагы алгачкы жасаган ачылышы

«Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун китебинен… “Мал жөнүндө баарын билгиси келип, артымдан калбай сурамжылаган ушул Чыңгыз кызык бала…” …Ага аз-аз жерден Советтер Союзунун Баатыры деген наамды ыйгарып коё жаздашыптыр. Эл-жер үчүн күрөшкөн кандуу кармаштардын биринде ала-тоолук жоокер жанкечтилик чоң эрдик көрсөтөт. Көкүрөгүн окко, гүл өмүрүн жоого тосот. Анан күтүүсүздөн жарылган минанын чачырандысы эс-учунан тандырат. Ошол алсырап бараткан саамда артта сүрөп келаткан командиринин: “Жарайсың, жоокер Алыбаев! Сен анык баатырдык иш кылдың! Сени Советтер Союзунун Баатырынын наамына көрсөтөмүн!” […]

Орустун залкар акыны Юрий Кузнецов Кожогелди Култегиндин котормосунда

СТАЛИНДИ КӨРГӨН БАЛА Вокзалга жол турат түптүз сайылып, Куштар сайрап кубулжутуп туш жагын. Атасы анын медалдарын тагынып: — Жүр, көрөбүз. Өтөт, – деди, – Сталин. Кыла-ак эте түштү Сталин, о, мына, Кыйгач тиктеп, болор-болбос жылмайган. Канжа кармап багыт берчү колуна, Калып жатты түтүндөрү кыйрайган. Келгенде үйгө – атасы, эмне, көйрөңдүр, Кемер менен сабады уулун курутуп: — Уруп жатам Сталинди көргөн бул Улуу күндү калбаса деп унутуп. Жаны ачышып, жан соогалап чаңырды, Апасы да эл чакырып жардамга. Бир кошуна баланы аяп […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Баары бүтүп, эми катын алганыңар эле калган турбайбы»

* * * Бульдозерди биринчи көргөндө аябай таң калгам. Жанына барып, аңкайып түшкө чейин карап турдум. Укмуш! Күрөң бука менен Карала сүзүшкөндө жөн эле оозубузду ачып жүрүппүз. Казандай таштарды каңтарыбатпайбы! Бир күнү бузулуп калды. Айдаган орус түш оогончо бирдемелерди чукулап отурду. Бир кезде кичинекей эле темирди алдына коюп, калдайган тракторду көтөргөндө… ушул орус сыйкырчы экен деп ойлодум. Анан эле оюма дөңгөч түштү. Алдуу-күчтүү эркектер тоого чыгып арчанын дөңгөчүн оодарып, төмөн көздөй кулатып, анан ат менен сүйрөтүп алышчу. Бизде антер киши […]

Бери кара: Жөөт балдарынын жөндөмү эмнеге эрте ойгонот?

Еврей үй бүлөсүндө ата-эненин балдарга болгон сүйүүсүндө чек жок, бул эми өзгөчө назарга илинер феномен. Балким мындай маданият башка бир дагы улутта жоктур. Психологдор алардын балдарга болгон мамилесинин оң да, терс да жагын талдап келишет. Бирок ага карабастан, жөөт балдары эч убака ата-эненин сүйүүсүнөн өксүгөн эмес. Алардагы эне-ата парзы: Эч убакта балдарды кемсинтпөө керек Еврей эне эч убакта баласына сен жамансың дегенди угузбайт. Мунун оордуна ашып кетсе: «Ушундай жакшы бала кантип мындай аңкоолукту жасады?» деши мүмкүн. Болбосо – жок. “Менин […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: «Чычкан аке, суу берчи…»

(Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык өзгөчүлүгү) 1987-жылы «Ала-Тоо» журналынын №8 санына жазуучунун «Амбарная книга» повести «Күздүн акыркы күнү» деген ат менен жарык көрдү. 1991-жылы «Муздак дубалдар» китеби чыкты. Жазуучунун айтымында «Муздак дубалдар» романы 1969-жылы эле жазылып бүтүп, соцреализм «цензурасынан» өтпөй, жарык көрбөй жаткан экен. Саясый системанын өзгөрүшү менен К.Жусубалиевге кызыгуу күч алды. Бул учур – өткөн тоталитардык системанын запкысын көп тарткан, соцреализм методу үстөмдүк кылып турган тушта эле аны кабыл албаган, жериген жазуучулар о.э. искусствонун башка тармагынын өкүлдөрү мезгил духуна жараша мурдагы […]