Белгилүү саясат таануучу жана философ Карыбек Байбосунов менен маек.

– Карыбек байке, элди чочулаткан президенттик шайлоо тынч өткөнсүдү. Эми кийинки кырдаалдар кандай болот? Маселен, Атамбаев салттуу жол менен бийликтен кетти дегенибиз менен бирок ал саясаттагы өз таасирин колдон чыгарчу түрү жок. Агер мурдакы таасирин сактоо аракетин уланта берсе, өз командасына пайдасынан зыяны чоң болуп калбайбы?

– Көзү ачыктарга окшоп, “андай болот, тигиндей болот, болду-болбоду минткени калды” деп баш оорутпайлы да, сөздү түз айталы. Атамбаев кечке эле башкара бермек беле! Өкмөт командасы жигерлүү иштей берсе, Атамбаевиң, Бабаңбаевиң, Такембаевиң, Сасыкбаевиң, баары четте калат. Бийликте да, элде да андай “сарафан саясатка” алаксымай өзүнөн өзу жоголот. Президенттик инаугурациядан кийин эл деле, оппозиция деле “Атамбаев” деген “эрмектен” өзү эле алыстап кетет. Ар кимдин өз иши, өз оокаты бар да. Сооронбай Жээнбеков мырза деле маршрутка күткөнсүп олтура бербей, өз программасын түзүп жаткан чыгар. Шайлоо алдында жолугушууларда программасын үстүртөн болсо да айтып өттү.

Негизи, саясат, экономика, сот системасы радикалдуу жаңы жолго түшүш керек, анын башкы себеби – прагматикалык, ар кадамы так эсепке алынган экономикалык жана укуктук багыттагы мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койгон саясат болот.

Кырдаал азыркы Өкмөтүн иш-аракетине жараш. Мурдагылардай коррупция менен шугулданбаган жаш муундагы ишмерлер келди. Конституциянын кийинки кошумчасына ылайык, Өкмөттүн ыйгарым укуктары кенен болду. Эки тизгин, бир чылбыр колдорунда. Эң негизгиси, илимий жол менен башкаруу зарыл. Ар бир кадам математикалык так эсептелүү менен, ар бир маалымат бирдиги моделдештирилген рационалдуу тейде болушу ылаазым. Мисалы, кышка канча көмүр кетет, эмдиги жылга канча үрөн себебиз, эмне түшүм рынокто өзүн актайт, 2018-жылда 2019-жылга карата кай продукцияны  запастап камдоо керек, кайсы аймакта экономикалык өнүгүүнүн кайсы багыты келечектүү, же 2025-жылга чейин кайсы аймак кандай экономикалык директиваларды колго алыш керек, 2040-жылга карата ВВП кандай көрсөткүчкө канткенде келет деген алдын ала далилдер зарыл болуп турат. Экономикалык багыттагы башкаруу илими саясатка түздөн-түз таасирин тийгизет. Анан эле “Атамбаев таасири”, “Назарбаев фактору” деп коюп бажырап олтура бергенде убакыт бизден озуп, артта кала беребиз.

Кыргыз бийлигинин стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен болгон мамилеси кыйла сууй түшкөнсүдү, эми аны жаңы президент Сооронбай Жээнбеков менен жаңы өкмөт башчы Сапар Исаков канткенде мурдагы калыбына келтире алат деп ойлойсуз? Аларга Атамбаевдин буга чейинки кетирген одоно кемчиликтеринин кесепети тийбейби? Кыргыз бийлигинин курсу кандай жол менен кетиши керек деп ойлойсуз?

– Ар бир мамлекеттин өз көйгөйлөрү, кызыкчылыгы бар, алар өз приоритеттерин колунан келишинче коргойт. Биз деле ошондойбуз. Мамлекет деген “мамилелердин уюткусу, мамилелерди катка алып, мыйзамдаштыруу” деген туюнтманы билдирет эмеспи. Мыйзамы так иштелип чыгып, ички жана тышкы саясый-экономикалык мамилелер туура жолго коюлган өлкөдө шайкештик, ынтымак уйуйт. Мамлекеттик ички башкаруу канчалык туура болсо, тышкы саясат да ошончолук ийгиликтүү жүрөт. Өз кызыкчылыгын мамлекеттен, элден жогору коюп алган жерде ошол гармония бузулат. Элиңдин, жериңдин келечегин четинен оюп сатып, акчага, дөөлөткө алмаштырсаң, эч убакта жарыбайсың, уурдап-катып тапкан миллиарддарың эртең эле башыңа сокку болот. Анан калса, ички ынтымагың ыдырап турса, тышкы мамилелерге да “автоматически” доо кетет. Ошондуктан ШАЙКЕШ БАШКАРУУ деген концепция биздин келечегибиздин устуну болуп калыш керек.

Эми Атамбаевди сурайсың. Ал киши колунан келишинче иштеп берди. Ошого каниет кылалы. Кетип жаткан хандын аркасынан сөкпөйлү. Кемчилиги болсо, шартты өзгөртөлү жана ишибизди жаңыча жолдор менен оңдойлук. Бирөө биздин колубузду байлап жатабы? Мамлекетибиз эгемен, элибиз эркин, жерибиз кудая шүгүр, адам суктанарлык, бала-бакырабыз таланттуу, дагы бизге эмне керек, туугандар? Кандай жаңылса дагы хан-бектерди тилдебеш керек. Жок, анте турган болсок, аларды добуш берип шайлабаш керек. Чыдамдуу, сабырлуу, айкөл эл – кандай гана кемчилик болбосун, оңдоп, экономикалык жарышта тез эле көтөрүлүп кетет. Мао Цзе Дундун канчалаган акмачылыктарын баарыбыз билебиз. Кытай эли, КПК жетекчилиги анын арбагын чаң жугузбай, портрети кайкайып Тянаньмэн аянтында турат. Экинчи дүйнөлүк согушта өз элинин убалына калган Япониянын ИМПЕРАТОРУ Хирохитону жапан эли оозго алгыс жаман сөздөр менен сөгүп жатабы? Жок, арбагын сыйлап, кадырлап, тарыхта алтын тамгалар менен жазып койду. Мамлекет түзгөн, хан көргөн эл ошондой болот. Эл башчысын Кудай-Теңир буюрат. Улугун сыйлабаган ЭЛ эзели өспөйт.

Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков өз командалары менен сабаттуу иштеп кетсе болду, жети жылда Кыргыз Республикасы кеминде үч эсе өркүндөөгө мүмкүндүк алат! Негизгиси – так эсеп, сарамжалдуулук жана саясый эрк керек. Инвесторлорго кенен жол ачып, напсини тыйып, ар бир тыйынды “суунукун сууга, жердикин жерге” деген бабалар айткан багытта туура нукка бурса, бюджетти пайдалуу башкарса, 3-4 жылдан кийин “чын эле ушунчалык байыдыкпы?” деп өзүбүз өзүбүзгө таң калбасак, мага кел, “баягы кана?” деп.

– Дегеле кыргыз көчүн түзөп кеталбаган саясый элитанын 2010-жылдан берки эң башкы кемчилиги эмнеде болду?

Эң негизги эки кемчилик кетирилип келген: биринчиси – коррупциялык чиеленишүү, экинчиси – сабатсыздык: профессионалдар четте калып, көңүлдөш жандоочтор бийликтин дал эле “ключевой” орундарын ээлеп алышы. Президентке жакшы кеңшчилер жетишпеди. Айта кетүү керек, Тышкы иштер министрлиги менен күч органдары башкаларга караганда түзүк иштеп беришти.

Былтыртан бери «Ата Мекен» партиясына карата саясый кысым күчөгөнүн кандай жоромолдойсуз? Учурда болсо аталган фракция мүчөлөрүнүн үстүнөн кылмыш иштери козголгону; мурдакы башпрокурор Аида Салянованын инисинин өлтүрүлүшү; ал суу кабардын буусу тарай электе Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун үйүнө уурулар кирип, Текебаевге тийиштүү материалдардын уурдалышы; айтор, ушунун баары эмнеге деп ойлойсуз?

– Негизги күнөө – Өмүрбек Текебаевде. Ал мамлекеттик ишмер эмей эле, Акаевдин убагында көнүп алган эрке талтаң оппозиционердин образынан чыга албай койду. Чегара маселелерине келгенде да чыккынчылык иш кылганын уктук. Ал эми берки кылмыш иштери жасалмабы (сфабрикованы) же чын эле “состав преступления” болгонбу, ал боюнча мен эч нерсе айта албайм. Аида айымды болсо мен кыз катары, эне катары аяйм. Эмне интригаларга башын тыгып алганын да билбейт экемин. Иниси буюртма өлтүрүүгө дуушар болду деген версиядан алысмын. Кайрат кылсын карындашыбыз. Сыноо турбайбы, башын жерге салбасын Аида Жеңишбековна.

Тар чөйдөгүлөрдүн айтымында, азыркы бийлик деле кара түнөк кылмыштуу топтор менен жең ичинен мамиле жүргүзө баштаганына ишенесизби? Буга бир жагынан шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан мезгилде айрым крим төбөлдөр абактан бошотулуп, кийин шайлоо күнү карапайым элдин арасында албан-субандай жигиттер добушуңду Жээнбековго саласың деген коркутуулар болгонун айткан да бирин-экин байкоочулардын кебинен улам ишенбей да коё албайсың…

– Эми башкасы бүтүп, “чёрныйлар” менен ымала түзмөй калыптырбы? Бул жомокко мен ишенбейм! Колдорунда бүт күч түзүмдөрү, профессионал кадрлар, техникалык каражаттар, курал-жарак, мамлекеттик система турса, бийлик кантип эле “кара дүйнөгө” көз каранды болуп калсын? Кааласа, кайсы кылмыштуу топту болбосун – көйнөктөн бит сыккандай эле кынына киргизип койбойбу! Анан калса “каралар” шайлоого таасир этти деген тантырак сөздү эстүү-баштуу кишилер кантип айтсын? Бул мамлекетибизди кемсинтүү, орусча айтканда, “оскорбление здравого рассудка” дейт. Кой, антпегиле, туугандар.

Бүгүнкү күндө Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын расмий бийлиги диний экстремизмден чочулап, диний көзөмөлдү күчөтүп атса, а бизде шайлоо үгүтү жүрүп жаткан маалда Чубал Жалилов элге ачык үгүт жүргүзүп, добушуңарды Жээнбековго салгыла деп диний жамааттагы шакирттерине чейин кулак кагыш кылганы КР Башзыйзамына карама-каршы келерин айткан жарандык коом чырылдап кала берди. Демек, Кыргызстандын жаңы бийлиги ушул кадамы менен да коңшу мамлекеттер менен болгон алакасына доо кетирип алган жокпу?

– Чубак ажынын сөзүн эле кошуналар аңдып туруптурбу? Бир комик экен, кечирип эле койгулачы. Айтса бирдемелерди чыңкылдап айткандыр, ага канча эл муюду дейсиң… Арийне, диний кызматкерлер мындай мамлекеттик кампанияларга киришпей, окчун турганы оң. Себеби Конституцияга ылайык, дин жана диний институттар мамлекеттен тышкары. Ошону менен тамам.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

2 Replies to “Карыбек БАЙБОСУНОВ: Текебаев эрке талтаң оппозиционердин образынан чыга албай койду”

  1. Келдибайга жооп.
    Мен Ө. Текебаевге асылгыдай аны менен кыз талашкан эмесмин, ал адамда менин аласа-бересем жок. Болгону байкоомду айттым: салабаттуу мамлекеттик жана коомдук ири ишмер эмей эле, кечээги НПО же ар кайсыны далилсиз сүйлөгөн оппозиционердин ролунан чыга албастан, өзүнө өзу саясий сокку урду. Кыргыз-тажик чегарасын тактоодо Өмүкең баштаган «Ата-Мекен» партиясы чоң ката кетирген. Токтокүчүк Мамытов башында турган комиссия кыргыздарга таандык чегараны биздин пайдабызга чечээрде ушул партия Жогорку Кеңеште маселе коюп, жакшынакай иштеп келе жаткан генералды ээрден шыпырып түшүп, тажиктерге талаштагы жерибизди оодарып бериптир. Бул — бери болгондо саясий калпыстык, ары болгондо — чыккынчылык. Буга партия жоп бериши керекпи? Партиянын лидери ким?
    Ал эми Өмүрбек Чиркешевичтин камалышы талаш пикир жаратып жатканы — өкүнүчтүү. Эгер так далил жок болсо, адамды неге түрмөгө айдаш керек эле?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.