Саясаттагы жаңы дүбүрт эмне дейт?

«Мекен Ынтымагы» Саясый партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ Урматтуу өлкөбүздүн парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү, учурдагы саясый жана экономикалык кризистин алкагында улуттук экономиканын кемчиликтери оркоюп көрүнүп калды. Албетте, биздин өлкөнүн жетекчилиги социалдык-экономикалык проблемалардын татаалдыгын жана анын даражасынын наркын жакшы билет. Бирок мындан ары ал проблемаларга көз жумуу келечекте оор кесепеттерге алып келээрин унутпоо керек. Экономикадагы убактылуу проблемаларды чечүү үчүн өлкөнүн эле эмес, бүтүндөй региондун экологиялык тутумунун жаратылыш тең салмактуулугун курутууга барган […]

Нанай жомогу: Айога

Нанай элинин самар уругунан Ла аттуу киши болуптур.  Анын Айога аттуу адеми кызы бар экен. Баардыгы аны жакшы көрүшчү. Аны билгендер мындай кыз бүт чөлкөм боюнча жок деп эсептешчү. Буга Айога сыймыктанып, күзгүдөн каранган сайын өзүнө-өзү жагат, ансайын карангысы келе берет. Ошентип ал күзгүнүн жанынан чыкпай жүрүп, абдан жалкоо болуп кетет. Бир жолу аны апасы жумшайт: — Кызым, суу алып келе калчы! — Мен сууга түшүп кетем,- деп Айога болбоду. — А сен бадалды кармап ал да,- деди энеси. — […]

Жетиген АСАНБЕК: Чокой гана жетишпей туру (1-макала)

«Эл өзүнүн президентине ишенет» Эл өзүнүн президентине ишенген… Ооба, ишенгенбиз… ашкере ишенгенбиз. Табият кооздукту да, байлыкты да айкөлдүк менен ыроологон касиеттүү жергебизде акыры адилетүү бийлик орноду, эми тартип, адилеттик, өнүгүү болот деген үмүт чоң болчу. Бардык таасирдүү партиялар, инсандар Атамбаевдин айланасына биригишкен. Бийликти кайтарып алууга дагы да жан үрөп турган күчтөргө мүмкүндүк бербөөгө чечкиндүү кадам жасап, Текебаев Атамбаевди колдоо үчүн өз талапкерлигин алып таштабады беле, ошонун өзү да чоң эрдик болгон. «Адилеттүүлүк жана чынчылдык менин канымда» деген сөзүнө ишенип, президентибиз […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Дүйнөлүк деңгээлдеги кытайлык Манастаануучу Адыл Жуматурду

Адыл Жуматурду – азыркы күндөрдүн таанымал манас изилдөөчүсү, анын «Манас» эпосу боюнча эмгектери кыргыз тилинде гана эмес, кытай, англис, жапон тилдеринде чыгып, эпосту жалпы дүйнөгө таанытууга олуттуу салымын кошуп келет. Ал Кытай Эл Республикасынын Шиңжан Уйгур автоном районуна караштуу Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Ак-Чий айылында 1964-жылдын 25-февралында жарык дүйнөгө келген. Жаш чагынан кытай тилиндеги мектептен билим алган. Анын балалык чагы өткөн аймакта Эшмат Мамбетжусуп, Жусуп Мамай, Жусубакун, Ыбырайым Акунбек деген чоң манасчылар жашаган. «Мен бала чагымдан ушундай кыргыздын маданияты, салт-санаа […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Чалдын монологу

АҢГЕМЕ Чал адатынча дөбөгө чыкты. Алоолонуп батып бараткан күндү карап отурду. Мурда ал күндүн чыгышын күтчү эмес беле? Бала кезинде эле чедирейген курсагын чапкылап, кылтыйып чыгып келаткан күнгө карап жүгүрчү. Күндүн чыгышы менен жубай күткөн. Кийин чал таң азандап ушул дөбөгө келип, бала тилечү. Алтымыш жашка чыкканда гана перзенттүү болду. Күн менен кошо «баа» деген баланын үнүн укту. Дагы таш боор тагдырдын кесепети: аялы баласынын үнүн угууга үлгүрбөй калды. – Алдуу-күчтүүсүң, аял ал. Кыйын болот сага, – дешти кишилер. Чал […]

Конфуцийдин мамлекет жөнүндө сабагы

Мэн-цзы айткан: «Аянты жүз ли болгон чакан княздыктарда да жетик башкаруучунун бийлигин орнотууга болот. Эгерде элге карата адамгерчиликтүү саясат жүргүзүлсө, жазаларды жумшартса, салыктарды азайтса, жерлер тыкандык менен иштетилсе, чөп-чар убагында жыйналса, дегеле баардык иштер өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлсө анда жаштар бош убактыларын пайдалуу өткөрүп, өздөрүн өздөрү өстүрүшөт жана ата-энелерин сыйлашат, ошондой эле өздөрүн адептүү алып жүрүшөт, чынчылдыгын жоготпой, сөзүнө бекем турушат. Үйдө карылар менен улууларды сыйлоо кажет, ал эми үйдөн чыкканда жетекчиликке кам көрүү керек. Эгер ушундай тарбияланган элдин […]

Назгүл ОСМОНОВА: Жердеги асман же “Чай үчилтиги” кантип жазылган?

Автор тууралуу Кытай жазуучусу Ван Сюйфэн 1955-жылы аскер кызматкеринин үйүндө төрөлгөн. Болочок жазуучу он экиге толгондо атасы чай суусундугунун ордосу Ханчжоу шаарына кызматка жөнөтүлгөн. Бул кооз жерде, Сиху менен Юэху көлдөрүнүн, Гушань, Баошишань жана Фэйлайфэн тоолорунун жана ибадатканалар менен тоопканалардын жака-белинде дүйнөгө көк чайдын эң мыкты түрүн берген уч-кыйырсыз чай плантациялары жайгашкан. Бул табигаттын сулуулугун кытай акындары ырга салып, императорлор Сиху көлүнүн жээгинде эс алышкан, а кытай тилинде “Сучжоу менен Ханчжоу — жердеги асман” деген учкул сөз пайда болгон. Мына […]

Бери кара: Акылдуу падыша жөнүндө притча

Өткөн бир заманда өтө акылман, өтө такыба падыша жашаган экен. Ал өз кара жанын багууга да казынадан бир тыйын албагандыктан – күнүмдүк тирилиги үчүн ыйык китептеги насыяттарды көчүрүп жазып, ошону сатып оокатын кылчу экен. Бир күнү илимпоз кечил падышанын босогосунан аттайт. Падыша тексттен баш көтөрө албай көчүрүп отурган болот. Далайга чейин жазуу менен алек падышаны кечил да эч үндөбөстөн тиктеп отурат. Акыры сөзгө кезек келгенде кечил унчугат: – Улуу урматтуу, сиз көчүрүп отурган тексттен бир ката кетип калды, – дейт […]