Нанай элинин самар уругунан Ла аттуу киши болуптур.  Анын Айога аттуу адеми кызы бар экен. Баардыгы аны жакшы көрүшчү. Аны билгендер мындай кыз бүт чөлкөм боюнча жок деп эсептешчү. Буга Айога сыймыктанып, күзгүдөн каранган сайын өзүнө-өзү жагат, ансайын карангысы келе берет.

Ошентип ал күзгүнүн жанынан чыкпай жүрүп, абдан жалкоо болуп кетет. Бир жолу аны апасы жумшайт:

— Кызым, суу алып келе калчы!

— Мен сууга түшүп кетем,- деп Айога болбоду.

— А сен бадалды кармап ал да,- деди энеси.

— Бадал жулунуп кетет,- деди Айога.

— А сен бекемирек бадалды карма да.

— Колумду тыттырам.

— Колгап кий.

— Колгап айрылат да.

— А сен жамап ал.

— Ийне сынып кетет.

— Сен жоон ийне ал да,- деп ортого атасы аралашат.

— Колумду сайып алам.

— Оймок кий…

— Оймок тешилип калат.

Ушул учурда кошунанын кызы Айоганын апасына айтат:

— Келеңиз идишти, сууну мен алып келейин.

Кыз дарыяга барып жетиштүү суу алып келди.

Эне камыр жууруп, кызытылган  очокко нан жапты.

Айога бышкан нандарды көрүп энесине кыйкырды:

— Апа, мага нан берчи.

— Ал ысык, колуңду күйгүзөсүң,- деди эне.

— А мен колгапты кийип алам,- деди Айога.

— Колгаптар суу болуп калды.

— Мен аларды күнгө кургатам.

— Курушуп калат.

— Мен аларды  жумшартам.

— Колдоруң ооруйт,- деди энеси.- Сага кызым, эмгектенип эмне кереги бар, көркүңдү бузуп. Андан көрө нанды мен колун аябаган кошуна кызга берем,- деп эне нанды кошуна кызга берип койду.

Айога буга капаланып, дарыянын жээгине барып, сууга чагылган өзүнүн сөлөкөтүн карап отурду. Кошунанын кызы да сууга келип, нан жеп отурду. Айоганын нан жегиси келип, шилекейи акты. Мойнун созуп, кошуна кызды карады. Ансыз деле узун моюну ого бетер узарды. Муну көрүп коркуп кеткен кыз Айогага нанын сунду.

— Айога ме нан же, мен сенден эч нерсе аябайм.

Буга Айоганын ого бетер ачуусу келди.

– Жебейм,- деп колун шилтегенде манжалары узара түштү. Ал колдорун дагы шилтегиледи эле, канатка айланып кетти.

— Мага эч нерсенин кереги жок,- дегенинде үнү каздын каркылдагына окшошту. Ал ордунда туруп,  сууга секирип түштү. Ары-бери сүзгүчө, акырындан казга айланып баратты. Ошентсе да ал өзүнүн суудагы элесин карап:

— Ах, мен кандай сулуумун, ах мен кандай сулуумун!- деп кайталай берди. Ушинтип сүйлөгөн сайын анын үнү адамдыкына окшобой, каздыкындай каркылдап чыга баштады. Ары сүздү, бери сүздү, анан адамча сүйлөгөндү унутуп калгансыды. Бир гана өзүнүн атын так айтып жатты:

— Айога-га-га! Айога-га-га!..

Ошентип Айога деген каз пайда болгон экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.